Көп нерсеге жетишкиле. Баштаган ишиңерди бүтүргүлө. Кайра-кайра баштай бергенди токтотуп, мурда бүтпөй калган иштерди аякагыла.

Ишенимиңиз чоң болсун. Сиздин күчүңүз ааламды багынтууга жеткирери эсиңизден чыкпасын.

Көп сүйлөшкүлө. Менин айткандарым бардыгына түшүнүктүү деп кыйынсына бербе. Оюңду бөлүшүп, максатыңды түшүндүрө жүр.

Көбүрөөк суктангыла. Дүйнөгө таң калуу менен толкундоолорду жараткыла. Табышмактуу боло бил.

Таасирлүү болгула. Адамдар жеткиси келген өзгөрүштөргө себепчи болгула.

Маал-маалы менен ойлоно жүргүлө. Атайын токтоп тыным жасагыла, кылган ишиңерди талдап, жаңы изденүүлөргө шык болор нерселерди издегиле.

Көбүрөөк бергенге аракеттенгиле. Башкаларды сүйүү үчүн жашагыла. Өзүң башкалардан канча алгың келсе, аларга ошончо бергиле.

Жардамыңарды аябагыла. Эки колуң бош болбосо да, жардам берүү үчүн кол бергенден качпа.

Жаңычыл болгула. Жарата билгиле, ойной билгиле жана сүрөтчү болгула. Көркөм нерселерди долбоорлогула.

Көбүрөөк бириккиле. Адамдарга, идеяларга бири-бирин тапканга көмөк көргөзкүлө. Аларды бириктиргиле.

Ийкемдүү болгула. Жупунулук сизди текеберчилик менен башкаларга күнөө такканга караганда жакшы жана узак жерлерге жеткирет.

Көп окуп, үйрөнгүлө. Эч качан баарын билип алдым деп өзүңөргө корстон болбогула. Акыл-эсиңерди тунук кармагыла.

Мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдалангыла. Болгон ресурстарды алып, өзүңөрдүн керектөөлөрүңөргө ыңгайлаштыргыла.

Сылык жана жагымдуу болгула. Жакшы адамдарды өзүңөргө тарта билгиле. Адам көңүлүн калтырбагыла.

Жыйынтыктуу болгула. План түзгүлө. Максатыңызга алып барчу кадамдарды аныктап алыңыздар.

Пионер болгула. Аркаңызга из калтырыңыз. Тобокелчиликтен коркпой, белгисиз жактарга кадам таштагыла.

Өзүңүздү тыя билиңиз. Жаман эмес, бирок келечекте чоң ийгиликке жеткирбей турган мүмкүнчүлүктөргө “ЖОК” деп айта билиңиз.

Оңдоп-түзөөлөрдү көп жүргүзгүлө. Өзүңүздүн жашооңузда “адамдар менен болгон мамиледе пайда болгон көйгөйлөрдү” чече билгиле. Финансалык көйгөйлөрүңүздү жана ден-соолугуңузду оңдоңуз.

Көбүрөөк адистешкиле. Он ишти эптеп-септеп жасагыча – бир ишти жакшы бүтүргүлө.

Эксперименттерди көп жасагыла. Өчүргүчтүн баарын күйгүзгүлө. Жандырчу нерсенин бардыгын жандыргыла. Өзүңөрдүн тыянактарыңарды чыгаргыла.

 Ачылыштарды жасагыла. Сыртынан карап жүрө бергенди койгула, – терең үңүлүп, тамырын көрө билгиле.

Баалай билгиле. Убактыңарды, башкалар менен мамилеңерди, максат-кыялдарыңардын баасын билгиле.

Утуштарга ээ болгула. Утула бергенди токтоткула. Тез жеңиш алып келер иштерди баштагыла.

Дайыма талдоо жүргүзгүлө. Кылар ишиңерди, ойлогон оюңарды шаан-шөкөтсүз чындыкты бетке кармап көрө билгиле.

Кыйкырганды билгиле. Өзүңүзгө маанилүү нерсени элге угуза, катуу айта билиңиз.

Чабытыңар кенен болсун. Эл сизге керектүү деп эсептеген нерсени, таптакыр башка багытта, тескери жасагыла.

Которгон  Абийрбек АБЫКАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.