АҢГЕМЕ

Бу жаш сүрөтчүнүн эрмеги, азабы Эки-Бала боло турган. Кай жерден карабасын кош чоку ага ошончо ар кыл көрүнөт. Мындан карасаң туурасы чыгып жайылып жазылат. Андан карасаң узуну чыгып учу көк келет. Чоктой кызыл альбомунда ошонун баары тартылуу. Бирок ойдогудай бир сүрөттү — жүзүнчүсүн тарта албай келет.

Ойдон тартты, дөңдөн тартты, тамдын үстүндөгү чөпкө отуруп тартты. Болбоду. Жандуу чокунун ордуна каткан сенек сызык гана чийилет кагазына. Мына эми кудай берип ошол чокунун так эле өзүнө жөнөп барат. Койдун кезүүсү келиптир, ошого баратат. Сүрөтчүлүк жосуну — кагаз, калемин куржунуна кошо салды. Керектүү штрихтерди таап калаары ажеп эмес.

Жаз келип ой-тоону колхоз коруй баштаганда майда жандыгы барлар Кара-Тоонун башына конуп-түнөп күз келгиче кезүү кайтарышат. Эмики койчу митаамына айланган. «Бээңи мага кош» дейт, анда элпек. Кеп майда жандыкка оосо «бу калкостун көп коюн карай албай мал менен мал болуп тентийт экенбиз, непаада коюң жоголсо ага-тууган элбиз, арабыз сууп жүрбөсүн» деп эрте эскертет. Көп элдин «ач кулактан тынч кулак» деп кесүүгө чогулуп алганы ошондон. Кесүү Эки-Баланын түбүндөгү конушта. Аерге Сарыгул абышканын эски чатырын тигип алышкан.

Сүрөтчү баягы өз чокусуна суктанып бүтпөй жолдо келет. Ат желсе чокулар да соксоңдойт. Жайласа жайлайт. Коктуга кирсе чокулардын жарымы жабылып жапыздагансыйт. Кыраңга чыга калса Кара-Тоо түбүнөн өйдө алаканына чогулуп кош чокусу эмчектей тирсийип көкөлөп, көкөлөп кетет. Тоонун түбүнө жакындаган сайын чоку ар жакка чалкалап барып оодарылды. Көрүнбөй калды. Сүрөтчү эми Кара-Тоону кадуулап жыландай сойлогон жол менен бийиктей баштады. Айлампадай уюлгуп айыл жер түбүнө чөктү…

— Кечиктиң го,— касабанын алдында чепкенин жая салып кыңайган абышка ырайлуу жылмайды,— бүгүн айбашы, эртең айт, жарыкта жетип арбактарга мал атайын. Ушу кезде жыт чыгарабы деп босогомду сагаалап турушкандыр мусаапырларым.

Сүрөтчү куржун баштыгын чечип, жаңы эле көчүк басканда:

— Сен карап турба,— деди ал кайра, тетигил боз төбөл күрпөңдү кармай сал, мен да эртелейин.

Ал козу кармагыча Абдыгазы эшегин тепейтип токуп, жол камы кылды.

— Жүрү эми чай ичели. Бая эле кайнаган…

Кесүүдөгүлөрдүн бир ыракаты — алмашып жаткандагы чайы. Жакадан келгендин куржуну, тоолуктун «кабындагы кагынчык» аралашканда жупуну дасторкондун берекеси артат.

Абдыгазы сүрөтчү апкелген сары майдан томуруп чынысына салды, нан чыктады. Жазга сакталган карагаттын былтыркы ширесинен илип сонуркап жеп атты. Өзү да жаман күтүнбөптүр. Корго бышкан эт койду.

— Улардын эти, же…

Абышка сунган кестикти алып эттен кыя кесип оозуна не салды, не салбады даамы экенин, жыты экенин билбейт, башы чайыттай тазара түшкөнсүдү.

— И эмне болду,— абышканын жамажайы жайылды, — тилиңди көөмөйүңө тарттыбы!.. Ай балтырканга солоп бышырдым. Бир чети эрмек экен, — абышка жибиген нанды бүйлөсүнөн бүйлөсүнө которуп мүлжүңдөп, анда-мында сөз узатат,— баса мылтык албадыңбы?

— Жок.

— Бекер кылыпсың. Улар атып эрмектейт элең да. Сен эми тузак салганды да билбейсиң да, тиги чатырда бир аз чийки эти калды, ошону эрмекте анан.

Абышка уларды тузакка кантип тутса болорун, майынын курчтугун, бир чыны майга бир кап боорсок кебелбей бышаарын, этинин дарылыгын, төтөн төш этиндей беш бармак болбосун кобурап атып чайнектеги чайды соолтту. Сүрөтчү абышкалардын сөзүн сагынып калгандыгын сезди. Буларга кеп баштап кой, болду, а дүйнө бу дүйнөңдү түгөл саймедирейт. Эки дүйнөнүн элчиси.

Абдыгазы бата тилеп, балбаалаган терин сүртүнүп сыртка чыкты. Эшек аркандаган жиби менен көкүрөгүнөн, санынан алып арчындады.

— Кайыр уулум, Кара-Тоону эми саа калтырдым,— эшегине минип чыңк ылдый салды.

«Кара-Тоону саа калтырдым» — кызык угулду. Козу кыйыктанды эле, ыктуу арчындалгандыктан кежеңдеген сайын ошончо илгери кетип өзү чуркап берди. «Булар билбеген балээ жок»,— сүрөтчү бийик ташка чыгып ээрчий карап отурду. Аңгыча узай түшкөн Абдыгазы кайрыла берип кыйкырды:

— Баса унуткан турбайымбы, карышкырдын изин көрдүм. Кыр-кырдан из чалып, короону айланып үн салып кой.

«Карышкыр…» Капарсыз денеси ичиркенип алды. Жөн салды кептей заңкылдап турганын. Баятан ой-тоону бабырабай ошону айтса боло, мындай-андай кыл деп.

Сүрөтчү карышкырдын көркоолугун көп уккан. Айрыкча бирөө жадынан өчпөйт. Эми аны мындайда эстеп бекер… Баятан жанында киши бары алдыртан демөөр болуп турганбы, Абдыгазынын карааны өчөөр замат ушул ээндикте жалгыз, жападан жалгыз экенин алгач сезди. Үч күн, үч түн өтмөйүнчө ушул. Бир короо кой, бир ат, как эткен карга, кук эткен кузгун жолдошуң. Жөн салды «тоо» деп коюшчу сөздүн сүрүн эми ал туюк сезе баштады.

Абдыгазы эчак чыңк ылдый салып кирип кетиптир. Анын караанын жутуп алган карагайлар күн кечке оогон сайын түнөрүп, шуулдап, күчөп, ийне учтарына салып алышып хор ырдап сүрөтчүнү асманга сунуп жатышкансыйт. Берите тоо-таш кучактап өжөрлөнө бийик беттеген жапалак арчалар. Арчалар чоң касабаны камап келип түбүнөн түгөнөт экен. Жалгыз гана касабанын боорундагы тектирде толгонуп өскөн, айры мүйүз бутактары асман чийген куу арча турду. «Асманга умтулуунун акыры» — деп койду сүрөтчү өзүн алаксытып.

Ошол бийиктиктен Эки-Баланын учу салаңдады. Мөңгү, булут жошолонгон. Күндүн батып баратканын ойлоп кайрадан жүрөгү ээндеп муздай кетти. Жалындаган апай бетте Рерихтин «Пайгамбарынын сөлөкөтүндөй» көлөкө узарды. Күндөн көзүн албай карап отуруп батырды. Жүрөгү канап, ичи бир кызыктай эңшерилди. Ажайып да эмес, керемет да эмес, капкара дүлөй түн жерден өсүп чыгып, көктөн агып түшүп, асканы жымырып, капчыгайга толуп, толуп… жымырап каптап, жарыкты жутуп, улуу чокуларды оп тартып, дүйнөнү ороп чулгап дүлөй түн келатты. Эки-Бала күчөп уңулдады.

Нык тойгон койлор иңирдей жылжып короого чубады. Касабанын түбүнө ийрилди. Түндөй үнсүз сүйрөлүп сүрөтчү да таштан түштү. Таш тулгага чайнек асты. Кайнагыча чырак жасамай болду. Кагаз-калемин, шарабын унутпаган тыкан эме сасык майды унутуптур. Аны Абдыгазы келгенде эле сураган. «Чыракта ыпым май калбады, эми караңгы кантип отурасың? — деп насвай салган кол бөтөлкөсүн бошотуп берген. — Ушуну «шайтан чырак» кыл.

Ал Абдыгазы айткандай жасады. Шырмалынын өңүрүн сөгүп, кебез чубап эшти. Сары майдан бөтөлкөгө жарымдап салып отко кактап эритти да, жибин сойлотуп май соруккан соройгон учуна от койду. Үңкүрдөй үңүрөйгөн чатыр ичин күүгүм жарык каптады, адам жайына окшоп мээрим кирди. Өз колу менен ачылыш жасагандай кубанган көңүлү шагдан сүрөтчү куржундан бир шише кызыл шарап суурду. «Чай кайнагыча» — чөйчөккө мөлтүрөтө куюп тартып ийди. Улардын этинен ушул шарапка азыраак сактап койгон, андан оозуна салды. Көбүргөндүн, согондун, арча отундун, туздун даамы жуурулган балгын эт! «Митайым абышка ээй, булар билет. Улардын эти эле эмес үнү да дары адамга». Чоң атасы ушинтип айтчу.

«Улуу тоого чыккан барбы,

Улар үнүн уккан барбы», — деп курандын аятын айткандай көмөкөйүнөн күңгүрөнүп койчу жарыктык. Айтымда, муну улуу тоосу жок, улары да жок, тетиги эле Кербаланын кер талаасындагы эл чыгарыптыр. Улардын этин жедим эмес, үнүн уктум деп айтпайт аердегилерге. Эгер мобу жептир дегенди уктубу, ошо саат кескилеп тытып жеп кетишет. Улардын касиети ушундай дечү.

Ал шараптын калганын ичип, этти жеп болду да алымсынбай эпчи жагын карады. Чийки санды көрдү. «Жок, абышка айткандай эртең айбалтырканга солоюн. Муну дичь дейт, деликатес!» Таңдайын так эткизип койду. Тияк-биякты көрүп калган жигит эттин, төтөн мындай эттин кадырын жакшы билчү.

Ачкарын ичкенге ичи ысый түшкөн эменин ойлору ээн баш боло баштады. «Ошол элге Абдыгазыны салып берсе» деди кытылдап, өзүнүн жарпын жазып.

Чепкен жамынып касабанын башына чыкты. Чылым тамызды. Тээ төмөндө, жердин жети катында айыл оттору жымың-жымың. Өзү асмандын башында асылып тургансыйт. Өрөөндүн аяк-башы топ жарык, бүлбүлдөгөн жалгыз жарык… Күндүзгү түйшүгүнөн арылган адамдардын бейкут тынчтыгы. Дүмүрөйүп асмандын жарымын жапкан аркы күңгөй тоонун булуң-бурчтарынан жарык күйөт. Атасы жаштыгынын көбүн маалимдик кылып ошо өйүзгү айылдарда өткөзгөнүн айтчу. Апасы да анда баш кошуша электигин, атасы эптеп убакыт таап келип жолугаарын, жыттуу кыпкызыл атыр самын берээрин, бир жолу узакка келе албай калып бирөөлөрдөн «чоктун жарыгына окусун» деп актай кат бергенин, жүрөгү дүкүлдөп эл жаткан соң ашканадагы чоктун жарыгына салса бадырайып, бадырайып жазуулар чыкканын, көз боочу го деп коркконун, анан кайра сагынганын, кийин ал сүт менен жазылган кат экенин укканда боору эзилип күлгөнүн айтчу.

Эми, ушул азыр бу дүйнөдө анын бар жок экенин да билбеген, эч кимдин иши жок ээн чокуда жалгыз отуруп алып ошол тоо арасында бириндеп, чачылып жаткан алыскы айылдарды көзүнөн сыдырып отурду. Өмүрү өзү көрбөгөн жердин жарыгына жүзү жылып отурду. Көкүрөгү жибип, тамыры бошоп чыкты. Ошол улуу күндөрдүн бир эсеси болушу керектей элжиреди. Өзүн бир жаркын нерсеге милдеткер сезди. Эмнегедир от атасы Прометейди эстеди. Анын адамдарга от бергенин бүт насыя деген да эл бар экен. Жок! Жок! Жүз миң жолу жок! Прометейди ал эми, мына эми гана сезди. «Көзүмдө эле эмес, оозумда эле эмес (түнүчүндө чылым сорсоң а да бир жылдыз!) көкүрөгүмдө, жан дүйнөмдө жарык от күйүп турганын эми билдим. Сенин отуң, Прометей! Ким билет ушул азыр өзүңө окшоп аскалардын арасында жападан жалгыз отурганым, отсуз жашоо мүмкүн эмесин сезип отурганым, сенин отуң көкүрөгүмдө күйүп жанып турганы, сен деп зарылганым, сабылганым — өзүңдүн өлбөстүгүң чыгаар. Өлбөс-өчпөс Прометей эми менде».

Шараптын күүсү, караңгы түн, асмандын башындагы аскалардын ээсиндей жалгыздыгы, жыбыраган айыл оттору мурда келбеген ойлорду чакырып, көкүрөгүн жымыратып, ал өзүн адамдарга Прометейдей аманат арнап, бейпил өмүрлөрдү бешиктей термеп жаткан келберсиген кең өрөөнгө куттай жаагысы келип ийип отурду…

«Кызык ошол адамдар от берген Прометейин эстешеби?» Чатырына келатып ушуну ойлоду. Касабанын боорундагы куу арча ага эми аскага керилген Прометейдей көрүндү.

Экинчи күн кечине тартты. Түшкө дейре талмоорсуп жүрдү. Көптөн бери мынча жол жүрө элек эме кечээ атка урунду болуптур. Ага түндөгү шарап да кошул-ташыл түшкөнбү, өлгөндөй уктаптыр. Койлор күн менен кошо чубап чыгып Ак-Талдын белине сабап жетип, жер тытып ошерде жатат. «Аердин чөбү шор, жылбайт,— деген Абдыгазы, — койлор шорсураптыр, тузду эмки кишиден берип иели».

Бешимде койду мөңгүгө такап салды. Суусуну канганда өзүлөрү түштү. Ал арада сүрөтчү кагазына бир топ эскиз чийди. Көңүлсүз иштеди. Гётенин «Батыш Чыгыш: диванын» термелеп карады. Жакпай калды. Ашкере акылдуу немис сүйүүдө да акылдуулук кылып туруп алыптыр.. Курсагы тойгон койлор ач кыйкырыктан жапырылып түнөгүнө беттеди. Атын шөлп-шөлп желдирип ал да чатырына жөнөдү.

Карагайдын бутактары чартылдап күйүп жатты. Сүрөтчү абышка калтырган чийки эт менен алек. Ал балтырканды муунактап кесип, көңдөйүнө тузу чакталган этти согон, көбүргөн аралаштыра солоду.

Оозун жел чыккыс тыгындап, корго ыргытып койду. Эт эми өз чыгына эзилип бышат.

Түтүк анда-мында «пырс-пырс» этип чыжылдап ырдай баштады. Ага отко асылган чайнектин ыры кошулду. Дүлөй түн. Очоктун «ыры»… Жер кайсы, асман кайсы жиги жоктой, көөдөй кара. Көз уялтып коломто гана аппак. Капыстан эле койдун чети «дыр-р» берип токтоду. Жүрөгү болк этип алактап кетти. Койлор турган турган жеринде элейип тынчый түштү. Бейсанаа отурганда. Ойноок жүрөгү токтоно албай күчөп түрсүлдөдү. Эмнеден үрктү? Жөн эмес. «Адам туйбаганды айбан туят». Жөн эмес. Түйшөлө баштады. Касабанын бодур бетинде караңдап көлөкө ойноп жатты. Көңүлүнө бир кооп түштү.

Кайдан жайдандыр пайда болуп, тырмак тумшугун жеңине жашырып, үлбүрөгөн оттой сулуу кыз эт сурап жылып келаткандай болот. Прометей да эми колдорун арбаңдатып бакшыдай от жакалап бийлеп кирди. Көлөкө менен кошо бир аякка, бир биякка кыйраңдаган кызыл аска сүрөтчүсү айланта тооруп ыржалаңдап күлө баштады. Эсине карышкыр түштү. Түшкөндө да баягы кабыргалары кыржыңдаган жылаңач карышкыр түштү. Укканына канча болду дейсиң, бирок жадынан түк өчпөйт. Тырмагын терең матырып алган. Аны жылкычы агасы айткан. Эми ошол эрксиз эсине түштү.

Бир курдай кар калың түшүп жылкыга тийген карышкырлардын бири кар малтап узай албаптыр. Карыса керек. Жылкычылар тегеректеп тирүү кармашыптыр.

— Муну жырткычтын сырттаны дешет, тирүүлөй терисин сыйырса кыңк этпей чыдайт имиш,— деп калат бирөө.

— Жок, терисин сыйрып тумшугуна жеткенде бир каңк этип өлөт дейт.

— Өлбөйт, чочоюп отуруп алып, улуп-уңшуп туруп анан өлөт экен.

— Анын эмнесин талашкыдай, көзүбүз менен көрбөйбүзбү. «Мындан жөнөкөй эмне бар эле»,— дегендей дагы бирөө ушинтиптир.

Бозого алагүү, эриккен эмелер дүр-р коштоп, берки экөөнү мелдештирип жиберишет. Кандим эмелер оозуна камчы салып кемечтей коюшат да, буту-колун керип түрүүлөй союп киришиптир. «Каңк эткен да, кыңк эткен да үн укпадым, байкебай», деген агасы таң калып, анын ошондогу алайган кебетеси күнү көз алдында, үнү кулагында:

— Каңк эткен да, кыңк эткен да жок, байкебай, ичинен ыйлаган адамдай жанды эзген бир үн тетиги эле тереңинен уңулдап чыгып, мобу алкымына келгенде кыркыракка өтүп жоголуп атты. Бастайт да, кайра күчөйт. Анан терисин сыйрып болуп тургузуп тыштадык. Карышкыр мас кишидей башы ооган жакка кетип теңселип жүрдү. Бу териси жогу кызык экен, кысталактын, оозу ылжайып, ыржалаңдап аткансыйт. Боорубуз эзилди. Кабырылып баскан сайын кабыргалары кыржаңдайт. Чычаңы чатына таяк сайгандай серейет. Көзү гана кутургандай канга толуп чыкты. Мактаган иттерибиз…

Ошо жерден чоң атасы чыдабай кеткен, бапылдап кызып бараткан эмени олуй карап:

— Кудайдын батасы тийсин, кудайдын батасы тийсин, сага каапыр,— деп төшөгүнө кырданып кеткен. — Айтпа, куттуу үйгө айтпа! — Мүйүз сап таягы ооруп калгандай титиреп турган. А күнү кечке жаны жай таппай жүрдү. Туруп, туруп кобурап алат: — Кудайым жан макулугун жаратканы ар бирине өз насибин буюрган. Жети күнү жерден, жети күнү желден…

— Айта берет да эски динчил киши. Макул карышкырды мен аяйын, мени ким аяйт.

Агасы актангандай чоң атасына угузбай ушинтип койгон.

…Кызыл аска жылаңач карышкырдай кабыргалары кыржыңдап көзүнөн кан агып, заар агып үстүнө кулап түшчүдөй теңселип тооруй берди. Эми ырылдаган шамал, уңулдаган чоку, суу да, баары өчтү. Коломтонун ыры өчтү. Не ыржаңдаган жинди күлкү, не бозого тойгоп бейжай каткырык — ушул гана калды. Бул азезил каткырыктан жиндиликке чейин бир эле кадам, бир эле укумдай. Сүрөтчү эми аны чагылгандай сезди. Аскадан кадимкидей качты. Чатырына корголоду. Шамал май чырагын бийлетип алыптыр. Чатырдын ичи караң-караң, этектери делп-делп. Көчүк басып олтурду. Көңүлү жайлангыча болбой койлор кайрадан «дыр-р» берди. Алактап… Кандай болгонун өзү билбейт, бүкүрөйүп, бирөөнү каршы алчудай карышып, тизелери титиреп туруп калыптыр. Ушинтип туруп калганын гана билет. Денеси калчылдап сыртка атып чыкты. Жуураттай уюп тынч жаткан кой асканын түбүнө бир ууч болуп ыгыптыр.

— Чоой. Чоой!

Түн жарымы. Өз доошунан кандайдыр кайрат алды.

Тынч эле сыяктанат. Неден үрктү? Карышкырдан жыт алдыбы? Отту улуу жагыш керек. Адеп эле ушу ой келди. Өчүңкү очокко куу бутактан үйүп жиберди. Мындай караса биякта жарыбагандай отун калыптыр. Очоктогу от дуулдап, айлана заматта аппак тартты. Койлор турган ордунда жарыкты эш тутуп, көздөрүн жапжашыл кылып жамырап тиктеп турду. Ыргыган чок караңгы тилип ийсеңдейт. От күйүп бүтүп баратты. Эми калган бутактарды үстүнө таштады. «Мына бу да күйүп бүтөт, анан шыйрагымды жагамбы? Мына сага көзүңдө от, көкүрөгүңдө от! А да жөн от эмес, Прометейдин оту! Көкүрөгүңдөн мурда коломтоңо, коломтоңо от керек экен! Жат эми от болуп».

Сөгүнүп, оттун жарыгында тегеректен куу тезек чогулта баштады. Күндүз карагайга түшүп барып отун өңөрүп алгандан эринип койгон. Бүгүнчө жетээр деген. Бир кезде катуу нерсеге чалынды. Казык! Буту ооруганын сезбей сүйүнүп кетти. Бир-эки тээп бошотту да ычкынып сууруп алды. Мүйүздөй кургак, жоон четин казык экен, издеп көрүп дагы төрт беш казык сууруду. Жүрөгү кабына келди. «Жетпей баратса чатырдын казыктарын алам, эртең жаңыртып коём». Бу акылы да кубат берди.

Отко салган казыктары жаңы жалындап күйүп келатканда койлор жана үрктү. Бир ууч болуп аскага кептелди. Сүрөтчү аюудай бакырып турду. Кайра кулак кескендей тунжурай түштү. Ушу тапта ат чыңырып кишенегендей болду. «Карышкыр». Бу саам ал карышкыр жакын экенинен эч шек кылбады. Ойлонуп үлгүргөн жок. Көз ирмегиче «жарк» эткен чагылгандай бир туюм гана бирөөнүн атын араң сурап алышканын, кой элдики экенин, өзүнө жардамга келээр өзүнөн башка эч ким эместигин, коркууга акысы да жогун, ал турсун… «жашоо» деген кылтылдаган таразанын, бир тарабы карышкыр, бир тарабы эми өзү экенин сезди. Кызыл аска, дүлөй түн, тоо, карышкыр, баары, баары муну уйпалап, жеп тытып салмакчы болгонун маңдайына жарк эттирип тартып өттү. Жалындап күйүп чыккан казыктан экөөнү сууруп алып төбөсүнө кармай койду. Тажаал чаңырды.

Ушу учурда анда бир чечкиндүүлүк пайда болду. Кыйкырып, өкүрүп, итче арсылдап, кырга жөнөдү. Адам уулу не деген добушка эгедер эле! Өз көкүрөгүндө не деген кудурети күч үндү алып жүрбөйт эле! Кабыланды калтыратып, как ибилистин өзүн кан сийгизген заар каткырык, айбат үн жанардай бүркүлүп, бирде аркырап, бирде шыркырап, кээде уңулдап киркиреп кара түндү титиретет. Колундагы кош чычала диркирейт. Шамал канча үйлөсө ошончо чоктонуп айлана кызыл жаян. Шерденип алды.

Бир оокумда «балпп» этти да айлана аппак тартты. Сүрөтчү өзү чочуп кетти. Ошол замат сүйүндү. Казыктарын байкоос кайчылаштырып алыптыр. Ажырата койсо жалп өчөт да себеленип чок урат. Шырылдатып түндү эритет. Кайчылаштыра кармаса от жалбырт жанып дирилдеп, дирилдеп жалын үзүлөт. Ал өзүн от чачкан ажыдаар сезет. Айланасындагы кызыл аскалар караңдап көлөкө ойнотуп оойт, кыйрайт, кайра турат. Чачтарын селкилдеткен мастан кыздардай серпилип гүү-гүү түшөт. Тоо-таш титиреп дүңгүрөгөн үнсүз күлкүгө тунат. Кайып качтыбы, кайберен үрктүбү – шыгыр-шыгыр шагыл агат… Үнү зоого кабышып алыстап, алыстап аягы тыйылаарда жапайы жаңы бир айкырык аны өчүрбөй улап кетет. Улам күчөп жан кечтиленген доошу, эми да бир аздан соң анын өзүн ибилиске айлантып кетчүдөй болот…

… Аркандалган аты оттобой туруптур. Аман-соосун көрүп сүйүнүп кетти. Чычаласын обочо таштап арканын чече баштады. Четин мал оозундагы бетегесин күрт-күрт чайнайт да кулагын кайчылаштырып алдастаган капчыгайдын шоокумун тыңшап элтейе калат.

Бир топтон соң өз жайына келди.

Прометей бүлүнгөн уулуна кайдыгер, аскада зыңгырап керилип турду. Жай күйсүн үчүн колундагы казыктарын чоктуу күлгө матыра сайды. Буйруксуз ашка айла жок, эти күйүп бүтүптүр. Кейиген жок. Өзү эт болуп атса… Бир ыптасы жайыла тартып четинен жуушай баштаган койлор капыс эле кайра үрктү. Ал кайра атып турду. Нан кескен бычагын мыжып, караңгыны как жарып жаны чыккандай жана бакырды. Кайра баары тынчыды. Эч эчтеке болбогондой. Түн эрмеги үчүн эле бирөө ушинтип ойнотуп жаткандай. «Ошентсе эле кана. Ойнотуп атса эле кана. Таң аткыча тажабай куурчак болуп беришке даяр элем. Оюн эле болсо кана»…

Чет жакта соройгон ташты жыттагылап турган козу капыс эле үркүп берди. Бири үрксө миңи дүрбөгөн айбан мал аскага соктугуп токтоду. Сүрөтчү эми гана очоктогу жалын чайпалган сайын тегерегиндеги соройгон таштар көлөкөсүн кош аяктай туш келди секиртип, койлорго «тийишип» атканын көрдү. Бу чын эле оюн экен. «Туй энеңди…» туталангандан сөгүнүп жиберди. Кимди дейсиң, куурчак өзүн эле сөктү да. А куурчак кылып ойноткон ким болду? Тоолорбу? Карышкыр сойгон агасыбы? Өз мүнөзүбү? «Булар бүт эле каапыр. Акыр замандын баласы» деп тилдечү чоң атасы ачууланганда.

От өчтү. Кой да тынчыды. Баары бир санаасы тынып уктай албай койду. «Балким чын эле карышкыр келгендир, оттон качкандыр. Балким башка да бир нерсеси бардыр…» Түйшөлүп атып таң каракчысында гана азыраак тук этти.

Эртеси кечээгидей кой соңунан ээрчиген жок. Үстүңкү кыр жолго салды. Карышкырдын изин чалмак болду. Канча караса да из көрбөдү. Бирок башканы, Абдыгазынын улар камагын көрдү. Эрикпей иштегенине таң калды. Баланын эле ойну. Арасы үч-төрт саржандай жерден эки канат кылып узата таш тизип баштаптыр да, баш жагын куушуруп отуруп үч төрт жерден улар өткүдөй муунак жасаптыр. Тузактарын ошол муунактарга коюп, учун туштарына кагылган казыктарга бекитээрин боолгоду. Билбеген киши биякка шайтандын кызы ойноптур дегидей. «Абдыгазыныкы деле оюн бейм. Тоонун башында томураңдап баладай таш тизип алектенип жүргөнүнөн элестетти.

Жамажайын жыя албай бейсанаа жадыраган абышка ага чын эле жаш баладай сезилип жатты. «Митаам абышка ээй» деди дагы бир ирет ага таң калып да, элжиреп да.

Күн көтөрүлө баштады көз уялтып, тоо койну тынч. Табият абалкы кейпинде кирсиз чаңкаят. Түндөгү жоругу эми ага биресе түштөй сезилип өзүнө күлкүсү келди. Өлөсөлүү абышканы деле желмогуз жеп жутпаптыр. Абышканын бир сөзүн эстеди азыр: «Кара-Тоону саа калтырдым» деген коштошуп атып. Кызык, ошол жөн салды кептен ал өзү үчүн көмүскө — өзүнчө маани таба баштады. «Кара-Тоону каныма сиңирип жашатып кала алдымбы. Ага даярмынбы?» деп ойлоду. Өз оюна жооп берген жок. Жалтайлады. Түндөгүсү ал, саман өрттөнсө Самарканды жоо чапкандай бүлүнүп…

Койлор кечээгидей эле Ак-Талдын белинде кумайдын сейрек эжигей чөбүн бырт-бырт үзүп, тегеренип оттоп жүрдү. Сүрөтчү мөңгүдөн томуруп келип таштын көңдөйүнө арча жагып чай кайнатып ичти. Кызыл демделген чай, арча жыты, кыр шамалы көңүлүн тазартты. Сүрөт чийгенге киришти. Кызуу иш үстүндө бир кубанычка чөмүлдү. Тартканына эмес башкага кубанды. Илгеркилердин көрөгөчүнө кубанды. Алмустактан бери эл жайлаган бу эски тоодо не деген гана жер аттары жок. Мындай карасаң бир-эки сөздүн башын осол кошуп койгондой. Бир-эки эле сөз болгону, а тереңи… Жакын аталарынын бири каза болгон. Тим ата дешчү. Соңку кездери маркумдун каралуу сүрөтүн ак шейшепке тартып сөөктүн тушуна илип коюшчу болду. Анын «башпуртка» деп түшкөн кол башындай сүрөтүн карап отуруп акыркы азалуу элесин ак болотнайга түшүрүп аткан. Бир караса эле кермеден тирүү адам тигилип турат, денеси дүр-р этти. Өзүнүн тирүү атасын тартып салыптыр. Өчүргүчө шашкан. Денеси өлүп, көмүр кармаган колу калчылдап… Капыс ыйлап ийген. Качандыр бир… качандыр бир… качандыр бир (айтпаска айла барбы, дебеске чара барбы) өз атасынын да сүрөтү куу чүпүрөккө ушинтип тартылчу күн келери мээсин муз салгандай какшаткан. Сезими чымырап, саамга өлгөн. Адамдын кайтышы ал — Ай, Күндүн өлүмү экенин ошентип сезген. Ар бир адамды ыйлагың келгендей сүйгүсү келген. Айы, Күнү карыган Тим атасынын кайталангыс ыраңын ал ошентип аяп, азап чегип жатып тапкан. Кайра ар бир бырыш меңин этияттап чийип отуруп араң окшотту. Ошондо ал мурда өзү элес албаган экөөнүн окшоштугун, эки бир туугандын таң каларлыктай окшоштугун туйган. «Мезгил сыртыбызды бурмалайт экен, тегибиз өчпөйт бейм»,— ушундай ой келген.

Эми мына бул тек ойноп айтылгандай жер аттары да Тим атасындай чын касиетин сыртында эмес, тереңинде, бир караган көзгө түшө койбос тереңинде катып турганын сезди. «Кемпир ташты» кагазга түшүрүп жатып сезди. Чулу асканын арсак-терсек миздери кагазына көчкөн сайын мурду, ээги, аттиштей кабышкан кемпирге окшой берди. Көккө зымыраган чокусунда чак түш чаңкайып, куркураган түпкүрүндө түн жаткан көк заңгел аскалардын арасында таруудай адашкан пенде жаңылбай мына ушундай көрүшү үчүн ага бүркүт учкан бийик керек, бүркүттүн көзү керек! («Бүркүттүн томогосун кандай алдың, жер ошондой топтомолок ирмелип алаканына келет, көзү кайнап турганы ошол». Түкбаш деген эски бүркүтчү ушинтип айткан.) Азыр алар мурункулар тоосун бүркүттүн чаар кум учкан көзү менен көрүшкөнүнө ынанып, кубанып да, таң калып да жатты. Түндүк-Алма, Казан-Кудук, Бок-Каймак, Куш-Мурун, Эки-Бала… жердин өз үнү, өз тереңи…

Сүрөтчү күңгүрөнүп иштеп жатты. Эми эмне тартпасын ар биринин тереңдеги үнүн уккансып жатты…

*      *     *

Күн бешимге оогондо ылдыйтан атчан көрүндү. Сүйүнүп кетти. Киши караанын сагынып калыптыр. Тааныса Бакболот.

— Келдим,— деди ал,— туз апкелдим. Сенден кийин биздин кесүү экен.

— Эртең бүтөт да.

— Э, анын кеби бар. Бир күн болсо да акоотчулук кылбаймбы.

Түшүп жайланган соң ал ачылуу альбомду барактады. Көргөндөн шуудуратып бүткөнү бат.

— Мобул эмнең? — деди анан бүшүркөй.

— Абдыгазынын улар камагы.

— Эмне?.. А кандай улар ушуга камалып калган?

— Экөөбүз ай талаада калсак ачка өлмөкпүз. А булар термелеп жашап кетет. Чөптүн тамырын жейт, илбээсин тутат. Биз билбейбиз.

— Анан Абдыгазы билеби?

— Билгени ушул да, боюнан саал бийик коргон кылсаң секирип ар жагына өтпөйт дейт. Канаттуунун анты экен. Өйдө оттогон улар бойлоп отуруп мобу муунактардан тузакка илинип берет экен…

— Ошол элеби? Шаарда жүрүп бирдеке билген экен десе, кайдагы абышкага сыйынат. Мелдешсең мен бирди эмес, бир мүшөк улар кармап бербеймби. Күлбө, күлбө… Мылтык да албайм, салып кеткенге бир мүшөк, анан бир дүрбү алам.

Тигинин ишенбей күлгөнүн көрүп Бакболоттун бүйрү кызыды.

— Уларың эле тоок,— деди ал. — Жаңкы көк спирт бар го, денатырат. Ошого буудайдан салып эки үч сотке көптүр. Анан мерчемдүү жерлерге себелеп ташта. Болду, алыстан дүрбү салып жата бер. Оттоп отуруп барат. Эки-үч чокуп эле көзү аңтарылып тырая берет. А соолуккуча кайда. Текши сулаган соң барып башын жулуп мүшөккө сала бер. Бирди айтат, боо түшүрөсүң,— ал жарпы жазыла жыргап күлдү. — Өлгөнүн да билбейт, кыйналбайт. Кыргоол, кекилик, чилди да азыр ушинтип кармайт билсең.

Сүрөтчү мындай укмушту уккан эмес. Дабдырап калды. Ичинен бирдемеси үзүлгөндөй кан-жини аралашып туттугуп кетти.

— Кой кеттим,— деди ал анан атынын ээрин оңдоп,— кечки акоотко үлгүрөйүн. Эликтер эми салкында чыгат.

Сүрөтчүгө бу баягыдан да катуу тийди. Ушу кезде кантип… Жаңы төлдөп бүтсө.

— Ошонусу кызык да. Башка учурда жалгыз кишиге аттырабы? — Ал колун оозуна такап көмөкөйүнөн «чыйк» ышкырды. — Чаарчык ушинтет. Мылтыгыңды окто да өңүп жата бер, ушинтип койсоң улагым деп жаны чыгып жетип келет. Иттей баласаак. А сен кыхх, анан кыхымы! — Кекиртегин туурап койду.

— Барып турган тоок сен экенсиң! — деди эми сүрөтчү кээри көөдөнүн тээп. — Атасы өлсө да ноюбаган бир санаасыз эл болот.

— Анткорсунба, шорду сен деле сагынгандырсың, атсам шыралга берем,— деди ал жанагыдай мадыраңдап. Бастыра түшүп кылчайды.

— Атпай калсам эртең таңкы акоотко калам. Күтпө. Туз чатырдын артында!

«Ошо туз урсачы сендейди».

Кулагына чоң атасынын саруулаган үнү угулду: «Кайдан, кайдан жүрүп мынча кайырдин болуп кетет пендең, садагаң кудай!».

*      *     *

Үчүнчү күн да кечине тартты. Койду короону карай каптатып коюп жатагына жөнөдү. Жолдон капчыгайга түшүп какжыраган арчанын дүмүрлөрүнөн өңөрө келди. Тезек чогултту. Бүт дүйнө көргүдөй, бүт Кара-Тоонун карышкыры качкыдай, өмүрү эстен чыккыс майрамдай дуулдатып улуу от жакса болот эми! Күндөгүдөй от жагып чай асты. Уюган сал туздан короонун ар кай жерине таштады. Кой этегинен бириндеп чубады. Бышкырып туз жалап жатышты. Жайыттагылар да дыркырап оюн салып түштү. Очоктун жээгинде олтуруп кечки чайын ичти. Колундагы чынысынан денесине жылуулук тарап, бейкут кечтей бейпилдик кирди жанына. Эшилген кыктын коңур ис-жыты, карагайдын, арчанын түтүнү жуурулуп, ыраакы бир бейсанаа турмушка жетелейт, кайдагы бир көчмөндүн канын тутанткансыйт… Ал эми өзүнүн тереңин ойлонду. «Кара-Тоону саа калтырдым». Дамамат от жакалап коломто кайтарып отуруучу чоң энеси, аккан суу, чыккан чөптөй күнөөсүз жашап өткөн чоң атасы көз алдына келди. Өзү элестете да албаган, чоң атасы самырдай какшап үйрөтө берүүчү жети атасы Дыйкан, Сарбагыш, Кыдыр, Эсенгелди, Кошуке, Токчоро, Алагар… көз алдынан чубай берди. Булар ал үчүн тек ысым эле. Аларды асканын, тоонун, карагайдын, арчанын кебетесинде көргүсү келди. Жагымдуу кыялына жаш баладай бат алданды, атайын алданды. Аскалар аталарындай эңилип, жер алаканына салып турушту. Алардын демин сезди. Бул өзүнчө эле жомоктой абал эле. Ал жомок ааламынын босогосунда тургандай сезди өзүн.

Адам бир улуу, жаркын, аруу нерсеге кабылганда пенделиги үчүн кечирим күткөндөй, майдалыгынан арылгысы келгендей бир ырым иштегиси келеби… Ал муну алгач аскерден туулган жерине келгенде сезген. Түнүчүндө келди. Жүрөгү көөдөнүн жарып кетчүдөй ургулап, эмнегедир айылга жете бербей түшүп калган, жөө бармакчы болгон. Эмне үчүн экенин алиге билбейт. Ошондо адеп эле үйүнүн үстүндөгү дөбөдөн кара шаардай көрүстөн көрүндү. Жаңы жылдын түнүндөй сансыз миң жылдыз самсаалап жаап туруптур. Нес болгондой кадамы буулуп, саамга катып калды. Анан ушул турган жеринен жылбай туруп кандайдыр бир ырым иштеш керегин сезген. Бирок эмне ырым иштешти билбей эле, өз билгенин иштеген. Чөк түшүп жер чеңгелдеп жыттаган, анан жеген. Дубал чукуган балтыр бешик баладай ууртунан топурак агызып кумарланып жеген. Алкымын зил өрдөп: «Ошондо өлүп калсам кандай гана бактысыз болот элем, жандай гана бактысыз болот элем,— деп ыйлап жиберген. Эли, журтун сагынып бук болуп жүргөн күндөрдө бир курдай катуу ыза көрүп, аз жерден өлүп ала жаздаганын эстеп, эми өлсө арманы жоктой, бир сөзүн кайра-кайра кайталап, муунуп ыйлай берген. — Кандай гана бактысыз болот элем…»

Ушундай ырым болобу, жокпу, кийин эч кимден сурабады. Көндүм турмушка өткөндө ал сезим да жоголуп кеткен… Мына эми ошол сезим кайрылып отурат.

Очок жээктеп Адам атадай жапжалгыз отурганында эски малдай көзүн жашылдантып кайрылып отурат. Андагыдай алкымы былкылдап көздөрүнө жаш келди. Акылы али жетпеген, көкүрөгү айныбай туйган жаркыраган бир жаш ааламга өзүн өтө жакын, жакын тургандай, ага мына эми жанашчудай, мезгили жеткендей сезимге өрөпкүп жатты. Отту тиктей отуруп андагыдай бир ырым иштегиси келди. Чоң энесин кайра эстеди, оттон улам эстеди. Жарылган манжаларына эчкинин майын эритип тамызып, тамырдай арбайтып очокко кактап отурчу. Ыраматылык коломтонун боюн бейиштин босогосундай таптаза кармай турган. «Сен укта, мен от кайтарам,— дечү небересине.— Коломтонун жээги таза болсо, келип периште ойнойт, ыпыр-сыпыр болсо, шайтан уялап толуп алат»,— дечү. Өмүрү өткүчө шайтан-шабырды шыпырындыга кошуп отко жагып жүрүп өттү.

Ал суу төгүлүп, чай төгүлүп, отко какшып тапталып болгон коломтонун жакасын мизилдетип шыпырды, ыпыр-сыпырды чокко таштады. Жүрөктөй жерден, жүлүндөй түтүн созулду….

Байкаса чоң атасы да, чоң энеси да өзүлөрүндөгү бир улуу отту астейдил таза сакташкандай…

А өзүчү?

Өз суроосуна өзү дагы жооп берген жок.

Эмнегедир ушул тоого келгени өзүнүн бир да суроосуна жооп бербей тайсалдап атат. Эми да жооп ордуна агасынын, Бакболоттун мадырайган кебетелери маңдайына калкып келди. «Мындан теги кутулбайсың го» — деди бир үн тереңинен.

«Анткени, сен да ошонун бирисиң!» Капыстан бетке чапкандай экинчи үн чыкты. «Жок, мен сенин бар экениңди, болгондо колтугумда жүргөнүңдү билбепмин десең…»

«Акчыланба, сен менин колтугумдун жылуусунда жан багып жүрдүң, анан кайдан көрмөксүң. Баса, сенде бүркүттүн эмес, таранчынын да көзү жок да!»

«Жок, жок, мен алардан ыйманы чек билген, отуна сыйынган абышкаларды өйдө көрөм».

«Бул жомогуң, кыялың. Турмушта от-мотуңду уруп койбогон ушундай камбылдар менен тартышып жашайсың. «От-от» деп отуруп оозуң күйүп бүткөндө көрөм сени. Ошондо өзүң саар чачып өчүрөсүң ха-ха!..»

«Отко тил тийгизбе наадан, антип тил тийгизбе!..»

«А сен баягы Прометей эрдигин насыяга чыгарган кишини эстечи. Жорудан корунуп, чегинип отуруп асканын денесине батып кеткен от атасын эстеген ким бар азыр! Калппы ошонуку? Ыйыгы ага сокур тыйын. Акчыланба, сен да ошонун бирисиң!».

«Жок, мен сени көргүм келбейт. Кантип, кантип, билбей келгем десең?»

«Эмесе ана асман, учуп кет, эми көрүп билдиң!»

«Учам, турбайм, турбайм».

«Ха-ха-хаа!..»

Заар күлкүдөн эсин жыйды. Адегенде эле ага караңдап көлөкө ойноткон касаба, касабанын кылда учуна конуп алган бешенеси баладай жарык-жарык жылдыз көрүндү.

Тоо ичи гүүлдөп, төмөн карагайдан элик бакырды. Үн кандай күтүүсүз чыкса, ошондой жым өчүп тоо күчөп гүүлдөдү. Сүрөтчү отту чоң жакты. От жээктеп отурду. Айлана капкара. Касаба гана канталап караң-караң көлөкө ойнотот. Бирок, эми аны басып жечүдөй үрөйүн учурбады. Чычаңын серейтип адамдардын боорун эзип теңселип жүрдү. Көзүнөн кандуу жаш аккан карышкыр, мас улар сезимине бүлүк сала берди. Өзүнүн ыйык нерсеси кордолгондой сүрөтчү ызага муунду.

Мүмкүн эмелеки элик да адашкан түгөйүн издеп жүргөндүр. Түгөйү улагынын чыңырыгын угуп учуп жеткенде коргошун октон мерт тапкандыр. Ийиген ууз баланын балжууран эриндерине эмес жерге аккандыр. Керз өтүк тепсегендир. Акыркы көз ирмеминде татынакай улагы кош аяктуу жырткычка кандайча айланганын түшүнбөгөн табышмак катып калгандыр…

Эликтин кареги чоңойгондон чоңоюп, чоңоюп… жылчыксыз түндөй каптап, аны талтайып тээп турган кош аяктуу жырткыч акырын жылып жакындап келатты.

Мөлтүрөгөн сулуулук сүрөтчүнүн көз алдында кыйрады. Ушу учурда анын жүрөгүнөн ибилис ойгонду. Кечээ аскаларды аралап улуп-уңшуп жүргөндө чукуранган ибилис эми ачыкка чыкты.

… Капчыгай жарган гүүлдөгөн үндөн селт берди. Кой үрктү. Миңдеген көчмөндөр дүңгүрөтүп чаап өткөндөй үрктү. Тымтыракайы чыкты…

— Чоой!-Чоой!

Ал очоктон кош чычаланы сууруп алды да жаркылдатып булгалап, жүгүрүп-туруп касабанын жонуна чыкты, Айланасы жошодой кызыл жаян.

«Анакей, издеп жүрсөк өзү чыкты». — Тунук абаны кылычтай шылып заар үн чыкты. Кайдан чыкты? Өзүнөнбү? Ана! Аңгыча чычаланын жарыгында ойдон сансыз жабалактаган көздөр көрүндү. Бир заматта миң от өчүп, миң от жангандай башаламан күйүп, өчүп, аны селдей каптап куушуруп кирди. Ал чычаласын айкаштырып жиберди. Чагылгандай жарк эткен жарыкта кыпкызыл карышкыр, аны минген кепини жазылган, чачы жайылган кемпир, сакалына чалынып туруп мүргүгөн чал, арып ачкан, азган-тозгон адамдар көрүңдү. Төбөлөрүндө канаттарын сабап, быкпырдай кайнап гуу-гуулап сансыз улар чарк урат. Тир укмуштуу кошун дүңгүрөп асканын кырына кыскандан кысып жакындайт. Ал коргонуп чычаласын башаламан шилтей берди. Жок, алар кыскандан кысты. Шыркыраган чычаланын жарыгында канга жуунгандай кызыл жаян. Тебелеп кетчүдөй чукулдашты. Эми ал баарын көрдү. Карышкыр жыпжылаңач, минген кемпир… О шумдук, чоң энеси. Топ баштап сакалы боюн тушаган чал… О, шумдук, чоң атасы! … Дүңгүрөгөн үндөр.

ЖЫЛАҢАЧ КИШИ: — Улар этин ушул жеген, кескиле, талагыла!

АБЫШКА: — Тирүү карышкыр сой деген эмесмин, өзүн, өзүн сойгула!

КЕМПИР: — Жок, жок, мындай уулум жок, эне сүтүн тепсеген уулум жок!

ЖЫЛАҢАЧ КАРЫШКЫР: — Мен мунун отун, отун гана өчүрөм. Өзүн мендей… мендей карайлатам! Ах-агх!

Ал дагы бир кадам чегингенде бутуна такоол урунбай боштук ылдый куркурап кулап кетти. Күү менен асканын боюндагы арчага, жок, Прометейге тийди. Оо, түгөнбөгөн шумдук! Кудайлардын чынжыры бүт чириптир! Ушуну үзө албай оо, шумдук, улуу Прометей кургаган бир куу чалга айланыптыр! Омкорулуп учту. Экөө тең кучакташып, тытышып, куркурап келатышты. Ылдыйта өзүнүн оту, бүт дүйнөнү жарыткан улуу оту алоолойт. Сүрүн айт да, ырайымсызын айт! Алкымынан от бүркүп, асманды кайсап жылдыздарды кыздардай чыркыратып соргон, көккө сойлоп жерге чабылган ажыдаар, кылымды кыяндай шыпырган топон суу!

Жалындын муз тили кургаган чалды искеп өттү. Жалындап күйүп кирди. Эми от буга жармашты. Чачы, кийими өрттөндү, андан миң сан, миң сан учкун туш-тушка зырылдап учуп, ааламдын аркы чегине үрккөн жылдыздарга аралашты. Шыркыраган жалындын өзөгүнө шуңгуп, шуңгуп, улам тереңдеп баратышты. «Оо кудай!» — деп бакырды бу алааматта Прометей жору чокуп калбырланган жүрөгүнөн зарлуу да, моюн сунгандай да, жалынгандай да, тозокко күйбөс, топон сууга акпас, муңбас бир керемет үн менен. «Оо кудурети күчтүү улуу кудай, амириңе баш урдум, эми багындым! Багындым кудай! Күнөөмдү эми өз отум өзү жуусун!..»

Бул акыркы чыңырык эле. Бычырап чокко батып баратышты. Бу учурда сүрөтчү да бир жапайы чыңырып алды. Көкүрөктө кысылган жаны ушул чыңырык менен учуп чыгып жылдызга зымырады. Ал ушул көз ирмемде тозок отун ортосунан как жарып баарына кайыл күйүп аткан Прометейди, жанындагы өзүнүн көмүргө айланган денесин, тээ ойдогу адамдар азыр эле аскадан кулаган куйруктуу жылдызды кайдыгер карап коюшканын көрдү. Жылдызга жакындап… жакындап, бет алды агаргандан агарып… агарып келатты…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.