Австралия эл жомогу: Санак билген чөө

Бир күнү чөө кетип баратып уй союп аткан адамдарга жолугат. — Эт бергилечи мага да, — дейт чөө шилекейин араң токтотуп. — Эгер бирди айтпай онго чейин санасаң эт беребиз. Болбосо жок, — дейт бир киши. Чөө ойлоно түшүп сурайт: — Демек бирди айтпай онго чейин санасам эт жейт экенмин да? — Ооба. — Тигинде эки эчки, бир тоок турат, алардын буттарын кошсок он болот, — дейт чөө. Чөөнүн акылына айран калган адам чоң кесим этти ыргытат, чөө жерге түшүрбөй […]

Шабдан Сулайманов: Улуу Жалгыздыкта жашаган Даос досум

Тээ, илгери жазган ырларымды ар кайсы жерде самсытпай, бир ирээтке салып коёюн деп китептей калың блокнотту сатып алгам. Блокноттун тышында «Мотивы старого города (г. Рыбинск)» деген жазуусу бар. Ошого көчүрүлгөн далай ырларымды барагы менен кошо тытып ыргыта берип, азыр жупжука эле бир дептерче алдымда жатат. Анын ичинде жалгыз каалоо жазылган. Ал кол жазма Эрнис досумдуку. «Рыбинск шаарын көргөн эмесмин, Бакай-Ташты көргөн эмесмин. Бирок ырларың аркылуу карт асканы элестеттим. Сүйүндүм. Толкундандым. Сагындым. Жыргадым. Рахмат айткым келди… «Рахматтан башка сөзүм жок» дейт […]

Элеттик Кубат Ашырбаев тубаса талант эле

Эл деген көпчүлүк. Андан акылман да, акмак да, тентек да, жөнтөк да чыгат. Анан ошол элдин арасында табигый таланттар жаралат экен. Нарын районунун Таш-Башат айылынын тургуну Кубатбек Ашырбаев оозунан ыр куюлуп турган тубаса талант эле. Өзү этибар албай, ырларынын көбү жазылбай калды. Анын кай бир айткандары автору белгисиз боюнча “элдик” болуп жайылып, калк арасына сиңип кеткен. Өзү болсо мындан бир нече жыл мурда кырсыктап, 47 жаш курагында каза болгон. Кубат байке обондуу үч-төрт ыр жазган. Анын бири “Нарыным” эл арасында […]

Дилазык: Биз билбеген Леонардо да Винчи

Леонардо да Винчи (1452-жыл–1519-жыл) — Кайра жаралуу доорунда жашаган италиялык белгилүү архитектор, музыкант, ойлоп табуучу, бедизчи, гениалдуу сүрөтчү. Ал бардык жагынан төп келишкен генийалдуу адам болгон. Леонардо да Винчи ар кандай кызыктуу окуяларды ойлоп таап, уккулуктуу сүйлөй билген. Анын чыгарган уламыштары менен жомоктору, анын көзүнүн тирүүсүндө эле сүрөттөрүнөн кем эмес атак алып келген. Анда эмесе баалап көрүңүз. ЭШЕК «Суусаган эшек көлмөгө келди. Бирок көлмөдө өрдөктөр бири-бирин кубалап, канаттары менен чалпылдатып ойноп жүрүшкөн эле. Алар сууну капкара кылып булгап салышты. Эшек […]