АҢГЕМЕ

Калаанын көрүнүшү кызык: бир жагынан завод, фабрикалардын түтүнү булайт, бир жагынан малдары чубашып жүрүшөт: короосуз үй жок, итсиз короо жок. Жадаганда бирин-серин заңкайган эки-үч кабат имараттардан да эртең менен кечичде ар кандай ит ээрчиткен кишилер серүүнгө чыгышат.

Ушул калаа бир кезде кичинекей кыштак, итти эч ким барктачу эмес. Иттер өздөрү да назар салууга арзыбаган өңчөй салпайган сапалактар эле.

Кыштак чоңойгон сайын сапалактар жоголуп, жытчыл машкелер жана пайда-зыяны белгисиз кандектер көбөйө баштады.

Кыштак шаарга айланган мезгилде машкелер менен кандектердин доору өтүп, тик кулак жана субагай карышкыр иттер, уурттары салаңдаган бульдогдор пайда болушту. Көчөдө өз бетинче каңгып жүрүшчү кандектерди апакай барак жүндүү, көзү, башынан бери түксөйгөн тукумдаштары сүрүп чыкты. Азыркы иттер кадырлуу: алардын эч жерине кир жугузбай, ысык-суукка тийгизбей, өздөрү менен бир бөлмөдө бапестеп багып, көчөдө да кастарлап ээрчитип жүрүшөт.

Элеттик калаанын тышкы көрүнүшү жана иттердин эволюциясы айкын болгону менен, мында жашаган адамдарды сырткы кебетесинен түшүнүү кыйын. Анткени бу калаа, бир жагынан кыштак жана райондун борбору. Мында жашагандар: жумушчулар, колхозчулар, кызматчылар жана ар түрдүү кесиптеги кишилер. Кайсы кесипте иштегени жана кандай кирешенин эсебинен жашаганы билинбеген кишилер да бар. Алардын баарын сыртынан караганда кимиси ким экенин ажыратууга мүмкүн эмес. Турак жайлары гана эмес, кийимдери да окшош. Адамдарды ажыратуунун дагы бир татаалдыгы — үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири жумушчу, бири кызматчы, дагы бири бекерчи… Алар да кебетси жагынан бири-бирине окшош.

Мындан кырк жыл мурда кимдин ким экени, кайсы таптын же кайсы катмардын өкүлү экендиги, улутуңа чейин тышкы көрүнүшүнөн таанылчу: жумушчуларда иш кийимдери, колхозчулар тебетейчен же ак калпакчан, кызматчылар жарым-жартылай аскер формасында жүрүшчү — галифе шым, гимнастёркачан, баштарында табылганы: мейли фуражка, мейли кепке, мейли ак калпак, мейли кызыл тукаба тыштуу кара көрпө тебетей.

Анда бул жерде калаа жок. Көбүнчө майда соодагерлер жашаган бийик дубалдуу үйлөр, ашканалар жана кыркалай жыгач дүкөндөр. Там үйлөр улуттук жагынан ажыратылчу: орустардыкы чатырча үйлөр, өзбектердики бийик дубалдуу үстү жалпак үйлөр, кыргыздардыкы — балык жон. Орустар шапкесинен кыргыздар ак калпагынан, өзбектер топусунан таанылчу…

Ал убакта кишилер жаңылыкка укмуштай дилгир. Азыр бу калаанын калкын эч нерсе менен таң калтыра албайсың. Алар шаардын тартибин да, айылдын тартибин да мыкты билишет. Союздук масштабдагы, ал түгүл дүйнөлүк модалардан да куру эмес.

Калаанын бир артыкчылыгы — жаңы курулган мезгилдеги жаңылыкка кумарлык салтын таштабаганы.

Ушул ар нерседен кабардар бейкут калаанын калкын таң калтырган бир окуя болду. Мурда болуп көрбөгөн, кулак чалбаган жана экинчи жолу кайталангыс окуя!

Калаанын борбор тарабындагы көчөлөр кезигишкен жерин Үч-Кошкон деп аташат. Бул жерде бетмаңдайлаш эки кабат эки имарат бар: бири азык-түлүк магазини, экинчиси универсалдуу чоң магазин. Чоң магазиндин катарында жашылча сатылчу көк дүкөн жана китеп магазини бар.

Үч-Кошкондун дагы бир бурчунда райондук почта, (Чачтарач жана колхоз клубу жайлашкан. Клуб эки кабат имаратта. Анын биринчи кабатында айылдык совет менен райондук аткаруу комитетинин маданий бөлүмү орун алышкан. Райондук масштабдагы чоң чогулуштар да ушул клубда өтөт.

Үч-Кошкондун дагы бир бурчунда жел мылтык атуучу тир, пивокана жана шашлыккана. Өйдө-ылдый жүргөн автобус менен таксилер токтоочу жай да ушунда. Атчандар да үзүлбөйт. Кыскасы, калаадагы көңүл бурарлык нерсенин баары Үч-Кошкондо.

Ошон үчүн жылдын төрт мезгилинде тең бул жер көңүлдүү, бака-шака.

Жаңылык кабардын баары адатта Үч-Кошкондон башталып, бүт районго жайылат. Башка айылдарда жашаган желөпкөлөр соңку кабарларды угуу үчүн атайын ушу жерге келип турушат.

Түшкү дем алыш аяктаган. Ресторандар менен шашлыкканада опур-топур басаңдаган. Бирок көчө кыймылы дале күчтүү. Айрыкча автобустар токтоочу орундарда. Бул миң жолу кайталанып, көнүмүшкө айланган көрүнүш.

Токпейилдиктен магдыраган ошо Үч-Кошкон капысынан жанданды. Чаржайыт калаанын бир калыптагы көнүмүш кыймылы заматта өзгөрдү.

Эл Үч-Кошконго жык толгон. «Кана?», «Тигине!», «Үүй, шумдугуң кур!» деген дабыштар кулак жарат. Опур-топур. Куру калгансыган кишилер туш-туштан агылып келүүдө. Автобус токтоочу жерде топтошкон жүргүнчүлөр да ушу сыйкырдуу топко кошулушту. Ал турсун токтой калган автобустун ичиндеги пассажирлер сигналдын үстү-үстүнө берилгендигине карабастан, чууруп чыгышты. Магазинчилер менен ак халатчан ашпоздор да ушул жерде, кайсы бири шашканынан чөмүчү менен тарелкасын кармай чыгышкан. Клиенттин кежирлигинен улам кечигип калган бытыкый чачтарач көпчүлүктүн далдасынан эч нерсе көрө албай алдындагыларга жалаңдаган устарасын тап берип, сөгүшүп, өлөрмандыктын күчү менен араң дегенде алга өттү. Дөңчөдө элден агылгалап жалгыз турган шашлыкчи Орозмат гана чуулдактын жанына барбады. Бөйрөгүн таянып, күлүп турду. Кээде гана кыйкырып коёт: «Көргүлө!», «Таң калгыла!», «Суктангыла!».

Бытыкый чачтарач бекеринен далбастабаган экен! Туш-тушунан курчап алган элдин ортосундагы аянтчада жолборс жетелеген аял баратты. Кайдан келген жолборс? Бул жерде цирк же зоопарк жок. Бул элде жолборсту мойнунан байлап, жетелөөгө жарай турган аял да жок.

Жолборстон башкача жолборс. Аялдан башкача аял. Өмүрдө бир жолу кезигүүгө мүмкүн, мындай укмушту көрүп калуу керек. Шашылуу керек. Айбандан жана аялдан чыккан эки сырттан өз бааларын түшүнүшкөндөй жабалакташкан кишилерди теңине албагандай, дүйнөдө бул экөөнө тең болчу нерсе жоктой текеберлүү. Алды жактагы чогулгандар алар жакындаган сайын как жарыла берип, жол ачышат.

Чынында таң калгайдай бар. Жолборс деген москолунан келген, темгилдүү куйкул сары; зор жырткыч. Аны жетелеген аял андан бетер укмуштай. «Ушул катынбы же аялдын киймин кийген шумпай эркекпи?» — деп шектенгендер бар. «Бул иш жалгыз баштуу аялдын колунан келбейт эле!» — деп анын эркектигин далилдөө үчүн ээрчип жүргөндөр да бар.

Чынында аял жалгыз баш эмес, кош баш. Экинчи башы төбөсүндө. Анысы кылчык жүн менен бекем чырмалгандыктан, топтомолок болуп чокусунда, баскан сайын солк-солк этет. Кийгени да башкача. Багелеги далбалактаган ак жибек шым, үстүндө ошондой эле матадан жасалган кенен кемсел. Шым менен кемселдин капталдары сайма. Кемселдин жонунда бүркүттүн сүрөтү, төшүндө жолборстун башы сайма менен келиштире жасалган. Мындай кооз кийимди бул жердеги модачылардын бири да көрө элек болчу.

Модачылар менен ит жетелөөгө дагдарылгандар бу жаңылыкты көргөндө өздөрүнүн жоругу эч нерсеге арзыбаганын сезишти. Аялдын бир колунда жолборс байланган жибек жиптин боосу, экинчи колунда «Зайыптар» романы. Кебетеси да башкача: капкара каштары кирпиктерине окшоп типтик, өңү же боз, же кызыл, же ара тору эмес, токсон түрлүү гүлдүн аралашмасынан боёлгондой куулжуйт. Бирок кебетеси суз, көз карашы сүрдүү, киши бетине тике карай албай тургандай. Бутунда таманы беш эли туфли. Басканы статуя жылгандай оор салмактуу.

Кыскасы кейпи да, жүрүшү да, жоругу да башкача. Бул элде мындай аял жок жана болбойт. Аны башка өлкөдөн ооп келип, адашып жүргөн жолоочу экен деп ойлоюн дешсе, колундагы роман гана өзүбүздүн элдин адамы экенин күбөлөгөнсүйт.

Бечара чачтарач ажайып нерсеге таңыркаганынан ага чукул барып калган экен, куйругун чамгарактатып, уурттарын салбыраткан жолборс бурула карады эле, коркконунан бакырып, артына бурула качты. Көпчүлүккө бой таштады. Темир курчоо болуп, жылчык чыгарышпай, шыкалышкан кишилерден жол ачалбай, көпчүлүктүн арасында бакырып тыбырчылай берди. Жакшы жери — жолборс ага жулунган жок. Кишилер да коркунучтун өткөнүн айтышып, аны тез эле соорото баштады. Бирок чачтарачтын жүрөгү козголуп, ээрчигиси келбеди. Кетмек болуп топту жырууга аракеттенди. Бирок темир курчоого алы жетпей, элдин агымы менен алга сүрүлүп баратты.

Ушунча кишилердин бири да жолборс менен аялдын кайдан келгенин, бул жерде эмне үчүн сайрандап жүргөнүн биле алышпады. Көтөргөн китебине, жетелеген жолборсуна жана өзүнүн сымбатына карап, «Оңой зайып эмес экен» деп коюшту.

Аңгыча топтун ичинен «Ушул зайып Кермекаш окшойт» деген каңырыш чыкты.

— Кайсы Кермекаш?

— Картабай аксакалдын аялычы!

— Тапкан экенсиң Кермекашты! — Дагы бирөө келекелегендей эрдин чормойтту.

Кермекаш очогунан чыкпаган бечара аял. Мындай болууга алды ким бериптир.

— Туура айтасың, ал байкуш жолборстун ченине жолобос.

Ушул сыяктуу дуулдак башталып, «Кермекаш бул Зайыптан айланабы!» деген тыянакка токтолушту.

Картабай өзү да элдин арасында «ушу неме менин аялыма окшобойбу?» деп кадиктүү. Анын тияк-биягына чыгып, армансыз көз жүгүрттү. Кермекаш жупуну-кийинген, мүнөзү жумшак, чачын бош өрүп коё берген карапайым ургачы эмеспи. А бу «эркекке окшогон кебетеси менен курусун!” деп, эл да бириңтайланды.

Картабай ушу районго үч жыл мурда көчүп келген, кадырлуу аксакалдардын бири. Аксакал башы менен топурагандарга кошулбоо үчүн ал топтон бөлүнүп, мекемесин көздөй кетти.

Адатта иш убагында Картабай бир жакка кетсе секретарь ордунан жылчу эмес. Ал эми кээде аксакалдын колу бошобой, бирок бир жакка баруунун зарылдыгы чыкса, ага секретарын жумшоочу. Азыр да ошондой болду. Аксакал кабинетинде калып, сыйкырдуу топко секретарь кетти. Болгон жаңылыктарды улам келип айтып турмак.

Үч-Кошкон артта калды. Капкайдагы тамашакөйлөр жана бекерпоздор кошулушуп, топ улам көбөйүүдө. Алар жолборс жетелеген зайыпка көлөкөсүндөй ээрчишкен. Бир маалда кайдан-жайдан келгени белгисиз күрсүйгөн карала мышык топтун ортосунда пайда болду. Аны эч ким элес албады. Бытыкый чачтарач гана ушунун кесири тийбесин дегенсип, мышыкты кубалоо үчүн ыкыс бергенде жолборстун “арс” эткен каардуу дабышы чыкты. Чачтарач бакырып, элге бой таштады. Мышык сандаган буттарды аралай качып, дайынсыз жоголду. Жолборс каарданып, мышык качкан жакка жулкунганда ошол тараптагы кишилер туш-тушка бытырашты. Зайып жолборсту араң жоошутту:

— Жолборс! Тек! Тек!

Анын жонунан сылай баштады. Жолборс жакшы жери тезирээк жөнгө келип, куйругун шыйпаңдатты. Болбосо кишилердин баары туш-тушка качууга даяр турушкан.

Бытырашкан кишилер кайрадан чогулушуп, качкандары кайтып келишти. Алар эстерин жыйышкандан кийин кобурашууга киришти:

— Эй, тобо, зайыптын жолборсу дөбөткө окшоп арс этти…

— Аррс деген менен үргөн жок…

— Ээй, жолборс да мышыкты, кууйт бекен? Жолборс менен мышык бир тукум эмеспи.

— Туура айтасыз! Ушу күрсүйгөн неме дөбөткө окшойт. Карасаңар, башы менен көздөрү шектүү.

— Эмненин башын оорутасыңар?! — деди дагы бири — дөбөт куйкул сары, темгилдүү болобу? Далай шаарларда болдум. Ит базарларды да араладым. Өмүрүмдө мындай итти көрбөдүм. Мага ишенгиле, бул дөбөт эмес.

Аны тегеректегендер ойлонуп калышты. Ангыча дагы бири бакылдады:

— Сен аны айтсаң, мен кечээ эле Фрунзеден келдим. «Зверинецтен» мен көргөн жолборс такыр мындай эмес, туугандар.

— Анда эмесе муну дөбөт дегени турасыңбы?

Анык талаш эми башталды. Басып баратып талашты. Сөз кызыды. Чуулдакты бир гана киши кан буугандай токтотту.

— Эмнеге бакылдайсыздар? — Ал баарынан катуу күпүлдөдү. — Азыркы илимдин кудуретин билбейсиңерби? Ала-Тоо тукумундагы уйлар, уяң жүндүү койлор, апорт алмалар кайдан чыкты! Же болбосо жөнөкөй эле мисал: качыр кайдан чыкты? Ал жылкыга да, эшекке да окшобойт. Мына силерге илимдин жана тажрыйбанын күчү!

Дагы бир азамат анын сөзүн коштоду:

— Мүмкүн бу жолборс менен арстандын ортосунан, балким жолборс менен карышкырдын ортосунан пайда болгон жаңы тукумдур.

Анын сөзүн дагы бирөө жулуп кетти:

— Мүмкүн бул неме жолборс менен менин сапалагымдын күчүгүдүр. Менин сапалагым үч жыл мурда жоголгон.

Кишилер дуу күлүштү. Талаш ошону менен токтоду. Бирок жүрүш токтогон жок. Алар жол боюнда жемиш, жашылча сатып отурушкан үч кишинин тушуна жетишти. Чеснок, пияз сатып:отурган жигит зым карагайынын түбүндө эле. Ал да топтун курчоосунда калды. Жолборс жетелеген зайып базар менен магазинге түшө элек жашылчаларды тиктеп турганда жолборс да сатуучуга жакындады… Сатуучу жигит шашканынан тура калды, качууга амалы жок, темир курчоодон чыгууга мүмкүн эмес, оозунан чыккан сөзү ушу гана:

— Алыңыз. Байболгур, алыңыз. Баарын алыңыз. Мен соодагер эмесмин. Өз баасына берем.

Баятан бери сумсайып турган аялдын ууртунда кичине гана жылмаюу пайда болду.

Ушул учурда эл дуу күлдү. Жигит каптал жагына бурулса, жолборстун бир шыйрагы карагайга көтөрүлүп калган экен… Сатуучу сабиздей кызарды. Ызасынан улам кимдин алдында турганын унутуп, зайыпка ачууланды:

— Бул эмне кылганыңыз? Төлөйсүз! Сизди бу жерден кетирбейм. — Ал зайыпка обдулду. Ошол учурда жолборс күрс этип, коркунучтуу дабыш чыгарып, ыркырай баштады. Сатуучу жигиттин үшү кетти. Өзү да дирилдейт, үнү да дирилдейт:

— Кечириңиз? Байкабай оозумдан чыкты.

Эл каткырды. Каткырык дуулдап капкаякка угулду. Баятан бери өңү самандай саргайып жүргөн бытыкый чачтарач да курсагын мыткый каткырды…

Дагы кобурашуу:

— Жолборс итче жиберет экен!

— Ит эле го ушу немең.

— Жолборстун жаңы тукуму дешет ко.

— Эмнеси болсо да итке чалыштыгы бар!

Улам жаңы тамашага кыныгып калышкан кишилер күтүрөшүп-шатырышып жөнөп калышты. Дагы кандай кызыктар болор экен?

Картабай кабинетинде. Көчөдөгү кишилердин чуулдаганы, каткырганы кулагын дүңгүрөттү. Жалгыз болсо да жай отура албады. Бирок кабардан куру калган жок. Ага болгон кызыктар жөнүндө улам келип билдирүүчү секретары.

— Азыр алар кайсы көчөдө, кай тарапка баратышат, — деп сурады аксакал шыңгыраган телефонго карабастан.

— Карл Маркс көчөсүндө, күн чыгышка бет алышты.

— Мына кызык! Аксакалга алардын жүрүшү жакпады.— Сиз байкабадыңызбы, эмне үчүн ушу көчөгө кайрылышыптыр?

— Эч билүүгө мүмкүн эмес.

Акыркы кабар тынчын алганы ушунчалык — чуулдакка өзү барууга аргасыз болуп, кабинетине секретарын калтырды:

— Сиз бул жерде болуңуз. Кабинет ээн калбасын. Балким келим-кетим болор же бирөөлөр телефон чалар…

— Түшүндүм, — деди секретарь, — калганын айттырбай өзүм жооп берем.

Эл ырас эле Карл Маркс көчөсүндө баратышкан экен. Алдыда баягы жолборс жетелген аял. «Кой, ай» — деген эч ким жок, ал турсун баары соңунан ээрчигенге мактангандай түрү бар. Аны көрүп аксакал ачууланды. Ордунан жылдырбай туруп, зайыптын ким экенин, эмне үчүн минтип жүргөнүн сүрүштүрмөк болду. Кишилер каардуу аксакалды алдыларына өткөрүштү.

— Гражданка, токтоңуз!

Зайып токтомок түгүл, сөзгө кулак салбады.

Кыйкырык кайталанды:

— Гражданка!

Зайып эч нерсе укпагансып, эч кимди тоотпой кете берди. Аксакал жүгүрүп барып, анын жолун торгоодон жолборстон чочуп, мурункудан да катуу кыйкырды:

— Гражданка! Жолборс жетелеген гражданка! Мен сизге айтып жатам.

Кишилер үн катпай аксакал менен мисирейген зайыпты аркы-терки тиктешет. Кимиси өктөмдүк кылар экен деп сынашат. Зайып кетип бараткан калыбында соңуна кылчайып, сөөмөйүн кызыл эрдине такады:

— Тишш!

Мунусу эч кимге жакпады. Аксакалга балача мамиле кыганы эмнеси?! Аксакал аны күчкө салып токтотуу үчүн «ээй!» деп колун кезегенде, ууртун салаңдаткан жолборс да артына кылчайды.

Картабайдын жаагы жап болуп, колу абага асылгансып какайды да калды. Кишилер оңтойсуз абалда нымтырашат. Зайыпты жөнгө келтирүүгө болбосун баары жакшы түшүнүштү.

Эми эмне кылуу керек. Алар жолборс жетелеген зайыпты ээрчишип, мындан аркы аракеттери жөнүндө ойлошот. Баарынын ою бир нерсеге такалат: «Милиция чакыруу керек. Мындай учурда милициядан ашкан арга барбы!». Бирок аксакал эмне дээр экен? Баары ишаратты ошо кишиден күтүштү.

— Туугандар! — Картабай жыйылгандарга карады — милиция чакыруу керек.

— Туура! Туура! — баары бир ооздон чуулдашты.

Зайып алардын жапырт макулдашкан чечимин да тоотподу.

Аңгыча алар 49-үйдүн тушуна токтолушту. Зайыптын мында эмнеси бар? Ушул үйдүн кожоюну — Картабай. Аны билишкен кишилер кобураша баштады.

— Кудай урр! Менин үйүмө кайрылганы эмнеси? Аксакал өзүнчө бушайман. — Ушул оңбогон менин аялым эмеспи? Башка бирөө менин үйүмө батынабы?

Ал дагы жакыныраак басып келип, аялдын кебетесине көз жүгүрттү.— Кермекаш, кирпиги суюк, кишини тик карай албаган уяң аял. Өлүп баратса мындай ишке бармак эмес. А бу эркектен өткөн зулум. Мүмкүн Кермекаштын курбусудур. Жаңылышам, курбудан айлансын, жөн эле таанышыдыр.

Аксакалдын башы катып турганда аял жолборсту ээрчитип дарбазаны ачып, короого кирди. Эми кишилердин баары аксакалдын өзүн курчашты. Бирок ага суроо бере албай турушу, андан корккондуктан эмес, аны аягандыгынан.

Картабай чогулгандарга кыйкырды:

— Эмнеге жабалактайсыңар! Мен аны билбейм. Тарагыла! Кызматыңарга баргыла.

Бирин-серин кызматчылар жай-жайына кетишти. Көпчүлүгү окуянын кызыгы эми башталат дегенсип, топурашып тарабай турушту.

Дарбазанын ары жагында эмне болуп жатканы белгисиз. Баарын кызыктырган суроо ушу. Бир маалда баягы аял папиросун чычайта кармап, үй ээсине окшоп эркин басып жүргөнү терезеден көрүндү. Жолборсу кайда? Кермекаш бечара кантти? Картабайга кайгы түштү. Милиция чакыргысы келди. Аны курчашкан кишилер да жаалашты:

— Милиция чакырыңыз]

— Жазасын бериңиз!

Чагайдын чак түшүндө ушул көпчүлүктүн арасында туруп, милиция чакырганы туурабы? Балким, анда Кермекаш таарынар… Көпчүлүккө сүйөнүп, үйгө жалгыз өзү кирүүгө тобокел кылды, аксакал.

— Чуулдабагылачы! Мен өзүм барам. Аны менен өзүм сүйлөшөм.

Кишилер аксакалдан мындай чечкиндүүлүктү күтүшпөгөн. Муну укканда тынчышты, окуянын чечилишинен үмүттөнүштү. Картабай дарбазаны кайраттуу ачса да, босогодон аттаарда эмне үчүндүр калтырады. Жолборс басып калчудай эки жагына элеңдей карады. Көзүнө эч нерсе байкалбайт. Ашкан этияттык менен үйүнүн эшигин көздөй бурулганда «арс» эткен дабыш чыгып, көз ирмегенче так түйүлдү. Жолборс андан да шамдагай белем, плащынын бир этеги оозуна бурдалыптыр. Аксакал жанталаша үйүн көздөй тырмышат, байлоодогу жолборс аны өзүн көздөй тартат.

Коркунучтуу окуя болгонун сырттагылар сезишти, бирок дарбазаны ачып кароого эч кимиси даабады. Эшикке чуркап чыккан зайып гана аксакалды балаадан куткаруу үчүн колдон тарта баштады. Ошондо да жолборстун оозунан бошонор эмес. Эгерде плащ тигишинен ыдырап, айрылып кетпесе, алынан тайып бараткан адам жолборстун азуусуна чайналат беле?!

Плащтын бир өңүрүнөн ажырап, сандырактай баскан адамды зайып колтугуна жөлөп, үйгө киргизди. Мисирейсе да ал жырткыч айбандан көрө мээримдүү экен.

— Ыракмат сизге! — деди креслодо отурган Картабай эсине келгенден кийин. Дароо өз аялын эстеди. — Айтыңызчы, Кермекаш аманбы?

Мисирейген аял кош башын селкилдетти. Анысы жакшылыктын белгиси. Эми эшиктеги элге өзүнүн аман-эсендигин, ал түгүл үйүндө кожоюн катары кең-кесири жүргөнүн билдирүү керек эле. Картабай терезенин жанына барганда кишилер плащынын бир этеги жогун, иреңинде кан-сөл калбаганын көрүшүп, бирок алтын башы амандыгына курсанттыгын билдиришип, баш ийкешип, ырайымдуу жылмайышты. Аксакал өзү да аларга чын дилинен жылмайды.

Ушул учурда кара нөшөр төгө баштады. Кишилер туш-тушка качышты.

Картабай креслосуна келип отурганда, жолборс «арсс» этти. Ал ордунан тик секирди.

— Тишш! — Зайып аны карыдан мыкчый кармап кайрадан өз жайына тургузду. Аксакал кылмыштуу балача бопоюп тынч.

Көрсө, жолборс карала мышыкка жулунуп жатыптыр. Мышык анын байлоодо экенин билип, дубалдын үстүндө жүнүн үрпөйтүп, кыжырын кайнатып отурган экен. Жинденген жолборс казыкты бошотуп коюптур.

Казык шылкылдап жулунууга аз калган. Жолборсту андан да бекем казыкка же түркүккө байлоо керек эле. Зайып аны чечип, бастырманы көздөй жетелегенде жулкунган айбан ээсин ээрчибестен, карала мышыкты көздөй анын өзүн дыркырата сүйрөдү. Ээси ачууланды, үнүн бек чыгарып, аны сездеп токтотууга аракеттенди, андан айла болбогон соң, жерди чирене тээп, күч менен токтотмок болду. Иштин жакшы болбой турганын түшүнгөн карала мышык дубалдан аша секирди. Жинденип калган жолборс мышыкты качырганына алымсынбай, дарбазанын сыртына чыкты.

Тамаша эми башталды. Аны ээликтирген карала мышык каргашадай болуп дубалдын түбүндө жамгырдан корголоп отуруптур, атып жөнөдү. Артын карабастан көчөнү аралай безе качты. Жолборсту эми балаа басты — «кой», «айга» көнбөстөн, мышыктын артынан бардык күчү менен зоңкулдап жөнөдү. Зайып жипти белине орой кармап, чиренгенине карабастан, аягы анда-мында жерге тийип, декилдеп чуркап бараты. Эгерде бардык убакта азыркыдай ылдамдыкта чуркаса, кандай гана жарыш болбосун, мөөрөй бербес эле. Бирок азыр анын оюнда жарыш да, мөөрөй да жок, эптеп жолборсту токтотуу. Кандай да болсо токтотуу. Бир маалда күчтөн тайды бейм, өзүнө өзү ээ боло албай, эт-бетинен кулады. Ошондо да белине оролгон жипти чыгарбай, сууну чачыратып, баткакты балчылдатып, дыркырап сүйрөлүп баратты.

Чынында зайып жолборсту жетелөөгө арзый турган кайраттуу, өлүмдөн да кайра тартпай турган эр жүрөк экен! Бир гана өкүнүч — анын бул эрдигин жамгырдын кесепетинен улам жердештеринин көрбөй калгандыгы. Балким алар азыр эки сырттанды көрүшсө да таанышпас, анткени — экөө тең шөмтүрөп, карала-торала. Зайыптын төбөсүндөгү кошумча башы бутундагы бийик такалуу туфлиси жок, ал түгүл аял экендиги да билинбейт.

Жолборс канча айткан менен айбандын зору эмеспи, талыгар эмес жана бет алган жагынан кайтпоочудай. Алдынан эски көпүрө туш келип, сүйрөтүлгөн аял ага кептелгенде да, тырмагын жерге батыра жулкунууда. Аял да эми мен жеңдим го дегенсип, көпүрөнүн жыгачын бек кучактады. Белине жип өтүп, денеси сыздаганына карабастан чымырканды, кучагын бошотподу. Бир маалда жибек жип тарс үзүлдү… Жолборс ошол замат жок болду. Үмүттүн шарапаты менен гана бардык азапка чыдаган аял колдогу бакытынан ажырагандай шалдайып, эсинен танды.

Жамгыр дале төгүп турду. Аял тез эле акылына келди. Көпүрөнүн астынан сандырактап, араң турду. Кийиминин тымтыракайы чыккан, буттары чалыштайт.

*        *       *

Аксакал баягы креслодо болпоюп тынч. Эки жагына карабайт, козголуудан коркот. Саал эле кыймылдаса жолборс баса калчудай же мисирейген зайып каарына алчудай.

Убакыт кыйла өттү. Зайып каякка жоголду? Эмне үчүн жолборстун дабышы угулбайт? Кермекаш кайда? Ушул суроолор кайрадан мазасын ал баштады. Өз үйүндөгү жымжырттык ага ээсиз калган чоочун жай же караңгы көрдөй үрөйлүү. Ушул азаптан тез кутулгусу келди. Кантип? Жалгыз гана айла Кермекашта. Ансыз күн жоктой.

*        *       *

Зайып темтеңдей басып үйгө кирди. Оозгу бөлмөдө дубалга сүйөнүп, сендиректей туруп, чоң күзгүдөгү сөлөкөткө көзү түштү. Көрдөн чыга калгандай же адамга же айбанга окшобогон бир тири укмуш! Жүрөгү шуу этти. Алактап айланасына карады. Эч ким жок. Ал акылын жыйнап, күзгүдөгү сөлөкөт өзү экенин түшүндү. Бул кебетеси менен төркү бөлмөгө кирсе Картабайдын жүрөгү жарылып, ажалдан мурун өлмөк.

Ал темселеп дагы бир бөлмөнү ачты. Кийимин чечинип, душка түшүтү…

*        *       *

Аксакал козголбойт, а түгүл катуу дем алуудан чоочуйт. Көзү чакчайып, кулагы сак. Дагы бир шумдук болчудай жүрөгү дик-дик.

Ал үйгө кимдир-бирөө киргенин баамдады. Балким жанакы зайыптыр же жолборс бошонуп, шимшип жүргөндүр. Кудай сактай гөр! Же болбосо жан биргеси Кермекаш келип калгандар. Ал бирөө угуп койбосун дегендей ичинен кайрып күбүрөдү:

— Кудай-ай, Кермекаш болгой эле! Анда өмүрүмдө армансыз элем. Ушул эле көзүмө бир көрүнсөң, ушу балаадан куткарсаң, сага өлгөнчө ыраазы элем, эч качан айтканыңды жок дебестен сени төбөмө көтөрүп жүрүп өтөр элем…

Аңгыча дабыш да билинбей калды. Бул эмне деген шумдук! Аксакалдын куттуу үйү ар түрдүү жырткычтардын, шумдуктуу аялдардын же жин-шайтандын жайына айланганбы? Дагы эмне болор экен деп, жүрөгү лакылдап отурганда суу шаркырай баштады. Эми анын көңүлү тынчый баштады — үйгө кирген киши экен. Бирок ал ким? Мисирейген зайыппы же Кермекашпы? Жолборстон көрө бейтааныш зайыптын киргени жакшы, канча айтканы менен аял жүрөгү бардыр, сөзгө келер.

Картабай азыркы замандагы маданияттуу эркектердин бири, айрыкча аялдар менен өтө сылык жана кылдат. Мейли, кызмат жүзүндө болсун, мейли жеке мамиледе болсун, аларга эч качан оройлук кылган жан змес. Аксакалдын маданияттуулугун башка аялдар да билишчү. Мисирейген зайыптан ырайым күтүшүнүн себеби ушунда.

Картабай аксакал өз аялы менен да маданияттуу мамиледе эле, өз ара кандай жаңжал чыкса, кер-мур айтышса да, чатакты ырбатчу эмес. Бирок алар келише албаган бир гана маселе бар. Бул мода маселеси.

Шаардагы аялдардын ичинде эң жупуну кийгени жана карапайымы Кермекаш. Ал жаш болсо да айылдын адамындай кийинип, убактысын очоктун тегерегинде, аксакалга кам көрүү менен өткөрүүчү. Эртели-кеч тиричиликтен колу бошочу эмес; үйдөгү гарнитурларды, килемдерди тазалоо, бөлмөлөрдү шыпыруу жана кир жууш канчалык убакыт талап кылат. Ал эми мейман күтүүчү! Аялынын камбылдыгын, тиричиликке тыңдыгын аксакал аябай жактырчу. Ошону үчүн сыймыктанчу. Ушундай аялга туш келгендиги үчүн өзүн чексиз бактылуумун деп сезчү.

Бирок Кермекаш кээде аялдык кылып жаңы модаларга кызыкчу. А күйөөсү болсо жаңы моданы өлгөндөй жек көрчү. Мода жөнүндө укканда аксакал ачууланчу эмес, көнүмүш турмуш жакшы экенин гана жайбаракат эскертчү. Ошону менен талаш бүттү го деп эсептечү. Бирок маселе бүтмөк түгүл, аялынын таптаза жүрөгүнө так түшө баштаганын, үй-бүлөлүк мамилени ширетип турган ынтымакка жик кеткенин ал өз убагында түшүнбөдү.. Бирок сергек киши жубайынын мамилеси салкын тарта баштаганын кечиксе да байкап, анын себеби жөнүндө ойлоду.

Алардын талашынан башы кыска кийимден чыккан. Аялы кыска кийимге өтөлү дейт, эри эски фасонду таштагысы келбейт. Акыры шаардыктырдын көпчүлүгү кыска кийимге көчкөндө Картабай да макулдугун билдирет. Анда аялы көнбөйт. Эри ачууланат.

— Кандай тескери немесиң! Ташта мындай жорукту!

Андан кийинки талап норкадан жасалган баш кийимден улам чыгат. Аялы жаңы мода деп ошону каалайт. Күйөөсү адатынча каршы чыгат.

— Же тумакка, же тебетейге окшобой тумурайган неменин эмнесине кызыгасың!..

Кийин калаадагы аялдын көпчүлүгү ошондой баш кийимге көчкөндө күйөөсү ага да уруксат берет. Анда аялы көнбөйт:

— Эми анын кызыгы жок. — Мында да бир сыйра кер-мур айтышат.

Баарыдан да акыркы талаш чатакка айланат. Аялы бу жолу карышкыр ит багуу жөнүндө оюн айтат. Күйөөсү кескин жооп кайтарат:

— Эми сен кызыга электен ит калдыбы! — Ал каткырат! — Карышкыр ит жетелеп баскың келеби? — Ал каткырыгын токтотуп зекийт. — Көргөндөр эмне дешет… Бу иш экөөбүзгө жарашпайт. Алыбызга жараша эле оокат кылганыбыз оң…

— Ыя, ошондойбу?! — Ызаланган Кермекаштын көздөрүнөн жаш чууруйт. — Мен ошончолук байкуш, ошончолук алсыз экенмин го. Мага кара тиричиликтен башка нерсе жарашпайт экен го. Мен сенден муну күтпөгөн элем.

Күйөөсү жай гана жооп кайрыйт:

– Мен да сенден муну күтпөгөм.

Өмүрүндө бири-бирине катуу айтышпаган жубайлардын жоругу бири-бирине өөн учурап, экөө тирелишет. Бул тирелишүү эмне менен бүтөрү экөөнө тең белгисиз. Картабай ошо бойдон ишке аралашып кетет. Аны ушутат.

Азыркы окуя гана жубайы экөөнүн талашып, аны капалантканын эске салды. Ал азыр өзүнчө кейиди: «Бекер кылган экемин. Мен аялымды кордогонумду, анын кадырына жетпегеними азыр түшүнүп отурам. Кечир, Кермекаш!» Ал креслодо козголбой отуруп жашыды. Анын тезирээк келишин тиледи.

Бөлмөгө бирөө шырп билгизбей киргенсиди. Дабышты кулагы эмес, жүрөгү сезди. Бирок ким? Ким болсо ал болсун, айтор жолборстон башкасы киргей эле! Ал жарыкка кылчайып коюп, какайган бойдон жакшылык күтүүдө… Дал ушул учурда кежигесине кимдир-бирөө жакындады, ал түгүл илеби келе баштады. Аксакал калтырады. Аялдын үнү чыкты:

— Ай-ай, сабыр кыл.

Ооба, аялдын үнү, назик үн. Аксакал кылчайып караса, Кермекаш. Ал кубанычынан бакырып ийип, эстен танды…

Картабай эсине келгенде Кермекаш анын бетине муздак суу чачып, жалынып-жалбарып турган экен!

— Какебай, көзүң ач! Садага болоюнум, чочуба, мен… Мен… — Аял өзүнө таандык жайдары мүнөзү менен ырайымдуу дабышын чыгарганда аксакалдын мууну бошоп, өңгүрөп ыйлады.

— Жаным! Аман-эсенсиңби? — Алар оор сапардан кийин учурашкандай кучакташып көрүштү. Күйөөсү аны дале кучагынан бошотпой сөзгө алууда.— Жолборско учураганың жокпу?

— Жок.

Күйөөсү ошондо гана аялын кучагынан бошотту.

— Короодо жолборс жокпу?

— Жок.

— Жанагы жолборс жетелеген зайып кайда?

— Ал да жок.

— Түшүнө албайм.— Картабай уйкудан тургансып, көздөрүн ушалады.

— Баятан берки окуяларда сен кайда элең?

— Мен башка айылдан келдим.

Картабай жубайынын сөзүнө ишенерин же ишенбесин билбей, анын кебетесине көз жүгүрттү. Анын үстүндө кадимки узун этек, жеңдүү атлас көйнөк, чачтары кош өрүм, иреңи жайдары. Бирок эмне үчүндүр үшүгөндөй жана чарчагандай иреңи кумсарыңкы, чачтары суу. Бети жана колдору кызыл сыйрык.

Бул жакшы белги эмес, аялы мүмкүн жанагы мисирейген зайып менен, же жолборс менен кармашкандыр. Болбосо денеси эмне үчүн тытылган? Картабай балаадан кутула элек турбайбызбы дегенсип шалдаят.

Эми Кермекаш күйгүлтүктө. Күйөөсүнүн жүрөгү козголгондой. Ал эми кайгыны да, кубанычты да көтөрө албоочудай. Эгер болгон ишти күйөөсүнө төкпөй-чачпай айтып берсе, кичинекей нерседен ушунчалык азапка түшүп, элге шылдың болгонун билсе, ызасына чыдабай мүрт өлүүгө мүмкүн.

Мындай болорун Кермекаш өзү да билген жок. Анын максаты — бечара эместигин, эмнеге жөндөмдүүлүгүн, кааласа, модачылардын баарын басып өтүүгө жарамдуулугун далилдөө эле. Бул сырды шашлыкчы Орозмат экөө гана билчү. Модалуу кастюм менен жолборстун амалын тапкан да Орозмат. Кермекаштын максаты орундалды, бирок күйөөсүнө кесепети тийди. Кайран киши дартка чалдыкты.

Картабай кыңылдап сөз баштады:

— Мага чыныңы айтчы! Үйдө жолборс жокпу?

— Жок.

— Мисирейген зайып да жокпу?

— Жок.

— Мага ошону гана билүү керек эле… Баса алар кайрылып келбейби?

— Келбейт, — деди Кермекаш аны биротоло түңүлдүрүү үчүн, — корко турган эч нерсе жок.

— Эч нерсе жогу ушубу? — Ал чолтойгон этегин көргөздү. — Бул эмне? Сенин денең эмне үчүн тытылган? Кой, мени сооротом деп ойлобо. Укпайм.— Ал кулактарын басып.— Айтпа дейм! Жетишет!

Картабайдын жүрөгү козголгону шексиз. Жолборс менен мисирейген зайып жөнүндө сөз болгондо денеси дүрүлдөйт.

— Соо эле жүрсөм болмок! — Кермекаш ушу ишти баштаганына өкүнөт.— «Эрегиштен эр өлөт» — дегендей күйөөм ооруга чалдыкты. Эми анын дарты оңой менен айыгабы? Жүрөк оорусу эмнеден башталганын доктурга кантип түшүндүрөм?!

Эрди, катын эки жерде кайгырып отурушту.

Картабай канча айткан менен эркек эмеспи, аялынын кайгырганын көрүп, тез эле кайраттанып, жубайына насаат айта баштады:

— Эгер сен азыр келип калбаган болсоң, менин тагдырым эмне болмок? Ыракмат, мени сактап калдың. Аябай кармашсаң керек. Бу эрдигиңи мага кылган жакшылыгыңы өлгүчө унутпайм. — Ал бир жак өңүрү жок плащын чолтоңдотуп, аялынын жанына келди.— Сенден бир гана өтүнүчүм: бу окуя ичиңде болсун! Түбөлүккө! Макулсуңбу, ыя? — Ал жалдырагандай аны колдон алды.

Кермекаш анын жалооруганына түтпөй дароо “макул” деди…

— Ыраазымын сага! — Ал кармашкан колун бек кысты.

Аксакал мындай сөздү оңой менен айтчу эмес. Ыраазылыкты анын оозунан Кермекаштын ушуну менен үчүнчү жолу гана угушу: адеп үйлөнүшкөндө, өзү жетекчи кызматка көтөрүлгөндө жана жолборстун жоругунан аман калганда.

Коркунуч өттү. Үй-бүлөдөгү бир канча убакыттан бери пайда болгон ыйкы-тыйкы да ошону менен кошо жуулду. Ошондой болсо да аксакалдын көңүлүндө дагы бир кадик бар сыяктуу. Бул кадик өз үйүндө кенен баса албаганынан сезилүүдө.

— Жаным! — Анын үнү дале кысылыңкы чыгат.— Жанагы оңбогурлар үйдүн бир жерине жашынып калышкан жокпу?

— Жок.— Кермекаш көңүлүнө актык салуу үчүн аны колунан жетелеп, бөлмөлөрдүн баарын текшерип чыгышты. Короонун ичин, кампанын булуңдарынан бери тинтишти.

Эч нерсе жок. Өз үйү жана короо-жайы да коопсуз. Эми тынч жашоого болот.

Чакан калаанын кишилери жолборс жетелеген зайып жөнүндө башка эч нерсе билишпеди. Ал окуя жомок сыяктуу гана айтылууда.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.