1.

Үй бар эле темир жолго жанашкан,
ошол үйдө жашы улгайып бараткан
жалгыз адам жашачу.
Чак-чак этип күн-түнү
поюз өтчү кулак, мээни жадаткан.

“Уйку бербейт адамга, – деп – добушу”
көнбөгөндөн көчө качкан далайлар.
Көчпөй койгон жапжалгыз
ушул дудук болучу.

Коңшусу жок, коюнунда катын жок,
короосунда салаңдатып башын бош
салып ылдый айыптуу,
тирүүлүктө түгөй эмес жакын жок
байкушту бул
жары таштап кеткен эле:
“Жымжырттыкта жашоого, – деп – акым жок!”

“Дудук” дешчү, атын эч ким билчү эмес,
“дудук” дешип, үйүнө жан кирчү эмес.

Бир боз дөбөт каңгып жүргөн дайыма,
ээрчип алган үйүр алып жанына.

…Жол буюрган жолбун ит,
көп адашып жол жүрүп…
үнсүз, жалгыз
ушул жандын короосунан куулбады.
Арсылдап ал үрүп калса,
а дудукка дайын эле
шум дүйнөдө эмне болуп турганы.

Анан ошол эки караан сербейип,
эртели-кеч темир жолдун боюнда
узун-узун чиркелишкен поюзду
улутунуп тиктээр эле,
эч белгисиз эмнелер бар оюнда.

3.

Эки-үч адам күндөдүн бир күнүндө,
муздак табыт көтөрүп,
мүрзө жакка жөнөөрдө,
тирүүсүндө келбегендер келишти.
“Тууган-жааттан ким бар?” – дешип сурашты.
Жооп болгон жок…
“Аты мунун ким?” – дешти,
жооп болгон жок.
Жооп бир ооздон:
“Дудук… дудук… дудук” – дешти,
соо адамдар атын таппай дудуктун
карбаластап алпарып
кара жерге көмүштү.

4.

Боз топурак кайтарып ай-талаада,
боздосо дене козгогон,
бороонду тыңшап боздогон,
боз дөбөт калды, боз дөбөт!
25. 06. 1998-ж.

Акын

1.

Ал жашачу далайдын
катарында билинбей.
Калем кармап акынмын деп мен дагы
көп акындын бириндей.
Жазмакерлер арасында ал дагы
өксүк эле билимден.

Жазганына жарыткан
калем акы алчу эмес.
Көп акындын арасында ырларын
окугандан калчу эмес.
Окурмандар – көп акындын бириндей
ага назар салчу эмес.

Жүрдү, жүрдү ыр жазып,
көптүн болуп бирөсү.
Жадаганда жазганынан өзү эмес,
жадаганда бүлөсү…
Иштеп кетти шакылдаган заводго,
шарт-шарт эле мүнөзү.

Станоктун тилине
тез үйрөндү шартылдап.
Иш бүткөндө чарчаганы билинбей
үйгө келчү жаркылдап.
Беденеси булчуң эле буржуйган
бардам эле тарсылдап.

Адатындай шашылып
ишке келип бир күнү…
ошол күнү күбүлдү анан акындын
өмүрүнүн бир гүлү.
Угузган жок адам үнүн чыңырган,
станоктун күр-күрү.

Жардангандын баарынан
жардам сурап бакырды.
Тыбырчылап станокко жабышып,
“жардамга!” — деп чакырды.
Эки колун бирдей чайнап станок,
мунжу кылды акынды.

2.

Азыр болсо шартылдаар –
эки кол жок, эки кол.
Аба шилтеп, аба жарып өткүдөй, –
эки кол жок, эки кол.
Эң жакынын боорго кысып өпкүдөй, –
эки кол жок, эки кол!
Жүзүн сууга чайкабайт, –
эки кол жок, эки кол.
Ал эч эми нан сындырбайт кол менен.
Алаканы жайылып
бата тартпайт.
Алек жалгыз ой менен, –
эки кол жок, эки кол!

Суу кочуштап ичээрге –
эки кол жок, эки кол.
Маңдайынан сылайын дейт баланы, –
эки кол жок, эки кол.
Белек албайт мунжу акындан аялы, –
эки кол жок, эки кол!

3.

Канаты бар ырларды,
калем эмес ал азыр
жүрөк менен жаратат,
жүрөктөрдү канатат.

20001-2003-ж.ж.

Чаалыккан чал

1.

Айылдын чекесинде
жалгыз бир там бар эле,
жайчылык күнүн көргөн ошол тамда
чүкөдөй чал бар эле.
Кемпири жарык менен кошо таштап,
кемшейип калган эле.

Кечигип келбей жүрчү жалгыз уулу,
кечигип жада калса өлүм дагы!
Жараткан өчөшкөндөй бу тагдырда,
аяган белем андан көрүн дагы.

Кудайдан тилеп жүрүп,
куругур туяк көргөн.
Окуйм деп шаарга сызып кетти анысы,
жанына кубат бербей.
Уулунун түшүнгөнү ушул болчу:
“Атакем турат өлбөй”.

Араң жан жүрдү-жүрдү батып кечи,
а көрөк өлсө жеңил болбойт беле!
Бөктөрүп бөлөктөрдү алган ажал,
бөкчөйгөн ушул чалды көрбөйт неге?!

Бир күнү кабар келди,
кулагын кубандырган:
Жакында барам, ата, келин алып!”
ордунда туралбаган,
“Колунан келинимдин чай ичем” деп,
көзгө жаш тумандаган.

Айткандай босогону бир күн аттап,
келини аппак экен, келип кирди.
Керилген азаматын улам алкап,
кемпири көрбөгөнгө кейип турду!

Кубанып тоюн берди,
кубаныч ушул болду.
Той бүтүп, келин-уулу шаарды карай
кайтууга учур болду.
Оо, узак күнү өтпөгөн жетим чалга
калдыбы ушул кордук?!

Каргылданган үнү да кайырсыздай,
“Кап балам!” деп кареги каканактап,
каңырыгын түтөтүп карап турду,
карап турду көзүнө кайсалактап:

“Калгыла, кагылайын!
Бак-шактуу үйүң турат.
Жумулуп кетсе көзүм, эмне болот?
Ансыз да жүрдүң узак…
Атаңды ата ордуна көрөсүңбү?!” –
Кайталап турду сурап.

Кайышканы жок эле бүгүнкүдөй,
кайратынан бошоду бүгүн гана.
Узак жылдар күттүргөн эмес беле,
күтүп жүргөн бүт өмүр, күнүн кара!

2.

… Уулуна кабар келди,
ооруган атасынан:
“Кел балам! Кел тезирээк кечикпегин!
Атаңдын батасы бар.
Акыркы керээзимди угуп алып,
кечикпей кайтасыңар…”

3.

Келди айылга шаштырып келинчегин.
Кечигиптир а бирок, кечигиптир!
Карай берип эрте-кеч босогону,
чал байкуштун кареги тешилиптир.

14.04.1997-ж.

«Өзүм менен өзүм» китебинен

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.