Сиз азыр айланаңызда өсүп турган дарактар чыгарган аба менен дем алып, алар дем алуучу нерсени демиңиз менен чыгарып жатасыз. Бул айлампанын аягы жок, чексиз. Сиз билесизби же билбейсизби – сиздин дем алуу системаңыздын жарымы ошол бактарда илинип турат! Сиз бул байланышты эч качан сезген эмессиз; эң жакшы дегенде балким бир учурда ойлонуп койгондурсуз. Эгерде бул байланышты сезсеңиз, кимдир-бирөөлөрдөн: “Дарак өстүргүлө, токойлорду коргогула, дүйнөнү сактап калгыла” деген кеңешти укмак белеңиз? Бул айттырбай билер нерсе эмеспи?

♦ ♦ ♦

Ишенимдүү адам башкалардын кызыкчылыгын өз кызыкчылыктарынан өйдө коёт. Ишенимдүүлүк – бул өзүңдүн жеке басарлыгыңды жеңип чыгуунун жөнөкөй, сүйкүмдүү, жана эң сонун жолу.

♦ ♦ ♦

Жөн эле көп иштөө аздык кылат. Туура иштерди жасоо керек, ошондо бардыгы жайында болот.

♦ ♦ ♦

Сүйүүнүн башкалар менен эч кандай тиешеси жок. Ал сиз менен жашайт. Бул – жашоо ыкмасы. Маңызына үңүлсөк, ал өзүңүздүн эмоцияңызга кандайдыр бир жагымдуу нерсени киргизгениңизди билдирет.

♦ ♦ ♦

Эгерде сүйгөнүңүз башка өлкөгө кетип калса сүйө берет белеңиз?

Ооба.

Сиз сүйүктүүңүз жаныңызда болбосо деле сүйө бересиз. Анда сүйүү деген эмне? Бул жөн гана сиздин касиетиңиз. Сиз башка адамды өзүңүздүн ички дүйнөңүзгө кирүүгө ачкыч катары пайдаланасыз.

♦ ♦ ♦

Эгерде бир кырсыкты баштан өткөзсөңүз, бир аз акылдуу болуп калгандырсыз. Эгерде эң оор кырсыкка кабылсаңыз, дүйнөдөгү эң акылман адамга айланасыз. Бирок көпчүлүк адамдар башынан өткөзгөн жаман окуялардан акылмандуулукту эмес, таарынычты алып чыгышат. Аң-сезим деңгээлинде жашоонун кандай гана оор жагдайлары болбосун, андан өсүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү таап пайдаланса болот. Бирок сиз “Мен башка бирөөлөр үчүн ушул жаман абалга кабылдым” – деп ойлосоңуз, анда өз жашооңузду жана андагы болуп жаткан нерселерди өз жашооңузду талкалоого жана аны токтотууга жумшаган болосуз.

♦ ♦ ♦

Эгер учурдагы өз жоопкерчилигиңди моюнга алгың келбесе, бардык нерсеге ата-энеңди, досуңду, күйөөңдү, аялыңды же чогуу иштеген коллегаларыңды күнөөлөсөң – демек, сен өз келечегиңден баш тартканың.

♦ ♦ ♦

Менин боорукерлигиме чек жок, бирок бардыгына кол сунуу жөндөмдүүлүгүм чектелген. Өзүмдө болгон жана болбогон нерселер үчүн жүз пайызга жоопкерчиликтүүмүн; өз жөндөмүм жана кемчиликтерим, кубаныч-кайгыларым үчүн. Бул жашоодо андан сырткары да өз тажырыйбаларымдын табиятын аныктайм. Өз жашоомдун жаратуучусумун.

♦ ♦ ♦

Сиз менен жыргалчылыгыңызды бөлүп турган жалгыз нерсе: сиз өз ойлоруңуз менен сезимдериңизге ички күчүңүзгө эмес, сырткы факторлордун башкарышына жол бересиз.

♦ ♦ ♦

Биз жоопкерчилигин ала албас, логикалык түшүндүрмө бере албас нерсенин барын тагдыр деп коёбуз.

♦ ♦ ♦

Эгерде ооруй баштасаң, кыйналсаң, ачууң бат-бат келсе – демек, айланаңды эмес, өзүңдүн ички дүйнөңө көз салууга убакыт жетти. Жыргалчылыкка жетүү үчүн оңдой турган нерсе – бул жалгыз өзүң. Ооруп калсаң дары, курсагың ачса тамак керек. Муну өзгөртөр жалгыз өзүң, бирок ушул жөнөкөй нерсени түшүнүү үчүн адамдар бүт өмүрүн сарптайт!

♦ ♦ ♦

Өз тагдырыңды жасоо – дүйнөдөгү бардык абалга көзөмөл кылуу эмес. Тагдырыңды жасоо – бул ар дайым тегерегиңдеги жашоонун кандай өтүп жатканына карабай, жакшы жашоого, өзүңдүн алгачкы табийгат берген маңызыңа умтулуу. Бул кандай оор ахыбал болбосун, өзүңдү ага тебелетип салбай, толкун үстүндө сызган жел кайыктай жеңил жүргөндөй кылып өзгөртүү дегенди түшүндүрөт.

♦ ♦ ♦

Өзүңдүн ички дүйнөң үчүн жоопкерчиликтүү болгондо, ал жерде стресске орун болбойт.

♦ ♦ ♦

Келесоолук сени чокуга чыгарышы мүмкүн, бирок ал жерде көпкө турууга жардам бере албайт!

♦ ♦ ♦

Данекти мисал кылып алалык. Ал өз бүтүндүгүн сактап калса, жаңы жашоо уланмак эмес. Данек катуу күрөштөргө дуушар болуп, өзүнүн сырткы көрүнүшүн жоготот;  өз коопсуздугу менен бүтүндүгүн жоготуп, бажырайып гүл ачкан мөмөлүү даракка айлануу үчүн, ал кабыксыз калат. Ошол алсыз, коргоосуз калган ачыктык болбосо, жашоо өзгөрүүсүз бойдон кала бермек.

♦ ♦ ♦

Жашаганды билсең, жашоо – күндө болуп туруучу ажайып нерсе.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.