Кыргыз маданиятынын тарыхында ушунчалык келишпес талаш-тартышка түшүп, ушунчалык кайчылаш көз караштардын кагылышына туш келген Молдо Кылычтын тагдырындай болгон эместир. Ырас, ушул катарда Касым Тыныстанов бар. Бирок анын өмүрү башкача тарыхый кырдаалга, башкача социалдык шартка кез келди.

Эмне үчүн, Молдо Кылычтын поэзиясы бирде ачыкка чыгып, кадимкидей китеби жарыяланып, илимий изилдөөлөр, макалалар жазылса, бирде кайрадан «кара сандыктын» түбүнө түшүп, капаста камалды? Эмне учүн Молдо Кылычтын чыгармачылыгы кыргыз филологдорунун, тарыхчыларынын, философторунун ортосунда «көкбөрүдө» калып, акындын ансыз да татаал тагдыры ого бетер чийеленип, түйүндөшүп, башкасын айтпаганда деле, Молдо Кылычтын ысмы карандай эле бир-биринен өч алуу, куугунтук жасоо, репрессияга чейин жеткирүүчү өзүнчө бир коркунучтуу куралга айланып кетти?

Мындай суроого бардык жагын түгөл камтыган, акыр-аягына чейин жеткен бир маанилүү, бир ыңтай жооп берүү мүмкүн эмес. Анткени маселенин түйүнү ошончолук татаал: бул татаалдык, биринчиден, Молдо Кылычтын чыгармачылыгында мезгилдин, замандын мүшкүлү, катаал драмасы, карама-каршылыктуу ар түркүн кагылыштары ачык-айкын чагылган болсо, экинчиден, акындын поззиясын мурастаган жана аны андан ары өнүктүрүүгө тийиштүү болгон кийинки доордун, кийинки муундардын өзүнүн трагедиялуу абалына да түздөн-түз байланыштуу. Молдо Кылычтын чыгармалары кээде ачыкка чыгып, анан кайрадан узак жылдар бою катуу тыюу салынган, коомго зыяндуу окуялардын катарына кошулуп келиши, бул кандайдыр бир жеке адамдардын карасанатайлыгынан эмес (андайлардын да болгонуна карабастан), мунун эң негизги себеби, баарынан мурда, авторитардык бийликтин учурунда калыптанган жана тутанып күчүнө кирген дегеле адабий мураска, бөтөнчө улуттук көрүнүштөргө карата болгон бир беткей саясатташкан көз карашка, демагогиялык системага, ар кимдин жекече ойлонуу касиет-сапатын, жекече чыгармачыл мамилесин барган сайын мокотуп, бара-бара тып-тыйпыл жоготууга багыт алган догматтык философияга барып такалат.

Жогортодон төмө карай жиберилген даяр көрсөтмөлөр, жол-жоболор, төрөчүл административдик чаралардын туташ үстөмдүгү социалдык-коомдук турмуштун түп негиздеринен баштап, маданий өнүгүштүн кыймылына чейин канчалык зыян келтиргенин, канчалык деформацияга алып келгенин. Биз азыр айкындык, кайра куруу учурунда гана ачык көрүп жатабыз. Ким билет, бул караңгылык, темирдей калыпка салынган ойлонуу жөндөмү дагы канчалык кысымга учурайт эле, дагы кандай жарга барып такалат элек, эгерде дал өз учурунда жаңыча ойлонуу негизинде жалпы адамзаттык нарктын кадыр-баркын көтөрүү көз карашы бышып жетпесе, жана ал биздин мындан аркы жашообуздун негизги талабына айланбаса…

Буга чейин кыбыр эткен нерселердин баарын тең «таптык кызыкчылыктын» бийиктигинен карап отуруп, эмне деген көркөм нарктар четке кагылбады, ал турмак өткөн тарыхыбыздан, эне тилибизден ажырап калуунун чегине жетип келгенибизди байкабай калдык.

Авторитардык бийлик, брежневдик шал мезгил бир түстүүлүккө, бир өңчөйлүккө үйрөттү, ошого аргасыз көндүрдү. Саал эле чектен чыккакын тарап-бутап калыпка салып, калыпка туура келбегенин тамырынан чаап, кыйып турду. Натыйжада жекече адам, барып-келип, бүтүндөй улут руханий жакырчылыкка туш болду.

Турмуш-тиричилик жакырчылыгын калыбына келтирүүгө болот. Бирок руханий жакырчылыкты, учуру өтүп кетсе, калыбына келтирүү кыйындыкка турат, а кээде мүмкүн да эмес. Оюбузду тактоо үчүн мисалдарга кайрылып көрөлү.

Авторитардык бийликтин, шал мезгилдин кесепетинен орус маданияты өзү да оор запкыга учураганы ырас. Бир учурда М.Булгаков деген жазуучу, бизге анын көптөгөн чыгармалары, анын ичинде айрыкча, «Мастер жана Маргарита» романы дайынсыз мезгилде, катардагы эле ортозаар көрүнүштөй сезилчү. Көбүбүз билчү да эмеспиз. Эгерде «Мастер жана Маргарита» сыяктуу улуу сатиралык роман кайрадан кайрылып келбесе, биз аны окубасак, М.Булгаков деген жазуучу биздин түшүнүгүбүздө мурдагы эле бойдон калмак. Ал эми ал түшүнүгүбүз канчалык бир жактуу, канчалык тар экенин азыр далилдеп отуруунун зарылчылыгы жок.

Ал эми А.Платоновдун тагдырычы? 1920-жылдын аягында жазылган «Котлован», «Чевенгур» романдары 1987—88-жылдарда гана жалпы коомчулукка белгилүү болду. Бул эмне деген сөз? Эгерде бул чыгармалар азыр биздин колубузга тийбесе, 20—30-жылдардагы советтик чындыкты жасалмалабай, сыртынан сылап тарабай, турмуштун не бир катаал учурларын тереңден үңүлүп сүрөттөгөн нукура искусствонун үлгүлөрү көмүскөдө кала бермек. Мунун тескерисинче, реалдуу турмушту шаан-шөкөттөп, жок жерден көкөлөтүп, бир беткей мактоого алган комформисттик, карандай саясатка ыңгайлашкан эрзац — адабият менен «тоюнуп», «адабият» деген ушул экен деп жүрө бермекпиз.

Дагы бир мисал. 1958-жылы Швед академиясы орус жазуучусу Борис Пастернакка «Доктор Живаго» романы үчүн Нобель сыйлыгын ыйгарды. Буга чейин бул романдын бар экенин айрымдар гана билбесе (Б.Пастернакка жакын турган чөйрөдө), дегеле белгисиз болчу. Көрсө, бул роман 1956-жылы эле «Новый мир» журналы тарабынан каралып, Октябрь революциясын ушактаган, актисоветтик чыгарма катарында бааланып, четке кагылган экен. Мезгил, кабыл алынган тартип, жол-жобо ошондой болчу. «Доктор Живаго» романынын мындай тагдыры, ага карата «Новый мир» журналынын редколлегия мүчөлөрүнүн (К.Федин, К.Симонов баштаган) Б.Пастернакты баштан-аяк «талкалаган» каты бар экени жалпы совет коомчулугуна, кийин гана бул романга Нобель сыйлыгы берилип, дүйкөлүк масштабда «чуу» чыккандан кийин гана белгилүү болду.

«Литературная газета» (25-октябрь, 1958) өзүнүн беттерине «Эл аралык реакциянын провокациялык шимшүүсү» деген редакциялык макаланы, ошондой эле жогортодо аталган «Новый мир» журналынын редколлегия мүчөлөрүнүн Б.Пастернакка жазган катын жарыялап чыгарды. Бул эки макалада тең «Доктор Живаго» романынын авторуна кандай гана күнөө коюлбады, кандай гана даражада айыптар тагылбады!

Чынын айтсак, Б.Пастернактын романын ал мезгилде колубузга алып көрбөсөк да, бул чуулгандуу макалаларда А.Твардовскийдин, К.Фединдин, К.Симоновдун колу тургандан кийин эле, биз андагы жазылган өкүм-жыйынтыктарды түздөн-түз эле эң акыркы чындык катарында кабыл алдык. Роман болсо тыюу салынган зыяндуу окуялардын катарында жабык бойдон калды.

Мына ошол «Доктор Живаго» романы ошол эле «Новый мир» журналына 1988-жылы басылып чыкты. Отуз жылдан ашык мезгил темир сандыктын түбүндө жатты. Табийгы түрдө суроо келип чыгат, бул чыгарманын жарыкка келиши, эмне бирдемени бүлдүрүп жибердиби, Октябрь революциясынын мартабасына көлөкө түшүрдүбү. Тескерисинче, ошол тарыхый шартты сүрөттөгөн «Тынч Дон» аттуу улуу романдын катарында дагы бир улуу чыгарма жаралды, натыйжада биздин руханий дүйнөбүз жаңы түшүнүктөр, жаңы көз караштар менен байыды.

Эгерде ушул тартипте мисалдарды келтире берсек, орус адабиятына кайрадан «кошулгандардын» эсебин арттыра берүүгө болот. А.Ахматова менен М.Зощенконун чыгармалары, В.Дудинцев менен В.Гроссмандын ж. б. романдары дал ушул катарда турат. Ал турмак, «эмигранттык» адабиятка, бир мезгилде жылчыксыз бөгөөт коюлган адабиятка, азыр кеңири жол ачылды го. Айталык, Гумилев менен Набоков, Ходасевич менен Цветаева, Пильняк менен Хлебников ж. б. (булардын арасында Октябрь революциясына, Совет бийлигине ачыктан-ачык каршы чыккандары да бар) толуп жаткан мурдагы жана кийинки «эмигранттар» орус адабиятынын кеңири мейкининен тийешелүү ордун алууда. Мындан социализмдин негиздери кыйрап кеткен жери жок, тескерисинче, азыркы орус адабияты ого бетер байып, ого бетер көп түстүү касиетке ээ болууда.

Ошентип, орус адабияты кандайдыр бир «жакырланып», «жардыланып» бараткандан, мурда тыюу салынган адабияттын бөгөөттөрүн ачып жаткан жери жок. Мындагы даанышмандык, кечигип болсо да улуттук маданияттын көрүнүштөрүнө мурдагыдай тар өлчөмдө, «таптык» кызыкчылыктардын өлчөмүндө эмес, жалпы адамзаттык нарктардын бийиктигинен кароого башат алышты.

Көрүнүп тургандай, өткөндөгү адабий мураска, ал турмак кийинки эле учурда жаралган адабий окуяларга карата бурмалоочу вульгардык-социологиялык, нигилисттик мамилелердин үстөмдүк кылышы, бул баарынан мурда чексиз жекече бийликтин, патерналисттик («аталык») жалган камкордуктун түздөн-түз жыйынтыгы болуп эсептелет.

Ырасында да адабий мураска карата жогортодон болгон патерналисттик камкордук өзүнүн алдамчыл саясаты менен улуттук руханий дүйнөнү байытууга, аны көп түрдүү, көп түстүү өнүктүрүүгө эмес, тескерисинче, аны тар чөйрөдө бекем кармоого, унификациялоого, керек болсо, бирин-бирине барабарлоого, теңдештирүүгө, акыр-аягында келип улуттук өзгөчөлүктү жоюуга багытталган болчу. Мына ошондуктан официалдуу деп табылган көз карашка саал эле кайчылаш келгендер аёосуз «таралып-буталып, алдын ала даярдалган калыпка келтирилип турулган. Дал мына ошондуктан жалпы адамзаттык нарктардын биринчи планга көтөрүлүшү, бул баарынан мурда улуттук маданият үчүн үлгүлүү сабак, келечек өнүгүүнүн ишенимдүү багыты. Эң ириде, өчүгүшкөн талаш-тартыштын ортосунда талоонго түшүп, тыюу салынган улуттук адабий мурастардын ажытын ачууга кеңири мүмкүкчүлүк ачылары талашсыз.

Эгерде байыртан өнүккөн жазма адабий салты бар, Пушкин менен Гоголь, Л.Толстой менен Достоевский, Чехов менен Горький сыяктуу көркөм сөздүн көсөмдөрү бар адабият жеке бийликтин жана шал мезгилдин учурунда оор жабыркоого учураса, анда жаңыдан калыптанып, жаңыдан гана өнүгүү жолуна түшкөн адабият анын өткөндөгү мурасы кандай катаал тагдырга кез келери түшүнүктүү.

Анын үстүнө жалпы эле улуттук маданий өнүгүшкө байланыштуу өзүнчө бир «жергиликтүү» өзгөчөлүк бар. Бул баарынан мурда өткөндөгү адабий мурасты кабылдаган жана аны андан ары өнүктүрүүгө тийиштүү болгон жаңы муун өкүлдөрүнүн даярдыгына, түшүнүгүнө байланыштуу эле. Анткени ар бир конкреттүү идеяны, көз карашты алып жүрүүчүлөр, аларды иш жүзүнө ашыруучулар болот. Булардын арасында өз ишине берилген ак ниет эмгекчилдер, ошондой эле учурдун саясатына ыңгайлашкан комформисттер да болушу мүмкүн. Айрыкча көркөм мурас маселесине келгенде мындай карама-каршы багыттар дааналанып ачыкка чыгат.

Ушул аспектиден караганда, Молдо Кылычтын адабий тагдыры ушунчалык татаал экен, ал айрыкча кыркынчы жылдардын аяк ченинен баштап кескин түрдө кайчылашкан эки топтун ортосунда калды. Кеп төркүнү ачыгыраак болсун үчүн ошол мезгилдин картинасын үстүртөн болсо да көз алдыга тартып көрөлү.

Адегенде, менин оюмча, иштин башталышы Молдо Кылыч үчүн жакшы эле болгондой. Акындын чыгармачылыгы боюнча кыркынчы жылдарда эле удаа-удаа эки кандидаттык диссертация, «Молдо Кылычтын тили» (Кыргыз жазмасынын тарыхынан) деген темада Жапар Шүкүровдун жана Молдо Кылычтын чыгармачылыгы боюнча Тазабек Саманчиндин диссертациялары жакталат. Көрүнүп тургандай биринчиси тил илими, экинчиси адабият илими боюнча.

Эгерде филология илиминин Кыргызстандагы ошол учурдагы абалына көз чаптырсак, бул эки илимий эмгек тең өз учурунун эң бийик ийгилиги экени эч кандай күмөн туудурбайт.

Молдо Кылычтын тили жөнүндө жазылган диссертация жөнүндө конкреттүү пикир айтуу мага кыйын, компотенттүү болбогондон кийин, бирок Т.Саманчиндин эмгеги («Кылыч — жазуучу акын», Кыргызмамбас, 1948) азыр да өзүнүн мазмундуулугу жана адабий иликтөөчүлүк жөндөмү менен кыргыз филологиясынын эң биринчи үлгүлөрүнө жатат. Мындан тышкары айта кетсек болот, бул диссертациялар филология боюнча кыргыз адамы тарабынан корголгон эң биринчи диссертациялар болчу. Башкача айтканда, Молдо Кылычтын чыгармачылыгына арналган илимий изилдөөлөр, бул кыргыз филология илиминин жаралышындагы жана калыптанышындагы төл башылардан.

Баарынан да маанилүүсү, Молдо Кылычтын чыгармаларын илимий жактан изилдөө менен бирге, акындын поэзиясын жарыялоо иши колго алына баштайт. Мына ушул учурда Т.Саманчиндин даярдоосу жана кеңири кириш сөзү менен Молдо Кылычтын тандалма чыгармалары жарыкка чыгат (Фрунзе, Кыргызмамбас, 1946-жыл). Бул китеп чындай келгенде акындын (эгерде 1925-ж. Москвада, Б.Солтоноев түзгөн «Тамсилдер» деген жыйнакка кирген М.Кылычтын «Канаттуулар» поэмасын 1911-ж. Казанда чыккан «Зилзала» поэмасын эсепке албаганда) толугураак түрдө чыккан биринчи жыйнагы. Мына ошондуктан буга бир аз токтоло кетүү зарыл.

Алдын ала айта кете турган нерсе, бул жыйнакты түзүүдө, акындын кол жазмалар фондусунда колго алынбай, чаржайыт жаткан, анын үстүнө ар түрдүү варианттардын автордук оригиналга эң жакынын издеп таап, өзүнчө бир бүтүн китепке айландырууда, Тазабек Саманчин илимий жагынан да, адабий талдоо жагынан да олуттуу эмгек жасаганы талашсыз. Бул жыйнактын мазмунун карап көрсөк, китепке акындын беш гана чыгармасы, атап айтканда «Чүй баяны», «Канаттуулар», «Бүркүттүн тою», «Буудайык», «Зар заман» поэмалары гана киргизилген. Башкасый айтпаганда деле, «Зар заман» сыяктуу көп катмарлуу, көп тармактуу, көп жагынан кескин карама-каршылыктуу чыгармасы мезгилдин талабына ылайык (кандай мезгил экени кийин белгилүү болот), поэманын жалпы мазмунуна шек келтирбей жарыялоонун өзү эле илимий ачылгага тете болчу.

Ушул китепке жазылган кириш сөздүн аягында[1] (бул эмгек «тиркеме» катарында ушул жыйнакка бир аз кыскартылып берилди) Т.Саманчин мындай деп жазыптыр: «Кылычтын бул биринчи жыйнагын чыгаруу менен бирге, анын экинчи жыйнагын басмага даярдоо ишине киришип жатабыз…» Тилекке каршы бул иш, бул демилге жүзөгө ашпай калган. Түзүүчүнүн, изилдөөчүнүн күнөөсүнөн эмес, Т.Саманчиндин жеке тагдырына түшкөн каргашалуу окуяга байланыштуу, мезгилдин адилетсиз өкүмүнө байланыштуу.

Чынында Молдо Кылычтын биринчи жыйкагы жарыкка чыккан жылы, б. а. 1946-ж., ЦК ВКП(б)нин «Ленинград» жана «Звезда» журналдары жөнүндөгү чуулгандуу токтому жарыяланды. Жарыяланар менен эле бүткүл союз боюнча идеологиялык чабуул кыргыз маданиятына да келип жетти. Келип гана жеткен жок, ал турмак агын кара кылып, карасын ак кылып «чаң» салып өттү. Макала артынан макала чыкты. Жок жерден кыргыздын Ахматовалары, Зощенколору издеп табылып, «ур-токмокко» алынды». (Реалдуу турмушта алар болсо, атаганат азыр сонун эле болбойт беле). Бирок болбосо да, ошолордун үлгүсүнө салып, кимдир-бирөөлөрдү талкалоо керек эле. Мисал катарында дунган элинин адабиятынын негиздөөөчүсү, классиги «Чыныдагы жазуу» деген таланттуу китептин автору Ясыр Шиваза жөнүндөгү макаланы (А.Токомбаев «Чоң акынга чоң эскертүү» ж. «Советтик Кыргызстан» № 8, 1948) көрсөтсөк болот.

Дал ушундай эле кыйраткыч, талкалагыч макалалардын арасынан төмөнкүлөрдү бөлүп көрсөтүүгө болот: Ж.Самаганов, Г.Нуров, П.Балтин «Т.Саманчиндин эмгектериндеги буржуазиялык-улутчулдук жана космополитизмдин рецидивдери» (Советская Киргизия, 1949, 10-апрель). Ж.Самаганов, Г.Нуров, П.Балтин, Д.Бердибеков «Окумуштуу диссертациянын авторунун улутчулдук көкүтүүлөрү» (Советская Киргизия, 1950, 10 апрель).

Үч-төрт кишиден авторлошуп жазылган бул макалалардын (бар болгону газеттик) биринчиси Т.Саманчиндин XIX кылымдын аягы XX кылымдын башындагы кыргыз адабиятына, Молдо Кылычка арналган эмгектери, экинчисинде болсо Ж.Шүкүровдун кыргыз жазмасынын тарыхына байланыштуу Молдо Кылычтын чыгармаларынын тили жөнүндөгү кандидаттык диссертациясы сыяктуу орчундуу илимий маселелерди койгон жана белгилүү даражада ийгиликтүү түрдө иш жүзүнө ашырган эмгектер туурасында сөз болот. Демек, бул макалаларда кадыресе илимий мүнөздөгү талаш, жокко чыгарууну далилдөө, керек болсо өзүнүн концепциясын сунуш этүү табийгы иш болуш керек эле.

Ырасында дегеле андай болгон жок. Эки макалада тең авторлор өздүк жыйынтыктарын далилдөө үчүн кылдай да аракет кылышпайт, анын ордуна макала баштан-аяк учурдун духуна шайкеш келген демагогиялык кызыл кыйкырык, саясий ярлыктар менен жык толгон. Бул макалаларда Молдо Кылычтын поззиясы, тематикасы, жанры, жазма салттын башталышы, анын бөтөнчөлүктөрү жана кыйынчылыктары, XIX кылымдын аягы XX кылымдын башталышындагы тарыхый шартка байланыштуу көркөм өнүгүш сыяктуу проблемалар жөнүндө бир ооз да сөз жок.

Авторлордун көздөгөн максаты бирөө гана, кантип болсо да Молдо Кылыч жөнүндө жазылган эмгектерди каралоо, жөн гана каралоо эмес «буржуазиячыл-улутчул», «космополитизм» өңдөнгөн мезгилдин эң коркунучтуу өкүм түшүнүктөрү менен саясий жагынан айыптоо. Саясий куугунтуктун күчү ошончолук экен, Молдо Кылычтын адабий мурасы өзүнөн-өзү четке кагылып, эми анын «Молдо Кылыч» деген аты эле өзүнчө бир коркунучтуу куралга айланды, тагыраак айтканда, Молдо Кылычка карата болгон мамиле коомдук илимдерде, адабий практикада, дегеле саясий турмушта ар кимдердин идеялык позициясын айыптаган каргашалуу чен-өлчөмгө айланды десек болот.

ЦК ВКП(б)нин «Ленинград» жана «Звезда» журналы жөнүндөгү токтомунун кесепетинен Молдо Кылычка анчейин эле тыюу салынган жок, анын чыгармаларын эң биринчи жарыялап, эң биринчи изилдеген Тазабек Саманчин, элдик эпоско, элдик поэзияга көптөгөн эмгек сиңирген Т.Байжиев, 3.Бектенов репрессияга алынды. Ж.Шүкүров кызматынан куулуп, өмүрүнүн акырына чейин куугунтукта жүрдү. Ошентип, кичине кыргыздын жаңыдан калыптанып, түптөнүп келаткан филологиялык дагы бир муунуна баш көтөргүс сокку урулду.

Ким билет, кышкы ызгаардай бул мезгил канчага созулат эле, КПССтин XX съездинде Н.С.Хрущевдун жеке адамга сыйынуу жөнүндөгү белгилүү докладынан кийин идеологиялык турмушка «жазгы баар» (оттепель) келе баштады. Дал ошол учурда Молдо Кылычтын мурасы жөнүндөгү маселе кайрадан козголуп, П.Никитич, А.Токомбаев, К.Юдахин биргелешип жазган «Унутулган байлык» (Литературная газета, 21-июнь, 1956) деген макала жарыяланды.

Бул макалада авторлор Молдо Кылычтын адабий мурасына болгон жаңыча көз карашты сунуш этишти, анын чыгармачылыгындагы карама-каршылыктарды тарыхый доордун өзгөчөлүктөрү менен түшүндүрүүгө аракеттеништи, кандай болсо да жазма адабияттын башталышына кайрадан кайрылууну зарыл деп табышты, бул чынында эле Молдо Кылычтын «түйүнүн» чечүүгө реалдуу, адилет жол эле. Бирок хрущевдук «жазгы баар» узакка созулган жок, ошондой эле мындай татаал чийеленген маселелерди акыр-аягына чейин чечүүгө айкын кырдаал түзө албады.

Анын үстүнө кыргын турмушунун шартында Молдо Кылычтын поэтикалык чыгармаларынын, айрыкча аны изилдегендердин оппоненттеринин жаңы тобу пайда болду. Анын алдыңкы катарында философ А.Алтымышбаев турган эле. Ушул жагынан алганда анын «Орто Азиядагы адамдардын аң-сезиминдеги өткөндүн айрым калдыктары жана аны менен күрөшүүдө социалисттик маданияттын ролу» (Кыргыз ССР илимдер академиясы, Фрунзе, 1958) деген монографиясы өтө мүнөздүү.

Адегенде айта кете турган бир маанилүү учур: Молдо Кылычтын чыгармачылыгына кыргыз философторунун активдүү кийлигишүүсү, бул жөн жеринен эле чыга калып жаткак жок. Демек, акындын поэзиясында философиялык изилдөөлөргө шыкак бере турган орчундуу негиз бар. Ал эми философиялык трактаттар кандай деңгээлде, кандай позицияда, кандай негизге таянып жазылды, адабий текстти терең талдоонун натыйжасындабы, же контекстен үзүлүп алынган айрым саптардын айланасында эле жыйынтыктар чыгарылдыбы, маселе ушунда.

Жогоруда көрсөтүлгөн философтун эмгегинде социалисттик маданиятка тикелей каршы коюлган адамдын аң-сезиминдеги эски калдыктардын кандай түрлөрү жөнүндө сөз баратканын, ал кандайча аныкталгандыгын (эски калдык экени) азыр талдап отуруунун зарылчылыгы жок; бирок ошолордун катарына Молдо Кылычтын поэзиясы да жатары китептин логикасынан ачык эле байкалат.

Монографиянын автору адабиятчы М.Богданова менен болгон талашында төмөнкүдөй чечкиндүү эле жыйынтыкка келет: «Биздин көз карашыбызча Молдо Кылычтын чыгармачылыгында М.И.Богданова айткандай бирин-бири жокко чыгаруучу эки тенденция, реакциячыл жана демократтык, дегеле жок. Кылычтын чыгармаларын мындай жиктөө, бөлүштүрүү акындын реакциячыл жана консервативдик көз караштарын атайы жымсалдап жумшартууга ойлонуп табылган аракет. Чынында Молдо Кылычтын чыгармаларында бир гана тенденция бар, чирип жоголуп бараткан патриархалдык-феодалдык түзүлүштү жактоо жана коргоо тенденциясы гана бар. Молдо Кылычтын чыгармаларынын идеялык мазмуну — бул жалпы жонунан, өлүп жоголуп бараткан феодалдык түзүлүштүн муңдуу овону»[2].

Көркөм чыгармачылыкка болгон мындай ашкере саясатташкан көз караш сөз искусствосунун ички табиятына, өзгөчөлүгүнө жараша мамиледен эмес, аны кандайдыр бир коомдук турмуш жөнүндөгү саясий декларациялардын жана чакырыктардын жыйнагы катарында кароонун натыйжасынан улам чыгып жатат. Ошондой эле муну авторитардык доордун, кала берсе, Зощенконун прозасына, Ахматованын поэзиясына, Шостаковичтин музыкасына Ждановдун чуулгандуу кыйраткыч маскара чабуулунун кыргыз маданиятындагы түздөн-түз жаңырыгы, чагылышы десе да болот.

Молдо Кылычтын адабий мурасына болгон тенденциялуу көз караштын коркунучтуу жагы — кыргыз философтору, тарыхчылары, алардын эң алдыңкы катарында ошол эле А.Алтымышбаев, революцияга чейинки кыргыз элинин маданиятын айыгышкан эки тарапка, демократтык жана реакциячыл эки багытка бөлүштүрүп, б. а. улуу Токтогул менен Молдо Кылычты бир-бирине келишпес карама-каршы уюлга койгонунда. Албетте, мындай вульгардык-социологиялык принциптин максаты айтпаса деле түшүнүктүү: Токтогулдун бийик ысмы менен Молдо Кылычты биротоло кыйрата чаап, жокко чыгарууда.

Бирок Молдо Кылычтын мурасынын айланасындагы талаш улуттук маданияттын чегинен чыгып, жалпы союздук мааниси бар маданий окуялардын деңгээлинде коюла баштады. Буга ачык мисал катарында Арфо Петрасяндын «Мурас жөнүндө талаштар» («Знамя», №. 8, 1961) деген макаласын көрсөтүүгө болот. Макалада якут адабиятынын өнүгүшүнө, аны баштаган биринчи жазуучулардын тагдырына байланыштуу өтө курч маселелерди козгоо менен катар, Молдо Кылычтын адабий мурасына да кеңири токтолот.

Ал өзүнүн бир кыйла далилдүү жана ишенимдүү талашында А.Алтымышбаевдин эмгектериндеги тенденциялуулукту, бир беткейликти жетишерлик эле ачып көрсөткөн. Ырас, А.Петросян өзүнүн туура эле коюлган жол-жобо, көрсөтмөлөрүн ишке ашырууда Молдо Кылычтын чыгармаларынын өзүнө, текстке таянуу негизинде эмес, көбүнчө априордук теориялык ой жүгүртүүлөр менен чектелет. Мына ошондуктан жалпысынан реалдуу эле көз караштан чыгып жазылса да, А.Петросяндын макаласы үстүрт, декларативдүү иштелгендей. Бирок, ошондой болсо да, бул макаланын борбордук авторитеттүү журналдын беттеринде жарыяланышы, анын үстүнө анын автору жалпы совет адабияты боюнча атагы чыгып калган кесипкер болгондуктан, Молдо Кылыч жөнүндөгү талаш ого бетер күчөп, татаалданып кетти.

Менин оюмча А.Петросяндын макаласындагы текстке кайдыгер мамилеге байланыштуу келип чыккан мүчүлүштөр ошол эле жылы жарыяланган А.Салиевдин «Диалектик бололу!» деген макаласында («Дружба народов», № 12; 1961) адилеттүү сынга алынган. Ырас, макаланын автору А.Алтымышбаев менен А.Петросяндын ортосундагы негизги талашты (Молдо Кылыч туурасындагы талашты) этиеттик менен четтеп өтүп, бул маселе боюнча өзүнүн позициясын ачыкка чыгарбас үчүн, көмүскөдө калтырып кетет. Бирок ошондой болсо да А.Алтымышбаевдин эки маданият жөнүндөгү догматтык концепциясын жактай келгенде, А.Салиевдин позициясы деле андан алыс эмес экени байкалып калат.

Айтор, көрүнүп тургандай, 60-жылдардын башында хрущевдук “жазгы баар” кайта баштап, Брежневдин административдик-бюрократык мезгилинин ызгаары келер учурда улуттук маданий мурас маселеси ого бетер курчуп, өзүнүн мурдагы катаал чектерине кайрадан бекитилип, «кара сандыктын» түбүнө кайрадан катыла баштады. Тикеден-тике жогортодон берилген көрсөтмөлөрдүн негизинде Молдо Кылычтын чыгармаларын андан ары жарыялоо жана изилдөө гана эмес, Кыргыз ССР илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда иштеген араб жазмасын үйрөнүү боюнча (Молдо Кылычтын чыгармаларын пайдалануу аркылуу) кадыресе ийрим дагы кезектеги буйрук менен жоюлуп, Молдо Кылычка карата барчу жол биротоло жабылган болчу.

Дал ушундай татаал мезгилде Молдо Кылычтын мурасына каршылардын тобу кезектеги «жеңишке» ээ болушуп, Молдо Кылыч менен Касым Тыкыстановдун адабий чыгармаларына тыюу салуу жөнүндө Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин токтому кабыл алынды. Дал ушу жерден бир учурду айта кетүүгө милдеттүүмүн. Тил жана адабият институтунда бул токтомду саясий жол-жобо, көрсөтмө катарында кабыл алып, иштеп чыгууда ушул саптардын автору окумуштуулар советинде баяндама жасап (Институттун директору атайы отпускеге кетип калганына байланыштуу), ал баяндаманын негизинде токтомду колдогон макала да жазылды. Муну айтып жаткан себебим: өткөндөгү жаңылыштыктан актануу эмес, тек гана Молдо Кылычтын айланасындагы талаш-тартыштын татаал картинасын ачыгыраак түзүү максатын гана көздөп жатам.

Мезгил, бизге, кыргыз адабиятчыларына, айрыкча аспирантураны борбор жактан бүтүп, кыргыз интеллигенциясынын мурда тааныш эмес чөйрөсүнө жаңыдан аралашып, иштей баштаган жаш кадрларына өзүнүн оор салакалуу таасирин тийгизбей койбоду. Андан бошоп чыгып кеткендер, бирин-серин болбосо, болгон жок. Ал турмак, Молдо Кылычтын чыгармачылыгына аябай берилип, күйүп-бышып жактагандар да, ошон үчүн сталиндик ГУЛАГды көрүп келгендер да өздөрүнүн ишенимдүү позициясын активдүү коргой алышпады. Анткени алар ошондой коомдук шартка туш келди. (Маселен, Т.Саманчин Академияда эмес, Педагогика институтунда иштешке аргасыз болду).

Кыскасы, 50-жылдардын аягы, 60-жылдардын башында Молдо Кылычтын мурасы жөнүндө кайчы пикир айткандарды түшүнсө болот. Ал эми 80-жылдардын экинчи жарымында жаңыча ойлонуу, кайра куруу, айкындык доору башталганда, көркөм нарктарды аныктоонун жалпы адамзаттык критерийи такталып, биринчи планга көтөрүлүп жатканда, Молдо Кылычка карата болгон терс мамиле, аны мурдагыдай эле куугунтукка алуу, мурдагыдай эле «таптык» көз караштардын чектеринде кармоо — бул эң бери калганда анахронизм.

Мына ачык эле бир мисал. «Кыргыз совет адабиятынын тарыхынын» (1-том) деген коллективдүү эмгектеги «Кыргыз элинин көркөм сөз мурасы» деген бөлүмдө автор Молдо Кылыч жөнүндөгү жаңыча көз карашты берүүгө аракеттенген эле. Китеп 1985-жылы эле жарыкка чыгыш керек болчу. Ал эки жыл бою басмада терилген бойдон кармалып жатты. Араң дегенде 1987-жылдын аяк ченинде жарык көрдү. Эмне үчүн? Дале болсо Молдо Кылычтын адабий мурасын аныкташ маселеси катуу тоскоолдукка келип учурады. Китеп жарыкка чыгып жатканда эле ал рецензияга берилип (эреже боюнча андай болушу мүмкүн эмес эле) кимдир-бирөөлөр тарабынан Молдо Кылычка кайрадан катуу айып коюлуптур.

Көрсө, бул жолку рецензент академик А.Алтымышбаев экен. Биз өз оюбузду акыр-аягына чейин жактоого аракеттендик. Бирок, чынын айтыш керек, күчүбүз жеткен жок, дагы чегинишке туура келди. Жогортодон болгон катуу кысымдан кийин, мурдагы тексти оңдоп, коюлган талап боюнча Молдо Кылычтын чыгармаларындагы «реакциячыл көз караштарды» жана «таптык маңызын» ачып берүү керектиги жөнүндөгү оңдоо беришке аргасыз болдук. Аргасыз болдук, анткени китептин жарыкка чыгышы өзү катуу тоскоолдукка такалды. Мына, административдик-бюрократтык режимдин салакасынын ачык далили.

Мен өзүмдүн жогортодо жасаган экскурсумда Молдо Кылычтын адабий мурасы туш келген тагдырды, анын тегерегиндеги көп түйшүктүү, көп драмалуу (а балким трагедиялуу) кайчылаштардын, кагылышкан кырдаалдардын үстүртөн гана тартылган жалпы сомосун бердим. Адабият изилдөөчүлөрү бул маселеге келечекте олуттуу түрдө кайрылып, ар бир окуяны, ар бир этапты калыбына келтирип, тарыхтын толук чындыгын берет деген ишенимдебиз. Азыр болсо төмөнкүлөрдү айтууну өзүмдүн бирден-бир милдетим катарында эсептейм.

Молдо Кылычтын адабий мурасын эң биринчи илимий системалуу түрдө жарыялоо жана изилдөө (адабият жагынан) иши Тазабек Саманчинге тийешелүү.

Бул жыйнакты түзүүдө да, ага кириш сөздү жазууда да Т.Саманчиндин эмгектерин негизге алып, окумуштуунун калтырып кеткен бай тажрыйбасын үлгүгө алдык. Маселен, Т.Саманчиндин «Молдо Кылыч» (Иргелген казалдар) деген китебине жазылган кириш сөзү өзүнүн профессионалдык аткарылышы боюнча (40-жылдарда жазылганына карабастан) азыркы талапка да жооп бергендей деңгээлде болгондуктаң, аны бир аз кыскартып, ушул китепке тиркеме катарында бердик. Анын үстүнө бул эмгек өзүнүн фактологиялык жагынан да, агартуучулук, аңдап билүү жагынан да бир кыйла мааниси бар экени талашсыз.

Мындан тышкары Т.Саманчиндин «Кылыч — жазуучу акын» (Ф., Кыргызмамбас, 1948) деген монографиясы өзүнчө адабий окуя катарында сөз кылууга толук татыктуу. Бул китеп кыргыз адабий таануу илиминде акындын поэзиясын ар тараптуу изилдеген эң биринчи башталма десек, өзүнчө бир ачылга десек аша кетпейбиз. Сөз арасында айта кете турган нерсе, эгерде Т.Саманчиндин эмгегин (ошондой эле Ж.Шүкүровдун Молдо Кылычтын тили жөнүндөгү диссертациясын) кайрадан жарыкка чыгарса, албетте тийешелүү редакдиядан өткөрүп, комментарийлеп, адабий-илимий коомчулук үчүн, кала берсе жалпы окурмандар үчүн да пайдалуу эле иш болор эле.

Кыскасы, көрүнүп тургандай, Молдо Кылычтын чыгармаларын топтоп жарыялоодо, изилдөөдө эң ириде Т.Саманчиндин сиңирген эмгеги зор. Кечигип болсо да адилеттик калыбына келтирилиши керек. Ар ким өз үлүшүн, өз энчин алууга тийиш. Биз болсок, ошол биринчи жол салгандардын тажрыйбаларына таянып, ошолордун ишин жаңы кырдаалда улантып гана жатабыз.

Уландысы>>>>>>

[1] К.Асаналиевдин бул макаласы Молдо Кылычтын “Казалдар” “Адабият” басмасынан (Фрунзе – 1991) чыккан китептин баш сөзүнөн алынды.

[2] А.Алтымышбаев. Некоторые пережитки прошлого в сознании людей в Средней Азии и роль социалистической культуры в борьбе с ними. Фрунзе, 1958, с. 59.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.