АҢГЕМЕ

— Тургула эй, кечигесиңер!

Апасы кирип келип жарыкты күйгүзүп, терезенин  пардасын шарк эттире ачканда ойгонуп кетет. Күнүгө ушу. Мектепке барыш өзүнчө эле машакат. Уйпаланып калган калың чач оңой менен эпке  келбей, чачышын жазганча далайы жулунуп калат. Акыры  өрүп, учтарын бекитип, дептердин бетиндей күзгүдөн карап турган  көздөрү бүтүгүй кара кыз өзүнө да  жакпай, эжесинен калган күрмөсү андан бетер тажатып… мойнунан байлаган немедей жолго чыгат. Түнү бою жааган кар бүт баарын тегиздеп коюптур. Эч ким из сала элек экен.  Сыя көк түспөл асмандан кардын бүртүктөрү каалгый түшүп, сабакка бараткан балдардын  чуру-чуусу алда кайдан угулат.

— Ой,  мен сага  жоолук салын дебедим беле! — деген апасынын сөзү кулактын сыртынан кетип, илкиген калыбында кечээки  кыялына кирип кетет. Оюнда мынабу жол жээктеги карагайлардын  сымдарына  тагылган  жүгүртмө илгичтер болсо, ошол илгичтерге китеп кабыңды илип койсоң, ал зуулдаган бойдон мектептин алдына алып келип салса…  сабактан чыкканыңда кайра илип, кнопканы басып койсоң өзү эле үйгө жеткирип койсо… колуң  минтип тоңбойт эле да… — деп келатканда далысы дук!  эте түшөт. Артына кайрылса — Калыгул. Каткырып күлүп, кар тоголоктоп жана бир урсам деп  турат. “Болду эй, келесоо!” дегенге араң жарайт. Кубаласа жетпесин, кайра өзүнө кар ыргытса буйтаарын, ашынып кетсе бетин карга жууп, мойнуна кар салаарын билет. Экөө жашташ  коңшулар,  бирок эки бөлөк класста  окушат.  Бул 8 “А” да, ал 8 “Б” да.

— Колум үшүп кетти, андан көрө көтөрүп алчы момуну…

Калыгул жетип келип сумкасын алат.  Жолду ката кимдин классында кандай жаңылык болуп жатканын айтышмай. Коёндой окшош күндөр өтүп жатса деле баары бир, күлкү жок жерден күлкү таап, мугалимдерди шылдыңдамай. Мектепте “помидор”(математик), “суу мурун“ (орус тилчи) “шыпыр” (тарыхчы), “өпкө” (физкультурник) дегендер бар. Чыкчыңдай басканы үчүн “пистолет” атка конгон  англис тил эжейдин ар бир сөзү ылакап.

— Кечээ “өпкө” кирип келгенде Акы, Муса, Беки үчөө артта  карта ойноп атып байкабай калышыптыр, кармалып калышпадыбы! — Калыгул акыркы жаңылыктардан кеп салат.

— Анан?

— Үчөөнө үч күрөк карматып, мектептин тегерегин бүт күрөйсүңөр дебедиби.

— Силерге практиканттар келдиби? — деди  Гүлнур.

— Ооба, бир эжей, бир агай келди. Силергечи?

— Бизге бир агай келип, сабакка катышып жатат. Үч күндөн кийин ошол окутат экен.

Практикант “агай” алардын  адат болуп калган жадатма турмушуна кирген чоң жаңылык болуп жатканын, ар бир баланын атын, жашын сурап, сабактан кийин  сүйлөшүп, кызыктуу нерселерди айтып берип, күлдүрүп, бир жекшембиде чогуу муз тепкени тоого барып келүүнү кеңешип жатканын,  демейде сабактан качып жүргөндөрдүн баары мектепке келип, өзүнчө эле кызык  турмуш  башталып атканын кантип жеткирип айтса болот?

Айткандай эле жуманын акырында  мугалим менен практикант орун алмашып, сабак өтө башташты. Орто жаштан өтүп калган сары чийкил,  эткээл мугалим  класс менен иши болбой, ырас эле болбодубу деген таризде  кагаз жазуу менен алек. Шыпылдаган шыңгай бойлуу  практикант агайдын  бир нерсени түшүндүрүп келип, доскага  жазып, кайра бутунун учу менен  тегеренип кеткени кызык көрүнүп жатат. Анын түшүндүргөн эсебине эмес эле бийлегендей илбериңки кыймылына  арбалып калгансыган кыздар анда-санда эле дем алып жаткандай.

— Математика – илимдин падышасы. Эсепсиз жашоо жок. Мисалы, сен канча жашка чейин жашагың келет? А сенчи? Сени макул, токсонго чыгасың дейли. Келгиле, анда адегенде өмүрдүн эсебин чыгарып көрөлү. Азыр канчадасың? Канча саат ойнойсуң? Канчасын сабакка жумшайсың? Ошончо саат бош жүрсөң – каалаган окууңа өтө аласыңбы? Окубай калсаң – алтымыш жашта ким багат сени? Сексендечи? Доскадагы “өмүрдүн” схемасын чийип, чимирилип, балдардын жоопторуна жараша жазып, кайра сызып жаткан  агай  заматта  ар бир баланы сурамжылап чыкканга үлгүрдү. Жаркылдаган жап жаш агайдын адаттан тыш  суроосуна дароо жооп таба албаган кыздар  кызарып-татарып, уялып  жатышат.

Эгерим мындай “эсеп-чотту” укпаган балдар ачкан оозун жаба албай отурушат. Сабактын мынча кызык экенин мурда билбегендерин кара! Атүгүл артта үргүлөп отурган  агай да  көз айнегин ала коюп тыңшап отурат.  Сабак дегенде жүрөгү айланып, башын каткан балдар деле  талашып-тартышып, ызы-чуу.

Бир маалда “жаңы агай” алаканын шак чабат да сабакка өтүп кетет. Эсепти ким биринчи чыгарса, өзүнчө балл коёт.  Акырында бул күндүн мыктысы аныкталат. Эртеңкиге баяндамачы дайындалып, ал бүгүнкү күндөгү талкууну толук бойдон баяндап, үй тапшырманы доскага жазат. Кимдин жообу туура болсо дагы балл берилет. Соңунда агай чыгарылган эсепти дагы бир ирет түшүндүрүп, атактуу математик, физиктердин кызыктуу окуяларынан айтып берет. Кырк беш мүнөттүн кантип өтүп кеткенин байкабай да каласың.

Сабак бүтсө да мурдагыдай  тарап кетмей жок. Практикант агайды курчап алгандар түркүн суроолорду берип, кошумча  тапшырманы такташат. Тапшырма болсо — “Менин кыялым”.

Мурда-кийин кыялы тууралуу ойлонуп көрбөгөн кызды санаа басты. Көңүл түпкүрүндөгү  баягы кыялы – жол жээктеги зым карагайга илинчү  жүгүртмө илмектер  ага  эми болбогон бир жомоктой сезилет. Башка нерсе тууралуу, айрыкча өзү тууралуу такыр  кыялданып көрбөптүр да! Сонун кийим кийсем, сонун жерде иштесем дейт, бирок бул үзүл-кесил желип жорткон кыял го! Аппак халат кийген врач болсом дейт, бирок математиканы жакшы билбейт. Математика болбосо – эч нерсе кыла албайсың  дебедиби агай…

Эх, агай… көзүнө кыймылы бийчилердикине окшогон, чукул жерден жол тапкан, жайдары, жадыраган агайы көрүндү. Кай жакты карабасын, эмне кылбасын, элеси ээрчип жүргөндөй. Мурда жүр-нары бүтүрчү жумуштарды  эми дыкаттык менен жасап, ынтаасын коюп аткара турган болду. Чала-була буйдалатып койсо агайы карап тургандай. Үйдөгүлөр менен да  мурдагыдай кайым айтышмай, кызаңдап уруша кетмей жок. Кулагына тыңшоочту илип,  музыка угуп, бир бурчта дымып отура берет. Мурда эле ачылып көп сүйлөбөгөн жаны ого бетер  унчукпас болуп кетти… Минтип өзгөргөнүнө апасы да таң.

Кыздар менен топтошуп отурганда да көгүчкөндөй сак. Кокус ичиндеги сыры сыртка чыгып кетчүдөй  абайлап сүйлөп, аялуу бир сезимди көөдөнүндө алдейлейт. Убактысы болсо сабакты бышыктоого тырышат. Кокус сурап калса уят болбоюн деп математиканы жакшы билген курбусуна күн алыс  барып, тапшырманы экөөлөп чыгарышат. Андайда практикант агай тууралуу сөз болсо кулак түрө калат. Кыздардын бирди жарымы мактап,  агайдын сабагы да, өзү да жагып калганын, гитара чертип ырдаганын  айтса ичи сыйрыла түшөт. Мектептеги балдар тууралуу айтылган кеп ага кызыксыз, агайдын жанында классташтары  маңыроо бир бейбаштардай көрүнөт. Эч балээ түшүнбөгөн үчүн  келечек тууралуу кыялданганды  билбей жатышпайбы. Келечекте өзүңдү кандай элестетесиң деп буга чейин алардан  эч ким сураган эмес да.

— “Менин кыялым” деген тапшырманы сабактан тышкаркы убакта талкуулайбыз, — деди практикант агай, — Кааласаңар тоого  муз тепкени барганда  сүйлөшөбүз. Азыр болсо сабакты баштаардан мурда “Жакшы күн” деген оюнду ойнойлу. Оюндун шарты мындай: менин колумда топ бар. Мен  топту кармап туруп, бүгүнкү күн мен үчүн эмне себептен жакшы болгонун айтам да, кимдир-бирөөгө ыргытам, топту тосуп алган бала же кыз өзүнүн оюн айтат. Кана, баштадык – мен үчүн бүгүн абдан кубанычтуу күн, себеби  чет өлкөдөн окууну улантууга  чакырык алдым, — деп туруп топту  ортодо отурган Азизге ыргытты, ал орсок тишин көрсөтүп көпкө ойлонуп турду да:

— Мен үчүн кубанычтуу күн, себеби мектепке  биринчи келдим, — деп  Берметке ыргытты. Бермет туруп:

— Мен үчүн кубанычтуу күн, себеби атам шаардан келди, — деди да топту  башынан ашырып класстын арт жагын көздөй ыргытты.

Күүлөнгөн топ  адегенде партанын кырына тийип, андан ары секирип математиктин  алдына ыргыды. Класс  кайрылып, агайды күтүп калышты. Көз айнегин ала коюп, кызарып-татарган агай топту кармаган тейден  жаалданып тура калды:

— Эй бала, сен эмне сабакты оюн кылып атасың? Андай футболист экенсиң, математик эмес физкультурник болбойт белең?

— Кечиресиз агай, бул балдардын активдүүлүгүн көтөрөйүн деген ыкма…

— Ыкманы сен мага үйрөтөсүңбү? Мага, отуз жылдан бери иштеген кишиге сен үйрөтөсүңбү? Классты карачы, кандай башаламан кылдың! Математика деген оюнчукпу сага? Университетте ушинтип окуттубу силерди? Сабакта деген чымындын учканы угулбай  турушу керек! Бул эмине деген беззабразия!

— Бирок математика эки жерде эки төрт эле эмес, турмуштук сабак дагы го,  агай? Балдар ички сезимдерин туюп, пикирлерин ачык айтканга үйрөнгөнү да маанилүү деп ойлойм.

— Өй, буларда кайдагы сезим?  Алдагы Асакеевде сезим бар дейсиңби? Же Абдыкадыровдо бар бекен? Ой, буларды деген… кат жаздырып көрчү жаза алаар бекен!  Алтынчы класстан бери тамеки тартып, мушташып жүрүшсө кайдагы немени айтып атасың? Турмуштук сабак деп коёт, көрсөтөм мен сага сабакты! Эч балээ билбеген неме турбайсыңбы, зачёткаңа ошондой баа коём мен!  Буларды эмес эле сени окутуш керек турбайбы!!

Топту көтөргөн тейде чыгып кеткен мугалимдин соңунда  класс тымтырс отуруп калды. Жымжырттыкты практикант агай бузду.

— Эч нерсе эмес, балдар, баары бир бул күн баарыбыз үчүн кубанычтуу күн, себеби жакында Жаңы жыл! Жаңы жылга ар бирибиз белек даярдайбыз. Силерден белек – чейрекке жакшы чыгуу. Макулсуңарбы?

Класс дуу этти. Ошентип алуу, кошуу көбөйтүүгө баш оттору менен кирип кетишти. Аңгыча  директорду кейкейтип ээрчиткен бойдон математик кирди. Адатынча кып-кызыл болуп кетиптир.

— Бу эмне деген жорук, Майрам Асылбековна, — баланын оюну кылып. Сабак деген цирк эмес да. Тем более математика. Кишини такмаза кылып, эптеп убакыт өткөзүш үчүн топ ойноп. Болбойт мындай, мен программаны өтүшүм керек, топ ойногонго убакыт жок. Буларыңыз чүкөсүн алыс барып ойносун,- “Помидор” журналды столго тарс чапты, — мен  жогору жакка да билдирем.

— Эжей, бизге математиканы практикант агай эле берсинчи, — арт жактан бирөөнүн корулдаган үнү чыкты. Ким айтканы билинбей калсын деп балдардын бирөө атайын үнүн өзгөртүп сүйлөдү окшойт.

— Эй, Бексултанов, сен билесиңби, ким окутуш керек экенин? — “Помидор” жарылып кете жаздады, — сен мугалимди тандаганды коюп, өзүң жөн жүр. Стадионго барып насвай чегип отурганыңарды  атаңа айтсам өпкөңдү үзүп, өтүңдү алат.

— Мен эмне кылдым, агай? — көкүлү көзүнө түшкөн Данияр ызаланып тура калды, — мен насвай чекпейм, качан көрдүңүз эле?

— Сен чекпесең чеккен балдар менен отурасың го, кошо түкүрүнүп коюп… Жөн жүргүлө деп атам, мектепти бүтпөй каласыңар, айтып коёюн…

Эртеси окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары  кирип, практикант агай мындан ары математиканы  окутпай турганын жарыялады. Балдар делдейип эле отуруп  калышты.  Анан чуру-чуу башталды.

— Оозуңарды жаап, тынч отургула! — деди завуч,- тим койсо башка чыгып кетесиңер…

Мугалимдерге каршы сүйлөгөндөн эчтеме чыкпасын  билгендер топту “помидорго” кайдан да ыргыттың эле деп Берметти жемелегенге өтүштү.

Гүлнурдун эми тынчы кетти. Мектепке келгенден тартып издегени практикант агай. Жумушу болсо болбосо деле ар бир класстын эшигин ачып чыгат. Кээ биринде практиканттар сабак өтүп жатышат, бирок агайы көрүнбөйт. Чыкыя кийинген, согончокко таканчыктап, тегеренип кетме адаты бар, шаңдуу шайыр агай  бир маалда директордун кабинетинен чыкты. Кыздар дароо чуркап жетишти.

— Агай эмне болду, биздин класска кайра келесизби? Агай, кетпеңизчи… — бу сөздүн баарын башкалар эмес эле Гүлнур айтып, айтмак түгүл жалдырап жаткандай, бирок сыртынан лам деп оозун ача албай, колу менен оозун жаап карап турганы.

Агай адатынча жаркырай күлүп:

— Мен силерди окутпайм, бирок сабакка катышам, улуулардын ыкмасын үйрөнүшүм керек экен, силерди артыңардан көзөмөлдөп турам, эсиңердеби, сүйлөшпөдүк беле, чейрекке бир да үчү жок чыксак тоого муз тепкени барабыз…

— Уфф! — дешти кыздар. — Биз сизди кетип калган го дегенбиз.

“Менин кыялым — Сиздин жаныңызда болуу! Сиздей болуу!”  – Колу бошоору менен китепти бетине кармап, киши көрбөгөн жерге отуруп калган Гүлнурдун ою ушундан ары кетпейт. Кыялында чачты сеңселткен студент болуп, мыкты окуп, агайындай жадырап жайнаган, көптү билип, бийик ойлонгон адис болуу. Агай айтпадыбы, максат коюш керек, ал максатка тынбай умтулуу керек деп.

Дайыма  “кеңкелестер” деп тилдеген “помидор” үчүн  математиканы жаман көрбөй көңүлдөнүп окуш керек… “Агай… Жаңы жылда биз менен болсоңуз экен. Азыр мен ошону кыялданып жатам…”

Жаңы жылга класстагылардын баары мыктылап даярданышты. Сабактан кийин  практикант агай келип, бий үйрөтөт. Ар бир кыз менен чимирилип… балатыны тегеренип бийлегенге көндүрөт. Гүлнурдун эси-дарты ушунда.  Апасынын кулагынын кужурун алып жатып чыбыр гүлдүү жука тайпыдан  кош  этектүү көйнөк тиктирди. Ал көйнөктүн этегин калдыркан көпөлөктүн канатындай калдайтып крахмалдатып, кудум кинодон көргөн сулуу айымдардын  бал көйнөгүндөй  барпыратып… төркү бөлмөдөгү жүктүн үстүнө этияттап кондуруп коюшту.

Өткөндө муз тепкени барганда агай балдарды мактап, кыздардын колунан тартып, пальтосунун карын күбүп… каткырып күлүп… аябай жыргал болгон.  Баары дөңгө чыгып кыялданышкан. Кээ бирөөнүн ишке ашпай турган кыялына каткырып күлүшкөн. Көрсө классташтарынын арасында келечекте өзүн министр, банкир, бизнесмен көргөндөр бар экен. Он жылдан кийин, жыйырма жылдан кийин кандай болорун элестетип… ошонун баарын кагазга жазып, бош бөтөлкөгө салып, оозун бекитип, жапайы өрүктүн түбүнө көмүшкөн. Жыйырма жылдан кийин келип, кайра алып чыгып, канчасы ишке ашканын  салыштырып көрүшмөк.  “Мен силердин мыкты адам болгонуңарды көргүм келет” деген агай. Башкалардай эле ал дагы  мыкты врач болуп, өзү өмүрүн сактап калгандар ага ыраазы болуп жатышканын көргөнүн айткан. Агайы абдан ыраазы болуп, мактаган.   Эми Жаңы жылдык кечеде бул көйнөгүн көрсө  эмне дээр экен…

Кече болор күнү кашайып кар сампарлап жаап, клубга жеткиче крахмалданган көйнөгү кыйла шалпая түштү. Элеп-желеп болуп жетип барса классташтары бир бурчта  турушуптур. Ортодо кооздолгон балаты заңкайып, түркүн түспөл кийинип, кадимкидей боёнуп алган  кыздар толкунданып, чачты кыйгачтата тарап, чыкыйган  балдар обочодо чогулушуп…

Гүлнурдун көзү менен издегени агайы. Келди бекен, келсе кай жерде жүрөт? Бий качан башталат экен? Ушу музыкага бийлешеби, же оңдоп жатышабы? Ою онго бөлүнөт. Агай үйрөткөн вальс баарын таң калтырат болуш керек. “Такыр башкача болуп өзгөрүп калды бул класс” деп ансыз деле мектеп уу-дуу болуп жатат…

Бир маалда Зинат нукуп калды:

— Эй, агай!

Гүлнур жалт карап… ысык демине  бирөө капыстан муздак суу чачып жибергендей селейе түштү. Практикантты колтуктап өзүндөй эле жаркылдаган студент кыз жадырап-жайнап аларды көздөй келатыптыр.

— Бегимай, мына менин классым. Сулуу кыздар бекен, ия?  Булар азамат, математикадан чейрекке мыкты баалар менен чыгышпадыбы. Ана, музыка, эй жигиттер, кыздарды бийге чакыргыла! — деди да  практикант колтугундагы селкинин белинен имерип чимирилген бойдон кетти.

Гүлнур катып калгансыды. Колунан ким тартып бийге чакырып жатканын сезген да жок. Кулакты жарган музыка, күлкү менен чуру-чуу башын айландырып… чогулуп тургандардын арасынан кысылып өтүп, кийим илгичке эптеп  жетти да, пальтосун колуна кармаган тейден эшикке чыкты.

Каш карайып, сыя көк асмандан кардын бүртүктөрү  алоологон бетине түшөөрү менен эрип кетип жатты. Эмелеки кызыл-тазыл майрамды артка таштап, кыз тайпы көйнөкчөн  караңгылыкка бет алды. Анын кечеден кетип калганын эч ким деле байкаган жок. Дуулдаган ички албуут сезимин кышкы кечтин ызгаары да суута албай, крахмалданган тайпы көйнөктүн суу тийген этеги шелп-шелп эте бутка чалынып баратат. Эмелеки  бүтүн көңүлү эми экиге бөлүнүп калгандай – бири “таарынба, таарынба!” десе, экинчиси ага көнөөрүн же көнбөсүн билбейт.

«РухЭш» сайты жаңы адабий конкурс жарыялайт

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.