Айгашка

Туягы кара чайнектей,
тукуму болчу жылкынын.
Көрүнгөн эле тай кезден
көзүнө далай сынчынын.

Камгактай жеңил болучу,
камчыны көрсө жутунган.
Желдирсең жумшак… жонучу –
жел менен желип учурган.

Асманды чапчып кутурган,
айгыр деп укмуш үйүргө…
Жылыга кол жууп кулундан,
атакем анан түңүлгөн…

Жинденип алып бир күнү:
айгыр деп арсыз, чапчынган,
айланып кал деп үйрүңү,
акыры бычып ат кылган.

Оолугуп жүргөн Айгашка,
ошентип азап чекти эле.
Тулпар деп сүйгөн Айгашка,
туяксыз өтүп кетти эле.
02. 2002-ж.

Кабат үйдө

Кабат үйдө жашагандан камалып,
келинчегим жадаганбы,
сурайт: “Качан көчөбүз биз там алып?”

Подъезддердин кирсең ачып кычыган,
(каңылжаарды ачыштырган)
билбейм, качан кутуламын жытынан?

Кабат үйдө кайнап-боргуп ысыган
жайдын күнү жакын-алыс,
үйгө конок келген сайын кысынам.

Кут төрүңдө аксакалдар баш болгон,
(эмнегедир кыпкыргызча)
кабат үйдө эч жарашпайт аш-тойлор…

Кабат үйдүн балконунда ойногон
балдарымды аяп кетем,
өсүп жаткан жерге, кумга сойлобой.

Кабат үйдө мен сыяктуу жашаган,
бу дүйнөдөн көзү өткөндө –
саламы түз, бейтааныш бир жаш адам…

кошок чыкпай койнундагы катындан!
Кабат үй деп чочулашып,
өкүрбөдү бир жатындаш жакындар.

Кабат үйлөр, кабат үйлөр шаардагы,
кайгыны да чыгарууга
мүмкүн эмес жаап алып каалганы.

Жамандыктар, жакшылыктар жөнүндө
ойлогондо тилеп кетем,
өлсөм сөөгүм чыкса экен деп жер үйдө.
06. 2001-ж.

Шаардык төө

Ырысы – чөлдөн, талаадан,
сапары – кербен жолдордо…
төө көрдүм ушул калаадан,
төө көрдүм – шумдук!.. борбордо.

Ош базар жакка каттаган
өйдө-ылдый аккан элдерди,
(сүрүшүп жолдо батпаган)
суроолуу тиктейт:“Кербенби?”

Боз инген экен куурагыр!
Жок үчүн көп жыл буурасы –
туубагыр болуп, туубагыр,
жүдөптүр түлөп чуудасы.

Боз инген экен куураган,
желиндей элек, желиндей!
Көп жылдан бери туубаган,
көп жыл бой жүргөн келиндей.

Буурага бою күүлөгөн,
ботодон бою зарлаган…
күрү-күү, чууну сүйбөгөн
ким аны мында кармаган?!

Алакан басым алайган,
көздөрү баёо ал деле,
болсо да байкуш мал-айбан:
“Барбы, – дейт – аёо?”… Бар беле?!
Июль. 2001-ж.

Бир үзүм нан

Каршы-терши чубурган
канча тирүү жан басты.
Жолдо жолдой тепселген
бир үзүм ак нан жатты.

Шимшип жүргөн жолбун ит,
шимшип келип алат да, –
жейби десем таштады,
бут баспаган тарапка.
Февралъ. 2001-ж.

Шаркыратма

Шашып келип шаркыратма
төбөсүнөн сайылган соң
жаны тынды, сайда жаткан
таштан ташка жайылган соң.

Чоң жүрүшкө кошулганда,
шар-шар эми агалбады.
Токтоп турган деңиз жакка
бара жатты камалганы.

Чачты жайган топ сулуулар
туш тарапка алакташып…
сууга келип кирингени
чечиништи шаракташып.

Кучак жайып, кулап берген
жыпжылаңач денелерди,
айлампа суу тосуп алды.
Жаңы агымдар келе берди.

Сулууларды тоскон бойдон,
айлампада калалбады.
Шаркыратма деңиз жакка
бара жатты камалганы.
24-апрель, 2001-ж.

Жаңы жомок

Сай боюнда үңкүйүп, кадам жылбай,
сайды тиктеп, үшкүрүп… анан мындай
сайрап берем балама жаңы жомок:

“Аттап өтөөр бир кезде арык эле,
арык эле… булак суу шылдыраган.
Булак ошол тоо жактан келет эле,
арыгы чак болсо да – аңыз талаа
толуп турчу күзүндө берекеге.

Тоо тараптан бир күнү адыраңдап,
адыраңдап сел келди… ташкындаган.
Эртесинде – кыямат, арман эле…
изи калбай арыктын, жемирилип,
аңыз талаа сай болуп калган эле!”

Сай боюнда үңкүйүп, кадам жылбай.
Сайды тиктеп, үшкүрүп… анан мындай
сайрап берем балама жаңы жомок:

“Аттап өтөөр ушул сай арык эле,
арык эле… булак суу шылдыраган.
Булак ошол тоо жактан келет эле.
Кагыраган ушул сай оо, ал кезде
толуп турчу күзүндө берекеге!”
03. 2002-ж.

Кары сөзү

Көп үмүтүм бар эле… Жеткен жокмун, –
ишенип жүрүп жаштыкка.
“Кейибейм” деп артынан кеткен октун, –
ишенип жүрүп жаштыкка,
кээде ойлогом күндөрдү: “Кеткен жок кур… –
ишеним кылып жаштыкка.
Баш байлаган максаттар “Эртең бүтөт…” –
ишенип дале жаштыкка:
баарын санап койгомун: “Эртең күтөт…”
Ишенип жүрүп жаштыкка,
өчтү акыры ишеними көңүлдүн…
Оо, азгырма жаштыктан
өзөк сыздап, мына ушинтип бөлүндүм!
Алдабайт эми карылык.
1997-ж.

Көз ирмемде

Чарт деп асман,
чагылгандар камчы тийген жыландай
туйлап, бийлеп,
бир-бирине оролуп же жыгалбай:
күркүрөшүп
күрөшкөндөй асман бетин айрыган.
Күндүн бети –
кара жоолук жамынгандай кайгыдан.
Жамгырласа
жаратылыш, жашыгандай сезилет.
Улуп-уңшуп
шамал неге боздоп ыйлайт, эзилет…
Айрылгандай
бир боорунан, шуулдашып теректер
жоктойт кимди?
Жоошуйт кайра, жоготуу да эместей.
Көчөт булут
көзү өткөндү узаткансып дүйнөдөн.
Күн башбагат.
Көк асманды көрбөйт жалгыз мүрзөлөр!
14.05.1997-ж.

Карама-каршылык

“Куш болбо канат серпип бардыгындай,
зуулдаган заманыңдын
бол, – дейсиң, – шаңшып учкан алгырындай…”
Алгыр куш, билесиңби?
Көз ойгуч болот алар.
Өзүнөн алсыздарды,
Жем кылып тоёт анан.

“Көптөрдүн бири болбой алдыдагы,
зуулдаган заманыңдын
бол, – дейсиң — желдей сызган аргымагы…”
Аргымак билесиңби?
Арыса аксайт ал даа.
Жал, куйрук көрктөн азат,
жаны бук, жетпейт алга!

Сен айткан алгыр куштай,
алдымда жемге айланган
алсызды көргүм келбейт.
Сен айткан аргымактай,
жинди бу заманымда,
жинигип өлгүм келбейт.
Август, 2000-ж.

*     *     *

Ышкындай солкулдаган келин экен…
“Келиңиз, ышкын сатып алыңыз, – дейт.
Алдагы көзү, мурду сизге окшогон,
этектеп ээрчип жүргөн балаңыз жейт”.

… Келинге көзүм түшсө солкулдаган –
ышкынды жеп көрбөгөн өмүрүндө,
колумдан тартып: “Ата, алып бер” — деп,
баламдын ышкын турду көңүлүндө.
8. 06 2002-ж.

Устат

Сократ:
Эртеден кеч өтүк ултарып,
толгон элге курчалып,
ишиң кандай пайдалуу.
Согончогу кызарган
сообу тийет жардынын.
Акыл жыйнап кумсарып
а мен минтип кайгымын…

Симон:
Жаңыласың, Сократ!
Өлүп, талып чокулап,
өтүк тигүү чоң азап.
Жакшы өтүккө жакшы тери жукартып
мээнет узак созулат.
Жука тери кайта өзүңдү жукартып,
өтпөйт элдин сынынан.
Керип-чоюп, ашаткысын караймын,
керексизин ыргытып,
керектүүсүн жамаймын…

Сократ:
Кеп ушунда, кулак сал!
Сага дайын узактан –
өтүк үчүн
жука тери эч жарабай турганы,
анан аңга ыргытасың, туурабы?..
А мен кантем!
Ыргытамбы, адамды?
Ал булгаары буюм эмес,
жакшыбы же жаманбы, –
айталбаймын тегин эч…
кармап көрүп сенчилеп…
22.06. 1998-ж.

Атажурт

Тоо курчалып, Атажурт, туш жагыңа,
тоолоруң чеп көз тиккен душманыңа.

Тоолор окшоп калпакка башымдагы,
баш кийимдей ыйык ал, асыл дагы.

Шарылдаган күү агып сууларыңда,
шамал тийсе күү чертет куурайың да.

Дирилдетип жүрөктү жаш чагымдан –
дилди козгойт торгой да асманыңдан.

Алмуздактан талааңа Ай төгүлгөн,
айыбы жок о, канча кан төгүлгөн.

Ташын талкан кылам деп өчү калбай,
тарыхыңды келишкен өчүралбай.

Кемип, толуп өзүңдө ата-баба,
керээз айтып коштошкон ата-бала.

Көк жайыктуу талаалар мелмилдеген,
көп тарыхты көрдүң сен, мен билбеген.

Бөтөнчө го бу кыргыз сөөк сыйлаган,
бөтөн жерге эр өлсө – сөөк кыйбаган.

Ат арытып бейиштей калып жерлер,
Атажуртка артынып алып келген.

Дөңгө айланып, эшилген топурагың,–
дөөтү сымал тоолор да, чокуларың.

Ташыңды да бабалар пайдаланган,
талаа-түздө тарыхың саймаланган.

“Кыргыз элдин жолундай өйдө-төмөн,
кыр, оюу көп эмнеге?” – Ойго чөгөм.

Тоолор – ыйык дүйнөдө, асыл дагы.
Тоолор калпак – жоготпос башымдагы!
2000-ж.

Көл түрмөк

Тармалданган толкундар жонуңдагы
татып турат эмнеге шордун даамы?

Шарп-шурп этип сыйкырдуу сыр катылган,
шаар жатат түбүңдө кыйратылган.

Кумуң менен жээгиңде арыбаган,
куу сөөк көп эмнеге шагыраган?

Абалкы өткөн бабалар көз жашындай,
артыксың сен, тунук көл, өз башымдан.

Келгенимде жээгиңе кемип санаа,
кетээримде негедир кейийм сага.

Сени булгап кайдагы көрүнгөндөр,
сен дартыңдан жабыркап көбүргөндөй…

Жээгиң улам тартылып азайууда,
жеңил эмес, о, сага тазаруу да!

Толкунуңдай термелип өйдө-ылдый,
тоолук эл да сенделип өйдө-ылдый:

Теңсиз заман эзгенде кайран элди,
тентип, азып өзүңө кайра келди.

Сезиминде – Мекени тоолуктардын,
сен эч качан кырсыкка жолукпагын!

Ак толкундар жээгиңден азайбасын,
атпай журттун кареги кашайбасын!

Алтын балык түбүңдө калың жаткан,
ажал тапсын бир гана кайырмактан.
1998-99-ж.ж.

«Өзүм менен өзүм» китебинен
(«Бийиктик» басмасы. 2004-ж.)

One Reply to “Олжобай Шакир: Тоолор калпак – жоготпос башымдагы!”

  1. Олжобайдын ырлары ойго салат адамды. Чын эле жашмын- деп жүрө берип, көп нерсени эртеңкиге калтырып, бүгүн болсо кечигип калдым , ал — күч кечегидей эмес деп арман кылат экенбиз адам баласы. Чыгармачылык ийгилик каалайм!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.