Сөздү ырлардын «кийиминен» — сырткы формасынан баштайлы, анткени автордун салттуу уйкаштан качып, ыргакты атайылап бузуп, жаӊы нук издеген мүдөөсү ачык эле байкалат.

Чыйырга сыйбас саптар

Кышкы жол…

Асфальтчылар тынч уктай берсе
болот. Кыш келди да, шоссенин айыбын
жамады. Үңүлүп карай келсең,
кайсы жол да, кайсы талаа? – дайынын
табуу кыйын, апапакай ар тарап –
Аппак чөлдөй уч кыйырсыз жайылып.
Машинеге жолдон чыгып кетпөөгө –
бир ориентир – жол жээктеген бак дарак.

Жаз жарыш, күз күрөштөн чарчаган,
(Ойготкончо алгачкы жаз нөшөрү)
айдоо талаа уктап жатат көшүлүп
башын кошо кымтып аппак парчага.
Акка моюн сунгусу жок көшөрөт
кээде гана көзгө урунган арчалар.
Тынч мейкиндик “– чүш” – деп коюп өзүнө
тыӊшайт, айдоочунун кыӊылдаганын –
Эми дагы созулаар деп канчага…

Канча жүрбө, сен өзүӊдү табасыӊ
кайра эле ушул кышкы пейзаждын
арасынан. Саамга ойлой каласыӊ –
«Мындан көрө уктап барсам эң жакшы
болмокпу»- деп. Кылымдар тургансыган
окшоштуктан түтөп барат каӊырык.
Изден башка биздин авто калтырган,
бул өзөндө боло электей жаңылык.

Кыттай уюп салаңдаган булутка
ар жеринен илинип, ак көшөгө-
дөй тартылып, тоо кыркалар турушса,
кечээ түндө жааган кардай төшөлөт
мээме ойлор. Кереги жок таң калып,
сырдуу күлүп (тоо тарапка жетээрде)
көшөгөнү серпий салып, таң дагы
нурдай сулуу чыга калса эгерде…

Бир карасаӊ, кара сөз түрүндөгү текстти эле саптарда ажыратып, ырга окшотуп койгондой: “Асфальтчылар тынч уктай берсе /болот. Кыш келди да, шоссенин айыбын /жамады. Үңүлүп карай келсең, /кайсы жол да, кайсы талаа? – дайынын /табуу кыйын…”. Саптардын этегиндеги уйкаштыкты эске албаганда, демейки шыдыр ыргак да сезилбейт. Бул кадимки ак ыр да эмес – анда уйкаштын жоктугу башкача ыргак менен толукталат эмеспи. Ак ырдын тескериси дегидей. (Бизде эле эмес, өнүгүү жолу алда канча узак болгон орус адабият таануусунда деле ак ыр, эркин ыр (вольный стих, мунун свободный стих/верлибр деп айырмаланганы да бар) терминдери жөнүндө биротоло калыптанган аныктама жоктугун, булардын тегерегинде түркүн талаш-тартыштар тынчыбай келаткандыгын айта кетели).

Акыйкатта, чыгарманын жанрдык аталышы эмес, көркөмдүк деӊгээли биринчи кезекте көӊүл бурушу керек.

“Кыттай уюп салаңдаган булутка /ар жеринен илинип, ак көшөгө-/дөй тартылып, тоо кыркалар турушса…”. Ушундай да болобу? Сапка сыйбай калса, сөздү ташымалдап ийиптир!.. Бирок “Ой, ушул да ырбы?!” – деп ачууланбай коё туралы. Анткени автор кааласа, салттуу ченемге шайкеш келгидей саптарды деле жаза алат экен:

“…айдоо талаа уктап жатат көшүлүп
башын кошо кымтып аппак парчага.
Акка моюн сунгусу жок көшөрөт
кээде гана көзгө урунган арчалар”.

(Ырдын башка өөндөрү менен катар бул строфадагы “башын кошо кымтыганын” оӊдош керек, албетте, мисалы, минтип: “бүт тулкусу чүмкөнүп ак парчага”).

“Көшөргөн” арчалар көк-жашыл өӊүн сактап, ак карлуу кышка эле эмес, өлүмгө да “моюн сунгусу” келбейт – мында туюнтулган көркөм ойлордун бири ушул, буга акынмын деп төш каккандардын кыйласы суктанат го.

Демек, Абдысамат бул ырын атайылап эле прозага жакын интонация менен баштаптыр. Ошондуктан кайра эле салттуу нуктан чыкканга, жайдары, элпек ыргактан четтегенге шашат:

“Канча жүрбө, сен өзүӊдү табасыӊ
кайра эле ушул кышкы пейзаждын
арасынан. Саамга ойлой каласыӊ –
«Мындан көрө уктап барсам эң жакшы
болмокпу» — деп. Кылымдар тургансыган
окшоштуктан түтөп барат каӊырык”.

Бир туруп кышкы талаанын көзгө сүйкүмдүү көрүнүшүнө суктангандай (“айдоо талаа уктап жатат көшүлүп…”), бир туруп кайра-кайра ырдала, сүрөттөлө берип, көнүмүш болуп калган сүрөттөө ыгынан тажагандай, керек болсо табияттагы кайталанмадай окшоштуктун өзүн жериген, формасы да, ички маанайы да ушундай карама-каршылыктуу ыр (жактырбагандар ыр эмес деп окубай койсо да болот).

Арыштуу саптардын аксагы

Л.Н. Толстой 1978-жылы 8-апрелде Н.Н. Страховго минтип жазыптыр: «Мен бул сезимди өтө жакшы билем – атүгүл азыр, соӊку кездерде аны сезип-туюп да келем: жазыш үчүн, өзүмдүн бул жарыктагы парызымды аткарыш үчүн баары эле даяр сыяктанат, бирок өзүмө, иштин маанилүүлүгүнө ишенгидей түрткү жетишпей турат, адашуу деми жетишпейт; жашоодогу ойдон чыгарууга болбос ээн-эркин күч-кубат жетишпейт. Мунсуз баштоого болбойт» («Я очень хорошо знаю это чувство — даже теперь последнее время его испытываю: все как будто готово для того, чтобы писать — исполнять свою земную обязанность, а недостает толчка веры в себя, в важность дела, недостает энергий заблуждения; земной стихийной энергии, которую выдумать нельзя. И нельзя начинать»).

Толстойдун ушул «адашуу деми» дегенин чоӊ адабиятчы Виктор Шкловский абдан жактырып, сюжет жөнүндөгү китебин да ушундайча атаган. Ал “адашууну” “изденүү” деп чечмелеген.

Чыгармачыл изденүү кандайдыр бир чындыкты эч ким айта электей көркөм, ынанымдуу түрдө элге жеткирүү дареметин сезип-туйган учурдан башталат экен. Абдысамат Сараланын башкалардыкына окшобогон ырларды жазуу далалаты да ичкериден булкунуп келген ушундай дем, умтулуу менен байланыштуу сыяктанат. Бирок бул жол канчалык опурталдуу экенин автор эч качан көӊүлүнөн чыгарбайт деп үмүттөнөлү.

Эмесе, автордун дагы бир ырын окуп көрөлү:

Синоптиктер кайра эле прогноздоп
жөн эмес, кар аралаш жамгырды.
Ноябрь… Кыш аралаш күз кооздойт
терезенин артындагы айдыңды.
Олтурам өткөн-кеткенди козгоп
кучагында жагымталдуу кайгынын…

Чакмак плед. Шахмат. Калган уланбай
партия… Кофе… Эске жылдарым
түшүп артта калган жана улам жай
агылгансып убакыттын ылдамы…
Терезеден мени тиктеп тургандай
Нарсулуунун муңайымдуу ырлары.

Жүрөк уйгу-туйгу… Аба ырайы
андан бетер толкунданып… А демек
интерференц., мыйзамына ылайык
балким бүгүн, үйдө калышым керек.
Бродскийдин сабы китеп бетинде –
“О бөлмөңөн чыкпа. Ката кетирбе.”

Солгундай сезилген ыргак лирикалык “мендин” эки анжы, ыкшоо абалын туюндургансыйт. Бирок уйкаштардын жеӊил-желпи (банал) эместиги да дароо көзгө урунат: “прогноздоп” – “кооздойт” – “козгоп”; “айдыӊды” – “кайгыны”; “чакмак” – “ “шахмат” (бир сап ичинде); “уланбай” – “ улам жай” ж.б. Мындай саптарга жалаӊ кат шөкөттөмө эмес, кыйла татаал маанай, биринен бирине өтүп жуурулушкан сезимдер чөгөрүлгөнсүйт.

Бул ырда поэзияга коошпойт деп эсептелүүчү, көзгө комсоо көрүнгөн сөздөр бар: “плед” (орус тилиндеги сөз), “прогноздоп” (термин), “интерференц.” (бул да термин, болгондо да саптын өлчөмүнө сыйбагандыктан эки муунга ажыроочу эки тамгалуу мүчөсү кыскартылган). “Жагымталдууну” окурмандар жасалма дешкенде, автор Токтосун Самудиновдон мисал келтирип, туюктан чыгып кетти эле. (Чындыгында бул сөздү аксакал акын деле муун өлчөмү менен ыргак үчүн эле “узартып” койгон экен). Бул аныктоочко айкаштырылган “кайгынын” кыргыз тилиндеги лексикалык чегин эске алганда, мындагы жаркын романтикалуу контекстке дегеле туура келбейт. Калемгердин кээде орусча ойлонору “кайгы” сөзүнүн бул тилдеги синонимдерин караганда байкалат:

На холмах Грузии лежит ночная мгла;
Шумит Арагва предо мною.
Мне грустно и легко; печаль моя светла;
Печаль моя полна тобою,
Тобой, одной тобой… Унынья моего
Ничто не мучит, не тревожит,
И сердце вновь горит и любит — оттого,
Что не любить оно не может.

Пушкиндин бул ырындагы “печаль”, “грусть”, “унынье” кыргызчага “кайгы” деп которулбайт. Абдысамат Сараланын ырындагы маанилик түспөлү (смысловой оттенок) да “элжиреткен сагынычка” (же – “тунук тунжуроого”) жакын, анткени “жагымдуу кайгы” болбойт. Кээ бир саптары орусчадан калькалап койгондой сезилет, мунун себеби автордун Иосиф Бродский, Андрей Вознесенский сыяктуу акындардын ырларына көбүрөөк кызыккандыгында болушу ыктымал.

Жаштарыбыздын башка элдердин акындарынан таалим алышына эч каршы эмесмин, бирок эне тилибиздин табиятын эске алып, буга чейин жетиштүү ачылбай келген мүмкүнчүлүктөрүн жүзөгө ашырууга умтулушса, бийик мүдөөлөр орундалат деп ишенем. Абдысаматка ыргакты укмуштай сонун жаӊыртып, кубулуштурган, тыбыштык курам аркылуу элестүү сүрөт тарткан, өзгөчө кооздукту кырданта чагылдырган  Пастернактан көбүрөөк үйрөн деп кеӊеш бергим келет. (Бул акындын Сагын Акматбекова которгон ырларын түп нускасы менен кошо жарыялаш керек; башкалар менен катар мен да 1-2 ырын которушка аракеттенген элем).

Ак жол!

… Ушинтип талдай берсе, бир-эки эле ырды узун сабак сөз кылууга болот. Жылт эткен табылгалары кандайча даана ачылып же тескерисинче эмне үчүн өтө бүдөмүк, кээде дээрлик такыр түшүнүксүз бойдон кала бергендигин; эксперимент жасоо мүдөөсү орундалышы үчүн эске албай коюуга болбос грамматикалык же стилистикалык эрежелерди эле эмес, жандуу тилдин сөз айкаштар деӊгээлиндеги эӊ зарыл, жөнөкөй талаптарын ж.б. жагдайларды башка бир учурда, башка ырлардын мисалында, балким, автордун өзү жана окурмандар менен чогуу кененирээк талкууларбыз. Азырынча үтүрлүү чекит коё туруп, авторго: “Адашуудан айбыкпаган изденүү сапарыӊ байсалдуу болсун!” — дейли.

Жолдош ТУРДУБАЕВ, адабиятчы.

Абдысамат Сарала: Мага эми жер түз эмес, шар сымал

5 Replies to “Жолдош Турдубаев: Адашуудан коркпогон Абдысамат”

  1. Калыс сын деп ушуну айтса болот. Жокенин адабий табити менен бирге адамгерчилиги, жаштарга жасаган аяр мамилеси байкалат. Калемгердин кемчилигин баса калып сындабай, ошол кемчиликтин ичинен кылтая баш баккан акындык көрөңгөнү көрө билгениң үчүн, алкыш!
    Ал эми Абдысаматта интеллект бар, ал изденүү жолунда. Жолдош Турдубаевдин ага жасаган аяр мамилесинен, албетте, жакшы жыйынтык чыгарарына ишеним бар. Анткени калемгер олуттуу ойломго эгедер.

  2. Абдысамат Сарала мен үчүн жаңы ысым болду адабияттагы.Өтө изденген жаш акын экени көрүнүп турат. Көнүмүш жолго, жамактатып төгө берген жазмакерлерден көрө бул акында көркөм туюнтмалуулук касиет бар экен абыдан.

  3. Абдысамат Сараланын ырларына Жолдош Турдубаев биз таптакыр күтпөгөн жаңычыл изилдөөсүн жарыялаптыр .
    Ж. Турдубаевдин ушул эмгегин окуп олтуруп , өзүм үчүн ЖАҢЫ АБДЫСАМАТ САРАЛАНЫ таптым …

  4. Түшүнсөм буюрбасын муну. Кыргыз баласы кыргызга окшоп эле чыгарма жаратпайбы башканы туураганда нени табат эле.

  5. Жаш акындын ырларын мурда окубаптырмын. Жолдош Турдубаевдин сыны мага жаңы акындын дүйнөсүн ачып берди.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.