АҢГЕМЕ

Эгерде эркек менен аялдын ортосунда макулдук болсо, казы эмне кылып алмак эле?
(Мусулман макалы)

Кээ бирөөлөр Индияда романтика жок дешет. Алар жаңылышат. Биздин жашообузга канча керек болсо, ошончолук романтика бар. Кээде андан да ашып кетет.

Стрикленд полицияда кызмат кылчу, адамдар аны түшүнчү эмес, ошондуктан ага шектентүү менен карашып, андан өздөрүн оолак кармашчу. Ал полицей жергиликтүү эл өздөрүн кандай билсе, аны ошондой билгенге аракет кылыш деген башкалардыкына окшобогон теория менен жашачу.

Бүткүл Түндүк Индияда өз каалоосу менен индус же мусулман, индиянын кол тийгис кастасынын бири же факир боло алган бир эле адам бар экенин айта кетишибиз керек. Жергиликтүү эл андан коркот жана сыйлайт, андан тышкары анын көзгө көрүнбөгөн жанга айланып, жин-шайтандын үстүнөн бийлик кыла алат деп ишенишчү. Анын бул кылгандарын өкмөт кандай баалап, эмне сыйлык берди экен? Эч кандай. Ага Симланы жетектегенди да ишенип беришкен жок, ал тургай англистер анын атын да уккан эмес.

Стрикленд ошол адамды туурап, өзүнүн мааниси жок, сандырак теориясына ылайык, бир дагы өзүн-өзү сыйлаган адам баш бакпай турган ар кандай жийиркеничтүү жайларга барып, жергиликтүү элдин арасынан чыккан бузуку, шүмшүктөр менен аралашып кетчү.

Ошентип ал жети жыл бою тажырыйба топтоду, адамдар анын бул кылганына татыктуу баа бере алышкан жок. Ал бир дагы акыл-эстүү адам ишенбеген, жергиликтүү элдин арасындагы кайсы бир диний ишенимдин өкүлдөрүн ээрчип жүрдү. Бир жолу эмгек өргүүсүн алып, аны Аллахабадда Сат-Бхаинин купуя сырларын билүүгө арнады. Ал “Кескелдириктин ырын” жана сансинин адамдарын билчү, халь-е-хак бийин, – диний бийдин адаттан тышкары түрүн көргөн. А эгерде халь-е-хакты кандай адамдар кайда жана качан бийлешерин билсе, анда андай адам эмне менен сыймыктанышты билет. Демек ал “теринин алдына” эле кирген жок, ал андан да терең, этинен өтүп сөөгүнө чейин жете алган.

Стрикленд Жагадхриде бир жолу бир дагы англис адамы көргөнгө болбой турган Өлүм Букасын боёшконго катышса да, аны айтып мактанган эмес; ал чангарлык уурулардын жаргонунда сүйлөй алчу, өз колу менен Аттокко жакын жерден юсуфзайлык ат уурдаган адамды колго түшүргөн, чек арага жакын жердеги мечитте суниттердин молдосу катары намазга жыгылган.

Анын эрдиктеринин эң ириси амритсардын Баба-Атала багында он бир күн факирдин кебетесинде жүрүп чоң кылмыш ишти, – Насибандын өлтүрүлүшүн ачканы болду. Бирок, элге баары бир жаккан жок, алар мындай деп нааразы болуп жатышты:

– Шайтан алгыр, бул Стрикленд деген неме башчыларынын ишке жөндөмсүздүгүн элге ашкерелебей, кеңсесинде эле кызматы боюнча отчётторун жазып, унчукпай жеп-ичип жыргап олтура бербейби?

Ошентип, Насибандын өлүмү тууралуу иш анын кызматтан жогорулашына жардам кыла алган жок; бирок бир ачууланып алган соң, адатынча жергиликтүү элдин жашоосуна кийлигише баштады. Билсеңер, адам бул ишке баш оту менен киришип алса, аны өмүр бою таштай албайт. Бул сүйүүнү айтпаганда, дүйнөдөгү эң кызыктуу иш. Башкалар он күнгө Гималайга кетишкенде, Стрикленд эмгек өргүүсүн алып, өзү айткандай  “арстандарга аң уулоого”чыгып, кебетесин өзү каалагандай өзгөртүп алып, элдин төмөнкү катмарына аралашты, бозоргон топ аны өз боюна сиңирип алды. Ал кара торусунан келген, арыкчырай, кара көздүү жаш жигит болчу, эгерде ал башка нерселерге алаксыбаса, – сүйлөшкөнгө өтө кызыктуу адам эле. Стрикленддин жергиликтүү элдин жашоо-тиричилигин көргөнүн көргөндөй кылып айтып бергенин уккандан тажабайт элең. Жергиликтүү эл Стриклендди жек көрчү, бирок коркушчу. Ал ашыкча көп нерселерди билчү.

Шаарга Йолалар келишкенде, Стрикленд башкалар сыяктуу эле Йолунун кызына чындап ашык болду, бир аз убакыттан кийин анын кандай адам экенин түшүнбөгөндүктөн, ал кыз да аны сүйүп калды.

Анан Стрикленд анын колун ата-энесинен сурап барды; бирок Йолдун энеси өз кызын империянын айлык маянанасы жарыбаган тармагынын кызматкерине калтыра албай турганын айтты, ал эми карыя Йол Стрикленддин ишмердигин жана жүрүш-турушун жактырбастыгын, мындан ары кызынан алыс жүрүшүн ачык эле билдирди.

– Макул, ошондой кылайын, – деди Стрикленд, анткени ал сүйгөнүнүн жашоосун оордоткусу келген жок. Кыз менен бир жолку узакка созулган сүйлөшүүдөн кийин андан биротоло кол үздү.

Апрелде Йолдун үй-бүлөсү Симлага көчүп кетти.

Июль айында Стрикленд “шашылыш жеке иштери” чыгып калганын шылтоолоп, үч айлык эмгек өргүүсүн алды. Провинциядагы бир дагы адам анын мүлкүнө кол тийгизишке батынбасын билип, үйүн жакшылап бекитти да, – Тарн-Тарандагы таанышына, – боёкчу абышканыкына жөнөп кетти.

Анан ал дайынсыз болуп кетти; бирок бир жолу Симледеги бульвардан бир жупуну, жумушчу адамдар кийчү кийим кийген адам келип колума төмөндөгү таң калыштуу сөздөр жазылган катты карматты: “Кымбатту досум, ушул катты берген адамдан сигара, колдон келсе жогорку сорттогусунан бир куту берип жибер. Жаңысын клубдан тапса болот. Ачыкка чыкканда төлөп берем, азырынча мен – коомдо жок адаммын.  Сенин Э.Стриклендиң”.

Мен эки куту сатып алып ал адамга берип, салам айтып коюуну буйурдум. Көрсө ал адам Йолдун кызынын күлүк атын багууга жалданган Стрикленддин өзү экен. Бечара англис тамекисин эңсеп сагына баштаган экен, кандай болсо да, оозумдан эч нерсе чыкпасына көзү жеткендиктен мага кайрылыптыр.

Көп өтпөй эле атчысынын жанынан чыкпаган Йоланын кызы кайда барбасын өзүнүн үлгүлүү кызматчысын, – таң азандан туруп эрең мененки дасторконду жаңы үзүлгөн гүлдөр менен жасалгалап үлгүргөн, анын күлүгүнүн туягын Лондондун арабекечтеринен бетер капкара кылып тазалап турган жаш жигитти тынбай, көкөлөтө мактап жүрдү. Йоланын кызынын тулпары абдан жакшы багылгандыктан, жүндөрү шумдуктай жалтылдап көркүнө чыгып, адамдын карагысы эле келип турчу. Стрикленд – же Далу, – Йоланын кызынын атка минген сайын ага арналган назик сөздөрүнө кубанып, өзүн бактылуу сезип жүрдү. Кыздын ата-энеси анын Стрикленд менен болгон орунсуз мамилесин унутканына сүйүнүшүп, аны акыл-эстүү кыз деп мактоонун үстүндө болушту.

Стрикленд ошол кызматчы болуп жүргөн эки ай, ал үчүн эркинин күчүн, жан-дүйнөсүнүн чыдамдуулугун сынаган чоң мектеп болгонун айтат. Өзү менен бирге кызмат кылган адамдын аялы аны сүйүп калып, ага көңүл бурбай койгондугу үчүн өч алмакка мышьяк менен ууландырып өлтүрүп коё жаздаганын айтпаганда да, кээде Йолдун кызын коштой бастырган эркектин ага жагыш үчүн тийишип айткан ар бир сөзүн угуп, алардын аркасында минген атын камчылаганга күчүн чыгарып, ичиндеги кайнаган сезимдерин билгизбей жашырыш, Стрикенд үчүн кандай азап болгонун элестетип көрүңүз!

Ага Бенмордун үйлөрүнүн кире бериштеринде кайсы бир полицей кыйкырганына, – бөтөнчө өзү бир кезде Айсар-Жанг айылында өзү жалдап иштеткен сөлдөйгөн неменин сөккөнүн, андан да жаманы – кайдагы бир жаш офицер ага жол бошотуп бергенге үлгүрбөй калганда, чочко деп айкырганын чыдап угушка мажбур болгонун кошсок болот.

Ошентсе да жашоо ага көргөн азап-тозоктору үчүн бир аз болсо да компенсация берди. Ал төмөнкү катмардагы адамдардын каада-салтын, алардын уурулук ыкмаларын ийне жибине чейин өздөштүрдү; анын айтканына караганда эгерде баягы кызматында болгондо пенжабдык кара тамандардын жарымын эч текшербестен эле сотко жетелеп келмек.

Өкмөт үйүнүн же опера театрынын  жанында кожоюндарын күтүп жатышкан арабекечтер менен майда кызматчылардын сүйгөн оюну, сөөк ыргытуу боюнча эң мыкты оюнчулардын бири болду; төрттөн бири уйдун богунан турган тамекини тартканга көндү жана төмөнкү кастадагы бардык кызматкелеринин акылманынын санат сөздөрү менен акылман меселдерин укту. Ал аябагандай баалуу сөздөр эле.

Ал өзүнө кызыктуу көп нерселерди көргөнүн жана Симланы төмөнкү кастадагы адамдардын көз карашы менен карамайынча, эч ким туура баалай албасына ишендирет. Эгерде ал көргөндөрүнүн көргөндөй жазса, анын башын жара чаап кетишмек дейт. Стрикленд жамгырлуу түндөрдө, башына аттын үртүгүн жамынып алып, музыканын ыргагына бийлегиси келген буттарын тыбырчылатып, Белмордун үйлөрүнөн чыккан жарыкты карап олтурган учурларын  өтө кызыктуу кылып айтып берчү. Ал качандыр бир убакта башынан өткөзгөн окуялар тууралуу китеп жазам деп жүрөт. Ал жазылып калса аны сатып алууга, андан да көбүрөк сатыктан алып салууга татыктуу китеп болмок.

Ошентип, ал Иаков Рахилди алуу үчүн кандай ак кызмат кылса, ал андан кем калышкан жок, анын эмгек өргүүсү да аяктап бараткан, бирок капыстан жарылуу болду. Стрикленд мурда айтылгандай, бирөөлөр кызга тийише баштаганда араң чыдап, өзүн чымырканып араң кармап жүрчү, бирок бул жолу чыдабады. Бир жолу улгайып калган, эл арасында сыйлуу генерал Йолдун кызы менен атчан сейилдеп чыкты. Ал кызга “жаңыдан бойго жетип бара жаткан” жаш жеткинчекке жасагандай одоно мамиле кылып тийише баштады, ага каяша айтып, тизгинин тартып коюу кыз үчүн оор эле, ал ызасын сыртка чыгара албай, арт жакта келаткан кызматчысынын генералдын сөздөрүн тыңшаганына ого бетер туталанып, дене-башын титирек баса баштады.

Далу,– Стрикленд чыдашынча чыдады. Анан ачуусу менен, таптаза англис тилинде, аны аттан түшүшүн, болбосо аны жардан алыс алып ыргытарын айтып, генералдын атынын тизгининен алып, аны кантип токтотконун өзү да билбей калды. Йолдун кызы ыйлап жиберди. Стрикенд жашыруун ишинин бети ачылганын, ойлогон ишинин таш талканы чыкканын түшүндү.

Генерал аз жерден эси ооп жыгылып кала жаздады, ал эми Йолдун кызы бышактап жатып, анын эмнеге кебетесин өзгөрткөнгө мажбур болгонун, жана ата-энесинин экөөнү ажыраткан окуясын айтып берди. Стрикленддин ачуусунун келгенин айтпа, – ал өзүн кармана албай калганына, андан да катуурак анын жашыруун сырын ачууга мажбурлаган генералга өзгөчө жинденип жатты, – ошондуктан ал аттын тизгининен бекем кармап, жок дегенде генералды шапалак менен бир чаап, жинин чыгарып алгысы келип ага тап берди. Бирок, генерал окуянын аныгына жетип, Стрикленддин ким экендигин билгенде көзүнөн жаш аккыча күлүп жатып, ээрден шыпырылып түшүп кала жаздады. Стриклендди  атчынын кийимин кийгени үчүн эле “Жеңиш кудайынын чырымы” орденин алууга татыктуу экенин белгиледи. Ал өзүнө жарашпаган одоно кылыгы үчүн таяк жешке да даяр экендигин, бирок Стрикленддин андай жазасын көтөргөнгө  карылык кыларын мойнуна алды. Анан Йолдун кызына кайрылып, ушундай романтикалуу сүйүүгө ээ болушу менен куттуктады. Окуянын чуулгандуу мүнөзү ага көп деле терс таасир берген жок, аялдарга бир аз жакын болгон мен ал эч кимге зыяны тийбеген жакшы карыя эле. Ал Йол чалдын акылы ордунда эместигин айтып, кайрадан каткырып алды.

Стрикленд тигинин тизгинин коё берип, эгерде анын ою чынында эле ошондой болсо, аларга жардам берсе жакшы болор эле деп каңкуулды. Стрикленд Йолдун аты-жөнүнүн алдында ар кандай тамгалары бар, жогорку чиндеги адамдарды өзгөчө сыйларын жакшы билчү.

– Мунун бардыгы ыгы жок тамашага окшойт, – деп үн катты генерал, – бирок мен силерге сөзсүз жардам кылганга убада кылам, жок дегенде жебей калган таягымдын акысы болсун. Анда эмесе, атчы-полисмен, үйүңө бар да, адам сыяктуу кийим кийип кел, ага чейин мен Йола чалга чабуул жасап көрөйүн. А сиз эртерээк үйүңүзгө барып күтүп туруңуз, – деди ал Йолдун кызына.

Арадан жети мүнөт өтпөй клубда болуп көрбөгөндөй кымгуут башталды. Кайдагы бир колуна үртүк менен жүгөнүн кармап алган атчы, карбаластап ар кайсы таанышына барып суранып жүрдү:

– Кудай үчүн, жакшыраак кемселиң болсо берип тур!

Бир нече күлкүлүү көрүнүштөрдөн кийин, бир жерден ысык сууга жуунуп, бир жерден көйнөк, бир жерден жаңы кемсел, бир жерден шым, дагы бир жерден кемселине жака жана ушу сыяктуу керектүү нерселерди таап зыңкыя кийинип чыкканча Стриклендди таанышкан жок. Ал Йолдордун үйүнө клубдагылардын жарымынын кийимин кийип, башка бирөөнүн понисин минип чаап келди. Кызыл мундири менен жука көйнөгүн кийген генерал андан бир аз эрте келген эле. Генералдын Йолго эмне деп айтканы Стриклендге белгисиз бойдон калды, бирок Йол аны жакшы маанай менен тосуп алды, ал эми Йолдун байбичеси атчы Далунун кызына берилгендиги ичин жылытып, аны мээримин төгүп тосуп алды.

Генерал маанайы ачык, каткырып олтурду; ал Йолдун кызы үйгө киргенден көп узабай эле Йол абышкадан аталык батасын алганга жетишти. Стрикенд Йолдун кызы экөө телеграф аркылуу, кемселдерин алдырып алууга жөнөштү. Анын акыркы жагымсыз окуясы, бульварда уурдатып жиберген понисин доолаган бейтааныш адам менен жолугушуусу болду.

Акыры, мындан ары тармакта кабыл алынган тартипти бузбай жашайсың деген катуу шарт менен Сирикленд Йоланын кызына баш кошту.

Ал кезде Стриклендин аялына болгон катуу сүйүүсү, анын берген сөзүн бузууга жол берген жок, бирок бул ал үчүн оор сыноо эле, анткени базарлар менен көчөлөрдөгү кымгуут жашоонүн күүлдөгөн деми көп нерсени эске салып, аны кайрадан өз кучагына чакырып, жаңы ачылыштар менен эрдиктерге тартып турар эле. Качандыр бир кездерде досуна жардам кылыш үчүн ал берилген шертин кантип бузганы жөнүндө айтып берем. Ал окуя бир топ жыл өткөндөн кийин, бир кезде өзү айта жүрчү “арстанга аң уулоого чыгууга” жарабай калган учурда болгон. Ал элдин жалпак тилин, жакырлардын жаргонун, айтылган сөздөрдүн купуя сырларын билдирген белгилер менен маанилерин унута баштаган, анткени бул нерселерден артка калбаш үчүн тынымсыз изденүү керек эле.

Анткени менен ал өз тармагындагы мыкты отчётторду жазчу болгон.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.