Олеся Ахмеджанова

Ар бир маданияттын кызыктуу жактары бар. Кээсин үйрөнүп алгың келет. Жапондордун каада-салттарынан тапкандарыбызды байкап көрүңүз. Балким, алардын айрымдары ички дүйнөңүзгө үңүлүп, жашооңузга жаңы нерселерди киргизүүгө түрткү болуп калышы ажеп эмес.

Ат коюу

Жапонияда 9-кылымда эле бир же эки кытай иероглифи менен жазылган ат коюу ырымы (имина) орун алган. Адам менен ага коюлган ысымдын ортосунда көзгө көрүнбөгөн, тагдырга таасир тийгизчү сырдуу байланыш бар деп эсептешчү. Ошондуктан адам бирөөгө атын атап таанышканда, өзүнүн ички дүйнөсүнүн бир бөлүгүн ачып берет. Сүйүшкөндөр бири-бирине чыныгы ысымдарын айтуу менен туруктуу болууга убадаларын бекитишкен. Самурай өз мырзасына берилгендигин өз уруусун мүчөсүнүн ысымын атоо аркылуу күбөлөндүргөн.

Жүз жылдан кийин бул ырым жоюлду. Бирок ысымдарга болгон этият мамиле кала берди. Жапондор дагы эле ат коюуда анын маанисине чоң көңүл бөлүшөт. Мисалы, 2017-жылы эркек балдардын ысымындагы эң популярдуу 陽 — «күн», ал эми кыздардын ысымынын алдында 結 — «байланыш» деген иероглиф болгон. Бул бир аз мурда болуп өткөн жаратылыштагы табигий кырсыктардан кийин, адамдардын үй-бүлөдө болобу, коомдо болобу, өз ара байланыштарына жана бири-бирине көмөктөшүү муктаждыктарына болгон талаптар өскөнүн көрсөтөт.

Ден-соолук

Башка өлкөлөргө салыштырганда Жапонияда адамдардын  узакка жашоосунун орточо көрсөткүчү жогору, ал Гонкогдон кийин экинчи орунду ээлейт (Эркектер 80 жаш, аялдар 86 жаш). Жапондордун узакка жашоосунун сыры эмнеде?

Биринчиден, Жапониянын саламаттык сактоо системасы дүйнөдө эң алдыңкы орундарда турат, ал эми медицинанын сапаты батыштыкынан кем калбайт. Экинчиден, жапондук адам сергек жашоого олуттуу мамиле жасайт, дарылануу алар үчүн акыркы каражат.

Улуттун ден-соолугуна эң чоң таасирди туура ТАМАКТАНУУ тийгизет. Ал алардын күнүмдүк жеген-ичкениндеринен эле байкалат. Итидзюиссай —  бул сөз дасторконго коюлуучу тамактардын минималдуу өлчөмүн билдирет: бир порция суп жана жашылча менен күрүчтөн турган бир порция тамак. Мыкты аппетит бааланат, бирок соргоктукту уят иш көрүшөт.

Жаратылыш жана тынчтык

Жапония От шакегинин түндүк-батышында, – тектоникалык кыртыштар тез-тез жер титирөөлөр менен вулкандарды пайда кылып турган жерде жайгашкан. Кино сынчы Энтони Скотт, жадагалса ойлоп табылган түрү суук Годзилланы, жаратылыш күчтөрүнүн Жапонияны урматтоо көрүнүшүн чагылдырган образ деп белгилейт.

Тарыхты география жаратат дешет. Ал адамдарды да, азыр кандай болсок, ошондой кылып жаратат.

Жаратылышты өзгөртө албайсың, жапондор муну билишет. Алар муну тагдырына жазылган нерсе катары кабыл алышат. Ошону менен бирге, ортодогу өкүм сүргөн тынчтыкты да баалай билишет. Коркуп жашаган жашоону, жакшы жашоо деп айтууга деле болбос. Ошондуктан, жапондор айлана-чөйрөнүн тартуулаган жыргалчылыктарынан ыракат алып, анын сулуулугуна суктана билишет.

Икигай

Биз батыштын тарыхында бир баатыр чыгып, көпкө каршы чыгып жеңип чыкканына көнгөнбүз. Рокки Бальбао сыяктуу каармандар ушундай кылышат. Бирок Жапонияда таптакыр башкача. Бул жакта самурайлар бирдиктүү команда түзүп, чоң күчкө айланышат. Коомдун мүчөсү экендигин сезүү – жапондук адамдын өзүн сезе билүүсүнүн маанилүү бөлүгү.

Жапондор мындай сезимди икигай (生きがい) — өз жашоосунун коомго пайдалуу экендигин сезүү деп эсептешет. Бул сөз эки муундан турат: ики (生き) — «жашоо» же «тиричилик» жана кай (甲斐) — «эффект» же болбосо «жыйынтык». Жапондуктар ар ким өзүнүн икигайы жөнүндө ойлонсо, дүйнө жүзү тазармак деп эсептешет. Алардыкы туура сыяктуу.

Жөө басуу

Эгерде ат чабуу – бул британдык королдордун спорту болсо, анда жапондук императорлордун спорту – жөө басуу. Байыркы Японияда куними же «королдукту карап чыгуу» деген адат-салт болгон: бийлик ээлери өзү ээлик кылган өлкөдөгү эң бийик чокуга чыгып, өлкөсүнө көз чаптырып, жакшы түшүм болсун деп бата беришкен.

Макалда айтылгандай: «Сен тоого тазаруу үчүн барбайсың, тоого сен тазарып алган үчүн барасың».

Азыркы мезгилде жөө басуу кайрадан популярдуу боло баштады. Жапондуктар көр тирликтен эс алуу үчүн тоого ар дайым шашылып турушат. Алар синрин-йоку, башкача айтса “токой ваннасы” деген жаңы түшүнүктү ойлоп табышкан. Ал ден-соолукка аябай пайда дешет. Айтмакчы, аны Жапониядан башка жактардан деле алса болот.

Күзгү түстөргө аңчылык

Жапондордун кээ бир салттары ушунчалык жөнөкөй жана маңыздуу дейсиз, тим эле адамды таң калтырат. Мисалы, күз бою жапондор жыл мезгилинин алмашуусуна көз салып, анын сулуулугуна суктанышат. Бул нерсеге да ат коюп алышкан: «момидзигари» — «күзгү түстөргө аңчылык». Адамдар жалбырактардын түс өзгөрүшүнө байкоо жүргүзүп, ошондон ыракат алышат. Ушунчалык жөнөкөй жана сонун салт.

Оор басырыктуулук жана ыраазычылык

Жапондордун башка тилдерге которгондо так маанисин бере албаган көп сөздөрүндө, окшош бир нерсе бар: алар адамдардын ортосундагы социалдык мамилелер менен же өздөрүнүн салттуу философиясы менен байланыштуу. Алардын айтылышына баам салсак, көпчүлүк жапондор оор басырыктуулукту жана ыраазычылыкты жактырышат.

Мисалы: いただきます тамак жээрдин алдында итадакимасу деп айтасыз, анын мааниси француздардын bon appétit деген сөзүнө окшоп кетет, бирок жапончо сиз жей турган тамак үчүн ыраазычылык билдиресиз. Сөзмө сөз которгондо — «Муну алууга мага уруксат бериңиз» деген сүйлөм сиздин  оор басырыктуулугуңуз менен сабырдуулугуңузду, ошол эле убакта ыраазычылыгыңызды билдирет. Ыраазычылык үй ээси менен ашпозчуга эле эмес, ал азыкты өндүрүүгө тиешеси бар фермерлерге, балыкчыларга, күн нуруна, жамгырга жана башка жаратылыш күчтөрүнө багышталат.

おつかれさま  Оцукарэсама — бул сөздөрдү айтуу менен сиз ал адам жакшы эмгек кылганын белгилеп айткан болосуз. Түз котормосу: «Сиз чарчасаңыз керек», бирок бул жерде эч кандай жаман ой жок. Бул жерде кеп талыкпай эмгек кылган адамдын чарчоосу табигий нерсе экендиги жөнүндө болсо керек. Сиз анын кылган эмгегине ыраазычылыгыңызды билдирип жатасыз.

つまらないものですが сиз белек бергенде: «Цумаранай моно дэсуга» деп айтыңыз. Кызыгы, бул фразанын мааниси: «Бул анча деле кызыктуу буюм эмес». Жапондор белекти алган киши милдеттүү болуп калбас үчүн белектин баасын төмөн түшүрүп айтышат. Буга окшогон көрсөтмө мамиле социалдык мамилелердин ортосундагы сүрүлүүнү азайта турган майлоочу майдын кызматын аткарат.

おたがいさま отагайсама деген бул сөздүн котормосу: «Сен кандай болсоң, мен ошондоймун» же «Сен кандай кылсаң, мен да ошондой кылам». Эгерде бирөө сизден кечигип калганы үчүн кечирим сураса, сиз ага: «Отагайсама» деп жооп бересиз, бул — «Эч нерсе эмес, мен деле сиз сыяктуу кечигип калышым мүмкүн эле» деген сөз.

«Жапондор кандай жашашат» аттуу китептен алынган материалдардан алып которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.