1. Улуттук адабиятыбыздын ооматы качан келет? Деги келеби же өтүп кеттиби?

Жооп: Элдик оозеки адабияттан башат алган улуттук адабиятыбыздын ооматы адабиятка Алыкул Осмонов жана Чыңгыз Айтматов сыяктуу бири поэзия, бири проза алпы келген мезгилдерде келип кеткендей сезилет. Алыкул чыныгы поэзия эмнелигин далилдесе, Айтматов адабиятта улут, мейкиндик деген чектөөлөрдүн жоктугун далилдеп, бир адам бир дүйнөлүгүн, адам дүйнөгө эмес, дүйнө бир адамга батарын туюндурду…

Ошондо адабияттын ооматы келип кеткен болобу деген суроо жүрөктү өйүйт. Бирок жер огунда айланып, күн менен ай кезмектешип жашоо уланып турганда жарык дүйнөгө дагы далай талант-шыктуу, ойчул-ооматтуу, көрөгөч-көсөм адамдар жараларынан шегим жок. Балким, азыркы салттуу адабият түрүн өзгөртүп, мурдагыдай роман, повесттер эмес, кыска, атүгүл беш-он сүйлөмдөн турган шедеврлерди окуп каларбыз. Мындай дегеним, жашоонун өзү бизден тактык менен кыскалыкты талап кылууда. Биз кандай китептерди окуп чоңойдук? Эсимде, бала кезде өзүм курдуу кыздарга кошулуп ойнобой, көбүнчө китеп окуп олтурар элем.

5-классымда колума орустун үлкөн ойчулу Ф.Достоевскийдин “Ага-ини Карамазовдор” романы тийип калды. Бала болсом да китепти окуп чыгып андагы каармандардын тагдырына кадимкидей жаным ачып, суктанып, таңыркап көпкө чейин ойлонгом. Азыр 5-класстын окуучусу бул китепти окубас. Интернет заманы келип, мурдагы баалуулуктар, идеалдар четке сүрүлгөн бүгүнкү күндө 5-класс окуучусу Достоевскийге караганда техника жаңылыктарын мыкты билет. Мындан трагедия жаратуунун да кажети жок. Анткени жашоо, мезгил алга гана карап жылат, мезгилди артка буруу мүмкүн эмес.

Адабиятта улуттук өзгөчөлүктөр болушу мүмкүн, бирок адабияттын өзү кайсы бир улутка эмес, жалпы адамзатка, жер жүзүнө таандык. Муну Чили акыны, адабият боюнча Нобелдик сыйлыктын лауреаты Габриэла Мистралдын ырларын окуганда дагы бир жолу түшүндүм. Жөнөкөй мугалим, тагдыры да татаал бул акын аялдын ырларын ал кудум менин өзүмдөй же болбосо аны менен дос болуп, тарткан азаптарына, кайгы-кубанычына күбө болуп жүргөндөй толкундануу менен окуп чыктым. Сагын Акматбекова эженин ырларын окуганда да кудум ушундай сезимдерге туш болом.

Дүйнөгө Айтматовдой ойчулду берген кыргыз адабиятынын ооматы дагы далай келип-кетеринен шегим жок.

  1. Окурмандардын кеңири катмарына жайылып, базарын кайнатар авторлорубуз барбы, болсо кимдер?

Жооп: Мындан беш-алты жыл мурун эле китептердин, анын ичинде көркөм адабияттын доору бүткөндөй, эч ким китеп окубай калгандай болгон. Жөнөкөй окурман түгүл, интеллигенция дымып, быкшыган саздай кайдыгер, тунжураган жашоодо өмүр сүрүп калганбыз. Мына ошол быкшыган жылдарда окурмандар сөздүн кадимки маанисиндеги адабияттын кемтигин толтурууну көздөгөн Айгүл Шаршен аттуу автордун биринин артынан бири чыккан, окуп бүтөр замат андагы окуган окуялар унутулуп калган китептерин, ырчылардын баскан-турганын жазган “Супер-инфо” гезитин окуп калышкан.

Бул “табигат боштукту сүйбөйт” деген накыл кепти далилдеди. Анткени арадан жылдар өтүп жакшы чыгармалар жарала баштады. Атүгүл, социалдык сайттарга кирсең Кыргызстандын эли башка жумуш кылбай, жалаң эле китеп окуп жатабы деген ойго кетесиң. Буга китеп дүкөндөрдүн ачылып жатышы, кызыктуу китептерди издеген окурмандар, ар түркүн китеп окуу боюнча таймаштар далил. Демек, мыкты чыгармага талап бар. Азыр эми заман башка экен, авторлор чыгармаларын өздөрү элге жарнамалап, кызыктыра албаса эң жакшы китеп жазып салсаң да ал көпкө чейин көз кырына илинбей китеп дүкөндүн бир бурчунда чаң басып жата берчүдөй.

Эми өзүм чыгармаларын, илимий талдоого алып жазган макалаларын же болбосо алар тууралуу маалыматтарды издеп окуган авторлор катары бир топторун атап өтсөм: Абдыкерим Муратов, Үмүт Култаева, Ризван Исмаилова, Олжобай Шакир, Темирбек Алымбеков, Капар Токтошов, Нуралы Капаров, Нарсулуу Гургубаева, Нуриза Өмүрбаева, Зайырбек Ажыматов, Шабдан Сулайманов, Улук Рысалиев, Аман Саспаев, Көчкөн Сактанов, Сейит Жетимишев, Казат Акматов, Сулайман Кайыпов, Орозбек Айтымбетов, Мурза Гапаров, Дүйшөн Керимов ж.б. Капар Токтошов агайдын сатиралык чыгармаларынан Шукшиндин кыргыз кыртышына отургузулган почеркин байкадым. Ушу жерден өзүм үчүн Шабдан Сулайманов жана Улук Рысалиев деген мыкты акындарды ачып алганымды айта кетпесем болбос. Шабдандын эң мыкты ыры деп мына бул ырын айтар элем:

Каркыралар
Кыйкууласа биздин жердин үстүнөн,
Кыйрап дүйнөм узатчу элем, күтчү элем.
Качандыр бир укпай калып үндөрүн,
Каркырасыз тосуп жүрөм күздү мен.

Каркырасыз кар сампарлап кыламык,
Каркырасыз жашоо дале уланып.
Мерес мезгил ташкынында бир күнү
Мен да кошо агып кетем бул анык.

Дал ушундай тоолор-түздөр саргайып,
Дал ушундай талааларда мал жайып.
Жүргөн чакта тээ бийикте бараткан
Жүрөктү эзчү карааныңар калдайып.

Бурганактуу бороон-чапкын коштолуп,
Буулуккан бир сезим менде козголуп.
Кыйбас жандай кол булгалап калчу элем,
Кыялымда силер менен дос болуп.

Бир жакындап, бир закымдап, кичирип,
Бир узарып, бир кыскарып үзүлүп.
Учкан сындуу каркыралар андагы,
Учуп жатат күндөр бүгүн тизилип.

Ашып турам өмүрүмдүн теңинен,
Асыл жылдар кемигени кемиген.
Сары күз аай келгениңде дайыма,
Санаага эле окшоштурам сени мен.

Эмне санаа, кимди карайм күтүнүп?
Эч нерсени биле албадым түшүнүп.
Эрдемсинип иш кылдым деп жүрүпмүн,
Эшигимден чуркап чыкса ит үрүп.

Кандай санаа капилет бул күздөгү?
Карга айланды катуу нөшөр биздеги.
Кычашкансып ал ан сайын жүрөктү
Кысып турат бир кусалык ичтеги.

Ийип башты көр турмуштун шартына,
Из калбаптыр бир кылчайсам артыма.
Бар болгону калган экен эсимде,
Балалык кез, анан кайткан каркыра.

Кыйкууласа биздин жердин үстүнөн,
Кыйрап дүйнөм узатчу элем, күтчү элем.
Качандыр бир караандарын жоготуп,
Каркырасыз тосуп жүрөм күздү мен…

Басма ишинде редактор болуп иштеген соң, окурмандар кайсыл китептерди көп окуп, кайсыл адабият өтүмдүү болуп жатканынан да кабарым бар. Акыркы убакта Каныбек Иманалиев менен Кеңеш Жусупов биргелешип түзгөн “Кыргыздар” он томдугу, Көчкөн Сактановдун “Маркумдар үнү”, Нуржигит Кадырбековдун “Япон кереметинин сырлары”, Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылычы” каны жерге тамбаган өтүмдүү китептер болду деп айта алам. Бул жаштардын олуттуу, тарбиялык мааниси чоң көркөм адабиятка суусап турганынын белгиси. Өзүм үчүн ачкан дагы бир жаңылыгым – мыкты прозаик Султан Раевдин “Антистандарт” ыр китебиндеги үч саптары болду. Бул ырлар мага жакшы таасир калтырды.

  1. Өрнөктүү адабияттын салттуу жолун канткенде түптөйбүз? Деги кыргыз адабияты салттуу жолун тапканбы, же башка улуттар адабиятынын жетегинде эле келгенби?

Жооп: Адабияттын милдети – адамдын адамдыгын өзүнө ачып берүү, далилдөө, аны адамдын мээсине, жүрөгүнө сиңдирүү. Демек, адабият – бул жан дүйнөнүн күзгүсү. Адам китеп окуганда жөн гана окуп койбойт да. Андан жакшы нерсе алсам, үйрөнсөм деп окуйт. Демек, кыргыз адабияты башка улуттар адабиятынын жетегинде келген деп айта албайм. Элдик оозеки чыгармачылык, төкмөчүлүк – биздин улуттук адабияттын башаты, башталышы болуп калат. Таалим-тарбиянын булагы мына ошол акындарда.

Киши болбос жигиттин,
Киши менен иши жок.
Жакын тартып өзүнө,
Жан ачытар киши жок.
Теңтуш менен сүйлөшүп,
Отурушка кушу жок.
Тууганды тууган билбестен,
Иштегени доомат-док.

(Барпы Алыкулов, “Болбос жигит” ырынан үзүндү)

“Түбү бирге биригет, учу бирге ажырайт” деген сөз бар. Анын сыңарындай, канчалык алга кетпейли, канчалык өсүп-өнбөйлү, элдик оозеки чыгармачылык, төкмөчүлүк, манасчылык деген өзгөчөлүү, башка элдерде кездеше бербеген жараткан кыргызга ыроологон байлыгыбызды аздектеп, жоготпой жүрсөк, кыргыз адабияты, кыргыз окурманы да кылым жашай бермекчи.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.