«Эссе» сөзү француз тилинен алынган жана ал  еssae- «аракет, киришүү, тажрыйба» деген түшүнүктү билдирет. Андай болсо, бул жанрда жазуу иши — алгач ирет жазган ар бир адамдын  өзү киришип жаткан же баштап жаткан иши, алдыдагы турмуштук же кесиптик пландары, максаттары тууралуу билдирүү, алгачкы аракеттери, жеке тажрыйбасы тууралуу баяндоо, аны жазуу жүзүндө бере алуу, практикалык сунуштарын айтуу иретинде  башталган  сыяктуу.

Алган илимий булактардагы маалыматтарга таянсак, аталган жанрдын тарыхы, чындыгында эле ушундай экен. Эссени адегенде ишке орношуу кезинде жазылуучу маалымат алуучу иш кагазы катары карашса көрүнөт, же азыркыча алганда чакан же кеңири формада жазылган резюме сыяктуу да кабылданса керек. Ошондо  ишке жаңыдан орношуп жаткан адам өзүнүн адистик билими, кесиптик жөндөмү, алдыдагы планы, ишти жүргүзүүдөгү ыкмалары, жетишер ийгиликтери тууралуу платформасы  катары жазышкан десе да болчудай экен.

Бул туурасында төмөндөгүдөй да маалыматтар бар: кадимки француз реформатору Б.Наполеон кандай гана кызматка адамды алууда аны менен аңгемелешип отурбай эле, анын тандаган кесиби тууралуу түшүнүгүн, тажрыйбасын, ишке жөндөмдүүлүгүн, иши тууралуу теориялык жана практикалык  билгилиги тууралуу маалымат алуу максатында эссе жаздыруу ыкмасын колгондон. Ал тургай,  ал ишке кирип жаткан адамдын мүнөзүн да, кыял-жоругун да, адамдык сапаттарын да кол жазмасы аркылуу билип алган деген кеп-сөздөр бар.

Кандай болгондо да, бул эссе жазуу иши башталган кезинен тартып, бара-бара адамды ишке кабыл алууда гана колдонулбастан, ар бир адамдын, анын ичинде, окуучу менен студенттин чыгармачыл ой жүгүртүүсүн текшерүүчү жана аны баалоочу  жазуу ишинин бир формасы  катарында жалпынын практикасына  айланып кеткени ырас. Ал практика аркылуу эссе жазуу ишинин бир формасы катары гана эмес, чыгармачыл өз алдынчалуу жанр катары калыптануу жолуна түшкөн.

Эссенин жанрдык табияты кандай?

Аталган жанрдын тарыхына келсек, ушул жөнөкөй эле француз  иш кагазын чыгармачыл бир форма катары колдонуп, 1580-жылы Англия жазуучусу Мишель Монтен алгач ирет  «Тажрыйба» (Опыт – Les Еssais) аттуу эмгегин жазган экен. Андан соң бул стилде  англия акыны Бел Жонсон биринчилерден болуп поэзиялык чыгармаларын жараткан. Кийинчерээк бул стиль өз алдынча адабий жанрга айланып, англис жана француз акындарынын чыгармачылыгындагы модалуу жанр болуп кеткен. Атап айтканда, Ж. Аддисон, Г.Стил (Англия), Дидро, Вольтер, Роллан, Б.Шоу (Франция), Лессинг Гердер, Гейне (Германия) ж.б. эссе жанрында көптөгөн чыгармаларын жаратышкан. Бул жанр 1800-жылдарда Россияга өтүп, Радищев, А.Герцен, Ф.Достоевский, К.Паустовский, И.Бродскийлер ж.б. анда  калемдерин бир топ сынашыптыр.

Чындыгында, эссе жанры – чыгармачылыктын бардык  эле жанры сыяктуу адамдын ички толгонуусун чагылдырган, эркин жазылуучу чыгарманын бир түрү. Анткени ар бир адамдын айта турган ою бар, айта албай жүргөн толгонуулары бар, бирөө менен тажрыйбасын, ички сезимдерин  бөлүшкүсү келет.  Ал ой кээде кыска, кээде чоң көлөмгө  «батуусу» ыктымал. Аны ар бир адам баяндап береби, сүрөттөп жазабы, ой толгоо түрүндө жазабы, сюжет түзөбү, же түзбөйбү — демек баары адамдын чыгармачыл эркин тандоосу аркылуу ишке ашмакчы. Ушуга жараша алганда,  эссе адамдын айтайын деген оюн, ички толгонуусун, турмушка болгон көз карашын эркин чагылдыруунун бир формасы катары көрүнөт. Ошон үчүн эссе деген эмне дегенде, ага түрдүүчө баа беришет, түрүүчө мүнөздөшөт.

Эссенин башкалардан кандай өзгөчөлүгү бар?

Мисалы: биринчиден,  айрым учурда эссени «жүрөктүн музыкасы» деп да коюшат, ошого жараша аны «ойдун музыкасы» деп да мүнөздөп жүргөндөр бар. Экинчиден, эссеге публицистикалык ой жүгүртүү сыяктуу учурдун маанилүү коомдук проблемаларын чагылдыруу да мүнөздүү. Анда коомдун курч проблемаларын ортого коюу менен, аны чечүүнүн жолдорун сунушташат, өзү жашаган учур менен бетме-бет келишип, ой талашат. Ошондуктан, кээде эссени  «дүйнө менен талашып-тартышуунун куралы» деп да коюшат. Андай учурда эссенин мазмунунда  учурдун абалы, анын картинасы сөз  менен тартылып, жазуучунун ага болгон жеке мамилеси айтылат да, ал мамилеси улуу адамдардын накыл кептери менен бекемделип, алар жашаган мезгилдер менен өзү жашаган мезгилди тематикалык жана проблемалык жалпылыктар менен байланыштырышат. Ойлорунун аныктыгын далилдешет.

Ошону менен бирге, эссе жазууга машыгуу аркылуу мектеп окуучусу же студент  полемикалык ой-пикирин, турмуштук жеке көз караштарын берүү менен, келечекте чыгармачылыктын жаңы жолуна багыт алуусу да ыктымал. Сөз менен иштөөгө, оюн ирээттүү берип, баяндоо, сүрөттөө жана кептин ой жүгүртүү түрүндө иштей билүүгө машыгышы да ыктымал. Ошондуктан, эссе чыгармачылыкка машыктыруучу да, көнүктүрүүчү да  каражат катары бааланат. Бул — үчүнчүдөн.

Ошондуктан, учурда дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө мектептерде болсун, жогорку окуу жайларында болсун, алардын алдыдагы максаттары жана тандап алган болочоктогу кесиби тууралуу оюн жазуу жүзүндө чагылдыруунун, андан өзүнүн чыгармачыл аракеттерин да көргөзүүгө жасаган алгачкы аракеттин байкоонун, аны баалоонун бир формасы жана каражаты катары кеңири пайдаланылып келаткандыгы ошондон.

Төртүнчүдөн, эссе — чыгармачыл толук кандуу жанр, ал аркылуу  саясаттын, илимдин, анын ичинде, врачтардын, педагогдордун, ошондой эле экономистердин ж.б. өкүлдөрү  турмуштук көз караштарын эркин формада берер практикада белгилүү. Мында албетте, ар бир тармактын адамдары өз тармагынын маанилүүлүгү, проблемалары, келечектүү маселелери, аларды чечүүнүн урунттуу жолдору туурасында ой бөлүшүшөт, ошону менен бирге, сунуштарын айтышат.

Бешинчиден, эссе чыгармачылы жанр болгондуктан, анын көлөмү чектелбейт, бул – анын айрыкча мүнөздүү өзгөчөлүү касиети катары да мүнөздөлсө болот.

Эссе чыгармачылыкты талап кылат!

Кээде чыгармачыл адамбы, же тажрыйбалуу ар бир адам болобу, өзүнүн турмуштук байкоолорун, бир тамчы философиялуу ойлорун, же кайсы бир учурда күндөлүк формасында көз караштары менен байкоолорун да канаттуу сөздөр менен же толгонуу мүнөзүндө, бир сүйлөм болобу, бир абзац болобу, бир барак болобу, ыр түрүндөбү, кара сөз түрүндөбү, отура калып жазып коюусу да, дал ушул эссе жанрына толук мисал болуусу турган иш.

Ошон үчүн мектепте же жогорку окуу жайында болобу, эссе жазуу — ал чыгармачыл же ойлонгон окуучу менен студенттин берилген темага ылайык чыгармачыл ой жүгүртүүсүн бир бараккабы, эки бараккабы – эркин формада  бере билүүсүнө машыктыруучу жазуу иши катары бекемделип келатат.

Ошондуктан, эссе жанрында кенен формада публицистикалуу мүнөздөгү повесть-роман да жазылган тажрыйбалар дүйнөдө жок эмес. Соңку жылдарда, чыгармачыл бул жанр биздин улуттук адабиятыбызга  адабий өзгөчө жанр катары келип отурат. Атап айтсак, кыргыз адабиятында бул жанрда өз тажрыйбасын сынап көргөн КРнын Эл жазуучусу К.Жусупов экендиги талашсыз. Анын жазган «Ата журт» романы буга мисал. Ошондой эле жазуучу, публицист, профессор А.Муратовдун «Көпөлөктөр өрөөнүн көксөгөн Мырза Гапаров» аттуу публицистикалык эссе түрүндөгү эскерүүсү (жазуучу Мырза Гапаров тууралуу) ж.б. мүнөздүү. Анткени аталган эки жазуучунун биз айткан чыгармалары эркин чыгармачыл  баяндоо менен, тандап алган темага жараша жеке чыгармачыл көз карашын, кенен жана терең публицистикалык-философиялык ой жүгүртүүсүн билдирүүсү менен башка чыгармалардан мүнөзү, баяндоо, сөрөттөө жана ой жүгүртүү стили менен айырмаланат. Аларда албетте, баяндоо да бар, сүрөттөө да бар, ой жүгүртүү да бар, сюжет да бар, образ да бар, эскерүү да бар, албетте, акырында, баарына карата берилген автордук жеке баасы жана жыйынтыктоо  бар.

Эссе жазууда эске алууга болор үч эреже туурасында жазуучу В.Кротов буларды белгилейт:

Биричиси — кызыктуу теманы тандоо деп айтылат анда. Экинчиси — айта турган ойду аныктоо, эмнени айткысы келет, ошону табуу; демек проблеманы коё билүү туурасында сөз баратат. Үчүнчүсү — бирөөнүн жетегине түшпөй, ар ким, окуучу болобу, студент болобу, теманы өз алдынча ача алуу, өз көз карашын билдирүү, өз сөзүн айтуу.

Ошону менен бирге, жазуучу В.Кротов эссе жанрынын эркин жана ар тараптуу болорун билдирүү менен, эссе — ой жүгүртүү, эссе — изилдөө, эссе — аңгеме, эссе — мүнөздөмө, эссе — этюд, эссе — очерк, эссе — эскерүү, эссе — гипотеза сыяктуу формаларын  жазууга болорун  да кыйытып айткан.

Эссенин түзүлүшү кандай болот?

Эссе жазуу да алдын ала пландоо менен же эркин ой жүгүртүү аркылуу жазылышын айтуунун анча зарылдыгы жоктур. Ошентсе да,  эгер окуучу же студент план түзүп жаза турган болсо, кадимки эле реферат, же дилбаян же баяндама жазган сыңары пландап алуусу мүмкүн экенин белгилегилей кеткибиз келет.

Мындай шартта, албетте, планда киришүү, иштин негизги бөлүгү жана корутундусу болууга тийиш. Киришүүсүндө теманы ачуу, алдыдагы максатты белгилөө, ой жүгүртүү үчүн проблеманы коюу мүнөздүү болсо, негизги бөлүгүндө, айтайын деген оюн ортого салуу, оюнун орчундуу экенин  далилдөө, ал үчүн аргументтерди келтирүү, турмуштук мисалдарды тартуу, жеке  көз карашын туюнтуу ишке ашмакчы. Ал эми корутундусунда болсо, адаттагыдай эле жалпы ойду жыйынтыктап, эмне маселелер козголгондугу дагы бир ирет айтылып, иш жалпыланат.

Ушул жерден мындай бир суроо  коёлу: эссе менен дилбаяндын өз ара катышы кандай, же экөө окшошпу, же өз алдынчалуу  жазуу иши катары айырмалуубу?

Биздин оюбузча, бул суроого жооп мындайча: эссе менен дилбаян чыгармачыл жанр катары экөө окшош типтеги жанрдык мүнөзгө ээ, бирок албетте, экөө эки башка чыгармачыл жанр. Ошентсе да экөө таптакыр эле айырмаланган, бири биринен алыс турган жанр да эмес. Анын  себеби мында: биринчиден, экөөнүн айырмачылыгы эмнеде дегенде, адабий дилбаян, албетте, белгилүү бир чыгарманын сюжетине таянуу менен жазылат, ал чыгарманын сюжетинин чегинен чыкпайт. Ал эми окшоштугу — эгер, биз эркин темада, публицистикалык мүнөздө да дилбаян жазарыбызды эске алсак, публицистикалуу, эркин темадагы дилбаяндагыдай эле, эсседе да эркин ой айтылуу менен, окуучу же студенттин жекече чыгармачыл ой жүгүртүүсү — дилбаяндын да, эссенин да жаралыш  негизин түзөт.

Ошентсе да илимий калыс баа берсек, дилбаян дагы, эссе дагы адамдын ички дилин, оюн, көз карашын чыгармачыл мүнөздө баяндап, эркин чыгармачыл формада да жазыларын эске алсак, эссе менен дилбаян чыгармачыл эгиз жанр катары көрүнөт жана бири экинчисин толуктап тургандай туюлат. Андай болсо эссени дилбаяндын бир формасы катары кабылдасак болчудай. Анткени дилбаянды эссе формасында да, адабий-публицистикалык ж.б. формада да жазса болорун жогорудагы практика далилдеп келатпайбы.

Ошентсе да эссе чыгармачыл өз алдынчалуу бир форманы сактоо менен, дилбаяндын өзгөчө бир жанрдык тиби, айрыкча бир формасы катары  кабыл алуу менен, эссе-дилбаян деп, жанрдык бир тип  катары бөлүп көрсөтсөк неге болбосун.

Мында эссе-дилбаян өзүнүн эркин формасы, эркин көлөмү, эркин мазмуну, учкул ойлуулугу, андагы философиялуу ой жүгүртүүсүнүн күчтүүлүгү  менен жана да  жазуучу адамдын жекече стили менен айрымаланган жазуу ишинин бир формасы катары чыга келет.

Эссе жазууда эмнелер көңүлгө алынууга тийиш?

Биринчиден, теманы аныктоого айрыкча маани берүү зарылдыгы эске алынууга тийиш. Экинчиден, эссенин темасына жараша атын коюуга өтө маани берилүүсү керек. Анда учурга жараша жарк эте көрүнө калар, адамдын сезимине жете турган, учкул ойду камтып тургандай ат коюу талап кылынат. Үчүнчүдөн, мазмундуу  материалдарды  топтоштуруу, фактыларды тандоо, айрыкча  маанилүүлөрүн топтоо, аларды  талдоо мүнөздүү. Төртүнчүдөн, жалпы окурмандардын бүйрүн кызыткан талылуу проблеманы коё билүү, ага жараша жеке көз карашы алып чыгуу.Бешинчиден, проблеманын үстүндө ой жүгүртө алуу, цитаталарды пайдалануу, курч сөздөрдү, афоризмдерди, учкул сөздөрдү колдонуу,  адамдын окугусун келтирген  ойлорду  алдыга коюу. Алтынчыдан, маанилүү тезистерди белгилеп айта билүү, салыштырууларды, күчтүү сүрөттөөлөрдү, терең ой жүгүртүүлөрдү бөлүп көрсөтүү. Жетинчиден, философиялуу ой корутундусуна келүү жана маанилүү сунуштарды айтуу, аны турмушка ашыруу жолдорун так көрсөтүү.

Мына ушулардан улам, деги эле эссе жанры эмне мүнөзгө ээ, ал кантип жазылат? – деген суроолорго жооп ала алабыз жана дилбаян менен окшоштук-айырмачылык белгилери тууралуу да так маалыматтарга ээ болобуз.

Ошону менен бирге, чыгармачыл бул жанрдагы жазуу иштерин практикада кантип колдонобуз? — деген да суроо келип чыгары белгилүү. Бул маселени, балким мындайча чечүү тура болор. Ири алдыда, салттуу жазуу ишин алуу, окуучунун билимин, жазуу көндүмдөрүн салттуу баалоо учурунда салттуу түрдө, же мектепте болсун, же жогорку окуу жайларында болсун, адабий же публицистикалык ж.б. жанрдагы дилбаяндарды жазуу, ошо менен алардын билим жетишкендиктерин баалоо талапка ылайык келмекчи. Ал эми окуучу менен студенттин билимин, жазуу көндүмдөрүн, ой жүгүртүүсүн, чыгармачыл жөндөмүн салттуу эмес шарттаа текшерүү жана баалоо шарттарында албетте, эссе-дилбаяндарды жазуу талапка ылайык келмекчи.

Жыйынтыктап айтканда, албетте, жазуу ишинин бул эссе-дилбаян тиби окуучунун да, студенттин да, жазуу ишинде сөздү колдоно билүүсүн, жазып жаткан темага ылайык турмуштук проблеманы көрө билүүсүн, ага ылайык өз оюн эркин стилде баяндап, сүрөттөп, ой жүгүртүп айта алуусун,  аларга карата инсандык жеке көз карашын билдире алуусун, турмуштук көрүнүштөрдү анализдеп, талдай билүүсүн, ал үчүн күндөлүк турмуштан далилдерди топтоп, талдай билүүсүн, айта турган ойлорунун ичинен негизгилерин бөлүп көрсөтө билүүсүн,  алардан бүтүн бир логикалуу жыйынтык чыгара алуусун, аны далилдер менен автор катары коргой билүүсүн, чыгармачыл түрдө аналитикалуу түрдө ой жүгүртө алуусун текшерүү, баалоо  жана өнүктүрүү максатындагы иш-аракеттердин системасын   жүзөгө ашыруучу жанр катары орундуу  пайдаланылса, ар качан өз жемишин берери шексиз.

Эссенин типтери

Эссе кептин стилдерине жана типтерине жараша эки чоң топко бөлүнөт, т.а. биринчиден, кептин стилине жараша: көркөм эссе, публицистикалык эссе жана илимий эссе, экинчиден, кептин түрүнө жараша: баяндоо эссеси, сүрөттөө эссеси жана ой жүгүртүү эссеси болуп мүнөздөлөт..

Көркөм эссе адамдын басып өткөн жолун, өмүрүн, тагдырын көркөм чагылдыруу менен, анын урунттуу учурларын камтыйт. Турмуштук мисалдар менен коштолот. Окуя аңгеме, повесть жана романдагыдай сыдыра баяндалбаса дагы, адам өмүрүнүн орчундуу окуялары ой толгоо түрүндө берилет. Ошонусу менен эссе стилинде роман, повесть, аңгемелер жазылат.

Публицистикалык эссе. Эссенин бул түрү чыгармачылык практикасында көп колдонулат. Анда адам менен коомдун ортосундагы, мезгилдердин тогошундагы коомдук проблемалар козголуп, жашоо-турмуш, экология, маданият, тил ж.б. маселелер публицистиканын тили менен курч баяндалат. Ошонусу менен публицистикалык эссе — «дордун үнү» деп айтылат.

Илимий проблемаларды коомдук турмуш  менен айкалыштыра баяндаган, илимдин адам турмушундагы орду, баалуулугу ж.б. темадагы эсселер да бар. Демек, эсселер, адамдын чыгармачылыгындагы ийкемдүү, мезгилге кызмат кылган, ар кимдин чыгармачыл өз алдынчалуулугу, ыкчам ой жүгүртүүсү, проблема коё билүүсү менен айырмаланат.

Эссенин экинчи тобундагы баяндоо эссеси колдонулган тил каражаттары жана жазуу мүнөзүнө жараша  кептин  баяндоо тибине мисал боло алат. Баяндоо эссесинде айтыла турган ой ирет менен баяндалат да, жетектөөчү тил каражаттары, негизинен, зат атооч, ат атооч, этиш, сан атооч ж.б.  болуу менен,  негизинен ойдун берилиши жайынча баяндоо менен ишке ашат.

Сүрөттөө эссесинде адам, табият, бала жашаган айыл-кыштак, шаар ж.б. түрдүү буюмдар, алардын портрети, сырткы көрүнүшү, ички абалы сүрөттөлүп, негизги белгилери, сапаты, турпаты, ж.б. ачылуу менен сыпатталат. Негизги жетектөөчү тил каражаттары сын атооч жана тактоочтор болуу менен,  көркөм сөз каражаттары да активдүү колдонулат. Көркөм сүрөттөө жана көркөм баяндоо ишке ашат.

Ой жүгүртүү эссесинде, негизинен кептин ой жүгүртүү тиби колдонулат. Окуучу өзү  жашап жаткан коомдогу түрдүү проблемаларды ачыкка чыгарып, аларды чечүүгө өз сунушун айтат, чечүү жолдорун көрсөтөт. Же болбосо, алдыда жете турган максаты тууралуу айтат да, анын маани-маңызы, ага жетүү жолдору, иш-аракеттер жөнүндө ой жүгүртөт. Коом, адам, эне тил, табият, билим берүү, таалим-тарбия, ж.б. тууралуу ой жүгүртүү ушул түрдөгү эссеге мисал болот.

Эссе  жазууга  коюлуучу талаптар

1.Эссенин түзүлүшү тууралуу: Эссе алдын ала пландоо менен же эркин ой жүгүртүү аркылуу  жазылышы мүмкүн.

Киришүүсүндө теманы ачуу, алдыдагы максатты белгилөө, ой жүгүртүү үчүн проблеманы коюу мүнөздүү болсо, негизги бөлүгүндө, айтайын деген оюн ортого салуу, оюнун орчундуу экенин далилдөө, ал үчүн аргументтерди келтирүү, турмуштук мисалдарды тартуу, жеке көз карашын туюнтуу ишке ашмакчы. Ал эми корутундусунда, адаттагыдай эле жалпы ойду жыйынтыктап, эмне маселелер козголгондугу дагы бир ирет айтылып, иш жалпыланат.

  1. Эссенин мазмунунда эмнелер чагылдырылат?

Биринчиден, теманын мазмунун өз алдынча, нукуралуу ачууга айрыкча маани берүү зарылдыгы эске алынууга тийиш.

Экинчиден, мазмунга жараша турмуштук материалдарды топтоштуруу, фактыларды тандоо, айрыкча  маанилүүлөрүн иргеп алуу, аларды  талдоо мүнөздүү.

Үчүнчүдөн, жалпы окурмандардын бүйүрүн кызыткан жалпы адамзаттык же улуттук талылуу проблемаларды коё  билүү, ага жараша жеке көз карашын  айтуу.

Төртүнчүдөн, коюлган проблеманын үстүндө ой жүгүртө алуу, ойлорун аргументтер менен далилдөө, цитаталарды пайдалануу, курч сөздөрдү, афоризмдерди, учкул сөздөрдү колдонуу,  адамдын кызыгуусун арттырган көз карашын билдирүү.

Бешинчиден, маанилүү тезистерди белгилеп айтуу, салыштыруулардын, күчтүү сүрөттөөлөрдүн, терең ой жүгүртүүлөрдүн болуусу.

Алтынчыдан, философиялуу ой корутундусуна келүү жана маанилүү сунуштарды айтуу, аны турмушка ашыруу жолдорун көрсөтүү.

Эссенин көлөмү:  2 барактын чегинде болсун.

Эссени баалоо. Эссени баалоо 10 балл менен жүргүзүлөт жана мазмуну менен сабаттуулугуна өз алдынча баа коюлат.

Коюлган талаптарга толук жооп берген иш эӊ жогорку  балл менен бааланат.

Эссе  кандай бааланат?

  1. Теманын жеткиликтүү жана толук ачылышы;
  2. Ой жүгүртүүнүн тереӊдиги, кенендиги, аргументтердин далилдүүлүгү;
  3. Айта турган оюн бере билүү чеберчилиги;
  4. Тилинин байлыгы жана жазуу стилинин жатыктыгы.
  5. Иштин нукуралуулугу жана сабаттуу аткарылышы.

Эссени баалоонун шарттары

«5» деген баа — дилбаяндын мазмуну темага толук жооп берсе, фактылар, цитата, цифралар ыктуу колдонулса, мазмун системалуу ачылса, окуучунун кеби бай болуп, стилдик биримдик толук сакталса, жазып жаткан материалга карата жекече көз карашы болуп, өз алдынча жыйынтыктарга, жалпылоолорго келе алса дилбаяндын композициялык түзүлүшү тыкан, окуучунун ой чабыты ар тараптуу көрүнсө, т.а., таптакыр катасы жок, же 1 орфографиялык, же 2 пунктуациялык катадан ашпаганга коюлат.

«4» деген баа — дилбаяндын мазмуну темага негизинен жооп берсе, факт, цифра, цитаталар колдонулуп, бирок айрым учурда так эместик, жетишсиздик, стилдик жактан одоно эмес, айрым бир мүчүлүш учурлар болуп калса, б.а., 2-3 жерден орфографиялык, пунктуациялык жана стилдик жактан мүчүлүштүктөр байкалса коюлат. Негизинен 2 орфографиялык, 2 пунктуациялык, же 1 орфографиялык, 3 пунктуациялык, же 3 орфографиялык, 4 пунктуациялык катадан ашпаган дилбаяндар «4ке» бааланат.

«3» деген баа — дилбаяндын мазмуну темадан бир кыйла алыстап кетсе, факт, цифра, цитаталарды кодонууда жетишпестик болсо, синтаксистик жактан сүйлөм куруулары, лексикасы жарды экенин көрсөтсө, тема боюнча өзүнчө ой жүгүртүүсү ачык берилбесе, жалпысынан, 4-5 жетишпессиздик байкалса коюлат. Негизинен 4 орфографиялык, 4 пунктуациялык же 3 орфографиялык, 5 пунктуациялык же 7 пунктуациялык катага чейинкилер «Зкө» бааланат.

«2» деген баа — дилбаяндын мазмуну темага жооп бере албаса, факт, цифра, цитаталар ыктуу колдонулбаса, окуучулардын стили жарды, ою чачкын болуп, өз алдынчалуулугу дээрлик көрүнбөсө, жалпысынан, дилбаянда 6-7 кемчилик кетирилсе коюлат, б.а., 7 орфографиялык, 7 пунктуациялык же 6 орфографиялык, 8 пунктуациялык же 8 орфографиялык, 6 пунктуациялык же 6 орфографиялык, 9 пунктуациялык катадан ашпагандар «2ге» бааланат.

«1» деген баа — тема таптакыр тескери ачылса, мазмуну китептен сөзмө сөз көчүрүлсө, жалпысынан, «2дегиден» ашып кеткен каталар кетирилсе коюлат.

Эссе-дилбаянга эки баа: биринчиси мазмунуна, экинчиси сабаттуулугуна коюлат.

Эмесе, кыргыз жазуучуларынын калеминен жаралган айрым мыкты эсселеринен бир үзүндүнү мисал катары кыстара кетели.

Ата Журт дастаны

Ата Журт, акыбетиңди кантип кайтара алам?

А сен, мээрман Ата Журт, тиричиликте мага окшогондорду астейдил багып, энедей алдейлеп, чаңкаганда сууңду сундуң, чарчаганда жашыл чөбүңө оонаттың. Тирүүлүккө жыпар жытыңды чачтың, жанга кубат, сүйүү бердиң. Жашырып-катканың болбоду, эч нерсеңди аябадың: ыйласам бешигимдин башында кушуңду сайратып соороттуң. Там-туң басканда жыгылсам, ат жалындай мамык болуп төшөлдүң…

Дагы эле энеме карыз болгондой, сага милдеттүү болуп келатам.

Кана, Ата Журт, тоолоруңдагы шагыл ташыңды бирден терип, санап чыксам ыраазы болор белең? А мүмкүн сенин сансыз чөбүңдүн ар биринин жытын өлчөп берейинби? Же сен басып өткөн кылымдардан кайдадыр жоголгон обонуңду таап, комуз күүсүн чогултуп келейинби? А мүмкүн аным аз болсо, жазында уясына бир тал чөп тиштеп келген куштарчилеп кирпигимден уя курайынбы? Күкүгүң болуп чакырып, тилим тешилгенче булбулуң болуп үнүм баспай турайынбы?..

Өткөндөгү төгүлгөн көз жашың болоюн, душманга атылган огуң болоюн. Тооңдон качкан кайберениң, таш бооруңан жылжыган мөл булагың болоюн.

Айтчы, ошондо аз болсо да,  эмгегиңди кайтар белең, Ата Журт?!

Ата Журт, кагылайын, колумду көкүрөгүмө коюп, мобу тыянакка келем: өзүң  жөнүндө кичинекей дастанды окуучуга айтып берейин. Макулсуңбу? Ата Журт, күнөөсү көп, айыбы арбын балаңа, ошондо жайылып-жазылып, ак сүйүүмдөн кечтим дээр белең?…

(Кеңеш Жусупов, Кыргыз эл жазуучусу. «Ата Журт»  китебинен үзүндү.)

Сулайман РЫСБАЕВ, педагогика илимдеринин доктору, профессор

 

3 Replies to “Эссе деген эмне жана ал кайдан жаралган?”

  1. Кеңеш аганын чыгармаларын жан билим менен окуйм.» Ата Журт» абдан жакты. Чыгармачылык ийгилик каалайм!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.