Адегенде ырдын толук тексти менен бир таанышып алып, анын кепке өтөлү.

Бүкөнтай – бучук мурун, үч жашар кыз,
Бир күндө жүз жыгылып, жүз басар кыз.

Аз ыйлайт, борс-борс күлөт, көп да күлбөйт,
Кемпирден токсондогу таза сүйлөйт.

Кыргыз да… ачырканбай кымыз ичет,
Кучактап уктап калат бир жилик эт.

Ар убак абалары «ырдап кой» дейт,
Бүкөнтай көздү жумуп ырдап кирет.

«Сагындым, атакем ай, келсе экен», — дейт,
«Ал жеңип, тилегимди берсе экен», — дейт.

Карылар муну укканда жым болушат,
Көзүнөн жаш чууртуп бурчак-бурчак.

Анткени үч жыл болду кабар келген,
Палан күн… палан жерде өлдү», — деген.

Эл үчүн каза таап жоо огунан,
Бүкөндүн атакеси кайтпай калган.

Бирок да бардык айыл жакшы көрөт,
Бүкөндүн эркелетчү атасы көп.

Ырдын болгону ушул. Дароо эле байкаган сырткы өзгөчөлүк, көзгө урунган алгачкы эле бөтөнчөлүк – ырдын формасынын башкача экендиги. Бул өзгөчөлүк ыр строфаларынын эки гана саптан тургандыгы. Мындай ырлар бейт деп аталат, ал Чыгыш поэзиясында кеңири учурайт, аа формасында жуп (эгиз) уйкаштыкты түзөт, кыргыздарда Барпы Алыкуловдун, Алыкул Осмоновдун, Түмөнбай Байзаковдун, Камбаралы Бобуловдун ж.б. айрым бир акындардын чыгармачылыгында кездешет.

Биринчи бейт:

Бүкөнтай – бучук мурун, үч жашар кыз,
Бир күндө жүз жыгылып, жүз басар кыз.

Байкагандырсыз, «Бүкөн» деген ыр «Бүкөнтай» деген сап менен башталып атат? Бул сөз менен автор кыздын Бүкөн деген атына эркелетүүчү мүчө (-тай) колдонуп, мында Бүкөнгө карата автордун жана жалпы эле элдин, көпчүлүктүн сүйүүсү, жакшы көрүүсү, эркелетүүсү берилет. Демек, биринчи сөз менен образдын бир сыры ачыла баштады. Каармандын аты анын ким экендигинен жылт эткен кабар берди. Ошол Бүкөнтайды мүнөздөөчү эпитет – «бучук мурун». Бул сөз кайсыл учурда, кимге карата колдонулат? Ал кыргыздын эркелетүү маанисиндеги айтылган кеби болуп, жаш балдарга карата пайдаланылган.

Эгерде сөздүн маанисин түзмө-түз түшүнсөк, мурундун бучуктугу бул – адамдын бир дене мүчөсүнүн кемтиктиги, эгер ошол чоң кишиге айтылса, аны кордогондук болмок, а балага карата колдонгондорго ошол баланы жакшы көрүү, эркелетүү үчүн кошумча өң-түс алат, анын мурунунун бучуктугун билдирбейт. Алыкулдук бул табылга кыргызга гана тиешелүү, накта улуттук өзгөчөлүк, эгер ошол сөз айкашын ошол бойдон орусчага, же башка тилдерге которсок, ырдын маанисин таптакыр бузуп алабыз.

Андан ары Бүкөндү мүнөздөөчү саптар – «бир күндө жүз жыгылып, жүз басар кыз». Мындагы «жүз» деген сан атооч сөз эмне үчүн колдонулуп жатат? Албетте, акын Бүкөндүн канча жолу жыгыларын санабайт, аны саноо да мүмкүн эмес, бул жерде жөн гана үч жашар кыздын курак өзгөчөлүгүн, басышты жаңы үйрөнүп жаткандыгын көрсөтүп «жүз» деген сөздү «өтө көп» дегенге синоним катары колдонот.

Мына ушул биринчи бейттен дүйнөгө өзүнчө келген, жаңы гана жашоону баштаган наристенин татынакай, таза, аруу элеси келди.

Экинчи бейт:

Аз ыйлайт, борс-борс күлөт, көп да күлбөйт,
Кемпирден токсондогу таза сүйлөйт.

Ушул саптарда турмуштук карама-каршылыктар (ыйлоо – күлүү; бала – кемпир) акын үчүн өзгөчө поэтикалык каражаттар катары колдонулууда.

Экинчи бейт Бүкөндүн мүнөзүн, анын балалык белгилерин ачууга жумшалат. «Борс-борс» деген дабыш тууранды сөз баланын таза күлкүсүнүн, эч нерседен бейкапар турмушунун элесин берет да, акырын гана тексттин ичине «көп да күлбөйт» деген сөз айкашын камтып, кооганын башталышын кыстарып өтөт. Анан кайра наристелик сүйкүмдүүлүктү, «кемпирден токсондогу таза сүйлөйт» деген саптарда берет. «Бала тили – бал», Бүкөн – дал ушундай бал тилдүү кыз.

Үчүнчү бейт:

Кыргыз да… ачырканбай кымыз ичет,
Кучактап уктап калат бир жилик эт.

Автор бөбөк каарманына кыргыздык белгилерди берип жатат. Ал белгилер: кымызды ачырканбай ичиши, бир жилик этти кучактап уктап калышы. Булар жөн гана улуттук тамак-аштар эмес, символдор, кымыз – актыктын, тазалыктын, жилик эт – бүтүндүктүн, токчулуктун, эл пейилинин символу, кыздын уктап калышы болсо – бейпилдиктин, тынчтыктын символу.

Жогорудагы үч бейитте (6 сапта) акын эмнелерди айтууга жетишти? Биринчи кезекте: каарманынын ким экендиги, анын тышкы белгилери, мүнөзүнүн айрым жактары, ошол каарманын көрсөтүүдө колдонгон сөз байлыктары. Окурманда Бүкөнгө карата симпатия пайда болду, акын бизди өзүнүн кичинекей каарманын сүйгүзүүгө мажбур кылды, биз Бүкөнтайды жакшы көрүп эркелеткибиз келип кетти. Мына ушундай окурмандык сезим-туюмда турганыбызда күтүлбөгөндөй кош сапты тартуулайт.

Төртүнчү бейт:

Ар убак абалары «ырдап кой» дейт,
Бүкөнтай көздү жумуп ырдап кирет.

Мында дагы бир турмуштук көрүнүш көз алдыга тартылат, бул чоңдор менен балдардын мамилеси. Биринчиси, сүйкүмдүү кызды эркелетип чоңдордун «ырдап кой» деп турушу. Экинчиси, чоң кишилердин сөзүнөн чыкпаган Бүкөнтайдын ырдап кириши, ал жөн эле ырдабайт, «көздү жумуп ырдайт». Көздү жумуп ырдаганы эмнеси? Кыздын тартынчаактыгыбы, же уялчаактыгыбы, же башка дарты барбы?

Бешинчи бейт:

«Сагындым, атакем ай, келсе экен», — дейт,
«Ал жеңип, тилегимди берсе экен», — дейт.

Мындагы төл жана бөтөн сөздү – автордун жана каармандын сөзүн бир караңыз эле. Автордун речи же төл сөз эки сапта тең «дейт» деген сөз, ал эми каармандын сөзү, б.а. бөтөн сөз – «сагындым, атакем ай, келсе экен, ал жеңип, тилегимди берсе экен». Мына ушул эки сап, Бүкөндүн ырынын эки сүйлөмү бүт чыгарманын бийик чокусу, жаны, автордук ойдун талуу жери. Каарман болгону эки ооз сөз айтат, бирок ошого баарын камтыйт, бүт батырат. Бул саптар – кыздын тилеги, ниет-ою, сагынычы, кусалыгы, каргышы, трагедиясы.

«Атакем ай» деген эркелетүү маанисиндеги сөздө не бир сүйүү, сагыныч жатат, атасын көрбөгөн үч жашар, жана гана темтеңдеп баскан кыздын татаал тагдыры жатат. Төрөлгөнүнө үч гана жыл болгон кыздын тилегенин карабайсыңарбы – атасынын жеңиши. Үч жашар кыздын ыры ыр эмей эле арман, боздоо, фашизмди жектөө экен.

Алыкул таланттуу акын катары «согуш», «фашист» дебей эле, «согушта жеңебиз», «талкалайбыз», «күлүн көккө сапырабыз» дебей эле жаңыдан гана дүйнөгө келип аткан кыздын эки сап ыры менен антисогуштук, гуманисттик оюн жазып таштады. Бизди эң эле таасирленткени – дүйнөнү тааный элек бөбөктүн тили «сагындым, атакем ай, келсе экен, ал жеңип тилегимди берсе экен» деп чыккандыгы. «Келсе экен», «берсе экен» деген этиштин тилек ыңгайындагы сөздөр сүйлөөчүнүн кебинде кенен эле учурайт, анда кыймыл-аракеттин аткарылышы үчүн болгон тилек билдирилет, иштин аткарылышы же аткарылбай калышы сүйлөөчү үчүн ачык болбойт, ошонун жүзөгө ашышы тиленет. Демек акын буйрук этишке -са мүчөсүн улоо, анан «экен» деген кошумча сөздү кошуу менен тилек ыңгай жасап, ошол тилек ыңгайын колдонуу менен Бүкөндүн тилегин, ниетин көрсөтүп жатат.

Алтынчы бейт:

Карылар муну укканда жым болушат,
Көзүнөн жаш чууртуп бурчак-бурчак.

Мында төмөнкүдөй фразеологиялык сөз айкаштарынын маанисин ачып көрсөк: 1) жым болуу – унчукпай, сөз сүйлөй албай калуу, эч нерсе дей албоо; 2) көзүнөн жаш чуурутуу – ыйлап көз жашын тынымсыз агызып туруу; 3) бурчак-бурчак жаш – көп, токтолбогон.

Демек, бул саптарда Бүкөндүн ырын уккандагы карылардын психологиялык абалы, алардын, биринчиден, тиги наристе кыздын тагдырына жан кейитүүсү; экинчиден, өздөрүнүн жеке кейишин эске түшүрүүсү көркөм параллель берилген, бөбөктүн ыры анын оозунан чыгып, тигилердин жүрөгүнө жетип атат, кайгылардын ашталышы, бири менен экинчисинин урунулушу болду.

Жетинчи бейт:

Анткени үч жыл болду кабар келген,
«Палан күн… палан жерде өлдү» — деген.

Мындагы көңүл буруучу нерсе – «үч» деген сан атооч. Эмне үчүн – үч. Төрт эмес, беш эмес, эки эмес, бир эмес – үч. Байкаңыз, «Бүкөн» деген ырда «үч» деген сан атооч дагы кайсыл жерде кездешти эле? Ооба, «Бүкөнтай – бучук мурун, үч жашар кыз» деген саптар бар эле. Демек, кыздын жашы – үчтө, атасынын өлгөнүнө үч жыл болду. Кездешпеген тагдырлар, кайчы өткөн өмүрлөр. Бирөө жарык дүйнөдөн кетип атканда экинчиси ошол жарык дүйнөгө келип жатат, бирөө жарык дүйнөгө келип атканда экинчиси кетип атат. Көрүшпөгөн, жолугушпаган ата менен кыз. Ага ким айыптуу, эмне айыптуу?

«Палан күн… палан жерде өлдү» деген кабарды автор эмне үчүн колдонуп атат? Неге башкаларчылап бир цифраны же бир шаарды, маселен, «1943-жылы Минск шаарында» деп жазып койбойт. Жок, автор атайын ошентип жатат. Бул тагдыр бир эле Бүкөндүн, бир эле анын атасынын тагдыры эмес, көпчүлүктүн тагдыры, аты-заты белгисиз миллиондогон жоокерлердин жана алардын уулдары менен кыздарынын тагдыры. Дагы суроо: буга ким айыптуу?

Бир ырдын сыры: Алыкул Осмонов «Бөбөккө»

Сегизинчи бейт:

Эл үчүн каза таап жоо огунан,
Бүкөндүн атакеси кайтпай калган.

Мындан өзүбүзгө өзүбүз төрт суроо берели: 1) Ким кайтпай калган? – Бүкөндүн атакеси. 2) Бүкөндүн атакеси эмне болду? – Каза тапты. 3) Эмне үчүн каза тапты? – Эл үчүн. 4) Эмнеден каза тапты? – Жоо огунан. Көңүл бурулуучу таяныч сөздөр: эл үчүн, жоо огунан, кайтпай калган, каза таап. Бүкөндүн ырындагы «атакем ай» деген жалбарган, жалынган, сагынган сөзгө жооп кылып автор «атакеси» деген сөздү колдонууда. Бул сөз аркылуу кыз менен атанын ысык мээримин, назик ымаласын чагылдырууда.

Соңку бейт:

Бирок да бардык айыл жакшы көрөт,
Бүкөндүн эркелетчү атасы көп.

Мындагы автордук ой – бүткүл ырдын жыйынтыгы – Бүкөндүн атакеси кайтпай, жоо огунан каза болгон менен бүт айыл аны жакшы көрөт, өз перзенттериндей эркелетет, анын атасы көп.

Мында дагы эки карама-каршы нерсе бар: биринчиси, Бүкөндүн атасынын жоктугу; экинчиси, Бүкөндүн атасынын көптүгү. Акын жеке тагдырдын өксүгү менен элдин элдигин, эл ичиндеги трагедиялуу инсан жалпы калайык-калк, журт көргөн кыйынчылыктарды көрөрүн айтып өтүүдө. Соңку саптарда балага карата мурдатан акын түзүп келаткан ылым саноону жогору бийиктикке жеткирет, наристеге карата таза, ак дилден айтылган, боор ооруган, жакшы көргөн, аяган сөздү колдонот.

Ушул ыр сынга алынып жатат. Кыргыздын дагы башка бир таланттуу акыны Мидин Алыбаев тарабынан «Мааниси жок Махабат» деген макаласында: «Китептин 15-бетинде (сөз А.Осмоновдун «Махабат» жыйнагы жөнүндө баратат – М.А.) «Бүкөн» деген атасы фронттон курман болгон жетим кызды жазып келип… ал баланын – адамдын мурдун бучук кылып кемсинтип, шылдыңдап, төшөктү май кылып, бир жилик этти кучактатып жаткандыгынан өйдө жазганын жактырбадык», — деп сындалып жатат [1]. Эмне үчүн? Дал ошол каарманды адаттан тыш тандаганы үчүн, ураалаган кыйкырыктары жоктугу үчүн, кыргызды кыргыз бойдон чагылдыргандыгы үчүн

  1. Алыбаев М. Мааниси жок Махабат//Кызыл Кыргызстан. – 1946. – 15-нояб.

Абдыкерим МУРАТОВ, адабиятчы, жазуучу, публицист

Алыкулдун ачыкка чыкпаган армандуу сүйүүсү

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.