Баарыбыз үчүн: Жан-дүйнө дартына даба болор жомоктор

<<<<< Башы Штирлицев өзүнүн коркоктугун кантип жеңгендиги тууралуу жомок 9-15 жаштагы өспүрүмдөр үчүн. Ар нерседен корккон, өзүнө ишене бербеген, жалтаң өспүрүмдөргө арналат. Чечүүчү фраза: «Корком!» Айласы куруган Штирлицев Базилиону кармап алды да, мектепке көтөрчү баштыгын жонуна илип, ошол жардам берчүдөн бетер мышыкты бооруна бекем кысып алды. Аңгыча эле… — Мени эмне мыжыгасың?! – деген нааразы болгон ичке үн чыкты. Штирлицев таң кала тегерегин карады. Көчө мурдагыдай эле ээн, айланада эч ким жок. Базилионун жашыл көздөрү аны жаман көрүп карап турган. […]

Улут адабияты тууралуу үч суроого акын Назгүл Осмоновадан жооп

Улуттук адабиятыбыздын ооматы качан келет? Деги келеби же өтүп кеттиби? Жооп: Элдик оозеки адабияттан башат алган улуттук адабиятыбыздын ооматы адабиятка Алыкул Осмонов жана Чыңгыз Айтматов сыяктуу бири поэзия, бири проза алпы келген мезгилдерде келип кеткендей сезилет. Алыкул чыныгы поэзия эмнелигин далилдесе, Айтматов адабиятта улут, мейкиндик деген чектөөлөрдүн жоктугун далилдеп, бир адам бир дүйнөлүгүн, адам дүйнөгө эмес, дүйнө бир адамга батарын туюндурду… Ошондо адабияттын ооматы келип кеткен болобу деген суроо жүрөктү өйүйт. Бирок жер огунда айланып, күн менен ай кезмектешип жашоо […]

Тайпадагы талаш: Уйкудагы улут – I

Мурдагы кезеңдерде коомдогу кайсы бир актуалдуу темалар тегерегинде тегерек үстөл аталышындагы жандуу талкуулар болор эле. Азыркы күндө андай тегерек үстөлдөрдөн да ыңгайлуу форматта талаш-тартыштуу баарлашууларды уюштуруунун ыкчам жолдору арбын. Андай ыкмалардын бирин Фейсбук аркылуу “РухЭш” сайтынын “Казына” тобундагы адабий эксперттер менен алгачкы жолу уюштуруп көрүүнү эп көрдүк. Аны биз “Тайпадагы талаш” деп атадык. Темабыз – “Уйкудагы улут”. Эмнеге дээрсиз, азиз окурман! Сөз оролу биздин талкууда… Олжобай ШАКИР: Кээде ойлойм: көзүбүз чекчейип көрүп, кулагыбыз делдейип укканы менен… терең уйкудагы улутпузбу деп. […]

Конкурска: Ырымды окуп кейигендир бир кайран (№57)

*     *     * Бир сүйгөнүм жерден таап баш паана, бир сүйгөнүм жар болду эле башкага. Бул дүйнөдө буйрубаган сүйүүнү көргүм келбейт, оо дүйнөлүк жакта да. Бул дүйнөнүн ылдамдыгы ок ченем, билбейм эми дагы канча от кечем? Ашырдың го азабымды башымдан, сенде жүрөк, а менде эмне жок бекен? Көздөрүңө кадалды экен деги ким? бороон-чапкын болуп жатат өмүрүм. Сыр жашырган ак сандыктын ичинде, сыр идиштей дат басууда көңүлүм. Көкүрөктө муң болбосо ыр кайдан. Күндө азап чекчү болдум мындайдан. Кол жетпеген асылдарга жазылган, […]

Айбек Абдылдаев: От кечкен отуз күн

АҢГЕМЕ Күндүн көзүн көрбөй калышы мүмкүн эле… Алеппонун будуң-чаң түшкөн көчөсүндө алаңдап чуркап баратып, кылайып чыгып келе жаткан күнгө көзү чагылышты. Колун күндөн калкалап тура калды. Талкаланган, ураган, жер менен жексен болгон имараттарга күн нуру жайыла тийип, тээ бозоргон талаага өтүп төгүлдү. Күн менен кошо шаардан чыккан топ жөө жалаңдап, боз чаптуу адырды беттеп түндүктү көздөй агылып жөнөдү. Узун боюн калың топтун арасына жашыра албай, бүкүрөйөт. Көздөгөнү эптеп Сириянын түндүгүнө жетүү. Калганы кудайдан. Өрткө ыргытылган ширеңкенин бир талындай болуп Элкуттун […]