<<<<< Башы

  1. Штирлицев өзүнүн коркоктугун кантип жеңгендиги тууралуу жомок

9-15 жаштагы өспүрүмдөр үчүн.

Ар нерседен корккон, өзүнө ишене бербеген, жалтаң өспүрүмдөргө арналат.

Чечүүчү фраза: «Корком!»

Айласы куруган Штирлицев Базилиону кармап алды да, мектепке көтөрчү баштыгын жонуна илип, ошол жардам берчүдөн бетер мышыкты бооруна бекем кысып алды. Аңгыча эле…

— Мени эмне мыжыгасың?! – деген нааразы болгон ичке үн чыкты. Штирлицев таң кала тегерегин карады. Көчө мурдагыдай эле ээн, айланада эч ким жок. Базилионун жашыл көздөрү аны жаман көрүп карап турган.

— Коё бер мени! Уктатпай койгонуң аз келгенсип, жок дегенде мыжыкпачы,— деп  кайталады ошол эле нааразы үн.

Штирлицев колундагы Базилио сүйлөп жатканын эми даана түшүндү. Штирлицев ийинин куушуруп мышыкты коё берди.

— Сүйлөбөскө аргаң жок да,— дагы эле таарынган, бирок жумшара баштаган үнү менен кобурап койду мышык, алаканы менен мурдун сүртүп.

Эмне кыларды билбеген Штирлицев жерге олтура кетти. Васька жанына олтурду. Ошентип 2, 3, 5, балким андан да көп мүнөт өттү. Аполлон саатын карады. 3 мүнөттөн кийин ал партада олтуруп, чейрекке карата текшерүү ишин жаза баштамак. Ал мектепке тигил арсылдап үрүп жаткан ит болбогондо убагында эле жетмек. Айласы түгөнүп ыйлап жиберди.  Ал эмне кылышты билбеди.

— Ушинтип түнгө чейин иттен коркуп олтура бересиңби? Сен текшерүү ишин жазмак эмес белең,— деди мышык жуунганын улантып.

Штирлицев аны карап калды.

— А мен эмне кылышым керек? Көрдүңбү үргөнүн, тытып жечүдөй болуп, угуп жатасыңбы?

— Уктум. Бирок сен ошол ит үчүн көптөн бери даярданып жүргөн текшерүү ишиңди жазбай каласыңбы?

Штирлицев айласы кетип тура калып, башын эки колу менен мыкчып, кайра жерге олтура калды.

— Эми эмне айла кылам?!

— Адегенде тынчтан. Күндөгүдөй эле басып жанынан өтүп кет, ал сага тийбейт. А коркуу деген — өлүмдөн да жаман,— деди өзүнүн ишин таштабай улантып жаткан Базилио.

— О койчу, ал кандай кабаанак экенин билесиңби! Коркуп жатам,— деди Аполлон.

— Коркуп жатасыңбы — олтура бер, текшерүү ишине барбай. Же үйүңө жөнө, мектепке деле такыр барбай койбойсуңбу,— деди мышык көңүл кош.

— Жок, сен эмне деп жатасың, анткенге болбойт. Чейрек чыкканы жатса текшерүү ишине кантип барбай коём?!

—Анда тур да, коркпой басып жөнө.— Базилио сүйлөгөндөн чарчап алаканын жалап-жуктап жууй баштады.

— Бирок коркуп жатпаймынбы,— деди Штирлицев ыйлактап.

— Анда олтура бер же үйүңө кайт.

Мектеп таптакыр эле жакын болчу. Штирлицев жана Базилио сабакка кирүүгө кагылган коңгуроонун үнүн угушту. Эмдигиче класстагылар партага олтуруп, окуучулар дептер, калем саптарын камдашып, а эжейи доскага тапшырманы жаза баштады болуш керек.

Штирлицевдин айласы эми чындап куруду, өзүн кайда коёрду билбей чебелектеди. Ушул учурда бүткүл жер шарында андан өткөн бактысыз адам жок эле. Көзүнөн жашы токтободу.

— Ыйлагандан пайда жок,— деди Васька.

— Вася, уксаң, экөөбүз чогуу өтпөйлүкпү я? — жалдырап сурана баштады Штирлицев.

— Жок, суранбай эле кой. Мен сенин досуңмун дечи, бирок бул жөнүндө суранба. Мындай сөздү уккум да келбейт. Апрелде Карл Маркс көчөсүндөгү ротвеллер желкемдеги бир тутам жүнүмдү тиштеп үзүп алган. А негизи… Өзүң эле бара бер. Негизгиси – коркпо. Коркуу – өлүмдөн да жаман. Мен сага кечинде келем. Чогуу олтуруп кефир ичебиз.

Бечара Штирилцевдин туруп баскандан башка аргасы калбады. Ал баштыгын колуна алып, жыла басып мектепти карай жөнөдү. Аңгыча ал итти көрдү. Ит өз уясынын алдында сөөк кемирип жаткан. “Өтүп бараткан бирөөнү мүлжүп бүтүп калган окшойт”—деген ой кетти, жүрөгү түшүп араң бараткан Апполонго. Ал ордуна тык токтоду. Аны көргөн ит тура калып ырылдап, тиштерин көргөздү. Штирилцев артка бир чегине түштү да, кайраттанып чоң-чоң кадам таштап алдыга жөнөдү. Ал уламдан-улам ылдамдай басты, кулагында Базилионун: “Негизгиси – коркпо, негизгиси – коркпо, негизгиси – коркпо!” – деген үнү жаңырат.

Ошентип баратып иттен да өтүп кетти! Мектепке жетейин деп калганда бурулуп артын карап, уйкудан эми ойгонгондой болду, – анан эмне, болуп көрбөгөндөй оор учур болбодубу. Ит эч нерсе менен иши жок мурдагысындай эле сөөк мүлжүү менен алек. Ал ага көңүлүн да бурган жок.

“Коркуу – өлүмдөн да жаман”—Штирлицев Васьканын ушул сөзүн кырк мүнөттөн кийин, текшерүү ишин эжейине тапшырып бергенден кийин эстеди.

Талкуулоо үчүн суроолор

Базилио Штирлицевке эмне кылып жардам берди?

Ит эмне үчүн Штирлицевге жулунган жок?

Штирлицевдин Базилио менен сүйлөшүп жатканда кандай тандоолору бар эле?

Анын ордуна сен болсоң эмнени тандайт элең?

Сенин жашооңдо ушул сыяктуу тандоого туура келген учурлар болду беле?

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.