АҢГЕМЕ

Июнь айынын ысык күндөрүнүн бири. Мен дарыя жээгинде кеменин тактайларына эртеден бери кара май жаап, түшкү тамактын убагы жакындап калган кезде арт жагымдагы чоң кыштакта ачыккан буканын өкүрүгүндөй ачуулу күрүлдөгөн үн уктум. Мен ачка элем, жумушту эртерек бүтүрүш үчүн так ошол алыстан чыккан күркүрөк дабышка оболу анчалык көңүл бурган жокмун, бирок ал жаңы башталган өрттүн түтүнү калыптана уламдан улам күчөй берди.

Кыштактын үстүндөгү ысык абада буруксуган боз чаң турат, мен эми кыштак жакка карап, ар түркүн үн чаңга кошула жерден жогору көтөрүлүп, абаны толуктап жаткан сыяктуу көрдүм. Чаң барган сайын коюулап, дабыш улам катуурак жана ар кыл угулуп, абанын калтырашы менен бирге кандайдыр жаман жөрөлгөнү сезген жүрөк да калтырай баштады…

Мен жумушту таштап, кумдуу кашатка чыксам: үйлөрдүн дарбазасынан сыртка секирген эл кыштактын ичин карай көчөнү бойлоп жүгүргөн бойдон баратышат, иттер жана майда балдар алардын артынан чуркап, чочуп учкан кептерлер бийикте сабалап, тооктор аяк астында жан талашып жүрөт. Жалпы дүрбөлөңгө кошула мен да жүгүрдүм.

— Елизаветинскиде мушташып жатышат! — деп кыйкырды кимдир-бирөө.

Жүгүргөн элдин каршы алдынан кара жолдо божусу менен атын аябай сабап келаткан арабадагы киши үнүнүн бардыгынча бакырып:

— Биздикилерди токмоктоп жатышат! Крючниктер!— деди.

Мен тар көчөнү карай кайрылып, токтоп калдым. Топураган калың эл капка толтура салынган буудайга окшоп, бул көчөгө жык толушту. Кайдадыр — алды жактагы али алыс жерде кишилердин өкүрүп-чыңырганы угулуп, айнектер шаңгырап, күрс эттире ургандай болуп, эмнедир чарт-чурт жерге кулап, ар кыл дабыш күзгү булуттай бирин бири баса каптап, эми салмактуу кара булут сыңары абада каалгып баратты.

— Жүүттөрдү уруп жатышат! — деди үстү-башы таза, сын-сыпаты жакшы абышка моокусу кангандай. Анан катыңкы жана кичинекей колун катуу укалап: — Буларды так ушинтиш керек! — деген сөздү кошту.

Күрү-күү делебени козгоп, өзүн карай тарткан күчүнө багына мен ары карай илгери умтулдум. Так ушул үрөйдү учурган чуу жалаң мени эмес, сормо саз сыяктуу элдин бардыгын өзүнө тартты. Менин алдымда элес-булас көрүнгөн кишилердин өңү кандайдыр обдулган жана жапырт оой берген калыпта каарданып, көздөрү сууктана жаркырап, жылчык калтырбай жынч каптаган калың эл бүт бойдон илгери жылып, өзүн кыскан дубал жана коргондорду томкоруп ташташка, ар бири алдыңкы кишини аяк астына жыгып, анын денесин жерге жапшыра тепсеп кетишке даяр сыяктанат.

Мен тар көчөдөгү короолордун бирине чуркап кирип, андан экинчи короого секирип, анан дагы, дагы өтүп отуруп, акыры калың элдин кысмагына кайра кошулдум. Эл бөлөк-бөлөк жана өзүнө улай салган майда тамдары эң эле көп лакыйган таш үйдүн короосуна жынч топтолуп, астындагы жер силкинип жаткандай кайнап турган экен. Буларга жин тийгендей баштарын өйдө көтөрө бакырып-өкүрүп, беттери кызарып-татарып, ачык ооздорунда тиштери жаркырап, колдорун сермей бирин-бири түрткүлөшүп, үйлөрдүн үстүнө чыгып кулап кетип, анан кайра дагы чыгат. Бирок ар кишинин кыймылы ар кыл экенине карабастан бардыгы кандайдыр жалпы түргө айланып, айрым адам жалгыз гана зор дененин мүчөсү болуп, бардыгына жалгыз зор күч дем берип жаткансыйт.

Так ушул каар менен ширеле бирине бири бекем чапталган калктан өйдөкү бийикте, үйдүн төбөсүндөгү мордун жанында узун бойлуу, арык еврей турат. Ал колу менен мордон жулуп алган кирпичтерди ылдый ыргытып, бир деңке деп ак чардакча катуу чаңырат. Аппак чоң сакалы көкүрөгүн жаба желбиреп, ак шымына кызыл темгилдер толуп кеткен…

Долу кыйкырыктар ошол жогору карай кетип жатат:

— Мылтык менен атып түшүр!

— Алып кел мылтыкты! Таш менен ур!

— Чыгып бар ага!

Үйдүн терезелеринде кишилердин карааны көрүнө калат. Алар рамаларды бузуп, ар кыл буюмдарды короого ыргытып жатышат. Айнектер шалдыр-шулдур ылдый учат. Мына эми, кең далылуу, тармал чач жигит чоң күзгүнү терезеден сыртка чыгарып:

— Эй, сактангыла! — деп кыйкырды.

Анан күн нуруна чагыла ал жерге учуп жөнөдү. Жигит күзгүнүн соңунан терезеден мойнун созду. Анын жайык бетинде эч кандай каарданган элес жок, түйшүктөнө мостоюп гана турат. Дагы бир терезеде колуна жастык көтөргөн кара сакал мужик көрүндү. Жастыкты ал айрып жибергенде аппак майда канаттар абага булуттай толо жайылды.

— Кар жаай баштады, мурдуңарды үшүтүп албагыла, балдар! — деп кыйкырды мужик, ак пырлар жердеги кишилердин башына кандайча конгонун карап туруп.

А короонун ичинде дагы эле бакырган үндөр:

— Бери келгиле! Челектин ичинен жууттун балдарын таптым!

— Ур аларды!

— Башын дубалга койгулап жанч!

— Эй, картаң жуут! Түш бери, балдарыңын балдарын таап алдык!

— Чатырдан түш, болбосо тукумуң өлөт… Жаш баланын кулак тундурган чыңырыгы абаны жарып, так ушул укмуштай жаман дабыш калың элдин күңүрт бакырыгын бүт баса булуттагы чагылгандын оту сыңары жарк этип өткөнсүдү. Мындан кийин бөлөк уу-чуу басаңдап да калгансыды.

— Тийбе! — деп өкүрдү кимдир-бирөө.

— Балдарга тийбе!

— Чоңдорун ур!

Баланын чыңырган дабышы дагы чыгып, курч жана ипичке үн жүрөктү кескилеп, бөлөк дабыштын бардыгын басып өттү.

— Ой, оңбогон азезил! — деп кимдир-бирөө бөлөк дабыштардын баарынан ашыра кыйкырды.

— Башыңа тийдиби?

— Бутумду сокту…

— Таамай урат, картаң шайтан!..

— Антип! Барып, жүүттү ыргыта коёлу!

Крючниктерден лакыйган экөө топту жарып келип, чоң үйгө жармашкан кичине тамдын үстүнө жөнөштү. Баякы кызыл беттүү мостойгон жигит терезелердин биринен дагы көрүнүп, кандайдыр шкаф же ящикти чымыркана сыртка түрткүлөп, өзү ылдый карап:

— Балдар, идиш-аякты тосуп алгыла… — деп кыйкырды.

Ящик терезеден өтпөй койду, ошондо жигит аны өзүн карай кайра тартып, бир минутка көрүнбөй калып, анан терезеге дагы келип, карышкырдай узак улуп: — Сак-та-ан! — деп кыйкырды.

Терезеден тарелкалар тобу менен ылдый ыргып, анын соңунан жаңы самоор бийикте жаркырай түштү. Жердеги эл баштарын калкалап, туш-тушка качып, каткыра күлүп жүрүшөт. Жоон сары жигит жердеги самоорду колуна кармап, башынан ашыра бийик көтөрүп, кайра жерге катуу уруп, анан буту менен тепкиледи.

Үйдүн төбөсүндө кандайдыр жапайы кыйкырык чыкты. Элдин баары башын жогору көтөрдү. Тунуке тарса-турс болду… Анан чатырдын четки кырына эмнедир чоңурак нерсе келип, ал бир канча секунд салаңдап туруп, бийикте тирт-тирт этип анан катуу чыңырып, улуп-уңшуп, чатырдан бөлүнө ылдый учту… Жумшак гана былч эткен жаман дабыш угулду. Мен чыдай албай короодон чыга качып, салтанат кура бакырган үндөр соңуман кошо келип жатты:

— А-а…

— Кандай?

— Ыргыта коюштубу!..

Көчөдө калк стул менен столдорду сындырып, сандыктарды талкалап, кандайдыр кийимдерди тытып, каткыра күлүп да жатышат. Абада жастыктын пырлары учуп, эки үйдүн терезелеринен жастык, корзина, мебель, ар кыл чүпүрөктөр жердеги элдин аяк астына түшүп, бардыгын кыйратыш үчүн жиндене кызып алган көпчүлүк аны колуна алаар замат тыткылап, бүлдүрүп, сындырып, ургулап жатат. Үстү уйпаланып, тердеп, кызарып алган эки аял бир эле ящикке бекем жармашып, экөө эки жакка тарткылайт. Алар бирине бири эмне жөнүндөдүр кыйкырышып, пыр жана майда канаттар баштарын айланып учуп, экөө тең оозду аңырдай ачса да, жыгачтын тарса-турсу көпчүлүктүн бакырык-өкүрүгү, үйдүн терезесинен чыккан жапайы чыңырык, коркконуна чыдабаган катуу кыйкырык алардын үнүн эч угузбайт.

Көйнөгү айрык, башында шапкасы жок, лөкүйгөн мужик жаныман басып өттү. Чачы бүт уйпаланып, кир баскан бетинде кара-кочкул коюу каны агып да жүрөт. Ал колун туш-тушка сермеп, өзүнө өзү ыраазы болуп, курсагы тойгон жырткыч айбанча жымыңдап коёт. Мына эми фонардуу устунга барып, аны бекем кучактап, жайык төшү менен жыгачты жөөлөп жыкмакчы болду, фонарь чайпалып, жерге кулады.

— Кый-ра-ат! — деп кыйкырган бойдон дагы бир мужик фонардын устунуна чуркап жетти. Устунду ал да кармап, эми экөө биргелеше копшутуп жатты.

Көк түтүнгө учуп кирген көгүчкөндөй болуп, көйнөгү тытык, чачы саксайган кыз кайдандыр жетип келип, калың топтун арасына кирди. Ал башын чалкалата илгери жүгүрүп, купкуу бетиндеги көздөрү укмуштай чоң сыяктанат.

— Ур жүүттүн кызын! — деп бакырды кимдер-бирөө.

Калың элдин ичине кирген кыз үйүлгөн чымындын астындагы канттын күкүмү сыңары көрүнбөй калды. Анан анын үстүнө кишинин тулкулары кандайдыр кара-күрөң түстөгү боткодой кайнап, муштумдар өйдө карай улам-улам көтөрүлө калып, табасы кана тамакты кырган жана былч-былч эткен дабышы угулуп турду. Уятты такыр билбеген шылдыңдоо, орой сөгүүлөр, жыланча ышылдоо — мына ушунун баары өчү канган каардуу чууга айлана биригип кетти.

— Жол бошот, калк! Зельман келатат!

Муну таш төшөлгөн ичке жолдо бир нерсени көтөрүп келаткан топ киши кыйкырды. Алардын колундагысы тирүү адамбы же адамдын өлүгүбү: жарым-жартылай жылаңач, катыңкы денеси жанчылган, тытылган, кан аралаш ылайга баткан. Зельманды жоон жип менен бутка чапкылашып, өзүн жерге тийгизбей көтөрүп келатканда таш жолдун бетинде кандын жайылган изи калып жатты. Катыңкы узун колу так ошол таштагы канга малынып, акырегинин астында сулп эти сөөктөн ажырап, каны менен кошо жийиркеничтүү салаңдап, ташка тийип жүрөт.

Жүгүрүп жеткен өспүрүм бала өлүктүн үстүнө секирип чыгып, эки буту камырга баткандай анын курсагына бата түштү, а баланын өзү колдорун сербеңдете жыгылып кетип, элдин каткырык-күлкүсүн күчөттү… Зельман бай подрядчик болучу. Мен муну тирүү кезинде көп эле көргөм, бирок азыркы көргөнүм Зельмандын өзү тургай, деги адам баласына эч окшобойт.

Мындагы оор укмушту көрө башым маң болуп, чаңга аралаша демим кыстыгып, калың элдин ичинде арыктагы сууга түшкөн чамынды сыңары курулай чамынуу менен бирге ушунун баарын эң эле жаман түшкө окшото карап турдум. Тигиндеги суу аккыч трубага илинген ак юбка бийикте тургандыктан аны алыш үчүн бир кемпир бут учу менен өйдө көтөрүлүп, кара-күрөң арык колун канчалык созсо да жетпей, анын жанында дагы бир чоң сакал мужик үксүйгөн башына дукаба картузду кептеп кийип жатат. Балдар чоңдордун буттары арасында күзгүнүн сыныгын тере култулдашып, алардын бири учуп жүргөн канатты кармайм деп, улам-улам өйдө секирет.

Кынындагы кылычын күүлөп, жүгүрүп келаткан полицейскийди мазак кылышып, артынан кыйкырып калышат:

— Карма муну!

— Сакчынын сазайын бер!

Жүгүрүп келаткан полицейскийдин алдына кимдир-бирөө сынык ящикти түртө салып, бул тоңкочук ата жерге кулап, дүңгүрөгөн катуу каткырык абаны каптайт.

Мен алды жагыма карап, баштын канга боёлгон кичинекей териси чачы менен кошо жерде жатканын көрдүм…

— Ка-алк! Бери кел!

Бул кыйкырык короонун ичинен чыгып, элдин баары жапырт толкуп, дарбазаны карай удургуйт. Кишилер кандайдыр коркулдаган, ырылдаган, бакырып-өкүргөн үн чыгарышат.

— Ур! У-урр!..

Экинчи кабатта, үйдүн ичи жагынан бирөө лом менен койгулап, эки терезенин ортосундагы дубалды бузуп, көчөгө аппак чаң аралаш кирпич жана акиташты уратып жатат. Терезеден учуп чыккан поднос абада айланып келип, семиз катындын так башына түштү. Катын чыңырган бойдон отура калды.

Ичке жолго өйдөтөн түшкөн кирпич үйүлдү. Ортоңку дубал бузулуп бүтөр замат үйдүн боорундагы аңырайган түрү суук тешикте чоң шкаф салмактана жай берилеп, селт эткенсип, дубалды бойлоп араң жылып, үстүңкү кырга такала калып, оодарыла ылдый кулап, анан жолдун ташына тийгенде тарса-турс талкаланып кетти. Абаны тынымсыз каптаган күрү-күү көзгө көрүнбөй буркан-шаркан түшө каардын көбүгүн жамынып, өз жолундагы кыртышты бүт жулмалап, биротоло жинденип алган агыны катуу дарыяга окшойт…

Ошол күнү кечке жуук кыштак аянтында, казактардын сакчылык отрядын жандап өтүп баратып, алардын бири экинчисине:

— Он төрт жүүттү ойрондоп салышты…— дегенин уктум.

Экинчиси түтүктөгү чылымын гана чегип, эч жооп кайтарган жок.

Бул окуя 1885-жылдын июнь айында, Ока дарыясынын боюндагы Нижний-Новгородго бет маңдай турган Кунавино кыштагында болуп өттү.

Которгон К.Эшманбетов

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.