Конкурска: Жайчылар (№51)

АҢГЕМЕ Көрүстөндүн эшигине салынган темир кулпулар тоңуп калыптыр, экөө үйүнөн ала чыккан күкүрттөрдүн экиден-үчтөн талын бирден алмак-салмак күйгүзүп атып, музун араң эритип, ошондо да чилденин суугун сиңирип алган темирлердин калиттерин эптеп бурап, кычыратып атып зорго ачты. Кар бир түндө тизеден жаап салыптыр. Мындайда багымдат намазга келгендер да көрүнбөйт. Ай конор жайына кыялай түшүп барат. Жылдыздар жоголуп, жер эми жарый баштады. Атамзамандагыдай жыгач эшиктер ысыкта кыйчылдап ачылар эле, бул жолу кар тиреп калыптыр, экөөлөп жыгач күрөктөрү менен дарбаза эшиктин жан жагын […]