АҢГЕМЕ

-1-

Сейдананын кичүү акеси, өз айылында турат. Үй-бүлөлүү, устачылык менен эптеп бүлөсүн багып жашап келет. Бечара, анда-санда өзү менен өзү сүйлөшкөнү болбосо, жоош, түнт неме, анысы атасынын жоругунан белекке калган: наристе маалында катуу чочуп калган. Келинчеги кейибейт деле, анын мүнөзүнө. Устаканасында ишин жасап отурганы отурган, иш жок калса деле кыбырап бирдемелерди чукулап отура берет.

Баарынан да ушул ортончу агасынын багы ачылган, алган келинчеги тириликке тың, өжөр. Кайненесинин көзү өтүп, кайнатасы кайра үйлөнгөн соң, айыл четиндеги үч бөлмөлүү, кичинекей тамды сатып алышып, төркүнүнүн жардамы менен эптей-септей төлөп жашап калышты. Ашар жасашып, ошол үйдүн аркасына жабыштырып дубал тургузуп, устакана кура салышкан.

Улуу акеси боорукер, мээримдүү, күйүмдүү жан, ал анын көзгө басаары эле. Эне-кыздын ишенгени ошол жигит болгон. Сейдананын да, апасынын да, көзү өткөнчө акесинен үмүтү чоң эле. Акеси келсе апасын жакшы жашоого үмүтүн жандырып, сыйын көрсөтүп, аны менен бирге карындашынын көз жашын аарчып бапестемек. Улуу акеси мектепти бүтүргөн жылы эле жакшы турмуш издеп шаарга кеткен. Эчен жылдан бери кабарсыз, дайыны жок.

Энеси жаштайынан тоголок жетим калып, айылдагы тууганымын деген адамдардын колунда ач-ток жүрүп чоңойгон арманы аз келгенсип, баласынын азабын да кыйла тартты. Курган эне күндө же күн алыс участковый милицияга каттагандан тажабайт. «Күндө келбеңиз, дайыны билинсе өзүм кабарлашамын» — дегенден участковый чарчабайт, башка бирөөнү кагып салмак, боздогон энеге боору ооруйт.

Үмүт деген көз өткөнчө үзүлбөйт экен. Апасы уулун эстегенде көз жашы мөндүрдөй төгүлчү.

Тагдырга дабаа жок, Сейдананын үмүтү да апасы менен кошо көмүлдү.

Эс тартканы атасынан коркуп жүрүп чоңойду. Атасы «ата» эмес эле бир жан алгыч болучу. Ичип келгенде көздөрү кызарып, алдынан чыкканды, ышкырта сөгүп, ыргыта чаап, анан издегени эле аялы. Атасынын мындайын билген балдары, көзүнө көрүнбөгөнгө аракет кылышар эле, кокус балдарынын бири мас атасынын колуна түшүп калса, кактабай канын сорчу, жок жерден шылтоо таап, болор болбос нерсеге чыр чыгарып кычырап турчу. Балдарынын көздөрү алаңдап корккон сайын өкүрүп, кол көтөргөнгө өтөт же ыргыта чаап салат, андайда бечара эне бөйпөлөктөп, балапанын канаты менен калкалаган куштай чебеленип, ортолоруна түшө калчу.

Аялын көрөр замат, тагдырына туш болгон бүт жамандыктарга, анын төрөп берген балдарынын тил албаганына, малынын жоголгонуна деги койчу, бүт аалам ал каалагандай тегеренбегендигине аялын күнөөлөп, баса калып сабаганычы. Бечара апасы эки колу менен башын бекитип, насыя таяк жеген иттей кыңшылап, дубалга жабыша качып, майышып, айласыз туруп берет, качканда эмне, эгер качса, атасы кызылды көргөн букадай булкунуп, күчала ичкен эмедей жулкунуп, андан бетер жинденип күчөмөк. Күйөөсүн жоошутуштун жалгыз амалы – келтегин жеп, сөгүүсүн угуп тим болуу. Акыры шайы кетип, эч ким ага тең келбегенине ынанып, сулк жатчу да, ар нерсени дөөрүп уйкуга кетчү. Соо кезинде деле жыргатчу эмес. Аялына орой мамиле кылганы кылган, балдарынын чекесинен сылабаган, кыялы оор киши болчу. Таңдан кечке элдин малын карап тапкан мээнетине эптеп жан багышар эле.

Наристе кезинде апасына боору ооруп, ыйласа кошо ыйлап, күлкүсүнө зар болуп, айтканын эки кылбай, акылдуу, зирек болуп чоңойгону менен бой жеткенден бери өз оюнан жанбаган Сейдана апасын кошо күнөөлөчү болгон. «Ооба, өзүң күнөөлүүсүң, өзүңдү сабатууга жол бергенде, биздин келечектеги жашообузду, ой тутумубузду, жан-дүйнөбүздөгү «менди” кошо сабаткансың. Бизди миң калкаласаң да, өзүңдү кордоого жол бергениң – бизди кордотконуң эмеспи. Бул жарыкчылыкка эмнеге жаралдың, эмне жакшылык көрдүң? Эч кур дегенде бизге үлгү болбойт белең. Боло албадың. Бизди эмес өзүңдү калкалай алган жоксуң. Алда бечарам ай, ушунчалык да таш боор болосуңбу өзүңө….»

Сейдана жашы он сегизге толгондо кошуна айылдан көз салып, көңүл коюп жүргөн бир жигит ала качты. Бир-эки ай жашап, ажырашып кеткен эле. «Атасы малчы, энеси сөмтүр, бир балекетти келин кылдымбы, мындан кандай аял чыгат? Анысы аз келгенсип себи жок, төрт төшөнчүсү менен келгенин кантейин, маскара… бетим-ий, бетим. Ушул ырысы жоктордун кызына туш болом деген миң ойлосом оюма  келсечи», — дегени деген, кейингени кейинген эле кайненесинин. Ал аялдын эң эле чоң тилеги – беделдүү бүлөдөн кыз алуу. Күйөөсү келери кечке какшанган энесине, беш-алты жума гана чыдай алды.

«Кызым… капа болбо, тагдырың тайкы экен, айла жок. Сени ардактап алаар да бирөө бардыр бешенеңе. Менин атаңдан көргөнүм жетээр, сенин бактылуу болгонуңду, өлбөсөм көрөөрмүн”,– деген тилегине жетпей өтүп кетти байкуш апасы. “Атамдын келтеги, азаптуу турмуш акыры түбүңө жетти го! Алда шордуум ай…. Шордуу жан, шордуу жашап, көздөрүңдүн шору катпай, шоргологон бойдон кеттиң.. эмнеге келдиң да эмнеге кеттиң?»

Атасы чын өкүндүбү, калпбы, ким билсин?.. Тажиясында жаш баладай боздогону чын. Кызына атасынын ыйы жасалмадай туюлган. «Оозуңузду жабыңыз, доошуңузду чыгара көрбөңүз. Сиз күнөөлүсүз, ыйлаганга акыңыз жок»,— деп жек көрө карап, бирок айта алган жок, ичинен гана бакырып жатты Сейдана.

Кыркылыгынан көп өтпөй апасынын таанышы болгон бир аял, эки адам менен үйүнө кирип келишти. Батага келгендер экен десе, көрсө Сейданага жуучу болуп келгендер экен. Куран окулуп, бата кылып ал-жай сурашып отурушту. Болочок күйөө биринчи аялынан бала көрбөй ажырашкан имиш.

— Аялымды кечээ эле жерге берсек, болбойт ко, көгүбүз бар, – деп атасы буйдалактай кетти.

— Башыңарга түшкөн жоготууну билип турабыз, өкүнүчтүү. Бирок элибизде илгертеден жакшылыктын жолун кайтарган эмес. Бир үй-бүлөгө жамандык менен жакшылык тең келип, кызы качып, бирөө-жарым каза болгон күндө да, биринчи кызын узатышкан. Кудайым өзү берген өмүрүн өзү алат тура, калган өмүрүн балдарына берсин, – деген төрдөгү кишинин сөздөрүнө атасы:

— Туура, туура, — деп ынагансыды.

— Күйөө бала сыртта, машинеде, уруксат болсо экөөнү сүйлөштүрсөк, – деген аялга башын ийкемиш этип, ордунан кыймылдаган жок.

Сейдана турмуш куруу жөнүндө ойлогон да эмес, апасынын кабыры сууй элек, көгү менен өзүнүн кайгы-муңунда эле. Аялдын «эшикке чыгып сүйлөшүп кел», — дегенине кулак да салбады.

Шарт эле:

— Макулмун, – дей салды.

Аял чочуй карап:

— Ой, сиңдим. Ушундай да болот бекен… адамды көрбөйсүңбү башта, көрбөй эле макул боло бересиңби?

— Эрге тийүүнү ойлогон эмесмин, апам жок, эми мага баары бир, – деди мукактана.

— Кой, антпе. Өлгөн өзүнүн шору. Турмуш улана берет. Эми… Сенин бактылуу болушуңду каалаймын да, — дегендей осол боло, ыңгайсыздана түштү.

— Мен да ушул үйдөн качып кетишти каалаймын….

— Алда шордуу эжекем ай… өлбөсөң… өлбөй кал! – көздөрүнө жаш тегеренип мукактанды аял.

-2-

Андан бери эчен мезгилдер алмашты.

Какаганга муштаган болуп Майрамбекке тийип, дале оңбоду. Ошол ошол бойдон, бешенеси жанбай жүрөт. Жети жылдан өтсө да, согончогу канабады.Тилегендери – ымыркай. Акыркы көрүнгөндө догдур күнөө Майрамбектин өзүндө экенин; мындан ары убара бекер, наристе эле багып алган оң экенин түшүндүргөн. Эркек адамга андан ашкан кайгы барбы, тим эле ичинде өрттөнүп жүрөт. Мурда бирөө-жарым бала жөнүндө сөз кылса: «Буюрса, буюрса» — деп тим болгон эме, эми наристе жөнүндө сөз болсо эле өзүнө ала, беделине шек келтирген өңдүү, ичи жанып, жүзү өзгөрүп жиндейт. Көп иче баштаганынан Сейдана да убайымда, Майрамбек кырк экиге чыкты, жашы отуз үчтөн ашып калса да, бала жытын жыттабай жүргөнүнө ичинен сызат, сыздайт. Сыздабагандачы, балага илешип кунарсыз жашоосун жарык кылам деп самайт эле, ошол максаты – жол көрсөткөн билиги.

Майрамбек шайыр болгону менен, митаамдыкты билбеген апасыныкындай жоош мүнөзү Сейдананы сатып койчу. Өзүн өзү жакалап жаман көрөт, моюнуна албаганы көңүлү, көңүлү тээ илгерки, турмушундагы алгачкы эринде калып кеткен. Аз убакыт жашаса да алгачкы махабаты болду да калды. Эми минтип өз жүгү өзүнө оор болуп жүргөндө, мунусу алжый баштады, түк өзгөрүлгөн. Бүгүн да жок, ичип келер дагы.

Сай боюндагы тегирмендин үрүл-бараң жарыгы жанат. Кеч эми гана кире баштаган. Асманда үйүлгөн булуттар карарып, алда бирөөгө жинин келтирген адамдай каардуу, дагы бир эле кыжырына тийсең, бүт жинине кошуп жашын төккөнү турат.

Эки күн мурда таштаган буудайына келген Сейдана, бир кап унун атына өңөрүп, анда-санда «чу-чу» деп эки бутун сермеп, согончоктору менен аттын ичине жеңил тээп, сайдан үйүн көздөй өйдөлүштө чыгып баратты. Аңгыча тээ алыстагы тоолордун үстүндөгү асмандан чарт-чурт чагылган оюн бузуп, келинди чочутту. Бир жамандыкты сезгендей, жүрөгү бир булкунуп алды.

Үйүнө жетип, унун түшүрүп, атын байлады.

Сейдананын бүтпөгөн ою миң толгонсо да – жоопсуз… Мурда апасына берген суроолору эми өзүнө да тиешелүү. «Жаралуу максатың, тагдыры тайкы үч адамды тууп, тарбиялап, өлүү беле? Бизди кой, өзүңдө эмне өчүң бар эле? Эмнеге өзүңдү сүйбөдүң? Өзүңдү сүйбөгөн ооруң мага жуккан! Ал илдеттен убагында кутулсаң, баары башкача болор беле? Балдарың үчүн баарына чыдаганың, бизге тескери чыкты… Менчи мен, эмнеге жаралдым, бала кезимде сыйбаган өмүргө, дале сыйбай келем… Балким атама өчөшпөсөм, азыр багымды таап, балалуу да болмок белем, ким билсин? Жок ал жексур менен жашап болот беле… Миң далалат кылсам да кечирбесмин!» – Түбү жок сансыз ойлорго чөмүлүп баратты.

Турмушка чыккандан бери өз айылына бара элек. Кайра үйлөнүп, бир балалуу болгон атасы азыр ичпей калганын, беш убак намаз окуп, кадыресе киши болуп калганын элден уккан Сейдананын жек көрүүсү ого бетер күчөйт. «Апама, бизге, жакшы күн көрсөтпөгөн атам, кайдагы бирөөнү жыргатып, адам боло калат. Ал адам болуш үчүн эле апамдын өлүшү керек беле?.. Тообо, тооба. Бирөө өлмөйүнчө, бирөө күн көрбөйт дегени ушулбу? Кимге зыян да, кимге пайда? Оо ырайымсыз дүйнө!» – муну ойлогон Сейдананын сезиминде кызганыч, жек көрүү менен жуурулушкан күйүт да бар эле.

Жатууга жуурканын салып эми бүткөн, бир машине келип токтоду, андан Майрамбек түшүп, авто-унаа жүрүп кетти. Анын келгенин сезген аялы босогону утурлады.

— Келдиңби? Тамак ичесиңби?— жооп бермек түгүл, карап да койбоду.

— Эмне жооп бербейсиң?…

— Сен кимсиң? Мен сага жооп бергидей… Бала төрөбөсөң же кабагың ачылбаса, мени менен милдет кылгандай жашадың, макул дедим. Мейли дедим, балалуу болсок, бул күндөр унутулаар… Сен мага өзүңдүн бактысыздыгыңды оодурдуң! Энеңди… — деп сөгүнө колун шилтеп, ички бөлмөгө кирип кетти.

Жети жылдан бери топтолгон ичиндеги сөзүн айткан эле. Жүрөгүн өйүткөн суроосуна жооп алгандай, жүлүнү зыркырап Сейдананын башы айланып, кулагы тунду. Көзүнөн куюлган жашын өзү сезген жок. Туюму тунжурап артынан атырыла кирди.

— Сен өзүңдүн бечелдигиңди мага төңкөрбөгүн. Өзүмдүкү өзүмө жетээрлик. Кет десең ушул саам чыгып жоголомун.

— Оо энеңди гана урайын, жылаанды багып жүргөн турбаймынбы койнумда, канчык!

Ал өмүрүндө аялга кол көтөрбөгөн. Сөзүнө ардандыбы же мастыкка алдырдыбы – муштумун чамалай күчү менен көкүрөк тушка салды эле, Сейдана терезеге каптала жабыша түшүп, жерге отуруп калды.

— Сыйына чычкан ит, мышыктай болуп келбедиң беле… сен соо эмессиң, башка эркекти чоттой баштагансың. – Ар нерсени тантып жатты, эсин жыйган Сейдана эми тура баштаганда дагы бир жолу тээп алды.

— Апаңды жеп, балалуу болгон атаңдай болуп, менден кетип, балалуу болгонду ойлонуп жатасыңбы? Аа…

Коркконунан сезими жоголо, Майрамбек азыр өз атасындай элестеди көзүнө. Мурдунан аккан канды жеңи менен сүртө, терезедеги кумураны алып, көз ирмемде Майрамбекти башка чаап жиберди. Майрамбек алдына талп этип кулап түштү. Өзүнүн эмне кылганын түшүнө албай, коркконунан бакырып жиберди…

— Майрамбек! Майрамбек көзүңдү ач, эмне болуп кетти?!

Бүгүлө түшүп, кармалап жатты. Ызы-чууга чуркап келген кошунасы үйгө баш багып чочуду:

— Сейдана? Эмне болдуңар ботом?! Эмнеге жерде жатат?! Кокуй… колуң кан го…

— Билбеймин, эже… Билбеймин! – өзүн жоготуп баратты…

*       *       *

Сот өкүмү боюнча Арынбаева Сейдана Жалиловна Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (ден-соолукка атайылап, оор залал келтирүү) боюнча күнөлүү деп табылып, 8 жылга эркинен ажыратылды. Жазаны күчөтүлгөн режимдеги түзөтүү абагында өтөөсү дайындалды. Соттолгон Арынбаева Сейданадан, жабырланган Майрамбек Турдалиевдин пайдасына, ооруканда, кайра жандануу бөлүмүндө кеткен чыгымдарды, ага келтирилген моралдык зыян үчүн 180 000 сом өндүрүлсүн. Сот өкүмү өзгөртүлбөйт, апелляциялык арыз кабыл алынбайт!

Сотко келгендерден жалгыз кошунасы чабалактай, көзүнө жаш алып Сейданага боору ооруду. Атасы былк этпей отурду, колунда тасписин тарта божурап жатты, былк этип койбой, не жүзүндө, не кыймылында сезим байкалбады, кайгырып же кубанган жок, кызынын тагдырына кайдыгердей… Чынында Сейданага да баары бир эле, ал башка жакта жүргөндөй. Санаасында айланып кетпеген бир суроо – “Эмнеге?”

Келиндин бетиндеги жаңыдан, даана байкала баштаган тырыштар, анын өтө… өтө эле сейрек күлгөнүнүн, ар дайым капалуу тагдырынын сүрөтү түшүрүлгөн тырыштар эле.

Сейдана өзүнө эмес, кошунасына, анын кейип, муңайып турганына боору ооруп, аны жибитүүгө, өзүн зордоп жылмайганга аракет кылды, анын күлүмсүрөмүш эткен жүзү жасалмадай көрүндү…

«РухЭш» сайты жаңы адабий конкурс жарыялайт

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.