<<<<< Башы

Реформа-Лютеранство-Протестантизм

Флоренциялык искусствочулардын жаңы ыкмалары, сүрөт, скульптура жана архитектурадагы жаңы ачылыштары Европада реформа аракеттерин баштатты. ХVI кылымдын биринчи жарымында католик чиркөөсүнө каршы чыккан протестантизм агымы пайда болду.

Протестантизмдин негизги идеясы “орто кылымдагы католик чиркөөсүнүн алгачкы – чыныгы христиандыктан четтеп кеткендигине байланыштуу туура жолго түшүү, алгачкы таза христиандыкка кайтуу” болчу.

Орто кылымда схоластик (чиркөө пикирин таңуулоо) католик чиркөөсүнүн индульгенция эрежеси бар болчу. Бул эреже боюнча күнөө кылган кишиден чиркөө кызматкери тарабынан акча алынып, ал жашыруун түрдө күнөөлөрүнөн арылтылчу, бул адат Европада коомго массалык түрдө жайылып кеткен. Индульгенцияны жеке кызыкчылыгына колдонгон чиркөө кызматкерлери, ошондой эле бейишке кирүү үчүн акча алып, байып коомго зыян тийгизе башташкан. Дал ушул себептерден улам илимий даражалары бар, өзү да чиркөө кызматкери болгон Мартин Лютер 1517-жылы 17-октябрда бир нече немис княздарынын колдоосу менен католик чиркөөсүнө жана Папага каршы ачык билдирүү менен чыгат. Реформанын башталыш тарыхы ушул күн болуп калган.

Нурланбек Мусаев: Жаңылануу – реформаны алып келет

Бул билдирүүдөгү 95-пункт менен Ватиканды жана папалыкты сынга алат. Кыскачасы, бул сында: индульгенцияга, Рим папалыгына таандык өзгөчө күнөөлөрдү кечирүү укугуна, христиандык куттуу китептерди бириктирүүгө ж.б. каршы пикир айтылат. Лютер: Кудай менен кулдун ортосунда ыйык Исадан башка эч ким болбошу керек, бейишке киргизүү же күнөөлөрдү кечирүү жалгыз гана ыйык Кудайга таандык иш деген негизги пикирин билдирип чыгат. Бул билдирүүдөн кийин Папалык Лютерди Ватиканга талкууга чакырса да, ал баруудан жана Папага баш ийүүдөн баш тартат.

Кийинчерээк Мартин Лютердин Библияны немис тилине которуусу протестанттык агымдын Түндүк Европа жана Англияга кеңири жайылышына себеп болот. Протестанттык кыймыл католик чиркөөсүндө жана бүтүндөй Европада социалдык, саясий жана экономикалык өзгөрүүлөргө себеп болду. Чиркөө алсыздап, Европа өлкөлөрүндө диний согуштар чыга баштады. Мамлекеттер арасындагы саясат диний багытка карап өзгөрдү.

1648-жылы 24-октябрда Вестфалдын Мюнстер шаарында “Вестфаль тынчтык макулдашуусу” менен реформа аракеттеринин да, узак жылдарга созулган диний согуштар да, ошондой эле жалпы Европадагы араздашуулар да токтоду. Бул макулдашуунун тараптары Ыйык Рим империясы, Провинциялар Республикасы, Шведция, Франция королдугу, Швейцария жана Испания болчу.

Макулдашуунун жыйынтыгында: мамлекеттер каалаган динди жана агымды тандай алат, протестанттык расмий түрдө таанылат жана католиктер менен бирдей укукка ээ болот, 1624-жылга чейин тартып алынган чиркөөгө таандык жер тилкелери мыйзамдашат, Ыйык Рим империясынын күчү азаят, императорлор менен королдордун статусу теңделет, мамлекеттер аралык карым-катнашта монархиянын ролу суверендүү мамлекеттерге өтөт.

Нурланбек Мусаев: Демократия жана Евро Биримдиктин баалуулуктары – 2

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.