Улут адабияты тууралуу үч суроого адабиятчы Үмүт Култаевадан жооп

Улуттук адабиятыбыздын ооматы качан келет? Деги келеби, же өтүп кеттиби? Жооп: Бир жагынан адабияттын ооматы өтүп кетти го деген Абдыкерим Муратовдун пикиринин жүйөсү бар. Китеп окулбай, китеп жазган киши бааланбай, басмадан чыккан китептер сатылбай турса, башка жоопту айтуу да опурталдуу. Анткени менен үмүтсүз шайтан деген элдик акылга таянсак, улуттук адабияттын ооматы башка форматта, башка мазмунда, башка идеялар менен келүүгө тийиш. Ыраматылык Кеңешбек агай көзү өтөргө жакын “Көчкөндө сак бол!” макалалар топтомун жазып, адабияттын алга эмес, артка кетүү себебин айтты эле. […]

Рахима Сыдыкова: Атамдын жомогу

Жомокту кыштын узун күндөрүндө бизге атам айтып берчү эле. Атам көп сандаган жомокторду, ыр менен айтылып, окуяны драмалуу жана кеңири баяндаган өтө салмактуу, кайгылуу дастандарды, икаяларды билчү. Атамдын жомоктору ушунча көп болгондуктанбы же, мен кичине болгондуктанбы, айтор алардын көбүн бири менен экинчисин аралаштырып бир бүтүн чыгармага айлантып алганымды сезчүмүн. Анткени жомоктордун негизги идеясы, жалпы өзөгү окшош болгондуктан ошентип адашып калдымбы деп да ойлоп кетем. Бул кийин, албетте, мен чоңоюп, эс тарта баштаганда ушундай болду. Ал эми 8-класста экенимде, тактап айтсам, […]

Олжобай Шакир: Жадаткыр достон айрылдым

(Эрнис АСЕК уулун эскерүү) Чейрек кылымдан ашуун убакыт теңтуш болдук. Далай мерте чөйчөк кагыштырдык. – Алып жибер эми, – дейт. – Алдым. Мага жетет ушунча, – дейм. – Мен канча жолу алдым… А сен оозуңдун эле учун тийгиздиң, карап отурбаймынбы. Кана дагы ал, – дейт кыйнап. Ал мени ушунусу менен көп жадатчу. А мен башынан эле ичимдиктен алыс экенимди сопсонун билет, бирок ал баягы эле жадатмалыгын койбойт. Соо кезинде сөзүбүз бүтпөйт. Ала күү болуп алса бүттү. Кыйнайт. Кыстайт. Кетип калам. […]

Дайырбек Стантегин: Мен сага барган элем, жаз көтөрүп

КЫЗДАР Кыздар сулуу жакшына, Кыйгач өтөм аптыга. Даңазалап ырдаган Ыраазымын бактыма. Ыйлап турган кезимде, Кытыгысы чымчыган. От бүркүшөт сезимге, Ой, ой жашык курч улан. Кыздар назик үлбүрөп, Коюуланып көздөрү. Эриндери дилдиреп, Ээритишет сөздөрү. Жаз айында, кулпурган Жашыл көйнөк кийишет. Чартылдаса нур сынган Чагылганды сүйүшөт. Күз айында түрлөнгөн Кызыл көйнөк кийишет. Махабаттын түн берген Ак мөндүрүн сүйүшөт. Кыздар сулуу жакшына, Кыйгач өтөм аптыга. Даңазалап ырдаган, Ыраазымын бактыма. АКЫН КЫЗ Ырыңды айтсам, көздөрүң, Көздөрүмө төгүлөт. Көздөрүңө жалынсам, Ырың сүйкүм көрүнөт. Илебиң ай, […]

Альберт Эйнштейндин бардык байлар колдонор акылман ойлору

Улуу физик илимдин гана даанышманы болбостон, ал психологияны да мыкты билген жана Аалам кайсы мыйзам менен жашаарын мыкты түшүнгөн. Эйнштейн физика формулаларын физикада эле эмес, адамдардын кадимки жашоосунда да колдонсо болот деп ишенген. Окумуштуунун кызык байкоолорун ийгиликтүү бай адамдар өздөрүнүн байлыктарын жана капиталдарын көбөйтүү үчүн кантип пайдаланып жүрүшкөнүн карап көрөлү. «Ар кандай көйгөйлөрдөн жана түшүнүксүз жагдайлардан жагымдүү мүмкүнчүлүктөрдү тапса болот». Эгерде, башыңыздан жагымсыз окуя болуп өтсө, андан өзүңүзгө керектүү бир нерсени таап чыга аласыз. Ал үчүн жөн гана көйгөйдү кызыктуу […]

Тоголок Молдо: Куштардын аңгемеси

Сөз айтамын билдирип, Уккандарды күлдүрүп. Айткан сөздүн аягын Жегичтерге тийдирип. Өткөн заман өзүндө Күйгөн сөз кетпейт эсимде. Баары куштун жоругу Мааниси болот сөзүндө. Куш экиге бөлүнөт, Ирээти менен келинет. Жол-жобосу айтылып, Анык көзгө көрүнөт. Бирин айтат боз куш деп, Бирин айтат суу куш деп, Боз кушунан сөз келет: — Кысылды биздин турмуш,— деп. Булбул сайрап кеп айтат, Кеп айтканда бек айтат: — Кеңеш кылып кеп салам, Кебимди ук журтум,— деп айтат. Жыргап жаткан суу кушу. Көлгө барып ойноду. Суудан болду […]

Константин Паустовский: Исаак Левитан

АҢГЕМЕ Художник Саврасовдун катыңкы колу калч-калч этет. Ал бир стакан чайын өңү серт кир тасмалга төкпөй-чачпай иче алчу эмес. Художниктин сербейген ак сакалынан нан менен арактын жыты келип турду. Самоордун ачуу көк түтүнүндөй март айынын туманы Москваны каптап алган. Күүгүм тартып турат. Суу агуучу түтүктөрдүн ичине тоңуп калган муз эрип атат. Муз тротуарларга күү этип түшүп сынат да, быт-чыты чыгып, көк жалтыр болуп үйүлүп калат. Үйүлгөн көк жалтыр муз өткөн-кеткендердин кир таманында быркыранып жатты. Улуу диний майрамдардын урматына кагылган коңгуроолордун […]