Ачкарын эмес, аша тоюнган адамга жардам берген кыйын.

*       *       *

Эстүү адамдар гана башкалар менен кошо өз жөндөмдүүлүгүн туйганга зирек болот.

*       *       *

Кыялыңа жетпей калганыңа өксүбө, анткенге өмүрүндө кыялданбагандар гана акылуу.

*       *       *

Кимди көбүрөк сыйласаң, анан көбүрөк жактырсаң, ошол адамга каршы сүйлөгөнгө оозуң барбайт.

Мария ЭБНЕР-ЭШЕНБАХ
(1830-1916), австралиялык жазуучу

♦ ♦ ♦

Ишенимдин өзү эле Кудай.

*       *       *

Чынчылдар коомун түзсөң, эң биринчи уурулар жүгүрүп келет.

*       *       *

Улуттук намыс – атууга даяр мылтыктай.

АЛЕН (Эмиль Огюст Шартье)
(1868-1951), француз адабиятчысы

♦ ♦ ♦

Эгерде сиз айткан азилге колуктуңуз шыңкылдап күлсө, демек азилиңиз укмуш же колуктуңуз.

*       *       *

Эгерде досторуң менен ысык мамилени сактагың келсе, алар менен көп жолугушпа.

*       *       *

Аял аялга карышкыр.

Тристан БЕРНАР
(1866-1947), француз жазуучусу

♦ ♦ ♦

Эч кимден жардам сурабаган адамга жардамдашууга баары даяр.

*       *       *

Кудай адамды жараткан соң шайтандын керексиз экенин түшүнгөн.

*       *       *

Бир адамга караганда элди алдаган оңой.

*       *       *

Кесилген башты жаакка чаба албайсың.

*       *       *

Эрди-катын турмушу – майыптыкка үйрөнгөндөй чыдамкай болуу.

*       *       *

Сарамжалдуу адам биринчи сатып алган уйдун сүтүнөн түшкөн кирешеге экинчи жолу да уй сатып алат.

Кароль БУНШ
(1898-?), поляк жазуучусу

♦ ♦ ♦

Анык ысым наамдан да, даражадан да баш тарткан адамдын ысымы. Андай ысым баарынан бийик турат.

*       *       *

Тарых – бул оңдоо киргизүүгө кеч болуп калган саясат. Саясат – бул оңдоо киргизүүгө али боло турган тарых.

*       *       *

Эркек башкалардын ишине, аял өз ишине чебер дипломат.

*       *       *

Билимдүү адам иштин төркүнүн дароо түшүнөт, билимсиздер иштин баарын жаңылыктай көрөт.

Зигмунд ГРАФФ
(1898-1979), немис жазуучусу

Кыргызчалаган Олжобай ШАКИР

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.