АҢГЕМЕ

Жол… Күздүн сапсары талаасын тең экиге бөлүп зымыраган жол. Туш тарабын ак карлуу тоолор курчаган өрөөндү аралай чапкан даңгыр жол. Жол улай качандыр бир кездерде өткөн күндөрүмдү эстеп оор ойго батып баратканымда жанымдагы шоопур ойду бөлүп жиберди.

— Сиз салдырган көпүрөгө жетип калдыкпы, байке?

Алгач эмне болуп кеткенин түшүнбөй да калдым. Чырмалышып бараткан оюма капылет берилген суроону сиңире албай кыйналып турдум. Бир саам тигини карап «Эмне дедиң?» дегендей ойлондум да, анан эстей калгансып күңк эте жооп бердим.

— Аз калдык.

— Канчага турду эле?

Ансыз да сүйлөшкүм келбей турган жаным, бул суроого кыжырым келди. Бирок байкап калса көңүлү оорубасын дегендей нары бурулуп кеттим да, бир күрсүнүп алып үн каттым:

— Акчасын эмне кыласың, иним? Эл өтсүн, адамзат колдонсун. Сообу бизге, ата-энебизге тийсин деп кичине тыйын бөлдүк. Болгону ошол…

Маанайымды эми байкадыбы, айтор тигил ошону менен унчуккан жок. Мен болсо жанагы ойлордон да ары тереңдеп, шордуу ата-энемди, бактысыз балалыгымды эстеп ого бетер ой көлүнө чумкудум…

Ооба, эл негедир көпчүлүк убакта балалыкты бактылуулук менен жалгаштырат. Ата-энесинин маңдайында, эч нерседен бейкапар күн өткөргөндөр үчүн ошондой болсо керек. А менде андай болгон жок…

Буга кимди күнөөлөштү да билбейм. Балким дайыма эле арактан башы чыкпаган, ар кимдин жумушун кылымыш болуп эшигин акмалап, ар кимди тооруп, бир таарынып, бир жазылып жүргөн атамда болгондур күнөө. Балким, атама какшана берип, какшана берип тили өтпөй калганын сезгенде, жедеп көңүлү сууп, үмүтү үзүлгөндө белин бекем бууп темселеп шаарга кетип, ал жакта да жолу болбогондо кайсы бир биз көрбөгөн алыс тууганыбызды ээрчип казактын кең талаасына, андан да токтобой Орусиянын бир кычыгына кеткен апабыздадыр. Же балким кой-айга келбеген суу куйду тентек болуп чоңоюп, ар ким менен  кызыл чеке болуп мушташып, анан андан да аша чапканда айылдын дүкөндөрүн чагып, ичиндеги арак-тамекисин көтөрө качып, акыры ошондон улам милицияга түшүп, ошондон улам айыл элине батпай жек көрүнүп бүткөн өзүмдөдүр…

Кайран апам… Кайран апамды эстегенде көзүмөн жаш тоголонот. Акыркы жолу үйгө келгенде жакшы эле жалдырап отурду маңдайымда. «Мына ишим да оңолуп калды. Колубузга акча тийди. Эми жайлай тигил короону оңдоп, кичине мал кылалы. Жер турат иштелбей. Атаңды алдап-соолап экөөлөп чөп-чар жыйнасаңар, быйылкы акчага он бештей торпок алып көбөйтүп алсак эле буттан турабыз. Анан он бирди бүткөндөн кийин жакшылап бир кыз таап үйлөнүп алсаң, же бир жакшы окуу бүтүрүп, бир жумушка кирип алсаң болду. Тирилигибиз уланат эле. Тажадым ар кимдин жеринде малай болуп иштегенден. Балам, сен атаңа караганда эстүү эмессиңби? Жашсың, алдуу-күчтүүсүң. Атаң тигинтип ичкиликке ооп  алды. Эми биздин ишенерибиз, үйдүн тирек болчу эркеги сенсиң» деп бирде бышактап көзүнө жаш алып, бирде жайдары күлүп кыялга батып отуруп далай сөздү айткан. Кайран апам… Көрүнгөн орустун үйүн жыйнап, тактайын жууп жүрүп чогулткан акчасын көтөрүп келип, базардан тандап туруп он беш торпок алып, мына малың деп алдыма салып бермек эле ошондо… Байкушум ай… Сыртыман уккан киши болуп отурганым менен ичимен ага эрегишип, тим эле малга ээ кылбай эле, бирөөгө кул кылып аткандай жек көрүп отурганымды билген да жок.

Анда менин оюм шаарда эмес беле… Шаарда эле мени мантуу жасап күтүп отурушкансып самачумун. Анан калса, айылга да батпай калгам…

Курган апам биз менен бапырап отуруп тамак жегиси келди ал күнү. Атам экөөбүз короодогу кой-козуну тумтак түгөтүп, болгон күнү макарон жеп, болбосо жөн эле нан-чай менен отуруп калган кез болчу. Апам байкуш бир козу союп жейличи, этти сагындым деп калды. Бирок, балээнин козусубу? Атам калжаңдап, «Акча берсең заматта сойо калабыз» деп купшуңдады. Айла жок апам өзү акча чыгарып, мен ар кимден сурап жүрүп айылдан козу таппаганда, бир улак сатып келип сойдук.

Апам ичеги-карын артып, мен суу-пуусун ташып жанында отуруп калдым. Ошондо айтты жанагы кептин баарын. Байкуш апам, болгон кыялын, ой-санаасын айтып жыргап отурду. Атамдын аракеч экенине, менин эли-журтту зааркантып бүткөн суу куйду жинди экениме карабай, бирин Кудай кошкон жарым деп, маңдайда жанган алтын казыгым деп, бирин үйдүн келечек тиреги деп, улгайганда арка-бел болор жөлөгүм деп жакын санап, сагынып, зарыгып отуруп айтты… Үч жыл бою бел чечпей, үй бетин көрбөй, ар кимдин ысык-суугуна кайыштай чыдап, аркандай эшилип жүрүп келген экен. Анан тез эле арабызга кут киргизип, аңгырап турган үйдү жылытып, ала келген таттуу-тарапасын жайнатып, казанга тамагын кайнатып отуруп калды…

Бирок… Ошону да аш кылган жокпуз ал күнү… Курган апама ошону да ыраа көргөн жокпуз… Эшиктин алдын дүрбөтүп дос сөрөйлөрүм келип калды. Апам байкуштун «Силерди сагынып келдим, чогуу отуралычы. Жок дегенде тамак ичип кетчи» дегенине карабай баса бердим… Өйдөкү Бегалынын үйүнө бир кыз келген экен. Ошону менен таанышмакпыз. Кыз болгондо эле бир кыйраткан кыз болсочу. Кыйраткан шаар келбети жок райборбордон келип алып шаардыксынып кылыктанган кара тору кыз…

Кайран апамды ошого кыйып баса бердим… Анан мына тамак бышат деп калганда жана улак алаарда кымырып алган жүз сому ойдолотуп атып мени издейм деген шылтоо менен атам баса бериптир.

Эсимде, ай жапжарык тийген кыштын түнү болчу. Орто көчөнүн имерилишинен чыга келген үч кишини көргөндө эле жүрөгүм тыз эткен. Атамдын арак достору экенин караңгыда жазбай тааныдым. Ортосунда бүгүн жолдуу болуп үнү катуураак чыгып калган атам. Чынында анын ичип жүргөнүнө кейимек деле эмесмин. Көнүп деле бүткөм ага. Апам байкуштун гана жанагы жалдырап суранып турганы көз алдыма тартыла калды. «Силерди сагынып келбедимби. Чогуу отуралычы» дегени… «Мен кетсем да атам отурбайбы. Анан келип калам» деп өзүмдү алдадым эле. Эми тигинден куру каткырып чыгып келаткан атамды көргөндө аңгыраган үйдө бапестеп жасап аткан тамагы менен жалгыз отурган апам көз алдыма тартылды.

Курган апам ай… Томсоруп ыйлап отурган экен суук үйдө. От эчак өчүп, казандагы тамак ошол казанда бойдон муздаптыр. Демейде карала болуп күйүп, же көгөрүп кеткен, же кагырап катып калган нан менен шалтактаган чынылар турчу дасторкондун үстү көркүнө чыгып, той болчудай тирелип турганы менен, кут берекесин бирөө жууп кеткендей суз. Кесилген алмасы кесилген бойдон, куюлган ширеси куюлган бойдон мелтирейт. Жок дегенде жана атамдын мас болуп жүргөнүн көргөндө эле келе берсем эмне… Достордон чыга албай, куру намыска алдырып жүрө бербедимби.

Ооба, үйгө келгенимде көкүрөгүм ачышып турганы менен, өзүмчө компоюп сыр бербедим. Албетте, өзүн укмуш акылдуу сезип, чоң киши сезип калган тоок мээм ал күнү апамдын жанымда турган ар бир мүнөтү алтынга бергис байлык экенин кайдан билипмин. Кучагынан чыкпай отурат элем го анда. Чоңоймок тургай дөө болсом да мойнуна оролуп, жытына тойбой жабышып отурат элем го. Шаардык кыз эмес, ааламдын Айчүрөгү келсе да жанынан айрылбайт элем апамдын. Апам ай, апам… Балким ошол күнү бизден жарытылуу кеп угуп, үмүттүн шооласын жылт эттирген учкун көрөм деп самагандыр. Бирок, биз ошондой үмүт да бере алган жокпуз. Биздин баягы эле бойдон отурганыбызды, ал тургай бар оокатты да бүлүнтүп, талкалап бүткөнүбүздү көрүп, сыздап отурган экен муздак үйдө. Карандай башын баталгага коюп, аял башы менен, эне башы менен куттуу очогун сактап калам деп далбас уруп иштеп, далбас уруп жашап жүрүп, аягында келгендеги көргөнү ушул… А мен куурагыр аны билемби…

Ооба, билгеним жок. Билмек тургай көзүнөн жашын куюлтуп ыйлап жатканын туйсам да бир ооз жылуу кебимди айтып койбой жаман төшөгүмдү жая салып бир бурчка тоголондум. Чынында бул дайымкы эле боло жүргөн көрүнүш. Апам кеткенден бери эле атам экөөбүз ушунтип туш келди тоголонуп уктаганга көнгөнбүз. Колго тийген төшөктү сүйрөй басып туш келди тоголонмой. Улам кирдегенин ары таштап, улам жаңысын ала берчү элек, кийин баары эле бирдей болуп калган. Кирдегени аз келгенсип, айрылып-тытылып да бүткөн.

Ошентип бир бурчка тыгылып жатып уктап кеткен экем. Үстүмө бир алда-немедей жыттуу, алда-немедей жумшак, жагымдуу нерсе жабылгандай болду. Алда апам ай! Кийин эстеген сайын көзүмөн чолок жашым ыргып, муун-жүүндү бошотчу окуя эле анысы. Тээ алыстан самап келип, жадырап жайнап дасторкон жайып, бапырата казанын асып кут берекесин төгүп отурганына карабай басып кетип, кайра келгенде эркектигибизди ошол күнү байкагансып бир ооз жылуу сөз айтпай тоголоно жатканыма да кайыл болуп, ошону да кечирип түн уйкусун бөлгөн курган апам…

Атайын ала келген шейшебин чыгарып, жакшыраак бир жуурканды таап каптай коюп көтөрүп келип жаап аткандагысы тура, көрсө. Мээримиңен садага кетейин, кутманым! Жүрөгү шоо-шоо тилинип, арманы ат башындай болуп турганына карабай, таарынычы жазылбай, көз жашы шорголоп агып атканына карабай менин камымды көрүп, үстү-башымды кымтылап жүргөн тура… Жок. Акмак башым ошондо да эсине келген жок. Тура калып мойнуна асылып кучактап алсам бир жерим кемип калат беле?! Мени бирөө көрө коюп, баланча эмгиче апасына эркелейт деп шылдыңдайт беле? Деги аны бир айтмактан миң айтса деле андан бир жерим кемип кетмекпи. Үч жылдан бери көрбөгөн апама эркелемек тургай төбөмө көтөрүп алып түшүрбөй койсом деле аздык кылмак турбайбы.

Жок, мен антпедим. Өзүмдү жигит сезип, апанын мээрим төккөнүн алсыздык сезип, мыйыгыман текебер күлүп гана жата бердим. Козголуп да койгонум жок. Апамдын акырын эңкейип жаагыман өпкөнүн, маңдайыман сылаганын сезип турсам да былк этпей жата бердим…

Бирок, байкуш апамдын ал бактысы да көпкө узабады. Эшик шарак эте ачылып, жаман өтүгүн тарпылдата сүйрөп атам кирип келди. Оолжуган мас. Адатынча ар нерсени сүйлөнүп алган. Мен анын бул кылыгына көнүп деле бүткөм. Ошондуктан козголгон да жокмун. Мас болбой жүргөн, ичпей жүргөн атам беле? Эс тартканы кайталана жүргөн адаты эмеспи. Апам байкуш гана түтпөдү. Чынында ал деле далай көргөн анын бул кылыгын. Далай жолу түнү менен сыздап күтүп, далай жолу зар какшап ыйлаган. Унчукпай чыдап да көргөн, кулак-мээсин жеп сүйлөп да көргөн. Алдынан кучак жайып тосуп алып алдап-соолап да көргөн, жер-жеберине жетип урушуп да көргөн. Бирок, атама бирөө да таасир эткен эмес. Оолжуп оң сүйлөсөң тескери жооп айтып, бир сөз айтсаң эки сөз кылып эзмелеп гана отура берчү. Андан да эркек болумуш болуп сөгүнүп, муштум жаңсап койгонучу. Ал тургай апамды кууп чыгып, эшикти илип алган күндөрү да болгон.

Бирок, апам атаман жалкыбаптыр. Же балким бүгүнкү айткандарымды угат дедиби, же буулугуп турганынанбы, алдынан тосо чыгып нааразы болуп сүйлөнө баштады. Ыйлап деле атты, сүйлөп деле атты. Ызаланып, буулугуп сүйлөп атты. Атам болсо аны угуп да койгон жок. Кимдир-бирөө тукуруп койо бергенби, айтор сен акча таап келдим деп кутуруп атасың деп капкайдагы сөздөрдү айтып ышкырылта сөгүп гана туруп алды. Байкуш апам ай, байкуш апам…. Ушул сөздөрдү угуп, ушундай мамиле көрөм деп келдиң бекен ушул куту кеткен үйгө? Ушундай алкыш угам деп ушунча артынып-тартынып келдиң бекен?! Күнү-түнү бел чечпей иштеп, ар кимдин кир-когун тазалап жүрүп жыйып келген эмгегиңдин акыбетин ушундай көрөм деп ойлодуң бекен?..

Мен да турганым жок. Негедир бириң өлүп, бириң кал деген ызалуу ой гана турду. Калыстыгы жок, мээрими жок, адилдиги жок ой туруп алды. Экөөнө тең таарынып, экөөнү тең жек көрүп жата бердим. Мен үчүн экөө тең күнөөлүү болчу. Бир гана оюм, бактымды байлаган ушул эки адамдан тезирек кутулуу эле… Ооба, шаарга кетип, ошол жактан күн көрүүнү илгертен эле самап келаткам. Таанышым гана жок. Тааныш-тамыр, дос-жар болгондо эчак жылт коймокмун. Бирок, айылда кыйратып эл менен мамиле түзө албаган жаным, шаарда кайдагы тааныш…

Алда апам ай… Ал күнү балким үйгө келбегенде, балким, ошол орустун шаарында болобу, же талаасында болобу, айтор бир жеринде жүрө бергенинде ушул күндү көрмөк эместир. Аракка куп тоюп келген атам ал күнү аны алым жетерлик кылып уруп, сыртка түртүп чыгарып койду. Бардыгы бүлүнгөн үйдө эшиктин илгичи бүлүнбөй калыптыр, жаман атам аны ичинен зымырайта илип, сөгүнүп-сагынып, калдыратып-шалдыратып келип дасторкондун жээгине күп отурду. Мен болсо түнөрүп жатам. Негедир сырттын суугунда калган апам оюма да келбеди. Эмнени ойлоп аттым эле ал күнү? Жанагы кыз бар беле эсимде? Же эртеңки бир кылына турган иш, дагы бир дөөдүрөп айтыла турган кеп бар беле? Деги бир жарытылуу жумушум деле жок эмес беле. Болгон да эмес. Анан эмнени ойлогонумду билбейм. Бирок, апамдын суукта сыртта калганын, үшүгөнүн, атамдын аракка ууланган башы эч нерсени билбей чанжырап отурганын эстеп да койбодум.

Көрсө ошол күнү апама катуу суук тийген экен. Апам ошол күнү бизге катуу таарынган экен. Көрсө апам ошол күнү бизден да, жашоодон да түңүлгөн экен. Эшиктин суугу бир тоңдурса, күйөөсүнүн мерездиги эки тоңдуруптур. Кыштын аяздуу суугу өпкө-бооруна өтүп бир какшатса, карачечекей уулунун мерездиги жан дүйнөсүн аңылдатып эки какшатыптыр…

Курган апама ошол күнү катуу суук тийген экен…

Кийин «Балам, бул оору мага мурда эле жабышкан» деп айтканы менен, мен ошол эле күндөн көрөм. Жылаңайлак, жылаң баш, же үстүндө бир жылуураак кийими жок, же бутунда бир жылуураак кепич жок сыртта калган ал күнү. Өзү артынып-тартынып ала келген кийим-кечеги өзүн жылытпай, өзү ала келип даярдаган тамагы өзүнө буюрбай сыртта калган. Биз болсо бирибиз кандай түйшүк менен, кандай азап-кордук менен табылганы белгисиз жапжаңы буркураган шейшеп жамынып, бирибиз дасторконго толуп турган мөмө-жемиштен былчылдата чайнап, тамак-аштан күшүлдөй сугунуп жылуу үйдө отурдук…

Апам ай, апам…

Ошол күнү ооруган бойдон оңолбой калды…

Канча ооруканага көрүндү. Канча жолу дарыланды. Аягында ооруканага да барбай төшөк тартып жыгылды. «Көп акча кеткидей. Баары бир оңолбойм» деди кийин. Кийин билсем, дагы эле бир топ акчасы бар экен. Баягы өзү айткан, мал алып берем деген акчасын коротпоптур кургурум… Алда апам ай… Балким ошону колдонгонунда, балким ошону өзүнөн аябаганда өмүрүн дагы бир аз узартат беле… балким, айыгып кетет беле… Жок.

Ал ошол өзү таап келген, өзү жыйнап келген акчасына да тийбей кетти. Акыркы демине чейин, акыркы ирмемине чейин менин келечегимди ойлоп, менин камымды көрүп кетти. «Балам, колуман келгени ушул. Ушуну улантып ал» деп гана айтты аягында. Өзү купкуу болуп эриндери кеберсип жатып айтты. Калтырап кан-сөлү калбай калган арык колдору менен аппак жүз аарчыга оролгон бир тутам акчаны сунуп туруп айтты. «Жазында торпок ал. Анан эптеп улантып кетерсиң» деди. Деди да кете берди. Курган апам ай… Негедир кечирим сурагандай, аз берип койгондой өзүн күнөөлүү сезип айтты…

— Байке, кайда айдайын? Малчыларга баралыбы, же үйгө айдайынбы? – деди шоопур. Мен болсо малчыга да, үйгө да баргым келбеди.

— Апамдын бейитине айдачы, — дедим акырын. — Апам таап берген мал апамдан да ыйык болуп кетиптирби? Биринчи апама айда…

«РухЭш» сайты жаңы адабий конкурс жарыялайт

3 Replies to “Конкурска: Апам ай, апам… (№44)”

  1. Коз жашка муунуп , образга кирип алып окудум.Адабият тиги бу деген элементтерине шай келеби жокпу ким билсин бирок ото жонокой соз менен чыныгы биз коруп жургон турмуш, биз кээсин баштан откоруп жургон абалды жазыптыр.Мыкты деп баа берет элем. Негизи бардык эле чыгармада ушундай ток этер жерин эле жазса.Тигини муну суроттоп отуруп албай….

  2. Козумдун жашын тыялбай окудум. Энен бар болсо, алтымышка чыксан да баркын билбейсин.Тируу кезинде барктап сыйлагандар бар болсо,таазим кылам!

  3. Кеч түшүнүп, эненин баркын кеч билип арманда калган жигиттин күйүтү.Ата- эне баркын убагында билбейт экенбиз.Армандуу жашоо.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.