Карагулов Акылбек: Адамзат тааныгысы келбеген Кассандра тамгасы

“Айтматовдон алган сабагым” конкурсуна  Ар кимдин ар кыл көз карашы, турмуштук түшүнүгү ой жүгүртүүсү бар эмеспи, ошого жараша алардын жактырып окуган китептери, сүйүктүү каармандары да ар кыл. Бирөөлөр баатыр, эр жүрөк адамдарды жакшы көрсө, дагы бири мафияга каршы күрөшкөн тайманбас өч алуучуларды, детективдерди жакшы көрөт. Кимгедир мушташып-тытышкан, баарын кырып өлтүргөндөр жакса, кээсине турмуштук философиялык чыгармалар жагат. Мага ааламга касиеттүү кыргыз элин тааныткан залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов атабыздын чыгармалары турмуштук чоң таасир берип турат. Сынак жарыялангандан бери калемгердин мурда окуган чыгармаларын […]

Токтосун Самудинов: Төрт сап ыр – төрт дөңгөлөк арабадай

БИЗ – КЫРГЫЗБЫЗ Алтындан баасы канча артык, Байлыктын башын – сөз дешкен. Балбанын – эшик кайтартып, Акынын – төргө өткөзгөн… Биз – кыргызбыз! ЖАЙЛООДО Даам деген – ырыскы, Ар илдетке дары деп, Бармак малган кымызды Тартып ийдим «бали!» — деп. БИЛИНЕТ Жаштын кандай экенин Сынап көрсөң бир ирет… Жообунан билинбей, Суроосунан билинет. ЖИГИТТИК Жигиттер! Жигиттикти сыйлагыла! Аялды… Гүл менен да урбагыла! ЖАШОО – ВЕЛОСИПЕД Жашоо деген – велосипед сыңары, Минер менен педалыңды бурайсың. «Алга! Алга!» — анын жалгыз урааны, Антпедиңби? […]

Нурланбек кызы Гаухар: Кантип адам болобуз?

“Айтматовдон алган сабагым” конкурсуна Биз кимбиз? Бул суроого баары эле “Ким болмок элек, адамбыз да” деп  жооп беришет. Макул адамбыз дейли, бирок, эмнебиз менен адам болуп жүрөбүз, эмне бизди адам кылып көрсөтүп турат, деги айбанаттардан айырмабыз эмнеде? Мына ушул суроо мага уктасам уйку бербей, ойлонсом оюмду буруп, түйшөлтүп түйшүккө салып келет. Адам баласы деги кызык келет экен. Технологияны улам жаңыртып, улам өнүктүрүп, ай-жылдызды огородду изилдегендей эле изилдеп калды. Биринен бири өтүп космоско кемелерин учурушуп, ал гана эмес айдан жер сатып […]

О`Шакир Садык Алахандын сөзүнө жыгылып берди

Амирбек Азам уулу: “Тайпадагы талаш: Уйкудагы улут…” талкуусуна кеч кошулуп атам, бирок талкууга назар салып турдум. Ошого каршы болбосоңор силер ортого салган мага кызыктуу көрүнгөн маселелер боюнча өз оюмду айтайын. Адабий сынды мыкты жазган авторлорго берилчү сыйылыкты Кеңешбек Асаналиев атындагы “Алтын тараза” деп эле атаган туура деп ойлойм. Ал эми сыйлыгына бир өкчөсү майрык өтүктү постаментке орнотуп койсо, абдан оргиналдуу болот. Айтпаса, өтүк майрык экенин эч ким да байкабашы мүмкүн. Хе-хе-хе… “Көпүрө” формасы жагынан, мен биздин Кыргызстандагы көпүрөлөрдү айтып жатам, […]

Омор Сооронов: Адалат күткөн акын

Молдо Багыш Сарыбай уулу[1] Совет доорундагы профессионалдык жазма адабият пайда болгонго чейинки кыргыз жазма акындарынын ичинен өз кол тамгасында жазылган араб арибиндеги ырлары бизге жеткен саналуу акындардын бири болуп саналат. Анын кол тамгасындагы жазмалары менен элден жыйналган айрым чыгармаларын араб арибинен азыркы тамгага көчүрүп, китеп кылып түзүп, жээн-небереси Малабек Токтоболотовдун демөөрчүлүгүнүн негизинде 1998-жылы биринчи жолу «Абак дептери» деген ат менен китеп кылып чыгарганбыз. Бирок мен даярдап, Малабек басмага өткөргөн кол жазмага, мага кабарлабай туруп эле, Абдымамбет Сариев дегенди жооптуу редактор […]

Мунарбек уулу Айтбек: Ар бирибизде Чыңгыз атабыздын гени бар

“Айтматовдон алган сабагым” конкурсуна Мен көркөм адабият, музыка, көркөм чеберчиликке кызыкпаган бала элем. Базар экономикасында өстүрүп, келечегимди катуу ойлогон ата-энем, менин практикалык жагымды көбүрөөк машыктырууга аракеттенет эле. ϴзүм дагы так илимдерге көбүрөөк шыктуу болгондуктан, лирикага көп деле кызыкчу эмесмин. Чыңгыз атабыз менен алгач мени чоң апам тааныштырды. Телевизордо ‘Бай болуунун жолдору’ тууралуу берүү болуп жаткан. “Тренерлер, ийгиликтин илимпоздору, психологдор, философтор көбөйдү. Айтматовду окуп чоңойгон балага мунун бири да кереги жок” – деди чоң апам. Алгач түшүнгөн жокмун, бирок кызыгуум ойгонду. […]

Сүйөркул Тургунбаев: Дербиш ыры

Тирүүлүк деген майдандын, жунгли — жаңгалдын түгөнбөгөн ыр-чыры — мүнөткө тынчып турчубу. Жаным-жаным дебегин жаның көккө житпей тынчубу. Үйүм-үйүм дебегин үйүң токой чырпыгы. Малым-малым дебегин, малың — тоонун чымчыгы. Келгениңдей жылаңач кетериң бил — бул чыны. Алп Атлант да болбогон Асман-Жердин түркүгү. Чырсыз жүрбөс адамзат, көроокат алат тынчыңы, кетип калсаң дүйнөнүн кемибейт бир чырпымы. КУДАЙ-ТЕҢИР ӨЗҮҢДӨ Ай, күнү бар дүйнөгө адам баёо жаралды, өзү жасап көп мүшкүл «Кудай кылды» — деп алды. Билбей жакшы, жаманды — сооп иш менен убалды […]

Конкурска: Түгөнбөгөн суроолор (№3)

*     *     * Ээрчип алып апасын Бакчасына баратып… Суроо берди түгөнбөс Адатынча жадатып: — Сиз да бала бакчага баргансызбы? — Барчымын. — Биздин үйдө анда мен Кимдер менен калчымын? *     *     * Беш жаштагы Нуралы Менден минтип сурады: — Бугулардын башына Дарактар да чыгабы? *     *     * — Мунун аты – мамалак, Сурай берип, жадатпа! — Мамалакты тааныдым, А папалак каякта? ОКШОШТУК Күн кылтыйып тоолордон Төккөн жамгыр токтоду. Конфет берсем, сооронгон Бөбөгүмө окшоду. БАШ БАЙГЕ АЛГАН СҮРӨТЧҮ Сүрөтчүлүк өнөрдү Колдогонду […]

Тайпадагы талаш: Уйкудагы улут – II

Мурдагы кезеңдерде коомдогу кайсы бир актуалдуу темалар тегерегинде тегерек үстөл аталышындагы жандуу талкуулар болор эле. Азыркы күндө андай тегерек үстөлдөрдөн да ыңгайлуу форматта талаш-тартыштуу баарлашууларды уюштуруунун ыкчам жолдору арбын. Андай ыкмалардын бирин Фейсбук аркылуу “РухЭш” сайтынын “Казына” тобундагы адабий эксперттер менен алгачкы жолу уюштуруп көрүүнү эп көрдүк. Аны биз “Тайпадагы талаш” деп атадык. Темабыз – “Уйкудагы улут”. Эмнеге дээрсиз, азиз окурман! Сөз оролу биздин талкууда… Мурдакы бөлүгү мында>>>>> Олжобай Шакир: «Уйкудагы улут» темасынын алкагында ой оролун буга алып келгим бар: […]

Бир ырдын сыры: Алыкул Осмонов «Неге кечигет (1942-жылдын жазына)»

Ыр болгону алты куплет, ар куплетте төрттөн сап. Кой-Сарыда 1944-жылдын 28-декабрында жазылган. Таң калычтуусу – ыр 42-жылдын жазына багышталса да, ошол кезде акын жүрөгүнөн чыкпаган да, негедир үч жылга жакын дилинде катылып жүрүп, анан гана чыгармага айланган. Окурман үчүн «Неге кечигетти» түшүнүүдөгү башкы татаалдык – ырдын өтмө мааниде жазылгандыгы, метафоралуулугу. Бул – биринчиси. Экинчиси – бул чыгарманы жөн гана примитивдүү маалыматтык нерсе катары мамиле кылып койбой, классикалык поэзиядагы чыныгы лириканын нарк-насили менен кароо жөндүү. Адегенде алгачкы төрт сапты окуп чыксак: […]

О`Генри: Жазгырып турар нан

АҢГЕМЕ Марта Мичем айым бурчта бөлкө нан саткан чакан дүкөн иштетет (үч тепкич ылдый түшкөн жерде, эшигин ачкан кезде анын үстүнө илинген коңгуроолор шыңгырап турчу жайда). Марта айымдын жашы  кыркка чукулдап калган, анын банктагы эсебинде эки миң доллардын тегерегинде акчасы (эки миң доллар ал кезде түзүк эле акча болгон – котормочудан), оозунда салдырган эки маңдай тиши, анан өтө сезимтал жүрөгү бар. Кээ бир жүдөп-какаган, шалтурук курбулары деле эр таап тийип кетишти, ал эми Марта айым алардан төөлүк өйдө болсо да […]

Конкурска: Тагдыр жөнүндөгү ыр (№67)

(Ара жолдо калган жоокердин окуясы) Ж. М-нын жана анын тагдырлаштарынын арбагына арнадым. I Орус менен кыргызды айра таанып айырмалайм деп эзели башы оорубаган, бу кең ааламда “кыргыз” деген эл болоорунан кыпындай да кабары жок мынабу дүйнө капар Розенберг кыштагынын жайнаган жай тургундарынын көзүнө жөн эле бир сөлпөйгөн орус болуп көрүнгөн, согуштан кийин мекенине тирүү кайтуудан өлгүдөй коркуп, коркконунан мында корголоп калып калган мусаапыр орус болуп таанылган, ошентип, каркайып карыганынча качкан-безген орустун эсебинде жүргөн кайран М…, азан чакыргандагы аты мындагы немистердин […]

Галбаева Гүлүмкан: Айтматовдун эң чоң темасы бул – сүйүү

“Айтматовдон алган сабагым” конкурсуна Чексиздик. Шекердин суусунан баштап, кыргыздын тоо-талаасы, Сары-Өзөк, Германиянын шаарлары, орустун тээ түндүгүндөгү эч ким барбаган эч ким элестете да элек адамдардын тагдырын айтып, асмандын жети кабатынан өтүп жатпайбы Айтматовдун чыгармалары. Бир нерсе алуу үчүн бир нерсе берүү керек. Айтматов сүйүү берди эле табият ага сырын ачып, жада калса сүйлөп да берип жатты. Албетте, Айтматовдун эң чоң темасы бул – сүйүү темасы. Данияр менен Жамийла, Бегимай менен Раймалы, Арсен менен Айдана… Адамды гана сүйүү эмес, адам аркылуу […]

Нурланбек Мусаев: Демократия жана евробиримдиктин баалуулуктары – 5

<<<<<< Башы Жаңы доорго таасир калтыргандар Томаззо Кампанелланын “Күн өлкөсү”, Томас Мордун “Утопиясы” жана Никколо Макиавеллинин “Принц” китептери орто кылымдын аяк чендеринде, жаңы доордо коомду жакшы жакка өзгөртүүдө көп таасир калтырган чыгармалар болду. Ошол кездеги адамдын аң-сезимин жана кыялын дүрбөткөн бул чыгармалар тарыхтын өзгөрүүсүнө да чоң салымын кошту. Томаззо Кампанелла (1568–1639) Реджо-ди-Калабрия аймагынын Стило айылында туулуп, жыйырма жаштарында орто кылымдагы католицизмдин схоластикалык пикирлерине каршы болгон секталарга кирет. Философия менен алектенет, кийинчерээк Галилео менен таанышат жана “Галилеону жактоо” китебин жазат. Нурланбек […]