же Аида Эгембердиеванын «Ооматы» жөнүндө ой-толгоо

Томас Манндын «Тонио Крегер» (1903) аттуу новелласында мындай сөздөр бар: «... надо умереть,   чтобы творить великое искусство. Умеретьдля жизненных радостей и наслаждений,   отказаться от всего,   что делает жизнь обыкновенного человека осмысленной,   а не то,   так и счастливой.  Всецело предаваться искусству»,   «Он всецело предался... силе духа и слова,   с улыбкой,   господствующей над темной и немой жизни».

Балким улуу шедеврлерди жаратууга бизге ушундай кадам жетишпей жатабы? Билбейм,  кыргызда адабият, искусство үчүн адамдык бак-таалайынан,   бүлө күтүүдөн,   сүйүүнүн лаззатынан кечип кетүү өөн учурайт.  Андай курмандыкка кыргыздар азырынча даяр эмеспиз,   андай аскеттер жокко эсе. Балким бүлөдөн кечсе да сүйүү сезиминен кечкендер дээрлик жок,   андайлар болсо балким көрбөй жүрөбүз?

Биз түндүгүбүздү көтөрүп,  очогубузга от жагып,   казан асып,   бапырап бала күтүп,  жар сүйүп,   ашык болсок махабат отуна күйүп,   тагдырдын таалайга жазганын көрүп,   эл-журттун алдында  милдетибизди (?..) өтөп,  өзүбүз үчүн,  кыялдарыбыз үчүн жашоого кийин гана өтөбүз.

Эл сабынан,   кылымдар бою каныбызга сиңген улуу агымдын нугунан,  ата-баба жолунан көктөйүбүздөн баш тартып кете албайбыз,   анткибиз да келбейт. Күтөбүз,  чымырканып күтөбүз,   өз кыялыбызды өтөп кетүүгө мүмкүнчүлүктү узак жылдар күтөбүз.  Качан бардык милдетибизди өтөп коюп,   тукум улап,   түндүгүбүздү көтөрүп,   урпактарыбыздын түбүн түптөп коюп гана көңүлүбүз ток өзүбүзгө чыгынабыз.

Улуттук  көрөңгөгө айланган мындай өзгөчөлүгүбүздү мен баалайм. Анткени өзүңдүн керт башыңдын кызыкчылыгынан баш тартып,   күнүмдүк тириликтин  милдетин татыктуу  өтөө үчүн да титандык,  гиганттык эрк керек.

Бул сөздөрдү айтканымын жүйөөсү бар.  Аиданын «Ооматы» колго тийген алты күндөн бери барактап, талдап,  ырларынын ар бир сабын калем менен чиймелеп,  белгилеп,   баракчаларды кичинеден кесип,  аларга оң-солун жазып,  китептин ар бир барагына аттуу-баштуу илимпоз кыргыз тилчи,   адабиятчылардын жазгандарынан керектүү сөздөрдү таап, белгилегендеримди кагазга жазып,  чийден жасаган түтүкчөлөрдү кыстарып (китеп бүктөгөндү жек көрөм), отурдум да, ойго баттым…

Кыргыз кызы атамзамандан эркекти төрүнө чыгарып,   төбөсүнө коюп кастарлап,   бирок кол куушуруп да отурган эмес.  Азыр деле ошобуз. Анан Аида жакшы кыз,  жар,  дос,  эне,   адабиятчы,   илимпоз болуп атса,  акын кыздан шедевр чыгармаларды күткөнгө акым барбы деп өзүмө суроо салдым.  Жок, анте албайт экем.  Анткени түмөн түйшүк менен милдеттерди аркалап кетүү салмагы сай ташындай оор эмеспи. Ар жылда чыккан ырларды салыштырып отуруп, миң түйшүккө сабылып, өзөктүү акындыгын өзү каалагандай таптаганга шаасы жетпей, милдеттерин татыктуу өтөгөн  акын кызды көрдүм. Китепти  талдап отуруп, Аиданы түшүндүм,  «Издеткен жарык» (1996), «Шүүдүрүм» (1998), «Белгисиз жомоктор» (2002), «Үнсүз кайрыктар» (2005) деген китептеринен ырлар «Оомат» аттуу ырлар жана котормолор жыйнагына кириптир…

Кызыгы, Аиданын 21 жашында 1996-жылы чыккан «Издеткен жарык» китебинен азыркы «Ооматка» кирген 33 ырынын бири да кайдыгер калтырбайт.

Мынаке, айылы, Ак-Талаасы:

«... Анан да күн чубактайт айнек тушта
Чалдарың. Кемпирлериң байпак түйгөн...« – десе, башка сүйүү ырында:

«Бир төлгөчү кабарын айтышты эле
Уктабадым,  а тышта үрөң-бараң.
Тышта чилде. Тезирээк таң атса экен,
Жыйнаштырып бардыгын бүгүн барам.
Барам дагы сураймын Сен жөнүндө…»
– дейт.

Бул кашкайган чындык.  Кыз кезибизде баарыбыз эле «ал мени сүйөбү,  сүйбөйбү?» деп канча төлгөчү эжеге төлгө таш тарттырып,   канча “ромашканын” таажысын үзүп,   канча цыганкага алакан ачтырдык экен.  Эми 23 жашында   чыккан «Шүүдүрүмдөн» (1998) мисал.

Буюрса дейбиз,  буюрса дейбиз, 
Буюрбаган кечтер көп.
Ойгонсоң бир күн-жүзүңдө бырыш, 
Чачыңда бубак чакта бу.
Чаалыккан дүйнө. Чай ичели десек,*
Чама да болор чакталуу…”

Же,   27 жашында чыккан «Белгисиз жомок» (2002) китебинде ата-энесин ырдап турган сүйкүмдүү кызды караңыз:

«… Көктөмгө жетет унуң,
Картөшкөң бир мүшөктө.
Алма-өрүк камдап берет,
Бир далай жеткидей деп.
Пул даяр жол киреге,
Барганда балмуздак да жешиң к
ерек.  
Атаңдын гонорарын,
Апаңдын көзгө басар
Көйнөгүн жаңы дагы
Жайдаңдап жанга салып,
Кылгырат көзүңдөн жаш
Кетиш керек…

Бул саптарды окуганда ата-энесин эстеп,   ким болбосун көзүнө жаш кылгырса керек? Көп учурда ургаал сымак «аска-зоом атам,   апам» деген пафос сөздөр ушундай жөнөкөй,   бирок акыйкат саптардын жанында кичирейип кетет майдаланып.  Же мынабу «Бир кечтеги ыр» дегенин караңыз.

Сөздөр болуп туулган күнгө айтылган, 
Ыр окулган кечте тамак жеп атып:
«Таза,  жапжаш көрүнөсүң бир башка, 
Биз да сендей болдук беле?» деди Акын.

Үнүн уктум,   келген жарык төр жактан
Күңүрт тиет. Көр тирликтен кол бошоп
Жакшы отурдук,   кээде шарап ачканга
Эркек жогу билингени болбосо.

«Бар бол!» дешти. Көңүлдөрүн кыялбай, 
Шарап таттым улуубу деп уялбай.
Сүйүнгөндөн. Көңүл сүйгөн бул Акын
Үчүн ичтим,  бийик эле кыялдай.

 

Эмнеге хронологияга кошо  ырларды мисалдатып кошо айтканымдын себеби, Аиданын акындык жолундагы эволюцияны көргүм келди.  Аиданын 21-30 жашында жазган ырлары азыркы Аиданын ырларынан ашса ашып түшөт,   асти жөн ырлар эмес.

Тилекке каршы, 15-25 жыл мурдагы акын менен азыркы акындын ортосунда анчалык эле көзгө толумдуу секирикти көргөн жокмун. Балким акындык дараметинин  жеткен чеги ушул чыгаар,   бул деле  жетишкендик дейин десең,   Аиданын 21-23 жашында жазган ырларын көрүп, «аттиң,   бул кыз акындыгын таптабай,   тиргиликтин акырына «жем» кылып салып берген экен,   кайран гана кайрактай кыз,   өнөрүн өксүткөн экен» дедим ичимен китепти окуп отуруп.

Эми азыркы ырларына өтөлү. Аида  докторлугун жактап койгон илимпоз тилчи эле эмес,  коомдук турмуштан четте калбаган адис адабиятчы,  акын катары милдетин мыкты өтөп атканы көрүнүп туру.  «Оомат» деген ырында:

Улут кайра бир өзүн жаңыртаарын.
Унут болгон баалуулук кайра кайтып,
Урпактарын эркине багынтаарын.
Ушул биздин кыйналуу,   азаптардын,
Баары балким бийикке кадам болор.
Түптүү эл эртең төбөсү түндүк тиреп.» *

Акыркы сапта муун өлчөм эмне болду? Мисалы: «Түптүү элдин төбөсү түндүк тиреп» десе болмок. Дегинкиси ырдын идеялык мазмунунда айып жок. Бирок арасында жогоруда мисалдагыдай муун өлчөмдөрү сынган,   кара сөздү зордоп кошуп койгон саптар да бар.

«Оомат» чарчаганда  эс алгың келгенде улам кайталап окуй турган китеп (Айрым көп саптуу ырларынан башкасы). Китептин ичин барактаганда чындап андан шедевр ырларды же саптарды таппайсың. Бирок ырлар өзүнө тартып турат.  Эмне үчүн? Себеби бул ырларды окуганда жашоосун, өзүн,  ойлорун  обу жок көтөрө чалып асмандатып, ай-күнгө теңеп,  «мен сүттөймүн,   өтө акылдуумун,  өтө сырдуумун,   мени али билбейсиңер,   түшүнбөйсүңөр,   кокуй,  мен гана билем алты кабат асмандын,   жети кабат жердин түбүн» деген курумдай пафостуу,  жаны жок,  дымагына чийки нан бышкан саптарды көрбөйсүң.

Жөнөкөй саптарда  жеке жашоосунун түрдүү өңүтүн окурмандарына  айтып берген,  бирде чарчаган, бирде кайра баш көтөрүп бел бууган,  көмүскө сезимдерин астейдил ырдаган,  ошо ырларындай жөнөкөй,   алпейим,   ойлуу  кыргыз кызын көрөсүң.

Аиданын сүйүү саптары өзгөчө экен, » өлөм,   тирилем» деп  урунуп-беринген саптар жок.  Көөдөндөгү көмүскө сезимин жашырбай,  кыз кезиндегиби,  башы байлануу кезиби,   айырмасы жок: сүйүүсүн салмактуу,   сабырдуу ырдайт.  Бардык курагында кыргыз кызына,   аялына мүнөздүү сапат-нарктуулук сезилет. Токтоо сүйө билип,   «сүйүү» деген сөздү дээрлик колдонбой,  бирок сезимтал саптарды жарата билгенин бааладым.

«Таңды күтүп өзүңүздү көрүүгө,
Сиз көрүнчү жарык жакка бет алам.»
  же:

«Сен күткөндүн баары жарык,
Ал жарыкта бар-жогум.
Суроо… Айдын тынчтыгындай —
Түк унчукпай койгонуң.»

«Кабылдады сагыныч мурдагыдан,
Кабылдады болду окшойт ырбагыдай…»

Бул жана башка сезимтал саптардан өмүрүнө жарык берген сезимдерин бөпөлөп,  аяр тутуп алган аялзаты көрүнөт…

Эми окурманды «чыйрыктырган» мисалга өтөлү. Кайсы чыгармадан болбосун кынтык тапса болот,  бирок Аиданын кээ бир ырларынын опсуз узундугунан,  сырткы курулушунан,   сөздөрүнөн кынтык көрөм дебепмин.  Болгондо да оркойгон эле мүчүлүштөр байкалат.

«Тарыхтагы ак жарык» (июнь,  2019) деген ыры көл кылаасында жашап өткөн тарыхый инсан Муратаалы бий Бирназар уулуна (1782-1884) арналып,  85 куплет экен.  Акетай муну ким окуп чыгат? Кайсы окурманга багышталган? Кайсы аудиторияга? Дегеле бул ырды жаратуунун зарылдыгы бар беле? «Чубактын кунундай чубалган» ырдын баалуулугу ачык айтканда канчалык? Чыгарманын каармандары эл билген тарыхый инсандар: Тилекмат,  Боронбай ж. б. жана да белгилүү тарыхый окуяны баяндайт.

Анан мыйзам ченемдүү суроо туулат. Бул ыр тарыхый документ катары,  же адабий мурас катары баалуулукка айланабы? Эгерде чыгарманын ички-сырткы конструкциясы кынтыксыз куралса кеп жок эле. Белгилүү бир тарыхый инсан жөнүндө айткысы келсе автор кыскарта чаап,   болбосо макала жазса болмок. Бул ыр – кара сөздүн эле жамагы турган турушу менен,   поэтикалык көркөмдүк дээрлик байкалбайт.

«Ал тууралуу аңыз кетип ааламга, 
Ташкент,  Маскөө,   Алматыда дайны көп, 
Санкт-Петербург шаарындагы булактар,
Анын опсуз акылына айгине».

Кудай сактаа,  кыргыздын ааламга аты чыккан Айтматовдон башка эч кимиси жок.  Архивден тарыхый булактар табылса эле ааламга аты чыгып кетеби кишинин? Аалам таанып- билиш үчүн алгач ошо дүйнөнүн масштабында бир нерсе жаратыш керек ко? Азыр чет элде Кыргызстандын өзүн,  кыргыз элин  аз-аздан таанып-билип  келатышат.

Ал эми ырдагы уйкаштыктарчы, мына мисалы:

«Иле суусун бойлоп эки эл канатташ, *
Оңун казак,  солун казак туруктап»
Жайлаганда эки жээктин элдери,
Бир жайлоону бирге жайлап турушкан.

«Ыза-кектүү сүйлөдү бий бул ирет,
Анысы каш-кирпигинен көрүнүп,*
Эл дегенде эбедейи эзилип,
Эл дегенде сөзү суудай төгүлүп…»

«Кокондуктар күч колдонсо,   Илени
Бойлой көчкөн бардыгынан оң болор.
Жайыттарды таштай көчүү а бирок
Коконго баш ийүү менен барабар...” *

«Чүйдүн боорун көздөп кокон хандыгы,
Отряды орун-очок алган кез».*
Жоокер кыргыз жоосу алып жакадан,
Минтпегенде жөн жеринен шерденбес».*

А эмне үчүн «отряд»? Жакшына эле «кокон  сарбаздары» деген сөз бар да? Ал эми тушунда жылдызча турган саптарга келгенде окурмандын тили турмак,   тиши кошо сынгыдай экен.

Дагы:

«Келген кокон мүлктү алды,  малды алды, 
Келинди алды,  кырк өрүмдүү кыз алды.  
Чүнчүгөн эл жаны кайнап ызадан
Жер тарыкты,   эл тарыкты,  кысталды».

Кыргыз эгерим «тарыкты» деп айтпайт ко? Жакшынакай эле «тарыды» деген сөз бар.  Бар сөздү жасалма бузуп кереги бар беле?

Бул ырды мисалга келтиргенимдин себеби: сыясы кургай элек  2019-жылы  июнда жазылган экен. Үйрөнчүк  болсо да мейли эле,  сөз менен узанган тилчи акын олуттуу темада узун баян курап атып, кынтыксыз иштеп чыкса болмок. Поэзияда шедевр жараткандар чанда. Бирок кыргыздын акыны деген сыймык дагы акын атмайдын баарына оңой эмес жүк,  жоопкерчиликтүү озуйпа.

Ал эми белдүү акындардын китептерин кыргыз атмай окуйт. Тарыхый темада ыр түрүндө чыгарма жаратуу өтө олуттуу,   жоопкерчиликтүү кадам экенин автор өзү билип туруп,  тобокелге салыптыр деп койдум.  Ушул узун сабак ырынан башка да Аиданын айрым ырларынын уйкаштыгына,   сөз айкаштарына кине койсо болот. Бирок жогоруда айтып кеткендей бул акын кыз акындыгын таптаса оголе чыккыдай деп тыянак чыгардым.

Сөздү жыйынтыктап жатып,   Аида өзү айткан өмүрүнүн жарыгы алдыда,   акындыгын таптап,  өзү тилегендей оозуна мыкты ырлар келсин демекчимин.

  1. 01. 2020

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.