Макалада учур адабиятынын өкүлдөрү Бекмурат Келдибаев менен Маматыйса Абдыкаимовдун чыгармачылыгына карата сын айтылат жана бүгүнкү күндөгү адабияттын оош-кыйышы туурасында учкай кеп уланмакчы…

Кийинки  учурда жаштардын жаңыдан чыгарууга бел байлаган ырлар  жыйнагын  дасыккан  калемгерлерге окутуп, же чыгармачыл  чөйрөдө талкуулатып,  кандай болбосун  бир канча пикирлерди угуп,  кемчилик  менен  мүчүлүштүгүн  оңдоого болгон аракетти  байкоо кыйын.

Буга азыркы адабияттагы  калемгерлердин  убактысынын жоктугу же кайдыгерлиги, кандайдыр бир тааныштык же болбосо жеке мамиледен улам окубай туруп эле  баш сөз же каалоо жаза  коюу  өнөкөтүнүн  күч алганынан байкалат.

Ал эми  мамлекеттик  сыйлыктарга сунуштоо жараяны да аттуу-баштуулардын артынан чуркап, же ортого киши салып, кадыры  калыңдай  түшкөндөргө “сизиң-бизиң” мамиленин  ажаты ачылмайын, пикир  жаздыруунун  кыйындыгын моюнга алган оң. Биз кимдир-бирөөлөрдү  күнөөлөөгө  же таарынтууга   оюбуз да жок, анткени  улуттук  адабияттын   өнүгүү  жолунда (анда Жазуучулар союзу иштеген, жанрлар боюнча секцияларда  жоопкерчилик болгон) жаш калемгерлерге жасалган   мамиле, алардын өсүүсүнө болгон  камкордук, чыгармаларын  талдап-сындап, оңдоп-түзөө, редколлегия чечиминин негизинде  мамлекет эсебинен  планга киргизүү,  басмаканаларга   сунуштоо салт  болгон, тартип, эреже ошону  талап  кылган.

Азыр  Жазуучулар союзунда жаш калемгерлер тургай  такшалган  акын-жазуучулардын   чыгармаларын  талкуулоо, сын-пикир  айтуу, ак жол каалоо  сыяктуу  приоритеттер базар экономикасынын жапайы мыйзамындай жең ичинен, тааныш-билиш же  көңүл үчүн  айтып, жазып коюу, окубай туруп “окубасам  деле  пикиримди  айтайын” деген таризде күчөп турганда, жаш  калемгерлерди   күнөөлөөгө  же учуртуп  мактоого болобу…

Арийне, биздики куру сөз болбосун үсүн Бекмурат Келдибаев аттуу автордун китеп болуп жарыкка  чыккан эки ырына назар таштап көрөлү.

Кыр-кырларга кызыл жагоо байланган,
Бороон согуп бычак мизин  кайраган.
Маарасына  бул мезгилдин күз келди,
Мажрүм тал чачын тарап кайрадан.

(Күн жамынган аска. Бишкек. 2015-ж. “Күз” 14-бет)

Акын  күздүн  пейзажын тартып бергиси келди,  бирок биринчи саптагы ойдон  “Кыр-кырларга  кызыл  жагоо байланган” кырлардагы  кызыл түстүү  боёкту көрө албай жатсаң, бычактай миздүү  кайдагы бороон (кыш болбосо) ызгаар  келет да, күздө жалбырактары саргарып күбүлүп түшө баштаган мажрүм тал сеңселип,  жаздагыдай  чачын тарай албасы белгилүү.

Ырас, жаңы чыккан чөп менен бышкан чөптүн жыты  ар башка, аны  көркөм боёксуз,  салыштыруу, эпитет, метафора, кыскасы, көркөм сөз каражаттарысыз эле туюнтса (4 куплет ырда  7 жолу “күз”, 2 жолу “барик” деген сөздү кайра-кайра  кайталай берип), табияттын  күзгү көрүнүшүнөн  калемгердин жеке өзүнө тиешелүү  сөзү, ою, бүтүмү айтылбаса, кантип  ырга  айланат? Мажүрүм талдын  жалбырагы күбүлүп бүтсө, “чачын тарашка” шайы  келбешине  экинчи куплеттеги экинчи сабында “бак-дарактан барик учат  желбиреп, барик толгон  аңыз талаа  телмирет” деп, автор өзү каршы чыгып жатат.

Күздүн мындай көрүнүшү акындын маанайына да таасирин тийгизгени,  ички жандүйнөсүндөгү купуя бир нерсени айткысы  келгени менен аны мажүрөө, көндүм, штампка айланып  бүткөн (сары тон, кара тон, ак тон ж.б. “саргыч өңү — сагыныч апамын, күздүн анда өпкүлөйүн тапанын…) саптар менен айласыз (изденсе кана…) шөкөттөп таштады.

Бөлүшүүгө сагынычымды күз менен,
Кийип чыктым саргыч тонду желбегей.

Бул автор жаш деле эмес, бирок уйкаштык кууп  отуруп, ырды оңой (гезит-журналдарда, соцтармактарда күндө, күн алыс  ыр жазгандардын кулагына күмүш сырга  болсун дейм) эле чампалап салган авторлордун дээрлик көпчүлүгүнө тиешелүү адат экени  өкүндүрөт.

Керилген жайлоо көк жайык,
Өзүңдөн турат көз тайып,
Кызгалдак өскөн талаалар,
Карачы кандай ажайып,

*     *     *

Ийрилип  аккан дарыясы,
Биз басып жүргөн жолдордой,
Эстелик болгон  аркарды
Тирүүлөй байлап койгондой.

(Маматыйса Абдыкаимов. Махабат мунарасы. Ош. 2017-ж. ”Күн жайык” 22-бет)

Ушундай маанидеги эптемей, ыр эмес эле  кадыресе кара тексттен  курап-улап, уйкаштык үчүн сөздөрдүн  орду, маани-маңызына карап койбой, колу-буту жулунган чолок, түшүнүксүз ойлорго, күңүрт, серт, жадатма сыпаттоолорго жык,  көбүрүп-жабырган эмоцияга азгырылган ырлардын  пырлары  каптап калды.

Келечекте  акын  же жазуучу болууну  каалаган калемгерлерге  жасалма мамиленин кесепети, апыртып  мактап  отуруп  жардан  нары түртүп  ийген менен  барабар. Аларга  ырды кандай жазыш керек, ыр жазуунун техникасын  үйрөтүүнүн  кереги жок,   поэзия деген эмне, ички жандүйнөнүн  жыргалы менен  кыйноосунан  жаралган саптар эмнени айткысы келди, аны кандай айтты, чын дилиндегисин,  ыймандай нерсесин  айттыбы, же ооз учуна келе  калган жамакка  жакын саптарды  уйкаштырып ыр жазганына маашырбы?..

Дээринде  акындык угуту бар, ошонун өнүмү  үчүн  күрөшүп,  көп  окуп, көп изденип, өзүнө-өзү  катуу  талап коюп, көкүрөгүндө  пир туткан  кумирлерине  теңелгиси  келгендерге  бул айтылгандар тиешелүү эмес. Тилекке каршы, андай тубаса таланттар  чанда, кем  жаралат экен. Эч кимди  эч ким  ыр жазууга үйрөтө албайт, мүмкүн  да эмес. Улуттук  адабияттын уңгусу фольклордон тартып,  анын өсүп-өнүгүү этаптарында өз атын  чымырканып, тиштенип,  ташка чегип жазган  чыныгы  акын-жазуучулардын  чыгармаларын,  дүйнөлүк адабияттын   корифейлерин  канчалык  көп  окуганда гана  ийгилик жараларын, руханий  баалуулуктардан   таасирленүүнүн ар кандай  абалы, ар  кандай  даражасы,  үйрөнүү, тажрыйба-эксперименттери, таң калуу, тамшануунун  инерциясынын  тамырлашы, сөз кудуретине  баш ийүү, ойдун  маңызын, каймагын калпып отуруп мыкты   чыгарма  жараткандар жакшы билсе керек.

Ыр  жазууга  шыктуу  экен  деп коёбуз. Тубаса шык менен  ырдын техникасын, уйкаштыкты  укмуштуудай  өздөштүргөн  акындардын  шыгын салыштырууга болбойт. Оңой жазылган ыр менен кыйынчылыкта жазылган ырдын табияты, толгоосу окшошпойт.   Өзгөчө, чыныгы  поэзия  жаратуу машакатын  тарткандар  муундары дал келип, уйкашып-жупташып, шыдыр келе калган  шыктан айбыгып, капыстан  келген угуттуу, ширелүү,  маңыздуу ойду кармап калганга  жандалбасташат.

“Оригиналдуу ыр жаратуу өтө кыйын” — дейт  белгилүү сынчы, адабиятчы Кадыркул Даутов. Кашкөй,  баага катаал  сынчынын өз оозу менен айтканын  алдыңызга келтирейин: “… канчалык даражада  болгон чеберчилигиң менен  кооз  саптардын  кынабын келтирип тизмектештирип чыкпа, ичинде жандуу сезим менен  жүрөктүн оту болбосо баары бир оригиналдуу ойлор да болбойт, табыйгый  түрдө атырылып  чыкчу сөз да чыкпайт.” (К.Даутов.Доорлор чындыгы көркөм адабиятта. “Улуу тоолор”.2016. 118-бет)

Ыр жаратууда   машакаттуу  түйшүктүн  бири – изденүү. Бу жарыкчылыкта  айтылбаган сөз, жазылбаган жаңы ой, казылбаган  акыл  азыктары  калбаса  керек. Анткени  баарыбыз бир  ааламда, тааныш алкакта, көндүм  чөйрөдө, бир асмандын  астында жашайбыз. Болгону ойду  ойлонуп-толгонуп,  ичтен  ийлеп, бышырып,  өзүңдүн  калыпка  салып, сыры, боёгу, өңү да өзүңдүкү  болсо, өз сөзүң менен  айтсаң, оюңдун жаңыча түсүнөн, күч-кубатынан,  салмагынан, ажарынан  көз кубанат,  акыл   байыйт, жүрөк оопколжуп,  окугандын  жандүйнөсү  жагалданат. Албетте, мында  көркөмдүк  деңгээлине  жараша   көтөрүңкү  маанай (эмоция) менен ойлордун  оор, салмактуу, омоктуу кара туманын  жамынган  трагедияны бирдей кабылдабайсыз….

Ырдабы же кара сөздөбү, айтор, анын  канчалык көлөмдө экенине, тематикасына, идеялык-сюжеттик  композициясына  карабастан,  ойду  көркөм туюнткан  көркөм  сөз  каражаттарынын эсебинен  куралган  көркөм  образ  чоң  мааниге ээ. Ал ар кандай ыкмалар менен, тактап айтканда, деталь, штрих, эпизод, сюжет,  кыскасы  толгон-токой  элементтер  аркылуу  адабий   түйшөлүүнү (илхам)  башынан өткөрүп  жаткан чыгармачыл адамга таандык маанайдын,  психологиялык толгонуунун,  ойду жыйынтыктоонун  абалына  жараша болот. Бүтүндөй ырдын турган турпатында  көзгө түшпөгөн  көркөм образ  ырдын  бир-эки сабында жарк этип чыга калышы мүмкүн. Афоризмге айланып кеткен  таланттуу акын Жолон  Мамытовдун  “Кыргыз өңү, Чокморовдун өңүндөй” деген бир сабы эмнелерди гана туюнтпайт?!

Кечирип коюңуздар, биз таланттуу  акын, таланттуу жазуучу, таланттуу художник ж.б. у.с.  деген   аныктамаларды  ашкере  көп колдонобуз.  Ушул  сөздөргө  болгон  сүйүүбүздүн  да чеги жок. Талантка баа берип, иргеп-ылгап ала  турган   мезгил деген сот бар экенин  унутуп да калабыз.

Орус падышачылыгы бийлеп турган  бир мезгилдерде  Александр Сергеевич Пушкиндин атын  чыгарбай, жеңил-желпи, камгактай  ойкуп-кайкып  сулуусунган, пафостуу  ырлары менен атагы дүңгүрөп таш  жарган  акындын оппоненттери (маарада башкаларга кол чабылып жатса,  Пушкин  ырларынан сары санаа чегип, өзүнө ишенип-ишенбей кыжаалат болгон учурлары көп болуптур) замандаш  акындар даңазаланып турган.  Пушкиндин   чыныгы  тубаса талант экендигин  орустун улуу сынчысы,  улуу ойчулу В.Г.Белинский   гана  кумдан  алтындын  күкүмүн  иргеп-шилеп алгандай  ырларынын жүзүн  бир-бирден  ачып, чыгармачылыгын этаптуу  анализдеп, талдап  бергенден кийин гана Мезгил  деген арбитр баа берип отурбайбы…

Учурда социалдык тармактардагы (ФБ, инстаграмм, вотсап, кыскасы  ааламтөрдөгү)   ырлардын, акындардын  көптүгүнөн баш адашат. Колунан келгени да, келбегени да акын деген атакка ээ  болуштун  айласында  жүргөнсүйт…  Мурда  союз кезинде  бир же эки  ырлар  жыйнагы чыгып, Жазуучулар союзуна мүчөлүккө  өткөндөн  кийин   поэзия, проза же драматургиядагы  чыгармасы оозго алынып,  акын-жазуучулар чөйрөсүндө таанылганда,  коомчулук сынынан өткөндөн кийин гана  акынмын деп айта алышчу. Азырчы?…

СССР убагында   компартияны, В.И.Ленинди, В.Сталинди,  эгемендүүлүккө ээ болгонубузда  Президенттерди, ханыша, ханайымдарды, кыскасы, бийлик төбөлдөрүн  мактап, саясатты жактап ырдаган, бийликке  жагынып, бийликтен  наам-сыйлыктарды армансыз алган  акын-жазуучуларды  ким эстеп, кимдер изин  кууп, ырын  ырдайт? Мезгил сотунан  өтө албай, архивдерде чаң басып эле жатпайбы… А-а,  поэзиянын талабы башка нерселерге, айрыкча  руханий  баалуулуктарга, эстетикалык асылдыктарга, Адамды,  турмушту, жашоону  таанууга, деңиздин тереңине  катылган  асыл таштардай оңой менен колго тийбеген казынадан  өзүңдөгү тырмактын  агындай  ой берметиңди  бөлүшүү менен барабар эмеспи.

«Кейибей тур кулунуңа, Ата-Журт!»

Бул же тигил акындын тили  жатык, элпек, карапайым экен деп калабыз. Чындыгында  акындын жекече  тил байлыгы аркылуу анын чыгармада көрүнгөн тилинин  деңгээли, артыкчылыгы, касиет-кудурети, нарк-баасы аныкталат. Сөз – элдин көөнөрбөс байлыгы, андыктан  аны  пайдаланууда  өтө этияттык, сергектик жана  баамчылдык талап  кылынат. Эл мурасын каалагандай пайдаланып, уйкаштык, ритм, рифмасы  келишкен,  ыргактары  кошоктошуп куюлушкан саптардан жаралган  ырларды окуу жеңил, оңой. Акылга  деле  сапырылган күл сыяктуу  жукпайт, окудуң, унутулат.

Инкубациядан чыккан жөжөлөрдөй бирдей өң, бирдей түс (кээ  бир  жылтыр-жултур  шөкөттөрү эле болбосо), маани-маңызы  бирдей, көндүм ойдун  кайталанып  калганын баамдайсың. Ал эми  нукура  поэзиянын тили, нукура  прозанын  тили  окурманды кайра-кайра окууга, терең үңүлүп талдоого, ойду ойго кураштырып, баш-аягын тегиз кынаптап, куруттай тоголоктоп, алдыңызга таштап  коёт.

Тилдик каражаттарды   акыл-парасаттуу  урунган калемгерлер кайсы жерлик болбосун, ошол элдин тилин, диалектисин, кептик  өзгөчөлүгүн,  менталитеттик  айырмачылыгын  чеберчилик менен  ачып берсе, ал адабий  тилдин  казынасын байытат, көркөм сөз чеберчилигинин  алкагын   кеңейтет.

Ризван ИСМАИЛОВА, Филология  илимдеринин кандидаты, ОМЮИ доценти.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.