Диляра Тасбулатованын икаялары: Окурмандар жана жазуучулар

Музыка – ыйык Адабият – ал да ыйык анан театр сыяктуу жана башкалар. А юмор үчүн дайым эле тумшукка, тумшукка… Сулуулук дүйнөнү сактап калат Бир жолу  Россия Федерациясынын президенти жазуучуларды кабыл алыптыр: орус адабиятынын келечеги тууралуу сүйлөшкүсү келген го, сыягы. … Мен президент болсом, мен да жазуучуларды кабыл алып турмакмын. Маселен, өзүмдүн дачамда дегендей. Анан аларга өз “икаяларымды” окуп бермекмин. Ошондо Толстой (кадимки эле Лев Николаич) менинин икаяларымды угуп, кубаттап башын ийкеп турмак. Эми Лев Николаич  абийирдүү адам катары, принцип […]

Баарыбыз үчүн: жан-дүйнө дартына даба болор жомоктор

Терапиялык жомоктор нагыз укмуштарды жаратат. Алар жашоонун ар кандай жагдайларында келип чыккан балдардын көйгөйлөрүн чечүүгө жөндөмдүү. Балдарга жомок окуп берсеңиз, аларга жакын болуп, бири-бириңерди жакшы түшүнө баштайсыңар. Алар жөн эле алаксытып, көңүл ачпайт, алар сөзсүз көп пайда алышат. Анткени өспүрүмдөр кыйынчылыктар менен күрөшүүнүн жолдорун үйрөнүшөт, өз алдынча болууну адат кылып алышат. Бул жомоктор 9 жаштан 16 жашка чейинки өспүрүмдөргө арналган. Эгерде, ал өзүн чоңоюп калгандай сезип, жомок уккусу келбесе, анда жомок деген сөздү кызыктуу окуя, үлгү болор тарых деген сыяктуу […]

Михаил Лермонтовдун ырлары Шайлообек Дүйшеевдин котормосунда

КОШ БОЛ, РУСЬ… Кош бол, Русь, Таранбаган, жуунбаган, Кулдар менен, курчирендер Мекени, Мырза болуп алгандардын денебизден кетпей турган кесели, Юбкалары батташкандар Көр дүйнөдөн башкаларды ойлобогон бүгүн менен кечеги, Көк мундирчен паракорлор, акча десе өлгөндөр, Катынынан чинди жакшы көргөндөр. Кош, коркок Эл, Ушулардын дегенине көнгөндөр, Тирүү туруп өзүн өзү көмгөндөр! Бардык жерде көрө турган көзү бар, Бардык жерде уга турган кулагы бар, АКМАКтын![1] Азабынан кутулармын жашырынсам балким мен, Тоолоруна Кавказдын. ЖЕЛ КЕМЕ Агарат жалгыз жел кеме, Деңизди туман талашат. Ал сүзөт […]

Касымалы Баялиновдун “Кыйын өткөөл» повестиндеги маанилүү ойлор

Канча жесе да кардыгына как, курсагына жук болбогон тамаксоо, алкы бузук, ач көз адамдар бар.  Ушундай адамга ичти күйгүзүп апам турмушка чыгып олтурбайбы. ♦ ♦ ♦ “Асылган оору алмайынча койбойт» деген сөз бар. ♦ ♦ ♦ Сыртынан сылангандардын ичи көңдөй болот. ♦ ♦ ♦ Өлүм аз кылат, оору кор кылат. ♦ ♦ ♦ Өз жерибизге жетип, агын суусунан татып, атыр жыттуу чөбүнөн жыттап өлсөк,  арманыбыз болбос. ♦ ♦ ♦ Ишиң оңолгончо итиңе кош арт. ♦ ♦ ♦ Заалымдар болгон жерде […]

Мамат Сабыров: Апыз

АҢГЕМЕ “Менден эмне калат: Эки сап ыр, Эки сандык китеп, Бир үймөк топурак” (Мухаммад Юсуф) Тойлор улам аздап барат. . . Жок, тескерисинче, той оголе көп. Мурдагыдай күздү күтмөй, бышыкчылыкты, жер-жемиш арзандаганын күтмөй жок азыр. Жазында деле, кышында деле, дүйшөмбү күнү деле, бейшемби күнү деле той. Тек, аны тойго чакыргандар аздап баратат. Азыр жаңы, бүгүнкү күндүн ырларын ырдаган жаштар чыккан. Синтизатор, фонограмма дегендер чыккан. Анын аккордеондун коштоосунда аткарган эски ырларын өткөн мезгилди, ошол доордо калган жаштыгын сагынган улуу муун эле […]