Конкурска: Мендей да курбу болобу? (№56)

ЭССЕ Курбум, сегиз жылдан бери ар бир жылдын башында сага кат жазамын, жеттиби? Кээ бир каттарым кагазга төгүлсө, кээ бири ойлорумда… Кандайсың, ал жак кандай экен?.. Топурактын, жердин жытын жакшы көрчүсүң, моокумуң канганча жыттап жатасыңбы? Курбуңдун өзүнөн башканы ойлобогон өзүмчүл адам экендигин көрүп жийиркенбедиң бекен? Ошол күнү мен сага жолукканымда кандуу жолго чыкмак эмессиң!.. Мендеги кур намыс, дагы деле көп туура эмес иштерди жасатып келет. А мен көбүнчө ошол кур намыстын кулу болуп алгандаймын… сен мага “Мээрим, кел бүгүн жолугалы, […]

Улут адабияты тууралуу үч суроого акын Тайир Аширбайдан жооп

Улуттук адабиятыбыздын ооматы качан келет? Деги келеби, же өтүп кеттиби? Жооп: Жылдын төрт мезгили улам кайра алмашкандай,  адабияттагы ооматтар кете берет,  эрте жазды сагынгандай келе берет. Элге да,  жерге да келкел жомоктогу бакыттын кушу сыяктуу бүгүн учса,  эртең сөзсүз коноору анык. Адабий майдандын ээлери – калемгерлер,  көркөм сөздүн чеберлери. Эгерде сөз баккан дыйкандар маңдай тер агызып,  катуу иштешсе,  Кудайдын бергени – ошол! Адабият – миң тамырлуу, көп бутактуу дарак. Поэзия,  Проза,  Драматургия жана Котормо – Адабияттын чыныгы перзенттери. Адабият таануу […]

Садык Алахан: Кыргыздык милдетти аткаруу кыйын

“Келкел kg” журналынын кезектеги жаңы саны өлкөбүздөгү эң ири Кара-Суу районуна арналып чыгарылды. Журналдын кабарчылары ушул райондун тургуну, белгилүү адабиятчы, “РухЭш” сайтынын “Кызана” чыгармачылык тобунун активдүү мүчөсү, филология илимдеринин доктору, профессор, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин проректору Садык АЛАХАН агабызга да кайрылышып, киндик кан тамган айылы, ата-энеси, балалыгы, чыгармачылыгы ж.б. маселелелер боюнча суроо салган. Төмөндө ошол дилмаекти “РухЭштин” окурмандарына тартуулайбыз. Кичи мекен – максаттарга үндөп турган ыйык күч – Сиз чоңойгон айылды ааламга кантип тааныштырат элеңиз? – Ар бир […]