Конкурска: Сынык идиш (№58)

АҢГЕМЕ Бала кезде далай эле апамдын идиштерин сындырдык. Кай бирин столдун, шкафтын астына катып коюп, кийин апам таап алып: — Ким сындырды? — деп сураса ийнибизди куушуруп, бирок күнөөлүүдөй жер карар элек. Кээ бирде эшикке ыргытып, аныбызга корстон болгонсуп билмексен болуп жүрчүбүз. Качан гана апам бизден: — Көк поднос көрүнбөйт ко, ак чынылардан бешөө эле калыптыр, калганы кайда? — деп сураса кимибиз сындырганыбызды айтаар элек. Апам ошондо бизге ал да акчага келген оокат экенин, аяр, кылдат мамиле жасоо керектигин какшаар […]

Кеңешбек Асаналиев: Башат — I

Кыргыз маданиятынын тарыхында ушунчалык келишпес талаш-тартышка түшүп, ушунчалык кайчылаш көз караштардын кагылышына туш келген Молдо Кылычтын тагдырындай болгон эместир. Ырас, ушул катарда Касым Тыныстанов бар. Бирок анын өмүрү башкача тарыхый кырдаалга, башкача социалдык шартка кез келди. Эмне үчүн, Молдо Кылычтын поэзиясы бирде ачыкка чыгып, кадимкидей китеби жарыяланып, илимий изилдөөлөр, макалалар жазылса, бирде кайрадан «кара сандыктын» түбүнө түшүп, капаста камалды? Эмне учүн Молдо Кылычтын чыгармачылыгы кыргыз филологдорунун, тарыхчыларынын, философторунун ортосунда «көкбөрүдө» калып, акындын ансыз да татаал тагдыры ого бетер чийеленип, түйүндөшүп, […]

Улут адабияты тууралуу үч суроого жазуучу Аскаралы Ражабалиевден жооп

1. Ууттук адабиятыбыздын ооматы качан келет. Деги келеби же өтүп кеттиби? Жооп: Адабиятыбыздын ооматы өткөн кылымда сай-сайга батпай кирген суудай оргуштап, бүтүндөй кыргыз эли окурман болгон учурда бир келди. Алтүгүл дүйнөлүк окурмандарды азгырып, аалам чабыттаган бакытка туш болгон. Бүгүнкү жазмакерлердин милдети, ошол кел-кели келген ооматты качырып жибербей,  кыргыз кыртышында  биротоло  тамыр аттырып,  кетпес кылып калтырууда турат. Буга биздин, азыркы жазуучулардын таланты, дарамети жетеби? Маселе дал ушу жерде… Оомат жөн эле келе бербейт. Ал үчүн колуна калем алгандар Сзифчесиней* чымыркана мээнет […]

Жекшен Тагаев: Кайрылып келбес рельске түшүп алдык

Баарыбызды «Долондон канатымды кайрып алдым» деп сыздатып, айтылуу «Илияздын ырына» обон жазган Жекшен Тагаев менен маектешип отуруп, андан көп жакшы сапаттарды көрө алдым. Менимче, накта таланттар ушундай болсо керек. «Мен талантмын» деп кыйкырбайт. Күйүгүп сыйлыктын аркасынан чуркабайт. Өзү менен өзү болуп эл ичинде эргиген маалда чыгарма жаратып коюп жүрө берген таланттуу композитор, ырчы жана сүрөтчү, Түптүн Көөчү айылынын 65 жаштагы тургуну Жекшен байкеге кулак төшөйлү. — Кыскача өзүм жөнүндө айтсам, орто билим алган соң, бала кезден анча-мынча музыкалык билим алган […]

Бакытбек кызы Айхан: Биздин үй-бүлө үчүн Айтматовдун таасири чоң

“Айтматовдон алган сабагым” конкурсуна Апам мектепте кыргыз тили мугалими. Адабиятчылардын ичинен Чыңыз Айтматовго өзгөчө жакын. Бир күнү апам кичинекей үч айлык сиңдим Нуркан менен Бишкектен келди. Апам бул жолу да куру кол келбептир. Бир баштык толук Ч. Айтматовдун 20 даана китептери жана 10 даана белгилүү жазуучулардын чоң-чоң портреттери. Китептер англис, орус, кыргыз, түрк тилдеринде. Портреттердин арасында Ч. Айтматовдун портрети да бар. Ошондой эле Ч. Айтматовдун чыгармаларынан тартылган онго жакын сүрөттөр да бар. Апам кичинекей бөбөгү менен ушунча нерселердин баарын самолетто […]

Фёдор Достоевскийдин учкул сөздөрү

*      *      * Өмүрдүн маңызына караганда анын өзүн арбыныраак аздектөө абзел. *      *      * Эркиндик карманалбаган ээнбаштыктан калас, карманууга мажбурлаган эркке эриш-аркак. *      *      * Бүт нерсенин чеги бар, чектен аттап ары өткөн соң артка кайтууга ылаажы жок. *      *      * Бакыт бакыт эмес, аны жылоолоо бакыт. *      *      * Орус эли азап-шорунан ыракат тапкансыйт. *      *      * Кучактоону билген адам – куп жакшы адам. *      *      * Чын махабатка чылк жүрөктө же кызганыч сүйүүнү өлтүрөт, же сүйүү кызганычты өлтүрөт. […]