Путинизм доорунда сталинизм тирүү!

Демократиялык институттардын таасирин жоюуга кызыкдар күчтөрдүн аракети кызыды. Андай аракеттердин башында, албетте, демократиялык климатка териси жука Орусия турганы белгилүү. Расмий Москва адам эркиндигин чектей турган кандай мыйзамдарды кабыл алса, аны илгиртпей илип кетип, жагынгысы келген кыргыз бийлигиндеги бүгүнкү аракеттер эмнени каңкуулайт? Бийлик өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердигин, жарандык коомдордун активдүүлүгүн көзөмөлдөө керектиги тууралуу мыйзам долбоорун демилгелеген Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкуловдун аракети – кооптоно турган коңгуроо. Кыргызстан мындан ары декократиялык принциптер менен өнүгөбү же тоталитардык системаны куруу жолуна баратабы? Бул маселе […]

Дүйшөнкул кызы Алина: Жакын адамдарсыз бул жашоо – жашоо эмес

“Айтматовдон алган сабагым” конкурсуна Мындан 2-3 жыл эле мурда Чыңгыз Айтматов деген наамды укканда менин оюмда анча деле көп түшүнүктөр жок болчу. Бул жазуучунун чыгармаларына анчейин кызыгуу жок эле. Мектепте кыргыз адабияты сабагынан Чыңгыз Айтматовдун көптөгөн чыгармаларын өтчүбүз, өзүмчө кошумча окуюн деген да ойлорум жок мезгил эле. Айтматовдун улуу инсан экендигин 90 жылдыгына байланыштуу көп иш-чаралар өткөрүлө баштаганда билдим. Мектебибизде Айтматовго арналган көркөм окуулар, чыгармаларынан үзүндүлөр аткарылып, конкурстар уюштурулуп жатканда бир канча кызыгуу пайда болду. Мен дагы ойлонуп отуруп “Кылым […]

Садхгуру: Жашаганды билсең, жашоо – күндө болуучу ажайып нерсе

Сиз азыр айланаңызда өсүп турган дарактар чыгарган аба менен дем алып, алар дем алуучу нерсени демиңиз менен чыгарып жатасыз. Бул айлампанын аягы жок, чексиз. Сиз билесизби же билбейсизби – сиздин дем алуу системаңыздын жарымы ошол бактарда илинип турат! Сиз бул байланышты эч качан сезген эмессиз; эң жакшы дегенде балким бир учурда ойлонуп койгондурсуз. Эгерде бул байланышты сезсеңиз, кимдир-бирөөлөрдөн: “Дарак өстүргүлө, токойлорду коргогула, дүйнөнү сактап калгыла” деген кеңешти укмак белеңиз? Бул айттырбай билер нерсе эмеспи? ♦ ♦ ♦ Ишенимдүү адам башкалардын […]

Чоюн Өмүралиев: Тоодогу жомок

АҢГЕМЕ Бу жаш сүрөтчүнүн эрмеги, азабы Эки-Бала боло турган. Кай жерден карабасын кош чоку ага ошончо ар кыл көрүнөт. Мындан карасаң туурасы чыгып жайылып жазылат. Андан карасаң узуну чыгып учу көк келет. Чоктой кызыл альбомунда ошонун баары тартылуу. Бирок ойдогудай бир сүрөттү — жүзүнчүсүн тарта албай келет. Ойдон тартты, дөңдөн тартты, тамдын үстүндөгү чөпкө отуруп тартты. Болбоду. Жандуу чокунун ордуна каткан сенек сызык гана чийилет кагазына. Мына эми кудай берип ошол чокунун так эле өзүнө жөнөп барат. Койдун кезүүсү келиптир, […]