Мурдагы кезеңдерде коомдогу кайсы бир актуалдуу темалар тегерегинде тегерек үстөл аталышындагы жандуу талкуулар болор эле. Азыркы күндө андай тегерек үстөлдөрдөн да ыңгайлуу форматта талаш-тартыштуу баарлашууларды уюштуруунун ыкчам жолдору арбын. Андай ыкмалардын бирин Фейсбук аркылуу “РухЭш” сайтынын “Казына” тобундагы адабий эксперттер менен алгачкы жолу уюштуруп көрүүнү эп көрдүк. Аны биз “Тайпадагы талаш” деп атадык. Темабыз – “Уйкудагы улут”. Эмнеге дээрсиз, азиз окурман! Сөз оролу биздин талкууда…

Олжобай ШАКИР: Кээде ойлойм: көзүбүз чекчейип көрүп, кулагыбыз делдейип укканы менен… терең уйкудагы улутпузбу деп. Табынсыз эгемендүү мамлекет курдук дегенибиз менен улуттун кайра жаралуу сезими алигиче толук маанисине жете электей. Негедир жалган түшүнүктөр, жалган лозунгдар жаңырып, курулай ураандарга азгырылып алган жокпузбу? Болбосо жалпы приоритет саналган кайсы улуттук дөөлөттүн жерпайын түптөй алдык? Илим-билим тармагы болсун, адабият-маданиятыбыз болсун, диний асылдуулук болсун, айтор, рухий дөөлөттөрдүн кайсы салаасында болбосун улуттук тамыр байлап, бутак жайган өсүштөрүбүз болууда?..

Мени эң көп ызаланткан көрүнүштөрдүн бири: эне тилибизде жарык көргөн китептердин ушунчалык сабатсыз, тайкы мазмунда жарык көрүп жаткандыгы. Жадагалса, мектеп партасындагы келечек муунга билим берүү жагынан да ыйлай турган абалыбызды сезбей келебиз. Бала бакча, мектеп партасында таалим-тарбия алып жаткан келечек муундун убалын качан ойлоп, качан ошолорду сабаттуу окуу куралдары менен камсыздай алабыз?!

Биз албетте, бүгүнкү парламент өкүлдөрү менен аткаруу бийлигинде отурган аткаминерлердин сабатсыздыгына кыжырланып келебиз, бирок келечек муунду азыркы билимсиз «элитадан» өткөн түркөй, караңгы кылып өстүрүп албас бекенбиз?! Анткени мектеп окуучуларынын окуу куралдарындагы сабатсыздык көчөт балдардын аң-сезимин калыптоодо өтө чоң роль ойнойт эмеспи. Демек алар, китепте кандай жазылса, аны сабаттуулуктун үлгүсүндөй санап, көчөт курагынан эле сабатсыздык менен тарбияланып калышпайбы?

Абдысамат САРАЛА

Абдысамат САРАЛА: Анан азыр биздин коом бул дүйнө-таанымдардын бир чоң букетине айланды. Заманыбыздын табияты ушундай: баягы СССРдегидей баарынын үстүнөн купол сымал басып турган бир көз караш жок… Андыктан ар бирибиз өз чындыгыбызга чакырууда, өз чындыгыбыздын таламын талашууда маданияттуу болушубузду жана бул маселеге билимдүүлүк менен мамиле жасашыбызды айткым келет.

Либералдар менен традиционалисттер, мусулмандар менен атеисттер, чыгышка карайлы дегендер менен батышка карайлы дегендер ж.б., түрдүү карама-каршы көз караштын ээлери, биздин өз ара диалогду даанышмандык менен жүргүзүүнү үйрөнсөк жана умтулсак. Бул бир гана дүйнө тааным боюнча эмес, дегеле ар бири ар тараптуу интерпретация болгон баардык маселелерге тийиштүү деп ойлойм. Ошонун баары чындыгында сиз айткан сабатсыздык маселесине барып такалат. Сабаттуу коом гана өз ичинде конструктивдүү диалог жүргүзө алат.

О.Шакир: Абдысаматтын пикирин колдойм, ооба, бизде азыр өз чындыгын айткан бирөө-жарымды дароо эле улутка душман санаган пикирлерин кескин жайылткандар чекеден чыгат. Агер ислам баалуулугун сөз кылсаң, дароо «арапкул» дечүлөр чыгат, демократия баалуулугун кеп кылсаң, Батыштын, Американын агенти дешет, ал эми көөнө кыргыздын дүйнө таанымын оозансаң, дароо теңирчи деген балакеттер арбыды. Мунун өзү башка дүйнө таанымга сабырдуулук менен, түшүнүк менен кароо маданияты калыптанбагандан болсо керек дейм…

Тайир АШИРБАЙ: Ойгоо ойлор козголуп жатат. Мамлекеттик деңгээлдеги маселе. Мектепте иштеген мугалим иретинде окуу китептери боюнча өз оюмду ортого салайын. «Улуттук китеп», «Сабаттуу китеп» долбоорлору ишке ашмайынча, билим берүүнүн сапатын жогорулата албайбыз. Анан да, элибизге маданий сабаттуулук, диний сабаттуулук, адабий сабаттуулук жетишпегенсийт. Илимий чөйрөбүздө деле ушундай көрүнүш…

Айсулуу КӨКӨЕВА

Айсулуу КӨКӨЕВА: Маселе көп. Бул жерде айтчуу оюбуз да чөп башылап калды… Өткөндө мугалимдерди галстук тагып келбедиң деген атка минерди талап жиберишти. Тарбия ошол жерден башталат да. Бир айылда окуп кеткен элем. Ошол айылдын дубал стенддеринде ката жайнайт. Бир жылдан кийин барсам деле баягы «Закакон» деген дале турат. Айтсам, «сен маданияттуу болуп калдыңбы? Көрдүк маданияттуулугуңду» деп беттен алчудай.

А.Сарала: Экономикасы алдыңкы мамлекеттерди же ошол жолдо бараткан мамлекеттерди карап баам салсак: мугалим кесиби ал өлкөлөрдө эң эле бир ардактуу кесип… Өтө сыйлашат. Жөн эле сыйлады дебестен реалдуу түрдө мыкты айлык, реалдуу акча менен… Мына ошондо мугалимдик кесипке кокустан келгендер эмес (айылга турмушка чыгып, сырттан окуп алгандар, тажырыйба топтош үчүн жөн эле иштеп жүргөндөр келбей), чыныгы дээринде барлар келет… А бизде мыкты мугалим болчулар Орусияда, бизнесте, соодада ж.б., жерлерде иштеп оокат кылып жүрүшөт. Кээде ойлойм: татыктуу айлык болсо мен дагы мугалим болмокмун деп. Бирок аттиң, коомубуз астын-үстүн. Адамдар өз ордуларында эмес.

Т.Аширбай: Чындыгында, агартуучулук — катаал, татаал кесип. Адам баласын көчөт кезинде, балапан чагында мугалимдер окутуп-тарбиялашат. Эң негизгиси, кандай таалим-тарбия берилип жаткандыгында! Азыр эмгек акы кыйла жогорулады. Токсонунчу жылдарда бир кап ун алган кездер болгон, айлыктын ордуна… А бирок,  Бектур Исаков өңдүү мугалимдер өз өмүрүн ак мектепке арнашты. Ии, баса,  эл агартуучулардын арасында чыныгы чыгармачыл инсандар деле кездешет. Маселен,  Лейлек районундагы К.Сабыров атындагы орто мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Атакул Жакыпов – кыргыз элине таанымал акын. Атакул агай — А.Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты. Абдысаматты (акын Абдысамат Саралага айтканы. – ред.) мектепке иштөөгө чакырам.

Залкарбек НАЗАРМАТОВ: Улут уктабай эле өлүп жатат. Өзүн өзү өлтүрүү (самоуничтожения) процесси ишке киргенсип тургандай. Башканы коюп, сиздер айткан билим-берүү тармагынын айланасында эле кеп кыла турган болсок, биз келечекке аң-сезимдүү роботторду даярдап жаткандайбыз. Мунун мен көрүп жүргөн айрым себептерин айта кетейин. Мектепти биз билим жана тарбиянын уясы деп түшүнөбүз. Андыктан бул түшүнүк жүрүп отуруп, биздин коомдо көпчүлүк үчүн тар мааниге ээ болду. Б.а., ата-энелер мойнундагы айныксыз парзын, бүтүндөй жоопкерчилигин бир гана мектепке оодара салганга маш.

Алар материалдык кем-карчтыктын артынан сая кууп жүрүшүп, көз алдында кандай муун өсүп атканын көз жаздымда калтырышууда. Ушунун өзү кандай трагедиялуу натыйжа берерин билсе да билмексен болуп келебиз. Ата-энелер өз укуктарын абыдан мыкты билишет да, милдеттерге келгенде ажаандыкка салып төө бастыга алганда мыкты үйрөнүп алышты. Менимче, жеке мектептердеги класстарга видеокамера коюп, жана ал аркылуу сабактарды ата-энелер үйдө олтуруп көзөмөлгө алышы жөнүндөгү пилоттук долбоор өтө аша чапкандык!

Өзүмчүлдүк жана ачкөздүктүн акыр аягы жакшы заманга алып барган эмес эч качан. Биз заадибизден ашкан көркоо коомго айландык. «Балаңды эмес өзүңдү тарбияла» деген кеп бар. Бизди көргөн муун улутту бизден да катаал абалга тушуктурбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Сезими өлгөн муун бир кездерде өлкөнү сазга чөктүрүп ийип туш келди басып кетпейт деп эч ким ишене албайт.

Рахат АМАНОВА

Рахат АМАНОВА: Биздеги билим берүүнүн сапаты менен деңгээли коомубуздун деңгээлине жараша болууда. Эгемен болгондон бери өлкөбүз жаңы коомдук баскычка көтөрүлө алдыбы? Албетте, жок. Эгемен өлкөнүн жерпайын түптөгөнгө араң жарап атабыз. Башкача айтканда, биздин коом, биздин эл өз алдынча мамлекет куруп, саясат жүргүзүүгө даяр эмес болуп чыкты. Эмне үчүн даяр эмес? Анткени баягы эле сабатсыздык себеп болду. Саясий сабаттуулугу бар советтик жетекчилердин өз алдынча идеология менен өлкөнү алып кетүүгө саясий эрки жок болуп чыкты. Саясий эрк качан пайда болот? Саясий эрки, өз алдынча эркин ой жүгүртө алган сабаттуу адамда болот. Ал эми бизде кандай? Бизде баягы эле көз карандылык кала берген.

Саясатчылар бири Батышты, бири Арабиянын чөлүн, бири АКШны, бири Орусияны карайт. Улуттук дөөлөт менен баалуулуктар приоритетке эмес, саясатчылардын элди өз тарабына тартуу (шайлоодо) куралына айланды. Билим берүү мамлекеттик саясаттын эң башкы баалуулуктарынын бири. Бирок билим берүүгө көңүл бургандын ордуна, биздин саясатчылар саясий сабатсыз элди андан ары саясатташтыруу менен гана алек болушууда.

Туруктуу өнүгүүсү жок, ашынган саясатташкан коомдо анан кайдагы билим берүүнүн сапаты? Билимдүү коомду тарбиялап чыгуу үчүн билим берүү системасы туруктуу өнүгүүсү керек. Качан гана система жолго коюлат – ошондо гана билим берүүнүн сапаты да, деңгээли да өсөт. Билим берүү мамлекеттик саясаттын приоритетине айланганда гана өсүү болот.

З.Назарматов: Система-система деп какшап келебиз… Дегеле өлкөнүн өнүгүшүнө саясатчылар себеп болгон факты аз кездешет. Маселенин өзөгү улуттун өзүндө жатат. Уйкудагы улут ойгонушу гана керек. Ошондо гана биз какшап келаткан система өзүнөн-өзү иштеп баштайт.

Т.Аширбай: Агартуу тармагында чечилбеген көйгөйлөр чачтан арбын. Предметтик олимпиадалар эрежесиз эр урушка окшойт. Бул сыяктуу билим жарыштарын жалпы республикалык тестирлөөнүн үлгүсүндө өткөрүү керек. Мугалимдер,  дарыгерлер шайлоолордо куурчактын ролун аткарышат.

Р.Аманова: Система – бүтүндөй бир элдин жана мамлекеттин өнүгүп-өсүүсүн камсыз кылуучу бирден бир курал. Мамлекеттин өзү – бир элдин бири-бири менен экономикалык, социалдык, саясий кызыкчылыктар менен чырмалган системасы. 20-кылымдын башында кыргыз эли болгону 700 миң болгон (расмий статистика). Ушул тоо арасындагы улутту бириктирген, өлкөгө айландырган ким? Ленин атабыз экенин танып кетебизби?

Кара кыргыздардын ичинен чыккан идиреги бар жаш советтик саясатчылар кыргыз мамлекетинин түйүлдүгүн түптөгөнүн да танабызбы? Саясатчылар элдин бүгүнкүсүн аныктап, эртеңкисине жол көрсөтөт. Мына азыр уйкудагы улутту ойготуш үчүн эмне кылуу керек деген маселе келип чыкты. Улутту ойготуш үчүн улуттук аң-сезимди ойготуу керек. Бул жерде албетте, жарандык коомдун активдүү аракети чоң роль ойнойт. Бирок бүтүндөй бир элдин алдыга кетиши үчүн саясий лидерлердин чечкиндүү кадамы керек. Дүйнөдө экономикалык, саясий өзгөрүүлөр лидер саясатчылар аркылуу ишке ашкан. Бүткүл дүйнөдө жана ар бир мамлекетте прогресс элдин алдыңкы өкүлдөрү аркылуу ишке ашат. Жеке саясатчылардын ролун таналбайбыз. Албетте, жарандык коомдун активдүүлүгү менен.

Т.Ашырбай: Улутту ойготууну,  мамлекетти бутуна тургузууну үйдөн башташыбыз керек. Андан кийин бакчадан,  мектептен… Куш уяда эмнени көрсө,  учканда ошону алат.

О.Шакир: Тайир дос, “мамлекетти бутуна тургузуу” дейсиң, сага эмне мамлекет малбы, бутуна тургудай. Мамлекет ирденет, өнүгөт. Бутуна турат деп жаңы туулган жан-жаныбардын баласын айтса жарашат. Сөздү туура колдонуп үйрөнсөк…

Залкарбек НАЗАРМАТОВ

З.Назарматов: Жалгыз лидер баарын ишке ашырат деген түшүнүк тар, менимче. Анткени лидерди лидер кылган жанындагылар, тагыраагы, айланасындагы бир ууч топтун марионеткасы болуп калган учурлар көп. Андыктан саясий лидер тарыхый бурулуш качан жасаарын күтүп жашоо опурталдуу…

Ошол себептен улутту ойготууга ишенимдүү курал бул – интелигенция.

О.Шакир: Интеллигенциянын жүзу курусун, үкам. Алар бизде мите курт. Мен аларды кошоматчылар коому деп санайм!

А.Сарала: Бул нерсе тээ 90-жылдары башталды да… А мүмкүн өзөгү андан да арыраакта жаткандыр. Биз мамлекетти эволюциялык жол менен өзүбүз кура албадык… СССР курамындагы мамлекетпиз да, Кудайдын буйругу ушундай экен; биз үчүн түптөлүп калды (Албетте, алгачкы агартуучуларыбыздын эмгеги эсте). А кийин эгемендик алганда азоо атка мингизип туруп чаптырып жиберген жаш баладай эле болуп калдык да. Тартынбай жегендер байлык топтоп анан барып бийлик күтүп, анан барып ушул абалга келип отурабыз…

Москва да дароо курулган эмес, көч бара-бара түзөлөт дегендей буйруса деп туралы. Деп эле турбай ар бирибиз өз үй-бүлөбүздө аракет кылалы. Анан лидерлик фактор да өтө маанилүү. Эгер ушундай бир лидер чыгып, коомду жеген кокочо-мокочонун баарына каршы катуу саясий эрк көрсөтсө, бул чоң өзгөрүүлөрдүн алгачкы бир учкуну болмок. Сингапурдун лидери кандай мисал. Анын жейм же жебейм деген тандоосу, бүтүндөй бир мамлекеттин «быть или не быть» деген тандоосун аныктап койбодубу. Саакашвилинин мээсинде башталган идеялар бүтүндөй грузин коомун кандай өзгөрттү? Ал гана эмес ал өзгөрүүдөн аягында Саакашвили өзү кутула албай калды.

О.Шакир: Рахат, улуттун аң-сезими өспөсө – улуттук лидерди кайдан тааныйт эл?! Шайлоодо Тазбайматтын чөнтөгү калың болсо, эл ошого ишеним артат, кашайып! Анан ошондой эл өз шоруна өзү калып келатпайбы, шайлоо сайын. Улуттук лидер чыгыш үчүн улуттун аң-сезими, акыл-парасаты бийик болуш керек. Супер лидер пайда болгон күндө да биздин эл өз пайгамбарын тааныбас эл. Андыктан улутту агартуу маселеси эң чоң роль ойнойт. Илимге, билимге, маданиятка каныккан эл гана туура тандоого жөндөмдүү. Ал эми бүгүнкүдөй караламан калың журт оома болорун турмуш чындыгынан көрүп атабыз го. Сабаттуу улут гана бийликке талап коё алат, ал эми бүгүнкү күндө бийлик башындагылардан талап кылганыбыз кайсы баалуулук болууда?! Караламан массанын жаалынан корккон расмий бийлик көп учурда туура эмес чечимдерди кабыл алууга да аргасыз болуп калган учурун көрүп келатпайбызбы…

А.Сарала: Аң-сезими, ыйманы барлар өз күчү жеткен жерди агартып, жок эле дегенде таштандыны челекке таштап, экинчи жагынан мамлекет башына күчтүү лидер келип, системдик өзгөрүүлөрдү баштап, эки тараптан тең кыймыл болсо эң сонун болот эле…

Т.Ашырбай: Кептин нугу «Өсөөр эл өзүн сыйлайт» деген жээкке жетип келген сыяктанат.

З.Назарматов: Мына ошол Ли Куан Ю же Саакашвилилер качан келет деп күтпөстөн, ошолорду тарбиялап өстүрүүдө болуп жатпайбы кептин баары.

Билим берүүдө бир катар заман талабына ылайык реформалар жакшы натыйжа бериши мүмкүн. Бирок азыр заман адамы үчүн билим алуу көп маселе жаратпайт. Керек билимди каалаган учурда алууга жомоктогудай мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Менимче, бүгүнкү билим берүүдөгү негизги көйгөй – жаш адамдын инсандык калыптануусундагы руханий дүйнөсүн жаңылоо. Мамлекет жалаң эле билим берүүгө көңүл бурбастан, тарбиялык маанидеги программаларды иштеп чыгуусу абзел.

Р.Аманова: Улуттук лидер менен системанын ролун тана да албайбыз, жокко да чыгара албайбыз, мына Путин, талкаланган эбегейсиз өлкөнү бутуна тургузуп, империя айбатын калыбына келтирип койду. А бизде бир татыктуу лидер жок үчүн кичинекей өлкөбүздү эптей албай келишет. Эми билим берүү боюнча, дал ушул маселеде коюлган дидактикалык суроо жаралып атпайбы: 1. Кантип окутуш керек? 2. Эмнени окутуш керек? Кандай максат менен окутуш керек? Бизде ушул маселеге келгенде масштабына эмес, фрагментарный эпизоддорун тизмелей баштайбыз.

А маселенин түпкүрү өтө тереңде. 1. Азыркы билим берүү системасы ЭСКИРДИ. Бизде азыр жогорку класстарда гуманитардык да, табигый да, так илимдер жаатында толтура сабактар окутулат. Баланын тубаса, табигый жөндөмү эске алынбайт. Жыйынтыгы – аттестатка жасалма баалар коюлат. Ушул маселени чечүүгө алдыңкы интеллигенция өкүлдөрү түп көтөрө киришкен убакта дагы, буйруксуз эч нерсе өзгөртө албайт. Буйрукту министр берет, министр ЖКнын мыйзамысыз былк эте албайт. ЖК дагы өкүлдөр мындай масштабдуу маселеде өз алдынча ой жүгүртүп, чечим кабыл алууга саясий эрки чакталуу. Мына, жыйынтыгында келип эле «мамлекет программа иштеп чыгуусу зарыл» дегенге жеттик.

З.Назарматов: Эгерде ошондой системаны интеллигенция өкүлдөрү же башкаларбы, мамлекетке сунуштаганы реалдуу го деп эсептейм.

Р.Аманова: Мына бул башка кеп.

А.Көкөева: Россиянын билим берүү жаатында жүргүзгөн иштерин үлгү деп деле айтуу кыйын го. Ал эми бир мамлекеттин балдарын программа менен тарбиялоо да болбогон кеп. Менин оюмча, бала окутуучаларды, тарбиялоочуларды кадимкидей бир критерий менен психологдор тандашы керек окшойт. Мугалимдерибиздин окуучуларын жакшы көргөндөрү аз, өтө аз.

З.Назарматов: Сиз айткан психологдор ошол программанын негизинде ишке аша турган процесс эмеспи.

О.Шакир: Башканы мактасак да ушул Путинди мактагандарга таңгалам эй! 21-кылымда согуштук курал өндүргөнүн дүйнөгө мактанган Россиянын бүгүнкү саясаты – эркиндикти талкалап атпайбы. Кайра эле Сталин курган тоталитардык режимди тирилте албай, элди кыңк этпей башкаруунун жолунда бараткан Россия бүгүн кандай гана эки жүздүү саясат жүргүзүп аткан жок?! Бизге Россия курал менен жардам көрсөткөн саясаты кайсы жакшылыкка алып барат келечекте?! Россиянын империялык саясат жүргүзүү дымагы дале улантылып жатканы – биз үчүн абыдан кооптуу! Алар бизге жардам беримиш болгону – тек гана өз таасирин жоготпоо үчүн жасалган далалат.

Борбор Азия Россия үчүн ак падышанын заманынан бери көз кызарткан эле объект! Ошол себептен Кыргызстандын дүйнөлүк өнүккөн өлкөлөр менен стратегиялык багытта өнөктөш болуп кызмат жүргүзгөнүн каалабайт. Кызганат! Аларга Кыргызстандын өчөйүп өнүкпөй, бечел бойдон калганы гана майдай жагат. Ошол себептен демократия баалуулуктарына көлөкө түшүргөн гана саясат жүргүзүп, ал эми Сталиндин доорун бийлик башкаруунун эң мыкты формасы катары тымызын көрсөтүүдө… Россия өз элин Кытай өлкөсү сыяктуу эле кыңк эткизбей башкаруу жолу менен Россия империясын курууну гана көздөйт!

А.Сарала: Мен тааныган мыкты эки-үч таанышым, бири мамлекеттик кызматта, бири милисада, дагы башка кызматта бир-эки жылга жетпей эле жумуштарынан чыгып кетишти. Себебин сурасам, ал жактан өсүш үчүн сөзсүз жешиң керек экен, сөзсүз бирөөнү кыстап, башканын таламын талашышың керек экен деп жооп беришти. Бул системаң жүрөгүндө бир аз ыйманы барларды 2 жылга жетпей, сууга түшкөн мышыктай сыртка бүркүп салып аткан болсо, 10-20-30 жылдан бери бул системада жүргөн биздин генералдар, министрлер кандай гана ажыдаар болуп калышкандарын ойлоп, жакамды кармадым. Бул бир жагы. Күн сайын эле угуп жүрөбүз. «Баламды тыяка жумушка орноштурдум, шапкеси мынча экен», «Балам гаишник, таможенник ж.б., эле бол, шабашкасы жакшы», — деген сөздөрдү. Анан ошол сөздөрдү айтып жүргөн эле байке-эжелерибиз мамлекетибиз оңолбой калды деп наалыйт. Бул экинчи жагы.

А.Көкөева: Бул көйгөй да экинчи көйгөйгө куйругу байланганы жаман болду. Психологдордун деңгээли төмөн болуп жатпайбы… Инсандын жакшы касиеттерин ойготуп, келечекти оңдой алаарына ишеним бере алышы керек.

Ризван ИСМАИЛОВА: Билим берүү тармагын реформалоонун зарылчылыгы бар. Төмөнкү класстан баштап баланын сабакты өздөштүрүүсүнө жана шык-жөндөмүнө жараша бөлүштүрүп, гимназия, колледжге, башка кесип тандоосуна жараша эки башка нуктагы окутууну киргизүү керек. Мектеп программасын түп тамырынан башкадан жазып чыгуу керек. Жанагы менчик окуу жайларын мектеп, гимназияны аттестациядан өткөрүү зарыл.

А.Сарала: Менин оюмча, ал гана эмес кандай система болгону аябай деле маанилүү эмес. Кеп ошол системаны кандай адамдар иштетип жатат. Мына ошондо. Кадры решают всё.

Р.Аманова: Россиянын билим берүү системасы деле эскирген, Путиндин мамлекеттин масштабындагы лидерлик сапаты гана эске алынды. Путин өз өлкөсү үчүн күйөт, империянын кызыкчылыгын коргойт, жана өз өлкөсүнүн лидери. Бул маселени башка темада талкуулаш керек. Азырынча кааласак-каалабасак да мамлекттик программа менен иштөөгө мажбурбуз. Анткени билим берүү системасы окутуу, таалим-тарбия берүүдө бир программанын алкагында гана иш алып бара алат. Жаңы муундагы мугалимдер аба менен суудай керек. Бирок ал деле барып ЖОЖго такалат. Баары келип эле баягы системада. Ошон үчүн эскирген билим берүү системасын жаңыртыш керек деген маселе келип чыгат.

Р.Исмаилова: Мен сабакта отуруп, оюмду толук, ар тараптуу кеңири жазып бере албай жатам, кечириңиздер… Окутуу турмушка, реалдуулукка жакын болуш керек.

З.Назарматов: Туура. Бейшенбек Бекешовдун мындай учкул сөзү бар: «Идея итте да бар, аны ишке ашырыш керек» деген.

А.Сарала: СССРдин окутуу системасына кайтабызбы. Япондук системага өтөбүзбү же башкасыбы, эң башкысы, кимдер иштетип жатат, суроо ушунда… Конституцияны кайра-кайра эле жазып көрдүк, оңолбодук. Кеп балким биздедир?

Ризван ИСМАИЛОВА

Р.Исмаилова: Айрыкча гумманитардык илимдер менен техникалык илимдерге жөндөмдүү балдарды окутууда азыркы технологиялык өнүгүүнүн рычагдарына негиздеп алуу керек.

А.Сарала: “Себаттын” жана №61 мектептин мисалында айтайын. Бир окуу тармагынын алкагында кандай сонун иштеп жатышат. Бүт мектеп олимпиадаларында алдыңкы орундарды же № 61 мектеп, же “Себат” алат. Эң мыкты окуу жайларга өтүшөт. Болгондо да дүйнөлүк. Ал жакта таптакыр башкача балдар окушабы? Жо-ок. Кептин баары системаны ишке ашырып, тоголотуп-тегеретип жаткан кадрларда.

З.Назарматов: Биздин муун билимсиз деп айтууга болбойт, менимче. Биздин муундун акылы бар, эси жок. Көөдөнү сокур…

А.Сарала: Билимсиз дагы, Залкар. Тарбиясы жок деп айтып жатасың, бирок билим жактан да маселелер бар.

А.Көкөева: Ооба, ар бир балага өзүнө жараша мамиле жасайт, көп жылдык план түзүшөт, балдардын ата-энелери менен талкуулашат. А биздин мектептердеги мугалимдердин колунан келбейби? Келет эле…

Р.Аманова: Ушул талкуудан пайдаланып, Билим берүү министрлигине бир катар конкреттүү сунуштарды айтса болот. Реалдуу турмушта ишке ашырса боло турган конкреттүү сунуштарды. Мисалы үчүн жогорку класстарда табигый, так илимдер сабактары менен гуманитардык сабактарды мажбурлап окутпай, окуучулардын тандоосуна коюш керек дейт элем.

З.Назарматов: Маселелер болуп келген, боло берет билим жактан.

Р.Исмаилова: Биздин азыркы муундун бир класста 25-30 окуучу болсо, ошонун 5-6сы гана окуйт, 1-2 бала вундеркинд калганы окубайт,окууну да каалабайт. ЖОЖдо өзүнчө бизнеске айланып кетти. Аны баары жакшы билет, бирок көз жумуп келатышат.

А.Сарала: Сунуштары жок болуп кыйналып жатышкан болсо, маселе идеялардын жоктугунда эле болсо анда айталы. Бирок чоң күмөнүм бар, аларга биздин сунуштар керекпи?

Р.Аманова: Анда бул талкуунун кереги бар беле?

Р.Исмаилова: Ушул процесске 25-30 жылга жакындап калды, бирок өзгөрүү жок.

А.Сарала: Ар бирибиз үчүн керек деп ойлойм. Өзүбүзгө керек. Ушул талкуу элге жарыяланса, кимдир-бирөөгө тырмактай таасир берип калса да ажеп эмес.

З.Назарматов: Байкасам, баарыңыздар эле билим берүүгө басым жасап кеттиңиздер. Бирок дагы да кайталайм: бүгүнкү муун үчүн билим алуу көп деле көйгөй жаратпайт.

Тайир АШИРБАЙ

Т.Ашырбай: Мен 2008-жылда «Билим берүү кызматкерлеринин саясий партиясы түзүлүшү керек!» деген демилгени көтөргөн элем. Ошол сунушумду замандын талабы ырастап олтурат. Шайлоолордо жеңилсе да, Жогорку Кеңештен орун-очок албаса да,  агартуу тармагындагы маселелерди чечсе болду. Мугалимдердин үнүн,  арыз-арманын бийликтин таасирдүү бутактарына өз убагында жеткирүүчү чоң саясий күч зарыл !

Р.Исмаилова: Эгерде прогрессивдүү күчтөр, жаштарбы, интеллигенциябы же башкаларбы, айтор, бул тармакты ийне-жибине чейин өзгөртө алсак, биздин жашоо өзгөрөт.

Р.Аманова: Маселе так ошондо, тегерек үстөлдө «керек, болуш керек, болот эле» деген сөздөр тегеренип, талкуунун алкагынан чыкпай калат. Ал эми конкреттүү сунуштун эч зыяны жок. Ошо бири болбосо бири окуйт. Балким пайдаланат. Анткени коомчулуктун сунуш-пикири аздыр, көптүр эске алынат; кандай маселени чечүүдө болбосун.

А.Сарала: Залкар айткандай билимдүү жаштар бар. Ал гана эмес арасында моралдык принциптери жогору ыймандуулар да көп. Болгону бул ажыдаар системага алардын кереги жок. Мамлекетке «атасы шапке бергендер», «жездеси начальник болгондор» керек болуп жатпайбы. Кайра дагы бир жолу айткым келет, азыр биз ушундай коомдо жашап жатабыз: адамдар өз-өз татыктуу орундарында эмес.

З.Назарматов: Мына ошол билимдүү жаштар келечекте билимин өз элине арнай алабы деген чоң суроо бар. Ошондуктан ар бир инсандын адамдык абийирин жаштайынан калыптандыруу зарыл. Интеллигенция өкүлдөрү атам замандан келаткан педагогикалык усулдардын каймагын заман талабына жараша калпып алышы керек.

Т.Ашырбай: Кыргызстанда Гапыр Мадаминов,  Орозали Сайдилканов сыяктуу автордук долбоорлору менен билим берүү системасын алга жылдырууга ынтызар инсандар бар. Ушундай устаттардын эмгегин баалап,  мамлекеттик масштабда жайылтышыбыз керек! Иш бар жерде ийгиликтер мол болот.

З.Назарматов: Кыскасы, көп ойлорду «керек», «зарылсыз» айтууга мүмкүн эмес азыр.

Р.Аманова: Бая бир нече маселе деп биринчисин айттым эле, экинчи, үчүнчүсүн да айтып коё берейин. 2. Азыркы муун илим менен техниканын өнүгүү доорунда төрөлүүдө. Башкача айтканда, биз үчүн жана бизге чейинки муун үчүн стандарт сабак дүйнөнү таанып-билүүнүн эң негизги булагы болгон. Азыр ал сабак функциясын аткара албай калды.

Т.Ашырбай: Ооба, азыр бешиктеги ымыркай ыйласа,  уюлдук телефонду колуна карматып,  араң сооротобуз. Ал эми окуучулар мугалимге караганда кыйла акылдуу,  зээндүү,  баам-парасаттуу…

Р.Аманова: Башкача айтканда, эски системанын алкагында эски метод менен окутуп-үйрөтүүдөн майнап чыкпай турганын моюнга алышыбыз керек. Дегеле сабакты дүйнөнү таанып-билүүнүн зарыл булагына айлантуу үчүн таптакыр жаңы баскычтагы окуу куралдары, мугалимдер мууну жана окутуунун жаңы методдору керек.

Окуучулардын ден соолугун да эске албай атабыз. Азыркы окуучулардын көпчүлүгүнүн кабыл алуу, эске тутуу жөндөмүнүн төмөндүгү. Бир нече факторлор таасир эткен (миграция толкуну ж.б.)

Т.Ашырбай: Биз баятан бери көтөргөн көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору профессор Советбек Байгазиевдин тарбиялык концепциясында кеңири жазылган. Демек,  бул багытта Советбек агайды жардамга чакырсак болот.

Уйкудагы улут – кандай бактылуу улут. Анткени, аны Улуу Таң күтүп турат…

О.Шакир: Кызыгы, улут маселесине келгенде дайыма интеллигенция ооз ачпай келгени белгилүү. Бул талкууда да интеллигенциянын озуйпасы учкай кеп болду. Талкууга жаш муундун өкүлдөрү жандуу катышып, а эмнеге өзүбүздүн арабыздагы көрүнүктүү интеллигенция өкүлдөрү үн катпай отурат? Ушунун өзү интеллигенциянын улут тагдырына кайдыгерлигиби, же ыкшоолугубу, же жаш муундун пикири менен эсептешпегендигиби? Ким кандай түшүндүрөт муну?..

Үмүт КУЛТАЕВА

Үмүт КУЛТАЕВА: Убакыт болбой жатат. Менде кагаздарын кармап кезекте турушат. Тилим кычышып, араң карманып турам, анда-санда силерди карай койгонго араң жарайм, кабардар болоюн деп…

О.Шакир: Бул тема буюрса, көпкө уланат, эже. Тек Сизден башкалары да бул темага сыртын салбайт деп ишенем… Мен бу жерде Садык Алаханга тийишким келет. Себеби ал кишини теле-радио журналисттери омоктуу окумуштуу, азуулуу адабиятчы катары коомчулукка тааныштыргандарын көп байкадым. А иш жүзүндө Садык байкебиз интеллигенция өкүлү катары дайыма эле коңулда жүргөнүн байкайм. Адабий ишмердиги деле анчалык көзгө көрүнөрлүк эместей…

Садык АЛАХАН: Тупатуура айтасың, Олжоке.

О.Шакир: Андыктан так ушул Садык байкебиздей интеллигенция өкүлдөрүн кээде безге сайып, чындыктын тили менен сүйлөтүп алсак жаман болбос эле дейм…

С.Алахан: Дагы бир жолу тупатуура айтасың, Олжоке. «Омоктуу окумуштуу, азуулуу адабиятчы» деп ЖОК НЕРСЕНИ АЙТКАН журналисттердин омурткасын сындырып, азууларын чагыш керек.

О.Шакир: Биз сапаттуу коомду түптөп, түбөлүгү түз иштерди кылабыз десек, арабызда ооз менен орок оргон интеллигенция өкүлдөрүнүн чыгармачылык потенциалын сууруп чыгышыбыз керек дейм…

Садык АЛАХАН

С.Алахан: «Бармак» басайынбы, же дагы бир жолу тупатуура дейинби…

О.Шакир: “Бармак басайынбы” деп азил кепке бурбай, темабыздын айланасында талашып-тартышсак, Садык байке!

Уландысы>>>>>>

One Reply to “Тайпадагы талаш: Уйкудагы улут – I”

  1. Ушул талкууланган маселелер ишке ашса канакей, кагаз бетинде кала бербей..

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.