Бекмамбет Атакановдун «Томь дайра (ГУЛАГ)» романын окуганда…

Адамзат тарыхы жана коому ушунчалык ар тараптуу, бай жана көп боёктуу. Мына ошолордун ичинде абактар, абактагы жашоолор, абактагы адамдар да бар, алар да адам коомунун бир бөлүгү. Бул мезгил, бул тема адабиятта да чагылдырылууга акылуу, айталык, кыргыз адабиятында Токтогул Сатылгановдун сүргүндөгү, Молдо Багыштын «Абак дептери» циклиндеги ырлары, Казыбектин түрмө казалдары, Боогачынын кулак болуп Оренбургда жүргөндөгү чыгармалары мына ушул тематиканын бир жагы. Тилекке каршы, алардын абак жылдары ырдаган же жазган чыгармалары бизге толук жеткен жок, абдан-абдан аз бөлүгү гана колго тийди.

1937-1938-жылдары репрессиялангандар (К.Тыныстанов, С.Карачев ж.б.) жана 1950-жылы кесилгендер (Т.Байжиев, З.Бектенов) түрмөдө көркөм чыгармаларды жазган-жазбаганы негизинен ушул күнгө чейин белгисиз. Ал эми Аалы Токомбаев жазып жүргөн экен, кийин аларын «Момуя» деген жыйнагына киргизген эле, тиешелүү кызматтар бул жыйнак чыккандан кийин китепканалардан жыйнап кеткен. Демек, кыргыз адабиятынын тарыхында түрмөдө жазылган чыгармалар ошол түрмөлөрдүн тосмолорунан чыкпай жок болду. Бул – өкүнүчтүү.

Дүйнөлүк адабиятка бир назар салганда италиялык жергезер Марко Поло Кытайдан кайткан соң Генуя менен Венециянын согушуна катыша коюп, туткунга түшүп калып, «Книга чудес света» (же тек гана «Книга Марко Поло») деген китеп жазган, мына азыр жети кылым өтсө да абакта жазылган ал китеп кызыгуу менен окулуп келет. Дүйнөлүк классикага кирген англиялык жазуучу Томас Мэлоринин «Смерть Артура» аттуу китеби да түрмөдө жазылган. Испанияда 1597-жылы Мигель де Сервантес мамлекеттик казынадан растрата болуп түрмөгө түшүп, айтылуу Дон Кихот тууралуу романын жазган. Биз мектеп партасынан таанышкан Н.Г.Чернышевскийдин «Эмне кылуу керек?» романы да 1862-жылдын 14-декабрынан 1863-жылдын 4-апрелине чейин Петропавловск крепостунун жалгыз кишилик Алексеевск түрмөсүндө жазылган да «Современник» журналына басылып кеткенден кийин падышалык бийлик ызы-чуу түшүп жатып калган.

Бекмамбет (каймана аты «Сибирьяк») Атакановдун «Томь дайра (ГУЛАГ)» романы тууралуу кеп кылардан мурда бул фактыларды айтып жатканым да бул чыгарма дал ошол абакта жазыла баштап, же эскиздери чиймеленип, бирок советтик цензурадан улам чыгарууга мүмкүн болбогондугу менен байланышат. Ырас, кийин кайра куруунун шарапаты менен айрым үзүндүлөрү «Ала-Тоо» журналына басылды, китеп басып чыгаруу өндүрүшүнүн өксүгүнөн улам өз окурмандарын таппай жатты. Автордун көзү өтөргө жакын гана «Томь дайра (ГУЛАГ)» романы «Улуу тоолор» басмасынан аз гана нускада жарык көрдү.

Роман эмне жөнүндө? Эң биринчи кезекте ал жазуучунун өз тагдыры тууралуу. Ал өзү эмнени көрсө, эмне окуялар башынан өтсө – ошолорду жаза берген. Чыгарма дал ошол ылгабай жаза бергендиги менен баалуу. Окурман да бул чыгарманы көркөм адабияттын туундусу, адабий-көркөм роман катары эмес, сталиндик катаал жазалоолордон улам советтик түрмөлөргө түшүп калган жана ошол жаза мөөнөтүн «коңгуроодон коңгуроого чейин» тайга токойлорунда өткөргөн адам тагдырлары тууралуу баяндар катары кабыл алышы керек. Андагы каармандардын баары – аты-жөнү, тек аты, айыпталуу беренелери менен, келген кичи мекени менен так, даана, цифра-фактыларга таянылуу менен жазылган. Демек, алар тарыхта жашап өткөн реалдуу адамдар. Автор болсо ошолор менен абактын тамагын бирге ичип, тайганын суугунда бирге тоңот.

Темир зымдар менен тосулган абактын ичи өзүнчө дүйнө, өз мыйзамдары, өз жаргондору бар, ал жакты көрүп келбеген киши түрмө романдарын жаза албайт. Соңку жылдарда кыргыз адабиятынын горизонтун Мелис Мекенбаев абак романдары, кримтөбөл тагдырлары тууралуу чыгармалары менен байытты. Ал 1994-жылдан 1998-жылга чейинки төрт жыл ичинде гана «Караколдун түрмөсү», «Бөрүлөрдүн чыйыры», «Кайыктардын көрүстөнү», «Зона», «Карышкырдын белети», «Зек», «Аялдардын зонасы», «Эски түрмөнүн ыйы», «Пресс хата» деген тогуз романын чыгарууга жетишти. Кийин дагы китептери чыкты.

Бул чыгармалар эң биринчи жаңы темада, мурда советтик учурда «жабык» темада жазылгандыктан экономикалык жана руханий кризис жылдарына туш келгендигине карабастан сатылып алынды, окулду. Автор өзү көтөрүп алып, базарларда ар бирибиздин жаныбызга келип «алып койчулап» жүрдү. Бул жерде айтайын дегеним түрмөдөгүлөр тууралуу жазуу бул адабияттын бир агымын ачуу, окурман үчүн жабык турган парданы сыйырып салуу болгон.

Бекмамбет Атаканов бул романды өз тагдырынан алып жазган дебедикпи. Эч жерде автобиографиялык чыгарма деп атабаса да анда автобиографизм, мемуардык белгилер кашкайып даана көрүнүп турат. Автобиографиялык жанрга мүнөздүү: даталардын так көрсөтүлүшү; жер-суу аттарынын, абактардын номерлеринин, жайгашкан жерлеринин реалдуулугу; каармандардын аты-жөнүнүн прототиптештирилбей берилиши; өзүнүн да атынын, тек атынын ошол-ошол бойдон пайдаланылышы ж.б. сапаттары анын жанрдык бөтөнчөлүгүн аныктап бере алат. Эң негизги романдын окуяларды баяндап жаткан каарманы Бекмамбет Атакановдун турмуштагы Бекмамбет Атаканов менен тагдыры окшош, же бирдей экендиги.

Тарыхый реалдуу, адабий каарманга айлана элек Бекмамбет Атаканов 1929-жылы Таластын Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылында туулган. Он төрт жашына чейин Чалдывар мектебинде окуган, анан мугалим жетишпегенден «Социализм» мектебине башталгыч класстарга мугалим кылып коюшкан. 1945-жылы өзү теңдүү, анын ичинде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов сыяктуу кесибин таштап Киров районундагы Грозный айылында финагент болуп жүрүп, салыкка деп жыйнап келе жаткан 11 миң сомун уурдатып ийет. Бул акчага ал кезде эки кап гана жүгөрү сатып алууга болот эле. Ал каражатты ордуна койгонуна карабай, он алтыга эми толгон жаш бала экенин эске албай, жашын өйдөлөтүп, сот он жыл мөөнөт берет.

Адегенде Фрунзеде балдар колониясына отургузуп, кийин 1947-жылы этап менен Сибирь тайгасына Кемерово областына абакка айдайт. Алар Томь дарыясынан боюндагы Абагур деген айылда №14 Чеболсу зонасына түшөт. 1953-жылы Сталин өлгөндөн кийин гана май айында мунапыс берилет. Ошол жакта жүрүп 1952-жылы жатак колонияга которулганда Новый Улус деген айылдан түрк тилдүү улуттарга кирген шор элинин кызы Антонина Николаевна Сухояковага үйлөнүп, аны менен көзү өткөнчө жашайт[1].

Жаш жигитти, баланы, деп айтсак да болот, неге Сибирге айдады, Сибирге айдагыдай анын кылмышы ушунчалык оор беле?

Тарыхка бир кылчайсак: Орустун кайсыл гана бийлиги болбосун ошол бийлигин бекемдеш үчүн баш көтөргөндөрдү Сибирь менен коркуткан. Не бир азаматтар, алардын ичинде декабристтер ошол жактарга сүргүндөлгөн. Ал эми кыргыздар Орусиянын курамына каратылып алгандан тартып эле эл деп күйгөн жакшылар, жалындуу адамдар, дин адамдары, падышачылыктын төбөлдөрү менен мунасага келбегендер топ-тобу менен Сибирге айдалып турган. Базар-Коргондо туулган чоң көтөрүлүштү уюштуруган Мамыр Мерген 1874-1877-жылдарды Лепсинск уездинде айдалган, бул али Сибирь эмес эле, кийин Сибирь башталат, жазгыч акын Молдо Калбек 1878-1888-жылдары он жыл Сибирде каторгада болот, ал жактан ырларын Молдо Калбек ибн Муса Анжианий деген ат менен жазып келет.

1893-жылы Алайда аткезчилик кылган жана орус чек арачыларына кол салган деген айып менен Курманжан датканын уулдары-неберелери Камчыбек, Мамытбек, Арстанбек, Мырзапаяз ж.б. жигиттер күнөөлөнүп, 1895-жылы 3-мартта Ошто Камчыбек менен Акбалбан жана дагы ушул ишке тиешеси бар деген бардыгы болуп 9 киши даргага асылып, бир тобу Сибирге сүргүндөлөт. Алар: Мамытбек Алымбеков, Арстанбек Камчибеков, Мырзапаяз Жаркынбаев (Абдылдабеков), Гаиб Молдошев, Кудайберди Бусурманов, Сактан Калышов, Султанбек Бийкулов эле.

1898-жылы Анжиан көтөрүлүшүнө катышканы үчүн Чыйбыл болуш, Өмүрбек Бекмурат уулу деген атактуу эл башылары, таанымал ырчы Токтогул Сатылганов, алар менен кошо  Андаштын уулу Сары уста, Сапарбай, Кыпчакбай, Кутубай, Бакай, Качканак, Муратаалы, Мурзабек, Кулданбай, Молдосан, Карабап,  Айдараалы, Курама, Мамыр, Баратаалы, Салбан, Кыдыраалы балбан ж.б. кишилер Сибирге айдалат. Айдалгандардын ичинде бир эле Кетмен-Төбөдөн 62 киши болгон. Эми суроо туулат: булардын күнөөлөрү болсо, ак падыша ырайым кылды деп эмне үчүн Сибирге айдап барышты? Убара болбой Анжианда, же Наманганда эле дарга асып салбайт беле? Мунун эң чоң себеби – Сибирди өздөштүрүү керек эле, ага адам керек болчу. Дал ошол Токтогулдар барган кезде аларды 1900-жылы күзүндө Круго-Байкал темир жолунун курулушуна жөнөтүп жатпайбы.

Келиңиз, эми бул темир жолдун тарыхына келели. Бул жол Падышалык Орусиянын жол куруу тарыхындагы эң чоң окуялардын жана оор жумуштардын бири болгон. Байкалдын Түштүк жээги менен өткөн бул жерлер түнт токой, ээн жана изилденбеген участоктор эле. Биринчи участок Иркутск – Байкал бөлүгү 72 чакырым, ал 1896-1898-жылдарда курулуп бүткөн, экинчи участок – батыш участок Байкал станциясынан Күлтүк разъездине чейин 85 чакырым, ал 1899-1905-жылдарда курулат[2]. Үчүнчү участок Күлтүктөн Мыска чейин – 174 чакырым. 19011902-жылдарда магистралдын курулушунда 9 миң, 1903-1904-жылдарда 13,5 миң адам иштеген. 1-поезд 1904-жылы 18-сентябрь (1-октябрь) күнү келген. Расмий пайдаланууга берилиши 1905-жылдын 16 (29) октябры. Байкалдан Мыска чейинки темир жолдун узундугу 244 верст (260 чакырым). Көрдүңүзбү, он үч жарым миң адамды кайдан табат? Орус-япон согушу башталып атса, ага темир жол эң эле керек эле да.

Мына ушул нерсе Ак падыша кезиндеги саясат советтик жетекчилер тарабынан дагы колдоого алынып, Улуу Ата мекендик согуштан соң бүлүнгөн чарбаларды кайра калыбына келтирүү, жаңы көпүрөлөрдү, жаңы имараттарды, өнөр жай ишканаларын куруу үчүн Сибирь карагайлары зарыл эле. Ошон үчүн адам керек болчу. Адамдарды чогултуп алуунун, аларды кунсуз иштетүүнүн бир жолу – түрмөлөр эле.

Бекмамбет Атакановдун «Томь дайра (ГУЛАГ)» романында мына ушул саясаттын курмандагы болгон каармандарды көрөбүз. 1947-жыл. Поезддер тынымсыз арестанттарды Сибирге ташып атат. Ошолордун ичинде «Фрунзе этабы» барат. Барган жер тууралуу автор мындай жазат: «Бул зона ГУЛАГдын[3] Южкузбасс бөлүгүнө караштуу Абагур деген пересылка зонасы экен. Бизди зонанын сыртында көп кармашкан жок. Беш-бештен санактан өткөрүп, зонанын ичине кийиришти дагы, кайрадан ошол турган жерибизде отурууга буйрук беришти. Мына ошондон соң гана катардан бир-бирден фамилияларыбызды атап чакырып, өздүк делолорубуз боюнча текшерүү башталды. Ошол «Фрунзе этабы» деп аталган биздин этап өздүк делолор боюнча текшерүүдөн өткөнүбүздөн кийин, эки надзиратель, зонанын нарядчиги үчөө бардыгыбызды барактарга бөлүштүрүштү». Ошентип Сибирь ГУЛАГынын адам чыдагыс, бир да гумандуу мамлекетте болбогон, дүйнөгө социализм деп жар салып аткан өлкөдө гана болгон түрмө азабы башталат. Автор ал окуяларды ыраатка салып, бир-бирден эрикпей баяндап берип отурат.

Большевиктер бийликке келери менен эле В.И.Лениндин саясатына ылайык «кызыл террор» башталды, б.а., жаңы бийликти кабыл албагандар, большевиктер партиясына өтпөгөндөр камала берди, аларды түнү үйлөрүнөн белгисиз жакка айдап кетишти. 1918-жылы Революциялык трибунал деген чыкты, алардын мүчөлөрү душмандарды сураксыз, сотсуз эле атып коюп кете берген, кийин алар ВЧК, анан ВЦИК, анан НКВД деген коркунучту органдарга айланды. Кийин И.В.Сталин бийликке келгенде андан бетер ашынды, мисалы, кыргыздын эң алгачкы интеллигенттери, улуттун каймактары башка партияга кирген, «эл душманы», «эски феодалдык мезгилди эңсегендер» деген жарлыктар менен камакка алынды.

1938-жылы сталиндик репрессия туу чокусуна жетти, 1943-жылы согуш учурунда карачайлар, чечендер, болгарлар бүт эли менен аксыз кылынды, согуш бүтөрү менен власовчулар ж.б. немистерге туткун болгондор, бозгундар, растаратчылар дегендер абактарга түштү. Аларды суракка алуу процесси ушунча тез бүтүп, балдарга гана он жыл бербесе, чоң адамдар 12 жылдан өйдө кесилди. Аларды түрмөлөрдө коркунучтар, адам катары санабаган эрксиздик күтүп турган. 1947-жылы «өлүм жазасын» Сталин 25 жылдык лагерь сүргүнү менен алмаштырды, себеби жогоруда айткандай өлкөгө адам керек эле, тилсиз кул, күң керек эле. Бекмамбет Атакановдун Сибирге айдалышынын себеби да ушул жакта – Москвада, Сталинде эле. Бирок алар Сталинден көргөн жок, ал кишини «атабыз» деп жүрүштү. Мына түрмөгө баргандагы биринчи күндүн романда чагылдырылышы: «Жаңы этап болуп келгендер ошол тротуардын боюнда турганбыз. Бир маалда зонанын чоң дарбазасы эки жакка канат жая ачылды. Ачылар замат төрт дөңгөлөктүү сандык араба чегилген эки аттын башы көрүндү. Анан ал эки ат арабаны сүйрөп, жай басык менен зонага кирди. Араба жакындаганда анын үстүнөн чалкасынан жаткан адамдын денеси көрүндү. Жакындап келгенде карасак, ал адам жаш аял экен. Башында жоолугу жок, саргыч чачтары тактай үстүндө жайылып жатат. Тили оозунан бултуюп чыгып калыптыр. Оозунан кеткен кара кан тактай үстүнө жайылып агып жатат. Эчак эле өлүп калыптыр. Аны көрүп, биерде турган баарыбыздын үрөйүбүз учту. Арестанттардын арасынан бирөө: – Муну карасаңар эй, мусорлордун кылган иштерин, көргөзмөгө алып келаткансып, үстүн жаап да коюшпайт. Аябаган чоң карагай баскан го, тили жарым кулач болуп чыгып кетиптир, – деп лагердин начальствосунун дарегине ашата сөгүндү. Осмон менин жанымда турган. Ал жакасын карманып, ичинен шыбырап келме келтиргендей болду. Абагур пересылка зонасына келген биринчи күнү көргөнүбүз мына ошол болду». Ошентип «Фрунзе этабынан» баргандарды эң алды менен ушундай көрүнүш менен тосуп алышты. Бул өлүм ар бириңердин башыңарда бар, бир күнү силер да ушундай болосуңар деген эскертүү эле.

Советтик түрмөлөрдө камалгандар жылуу кийимсиз, тамак-ашсыз, кат-кабарсыз он эки-он төрт сааттан иштегендиги, аларды эч кандай укугу болбогондугу романдын көп жеринде көрсөтүлөт. Дал ошол ГУЛАГ архипелагдары пайда болгон жерлерде аларды тейлөө үчүн, надзирателдер үчүн өзүнчө эле айыл-кыштактар пайда болгон, Магадан, Норильск сыяктуу зектердин эсебинен чоң шаарлар өсүп чыккан.

Автор түрмөдө бирге жаткан бир нече кыргызстандыктардын да тагдыр-таржымалын айтып отурат. Алардын бири Дооран – таластык, автор айылдык мектептин 7-классында окуп жүргөндө Дооран колхоздун кой фермасынын башчысы болуп иштеп жүрүп, он жылга соттолуп кеткен. Ал кайсы колонияда сүрөк өтөп жүргөнүн билген эмесмин» деп, ошол жерден кайра таанышат.

Дагы бир жигит Рыскулбек, «биринчи түнү таластык Орозбеков Рыскулбек деген менден үч жаш улуу жигиттин шинелин үстүбүзгө жамынып, менин бир бүктөм төшөгүмдү астыбызга салып бир төшөк болуп жаттык. Рыскулбек Орозбековду мен эркиндикте жүргөндө эле жакшы таанычумун. Ал жашаган «Кыргызстан» колхозу Өрнөк айылына жакын туруучу». «Бир бригаданы таластык Көккөзов Мадылбек жетектесе, экинчи бригаданы токмоктук Мырзакан Бекболотов деген жигит жетектөөчү. Экөө тең тың, кыйынчылыктарга моюн сунбаган мыкты жигиттер эле. Экөө жашташ, ошол 47-жылы жыйырма жети жаштарда эле. Болгон айырмасы Мадылбектин статьясы колхоздун мүлкүнө зыян келтирип, расстрат жасаган деген статья. Ал эми Мырзакан болсо согушта немистерге туткунга түшүп, «чыккынчы» деген айып менен 58-статья коюлуп, 10 жылга соттолуп келген. Үкүш менен Мырзакан жердеш болгондуктан экөө чогуу тамак ичишчү. Анын үстүнө экөөнүн статьясы да бир болчу».

Мына ушундай тагдырлар ысык-көлдүк Самагат Жаналиев, 58-статья менен 10 жылга соттолуп келген нарындык Табалды Жангараевдин тагдырлары. Булардын ар биринин тагдыры бар, ар биринин өткөн-кеткени бар, бул жерде болсо баарынын ичкен тамагы, кылган иши, ойлогон ою окшош, мүнөздөрү, жери гана ар түрдүү. Алардын бири «Абитали Рысалиев деген жашы кырктарга барып калган Нарын жактан бир адам бар эле. Статьясы 58-б, согушта жүргөндө немистердин туткунунда болгондугу үчүн он жыл сүрөккө соттолуптур. Ал деле Кыргызстандан биз менен бирге бир этап менен келген. Жумушта эл катары эле иштечү. Бирок эч качан көңүлү ачылбаган, эс-дарты курсагынын көйгөйү болуп, асанкайгы киши эле. Бул адам токмоктук Ниязалиев Үкүш деген адамга тууган болуп жүрчү. Ал адам да немистердин туткунунда болуп, 58-статья менен 10 жылга соттолгон. Үкүш менден бир мүчөл эки жаш улуу болчу. Бирок мага кандайдыр жакын болуп, ички сырын жашырбай айта берчү. Лагерде 58-статья менен соттолуп келгендердин сыры ичинде болуп, көрүнгөнгө эле сырын ача беришпейт. Анткени лагердин оперуполномочени («блатнойлор» оперуполномоченди «кум» дешет) ал статья менен соттолуп келгендердин аркасынан тыңчы коюп, эмне сүйлөп жатканын байкап жүр деп, аңдытып коёр эле. Ошондуктан бул статья менен соттолуп келгендер сагызгандай сак болуп, бейчеки сөз чыгарышпайт. Үкүштүн мени жакшы көрүп калганынын себеби мындай. Ошол Чеболсу деп аталган лагерде сүрөк өтөп жүргөн отуз чакты кыргыздардын эң кичүүсү мен элем. Болгону он сегиз жашта болчумун. Үкүш аке да жаш чагында немистердин концлагеринде болуп, көрбөгөндү көрүп, ачкачылыкты да, мусаапырчылыкты да, баары-жогун башынан өткөргөн экен. Кечкурун жумуштан кийин чогуу отуруп сүйлөшүп калганда, мен сатып алса бир торпок сатып ала албай турган мамлекеттин акчасын уурдатып жиберип, 10 жылга кесилип келгенимди айтып бергем. Ошондо: «Олда айланайын ай, өзүң окууга дилгир бала экенсиң. Туура шаардан окуп билим аларда көрбөйсүңбү, чер токой аралап карагай кесип жүргөнүңдү», – деп мага боору ачычу. Анан кээ-кезде мага өзү жөнүндө кеп салып отурчу эле: «Мен түпкүлүгү Нарын тараптан болом. Чүй бооруна кийин эле он алтынчы жылкы Үркүндөн кийин атам жек-жаат улап, көчүп келиптир. Эми Чүй боорунда жашап, солтолорго таандык болуп кеттим. Бирок түбүм саяк. Азыр үй-бүлөм «Кегети» совхозунда турат», – деп айтар эле».

Ушинтип-ушинтип Түп районунан келген Абдыжапар Дунгановдун, дагы бир кыргыз Дүйшө Аракеевдин тагдыр-таржымалдары менен таанышабыз. Романды дыккаттык менен окуган киши документалдык материалдардын негизинде 1947-жылы Сибирге айдалган туугандарын издеп табууга да болот экен.

Бекмамбет Атакановдун «Томь дайра (ГУЛАГ)» романынын окуп отуруп аргасыздан А.И.Солженициндин тагдырын эстейсиң: адегенде он бир жылга созулган түрмөлөр, анан китебин чыгарбоо азабы, атуулдуктан ажыратуу, «жалпы элдик соккуга алуу» кампаниялары, дисседенттик. Анын «Иван Денисовичтин бир күнү» деген аңгемесин «Новый мир» журналынын реформатор редактору А.А.Твардовский жактырып калып, анын сунушу менен КП БКнын биринчи катчысы Н.С.Хрущёв өзү окуп чыгып, басууга уруксат берет да, «Новый мир» журналынын 1962-жылдагы №11 санына жарыяланат, авторду СССР жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алышат. Анан авторго түрмөлөрдөн, мурдагы абакчылардан каттар келет, чыгарма кайра-кайра басылып, чет тилдерге которулуп кетет.

1963-жылы Лениндик сыйлыкка көрсөтүлүп да жиберилип, бирок кайтарып коюшат. 1970-жылга келгенде анын чыгармалары 28 мамлекетте 17 наамдагы китеп болуп чыгып, ошол жакта алты томдук чыгармаларынын жыйнагы да жарыяланат. Кала берсе, 1970-жылы Нобелдик сыйлык ыйгарылат. Мына ушулардан канааттануу алган жазуучу бир топ чыгармаларын жазып салат. Өзгөчө «ГУЛАГ архипелагы» романынын тагдыры татаал да, акыры кубанычтуу да болот. Щ-854 номериндеги абакчы өз көргөндөрүн, түрмөдөгүлөрдүн каттарын, эскерүүлөрүн, тарыхый документтерди карап жашыруун түрдө 1958-жылдан 1968-жылга чейин кол жазма кылып жазып жүрө берет. Алар көркөм чыгармага айланып 1973-жылы үч томдуктун биринчи тому Парижден жарык көрөт.

Советтик бийликтин жетекчилери А.И.Солженициндин көзүн кантип тазалашты билбей калат, кайра түрмөгө айдаштан коркот, себеби ал Нобелдик сыйлыктын лауреаты болуп калган. Мамлекеттик коопсуздук комитетин (КГБ) башчысы Ю.В.Андропов аны СССРдин атуулдугунан ажыратуу жана өлкөдөн чыгаруу тууралуу буйрукка кол коюп жибирет.

Бул чыгармалары мынчалык ызы-чуу алып келди, мынчалык окумдуу болду да, неге совет адабиятына Нобелди алып келди? Мындагы негизги сыр – сталиндик түрмөлөрдө жатып, анын бүт ички икир-чикирин көрүп чыккан адам советтик системаны, коммунисттик идеяларды, СССРдин партиялык түзүмүн сындап чыкканда, кашкайган чындыкты бутага чапкандай көрсөтүп, далилдеп бергендигинде эле.

Дагы бир түрмө темасынын улуу устаты, «Колымские рассказы» деген атактуу китептин автору Варлам Шаламов. Өмүрнүн көбүн кайра-кайра камала берип коммунисттик түрмөлөрдө өткөргөн ал киши 1962-жылы А.И.Солженицинге мындай деп кат жазыптар: «Билип кой, башкысы – кимге болбосун лагерь деген биринчи күнүнөн акыркы күнүнө чейин тескери мектеп. Адам баласы – ал жерде начальник болобу, арестант болобу, аны көрбөшү керек. Эгер сен ал жерди көрдүңбү – анда кандай коркунучтуу болбосун чындыкты айтып беришиң керек. …Мен кийинки калган өмүрүмдүн бардыгын ошол чындыкты айтып берүүгө багыштаймын»[4]. Мына ушул өмүрдү багыштоо кыргыз жазуучусу Б.Атакановго да тиешелүү болду. В.Шаламовдун «Колымские рассказы» деген китебиндегидей советтик ГУЛАГдарды байырлаган адамдардын оор турмушу, начальниктер менен «блатнойлордун» азабы, ачырчылык менен оору, нравалык жактан адамдарды кемсинтүү жана ыймандык деградация Б.Атакановдун китебинде да өзүнүн көргөндөрүнүн негизинде реалдуу чагылдырылат. Ал түрмө жаргондорун ошол-ошол бойдон берет, бул болсо мазмунду ачууга чоң көмөк берет.

1947-жылдын 20-июнунан башталган тайга турмушунун реалдуу каармандары Тося Давыдова, Маша Кокина, Дина Жанабаева, Зинаида Куликова ж.б. каармандар ар бири өз-өзүнчө темаларда өз бейнелери менен ачылып, ар биринин өкүнүчтүү тагдырлары ушунчалык бир аянычтуулук менен сүрөттөлөт. Автор алардын ар бирине гуманисттик көз караш менен карап, ар биринин көзүнүн тереңиндеги шоолалардын сырын ачып берип отурат. Аял катары жар сүйүп, бала багып отуруунун ордуна алар тайгада карагай кыйып, кар малтап, эртеңки күндөн үмүт кылып жүрөт. Түрмөдөгүлөрдүн эң эле кыйналганы – кантала, чиркейлер, ич өткөк, дары-дамектердин жоктугу, өлүп калгандар менен эч кимдин иши болбостугу. Романда бул кыйынчылыктар конкреттүү деталдарда чагылдырылат.

Автор Сибирдин төрт мезгилин мындай көрсөтөт: «Бул жарыктык Сибирдин бир жыл маалындагы төрт мезгилинин ар биринин өзүнчө өзгөчөлүктөрү бар: жазында жаз аябай кеч келет. Май айына барып, жер үстүнөн кар араңдан зорго кетет. Кар кетер замат дайралардын суулары көбөйүп ташкындайт дейсиң. Дайра суусу кыр жээктен ашып, өз жээктеринде өскөн карагай-кайыңдар болобу, тал-теректер болобу белчесине чейин сууга чөмүлтүп салат. Анан ташкындаган суу тартылып, дайра мурунку калыбында өз нугунда агып калат. Жайында болсо чиркейдин көптүгүн айтпа. Ачык жериңе кирип алса, узун тумшугун денеңе батырып, ансыз да азайып калган каныңды заматтын ортосунда соруп алат. Күн ысып, токой үп болуп, өзүң кара терге түшүп иштеп жатканда, ушул балакет чиркейден жадайсың. Жадегенде түндө нар үстүндө уктап жатсаң да, ошерге келип чагат. Күз тайгага ушунча эрте келет дейсиң, тим эле кечээки көк жашыл болуп кулпунуп турган токой сентябрь айы башталганда эле кыр-жондорго, кокту-колотторго, деги эле ар кайсы жерге бирөө өрт коюп кеткендей болуп, айлана кызыл-сары түскө чулганат. Байкаганым назик ыргалган ак кайыңдардын жалбырактары сары түстү бат эле алса, токой теректеринин өңү кызыл түскө боёлуп, карагайлар киргилт жашыл тарта түшөт экен. Баарыдан да Сибирдин кышы кызыктай. Кар уламдан улам жаап отуруп, декабрдын аягында түшчү кышкы чилдеге чейин кардын калыңдыгы эки метрге жетип калат. Анан тайга ичи кулак-мурун кескендей жымжырттыкка бөлөнөт. Чана жүрүүчү жол менен кетип баратсаң, чыйыр болуп тоңуп калган кардын кычыраганы гана таман алдынан угулат».

Тайганын мына ушундай табияты катаал жерине ГУЛАГдар курулуп, лагерлерде миңдеген-миңдеген адамдар карагай кыюу, жол салуу, карагай агызуу, кыштактарды тургузуу жумуштарында иштеп жаткан. Алардын бир күндүк тамагы 500 грамм карантин паек нан, лагердин берген эки маал «баландасы», жатканы катуу «нарлар». А эркиндиктик жарыгы көрүнбөйт. Ар кандай шылтоолор менен жылына жыл кошулуп отурат. Миңдей киши жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лагерде «жалаң пайка нан таап жеш үчүн кара жанын карч уруп, карагай кыйып иштеп жүргөн абакчыларды ГУЛАГ жаргону менен «фраерлер» деп аташат. Ал эми оордун үстү, жеңилдин асты менен ошол бечаралардын эсебинен жашап, күн өткөргөн абакчыларды ГУЛАГ жаргону менен «блатнойлор» дешет. Биздин зонада ошол блатнойлорду башкарган пахан Васька-крыса» дегендер аралаш жүрөт.

Автордун баяндоосунда эч кандай күнөөсү болбой туруп, кыйынчылыктын баарын көргөн, Мекенин ушунчалык бериле сүйгөн адамдарды ошол мекен, ошол партиясы азапка салып койгондугу Дүйшө Аракеев деген кишинин тагдыры аркылуу берилет. Ал Ысык-Көлдөгү Дархан айылында туулган, 1939-жылы Фрунзедеги педтехникумду бүтөр менен Ошко жолдомо менен мугалимдик кызматка жиберилет. Кышкы каникулга келгенде ата-энесинин суранычы менен үйлөнүп, аялын иштеген жагына ала кетет. 1940-жылы октябрь айында аскер кызматына чакырылат. «Келинчегин айылына жеткирип коюп, өзү ошондон ары аскерге кетет. Аскерде жүргөндө үйүндө калган ата-энесине, келинчегине байма-бай кат жазат. Согуш башталар алдында Латвиянын Каунас шаарында аскер кызматын өтөп жүргөн. Согуштун биринчи күндөрүндө эле немистердин биринчи таштаган бомбалары ушул чек арада турган республикалардын шаарларына түшпөдүбү. Ошондо Дүйшө турган аскер бөлүгү немистердин курчоосунда калып, туткунга түшүшөт. Дүйшө аңгемесин ушул жерге чейин айтып келип, калганын жон-жондоп жалпылап айтып берет. Көрсө, немистердин концлагеринде болгондо көрбөгөнү көр болуп, далай кордукту, ачкачылыкты башынан өткөрүптүр.

Акырында бир топ шериктери менен концлагерден качып чыгып, Франциянын партизандарына барып кошулушат. Алжирде да болуптур. Анткени Алжир ошол мезгилде Франциянын колониясы эмес беле. Ошентип согуш бүткөнчө Франциянын партизандары менен бирдикте немистик баскынчыларга каршы согушуп жүрүп, 1945-жылы Советтер Союзунун аймагына көптөгөн текшерүүлөрдөн кийин өтүптүр. Айылына келсе атасы өлүп, апасы бар экен. Аскерге кетерде үйүндө калган колуктусу да жок. Көрсө, Дүйшөдөн көпкө дейре кат келбей калгандан кийин төркүнүнө кетип калыптыр. Күйөөсүз бир бала төрөп алыптыр. Ошондой болсо да Дүйшөнүн аман-эсен кайрылып келгенин угуп, учурашканы келиптир. Дүйшө сөзүнүн ушул жерине келгенде үшкүрүп жиберчү. – Ээ, учурашабыз деп, биринин артынан бири келип жатышты. Бир убакта эле келинчегимдин эшиктен кирип келатканын көрүп калдым. Үйгө түшөр замат эле уккам, келинчегимдин окуясын. Келинчегим учурашайын деп колун сунганда, сунган колун албай ары түртүп койдум. Анын бети ак жуумал болучу.

Ошол ак жуумал бети өрт жалыны тийгендей кыпкызыл боло түштү, сунган колун шак кайра тартып алды да, эки жакты карабай тышка чыгып кетти. Ошол бойдон көргөн жокмун. Ырас кылдың, же бекер кылдың деп мага эч ким айткан жок. Энем да үн каткан жок. Мен үйгө келгенден он күндөн кийин, КГБнын кызматкерлери келишип, түн ичинде үйдөн алып кетишти. Фрунзедеги режими күчтүү №5 түрмөгө алып келишти. Азыр ойлосом, ошондо келинчегимдин учурашууга сунган колун албай түртүп жибергеним туура болбоптур. Анын жаңылганын кечирип, элдешип алганымда эмгиче Сибирге эки-үч жолу келип кетет эле. Аябагандай тың, бышык бүлө эле. Анын үстүнө мени аябай сүйчү…» Бул өзүнчө бир тагдыр. Өзүнчө бир романга сюжет. Эмне үчүн ал кишини Сибирге айдашты? Болгону согушта өлбөй тирүү калганы үчүн. Болгондо да мекенге чыккынчылык кылды, мекенин сатты деген эң эле оор статья коюлду. Мындай тагдырлар, мындай адамдар ар бир айылдан чыкты. Алардын көбү Сибирь түрмөлөрүндө жан берди, согушта душмандын огунан өлбөй сталиндик абактарда өлгөнү кандай гана аянычтуу, кандай гана оор тагдыр!

Романдын экинчи бөлүгү «Тайга кызы (шорлор)» деп аталат. Бул биринчи бөлүмдүн түздөн түз уландысы болгону менен мында турмуш-тиричиликтик окуялар, ретроспекциялуу ой жүгүртүүлөр, сүйүү романтикасы жана трагедиясы XX кылымдын орто чениндеги советтик коом, ошол коомдогу социалдык жагдайлардын фонунда көрсөтүлөт. Ошол кезден жарым кылымдай өткөндөн кийинки шорлордун демографиялык, улуттук, психологиялык, тилдик өзгөчөлүктөрүнө бир назар салып алалы. Шор деген түрк эли жалпысы 14 миңдей гана адамдан турат. Алар чогуураак Орусиянын Кемеров облусунда 13,5 миңдейи жашайт. Хакасияда миңдей, Красноярск жана Алтайда эки жүзгө жетпеген санда отурукташкан. Азыркы Орусия Федерациясынын курамында жок болуп бара жаткан алты эл болсо, ошолордун бири ушул шору каткан шорлор. 1986-жылы жалпы саны 16,5 миңдей делсе, азыр алардын ошол санынан эки жарым миңдейи азайып кетти. Демек, азайып (жоголуп деп окусаңыз да болот) бараткан калк. 2002-жылы шор тили «Кызыл китепке» киргизилди. Бирок ал китеп бул тилди кантип сактап калат акылым албайт…

Шорлордун тили алтай, кыргыз жана хакас тилине жакын, өздөрүн шор-кижи жана тадар-кижи дешет. Орус тилин көп колдонот жана кырк пайызы ал тилди эне тилим деп калган. Тили эки диалектиде – биринчиси, мрасстар, алар чыгыш-түрк тил тобунун хакас (кыргыз-уйгур) бутагына кирет, экинчиси, кондоморлор, алар батыш-түрк тил тобунун түндүк алтай бутагына кирет. Дини – шаманчылык, анимизм, православие. Мындай көрүнүш алардын ишенимдеринде аралашып кеткен. Мисалы, алар ааламды үч катмарга бөлүп карайт: биринчиси – жер үстү – Ульген жер, экинчиси жер асты жана рухтар жери. Ульгендин тогуз асманы бар, анын жетинчисинде Ай жана жылдыздар, сегизинчисинде – Күн турат, ал эми Ульген өзү тогузунчу асманда жашап, баарын башкарат. Ал адамды жана ааламды өз бир тууганы Эрлик менен бирге жараткан. Шорлор таг-ээзи, суу-ээзи, от-ээзи деп тоого, сууга, отко сыйынган жана ошол ээлерден коркуп, алардан кечирим сурап жашаган. Шамандар (аларда кам деп аташат) ооруну айыктарат, табият менен адамды байланыштырат, жамандыктын алдын алат.

Шаачыг деген күнү болуп, элдер анда тоонун, суунун таза жерлерине барып, шаман курмандык чалган сыяктуу жөрөлгөлөрдү өткөрөт. 1600-жылдарды Борис Годуновдун бийлиги тушунда эле Томь суусунун баш жагында темир усталар (кузнецтер) жашаганын, алар темир иштетип, курал жасаганын маалымдашкан жана аларга падышачылык аябай кызыгып калган. 1771-жылы ошол жерлерде темир зооту курулат. VI-IX кылымдарда жергиликтүү кет тилдүү элдер менен башка жактан келген түрк тилдүү элдер аралашып, шорлор пайда болгон дешет. XVII кылымда талаа шорлору («кузнецкийлик татарлар») тууралуу маалыматтар байма-бай берилет. Деги эле алар турак кылган жерлерден археологиялык табылгалар өтө узак кылымдар мурда эле темир иштеткенин, металлургиялык өндүрүшү болгондугун аныктаган. Тарыхый булактарда шорлорду ар түрдүү жазышкан жана аташкан: шорлор, мрастар, кондоморлор, мрасс татарлары, кондомор татарлары, темир уста татарлар, абиндер ж.б. 1926-жылы Сибирь крайынын Кузнец округунун курамында Тоолуу-Шор району түзүлүп, анын ордо калаасы Томазак (азыркы Мыски) болгон. Балдар эне тилинде окуп Кузедеево кыштагында педагогикалык техникум да ачылган, 1927-жылы биринчи алиппеси, биринчи газетасы чыккан, бирок 1939-жылы «жылан чакпай, жылкы теппей эле»  шор тилинде окутуу токтотулуп, педтехникуму, редакциясы, мектептери жабылып, китептери жок кылынган, улуттук үрп-адаттарды таратууга, майрамдырын белгилөөгө ачык да, тымызын да тыюу салынган. Шорлор жайгашкан жерлерге орустардын Осинники, Мыски (Тамазак), Междуреченск деген сыяктуу шаарлары түшкөн. Сталин өлгөндөн соң шор колхоздору жоюлат, Хрушев убагында шорлордун жанына канат болгон жылкылары тартылып алынып, этке төгүлөт, бул алар үчүн чоң сокку болгон. «Шор»  деген этнонимдин кайдан чыккандыгы тууралуу да ар кыл болжолдоолор бар, «шот» , «чудь»  деген сөздөн болушу керек дешет, бирок бул кыргыздардын «чор»  («чор таман»  – кедей, «шор»  – шору каткан, бечара) деген сөздөрүнөн эле чыкканбы деген ой келет. «Карга»  деген уруунун чыгышы тууралуу уламышта үч бир тууган жапайы куштун канатын бөлүшө албай үчөө үч жакка – бири тоого, бири сууга, бири дагы башка жакка кетип, суу карга, тоо карга, сайин карга уруулары келип чыккан дешет.

Булардын ичинен суу каргасы кыргыздардан бөлүнүп чыккан деген пикирлер бар. Аялдар үстүнө кендирден шабыр пантек, кунек (көйнөк), бутуна удук (өтүк) жана чардык (галош), эркектер кунек же табы, чанбар штан кийген, кур курчанган, кышында ичиги деген бут кийим кийген. Кыз-келиндер ызырга, чустуг (чач учтук), чинга, мончук тагынган. Наны калаш, терптек деп аталат, талкан, шарыкты таштан жасалган сак палазы (биздин жаргылчак сыяктуу) деген нерсе менен жанчып алган. Жылкы этин ыштап сугум даярдашкан. Каймак, сарыксу (сыворотка), кадынсу (творог), саргай (сарандын тамыры), пес (кандыктын тамыры) колдонулган. Арпа даны менен абырткы жасап, андан арака тартып алган, анысы дан жыттанып, он градус кубаттуулукта болгон. Талкан, кан (колбаса), палыктыг курмек (балык наны), пелбен (чучвара), этпе тертпек (эт нан), каттама дегендей тамактары жасалган. Чарбачылыгында балчылык, кедр жаңгагы, балыкчылык басымдуу болгондуктан алардан тамаш-аш жасашкан.

Оозеки чыгармаларды айтуучуларды кайчы дешет. Комус аттуу музыкалык аспабы бар, ал эки кылдуу болуп, жыгачына мажүрүм тал, кедр колдонулган. Баатырлар тууралуу дастандарын алыптыг ныбактар деп аташат. «Кай»  (көмөкөй менен ырдоо) кеңири тараган. Аңчылык ырлары басымдуу орунда. Көпчүлүк жайы-кышы аңчылык менен алектенет жана жан багат, малтыг деген куралы, энных деген балык кармай турган тору, айа аттуу жаасы, шергей, калып деген капкандары болгон. Мергендер белине пычах асынып, талкан жеп, абыртка ичкен. Биздегидей Умай, Умай-иче дегендер колдоочу болот, Кара-Умай дегени жамандык кылат дешкен. Элдик майрамдардан мылтык майрамы дегени бар. Ата-бабаларды эске алуучу ольгудек жана жаз-жайда пайрам деген майрамдарын унутуп калган жерден кайра калыбына келтирди.

Бекмамбет, же абакчылар айткандай, Борис бара-бара жакшы иштеп, түз жүрүп, конвойсуз поселениеге чыгып, Томь дайрасынын боюнда карагай саноо ишине чегерилет. Ал жерге аялдар колониясындагылар да келет. Өзү да бош болгондо айыл аралап кетет. А айылдыктар болсо шорлор. Аларың бир гана нерсе – арак менен сүйлөшүшөт, салтын унутуп орусташып бараткандар. Бир жолу машина менен келе жатканда мындай окуя болгонун сүрөттөйт: «Он сегиз, он тогуз жаш чамасындагы акактай сулуу кыз экен. Мүмкүн, көп жылдардан бери кыз аттуу зат менен сүйлөшпөй жүргөндүктөнөбү, же капысынан көрө калган сулуу кызды көрүп таңыркай түштүмбү, мурун деги эчтеке менен иши жок сопсоо жүргөн жүрөгүм заматта бат-бат согуп туйлай түштү. Анын турган турпаты, мүчөсүнүн тазалыгы, жүзү аппак келип, капкара коюу чачы, иймектей кара каштары, карагаттай капкара төгөрөк көздөрү ушул тайгада жашаган шор калкынын кыздарынан экени көрүнүп турат. Бир жылдан бери ушул улуска кез-кезде келип калам, бирок токойдо жойлогон ак калтардай сулуу кызды биринчи көрүшүм. Ошондон улам шаарда окуп жүргөн студентка кыз болсо керек деп да ойлодум. Ошол ортодо шопур да ашканадан чыгып, машинанын жанына келгенде: – До Мыскова возьмите пожалуйста, – деп орусча так сүйлөдү». Ал жолу биздин баяндоочу каарман ал кызга эч нерсе дей албаганы менен жактыруу сезимдери пайда болот.

Кийин да жолугушуулар болуп, бирок кыздын күйөөсү, баласы бар экенин, үй-бүлөлүк мамилеси келишпей жүргөнүн угат. Романда Дина аттуу ал кыз, аны менен жолугушуулар абдан кылдат романтика, психологизм менен берилет. Бир чети ал кыздан кол үзгүсү келип, экинчиден, ага өчөшүп каарманыбыз дагы бир шор кыз Тоня менен таанышып, ага үйлөнүп, Кыргызстанга алып кетет.

Жылдар өтүп Кыргызстандан тайгага дагы бир жолу барышында Дина менен он жылдан кийинки жолугушуу абдан элегиялуу, абдан күйүттүү сүрөттөлөт: «Томь дайрасы түн койнунда майда толкундарын кайык капталына ургулап, күн батышты көздөй жол тартып агып жатты. Дайра бойлоп, салкын жел согуп турду. Жээкке караганда дайра бетинде чиркейлер жокко эсе. Дайранын түнкү нымдуу желаргысы менен кошулуп, Дина тараптан кымбат баалуу атырдын, дегеле жаш аялдарга тиешелүү болгон, эркек адамдын делебесин козгогон кандайдыр бир жагымдуу жыт мурдума келип, башым өзүнчө эңги-деңги. Кайыктын ичине туурасынан коюлган эки тактайда экөөбүз бет маңдайлашып отурдук. – Сүйлө, Дина, кулак сенде,– дедим. – Мен эмнени сүйлөйүн? Менде кайсы жаңылык болмок эле? Баягы эле өзүмдүн туулуп-өскөн кичинекей улусумда жашап жатам. Бир орундан жылбай, эч жакка чыкпай жүргөн адамда кандай жаңылык болмок эле…» Карабайсызбы, бир кездеги ынак адамдардын ошол ынактагын жоготуп алып арман, күйүт аралаш өксүктөрүн автордун сүрөттөгөнү.

Шорлордон жыйырмага жетпеген тамдары бар Косой-Порог (өздөрүнүн шор тилинде Сары-Көл деп аташат) кыштагынын, шор элинин өкүлдөрү Василий бажасынын, Женянын, Нюранын образдары абдан ишенимдүү жана элестүү берилген. Алар бүгүнкү күн менен гана жашаган, арак менен алпурушуп жүргөн, өздөрүнүн улуттук жүзүн жоготуп бара жаткан шор элинин типтүү өкүлдөрү.

Жазуучу ГУЛАГчы романында жалаң эле түрмөнүн күңүрт турмушун сүрөттөп отурбайт, ал жылдардын да бактылуу ирмемдери болот, сүйүү окуялары болот, маданий программалар болот, алар жөнүндө да кыстара кетет, а түгүл Таласта калган балалык кезин ретроспекцияларда берген учурлар бар, эбин таап кыргыз элинин «Адыл мерген» деген кызыктуу жана коркунучтуу жомогун композициялык түзүлүштө ыгы менен колдоно билген.

Б.Атаканов, же кличкасы менен айтканда, «Сибиряк» 18 менен 25 жаш ортосундагы курагын тайгада ит көрбөгөн азапты көрүп өткөрүптүр, бирок ошол көргөндөрүн башкаларчылар өзү менен ала кетпептир, жазып кетиптир. А анын жазгандары өткөн тарыхый күндөрдүн эң оор жаңылыштыгын эми кайталабоого бизге сабак болуп турат.  Автордун бир каарманы Лев Толстойдун «Биздин жарым өмүрүбүз өткөн мезгилдеги окуяларды эстөө менен өтөт» деген сөзүн айткандай Б.Атакановдун түрмөдөн бошоп чыккан 1953-жылдан 2016-жылга чейинки өмүрүнүн жарымы да тайгадагы күндөрүн эске түшүрүү менен өтүптүр жана аны менен ал кыргыз адабиятына мыкты эстелик таштап кетиптир.

Абдыкерим МУРАТОВ, педагогика илимдеринин доктору, профессор

 [1] Элеттик жазуучу Б.Атаханов согуш маалында акча уурдатып, 16 жашында Тайгага сүргүнгө айдалган // https://www.turmush.kg/news:292949; Бекмамбет Атаканов, жазуучу: «Сибирде өткөн түрмөдөгү күндөрүм романга айланды». Маектешкен К.Усупбаева // Супер-инфо. – 2013. — №540. – 8-14-март; Бакай-Атанын «Сибиряк» каймана аттуу тургуну үч томдук романын жарыкка чыгарууда // https://www.turmush.kg/news:142975/; Сейдалиев Н. Тайгадан тапкан жазуучулук өмүр // http://erkintoo.journalist.kg/kara-altyin-menen-kamsyizdaldyi/

[2] Хобта А.В. История строительства Кругобайкальской железной дороги 1887-1915 гг. [Текст]: Дис. … канд. ист. наук. 07.00.02 / А.В.Хобта. – Иркутск, 2005. – 267 c.

[3] ГУЛАГ – Главная управление лагерей дегенден кыскартылган сөз. Биздин орфографиялык эреже боюнча ГУЛаг, же кыргызча кыскартсак ЛББ болушу керек эле. Бирок орус жазуучулары, адабиятчылары ГУЛАГ деп кыскартып, ошол аббреватура элге сиңип кеткендиктин которбой да, баш тамгаларынан гана кыскартып колдондук.

[4] Шаламов В. Переписка с А.И.Солженицыным // Новая книга: Воспоминания. Записные книжки. Переписка. Следственные дела. – М.: 2004. – С. 652.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.