АҢГЕМЕ

Бала кезде далай эле апамдын идиштерин сындырдык. Кай бирин столдун, шкафтын астына катып коюп, кийин апам таап алып:

— Ким сындырды? — деп сураса ийнибизди куушуруп, бирок күнөөлүүдөй жер карар элек. Кээ бирде эшикке ыргытып, аныбызга корстон болгонсуп билмексен болуп жүрчүбүз. Качан гана апам бизден: — Көк поднос көрүнбөйт ко, ак чынылардан бешөө эле калыптыр, калганы кайда? — деп сураса кимибиз сындырганыбызды айтаар элек.

Апам ошондо бизге ал да акчага келген оокат экенин, аяр, кылдат мамиле жасоо керектигин какшаар эле. Бирок балабыз да: унутуп калып эле кайра идиштерди сындырып, буюмдарды бузуп, эч нерсе болбогондой басып жүрчүбүз.

Жылдар өтүп, өзүм да турмуш босогосун аттап келин болдум. Алгач ата-энеден, бир туугандан бөлүнүп, өмүрү көрбөгөн жерге жашап кетиш оңойго турган жок. Уялуу, сүрдөө, тартынуу сезимдери олдоксондук менен коштолуп кетчү. Калдалаңдап жатып колуман идиштер түшүп сынып калчу болду. Канчалык аракет кылсам да болбой, бир идиш быркырап эле жатып калат. Ошондой күндөрдүн биринде кайненемдин төркү үйдөн күңкүлдөгөнү кулагыма шак дей түштү:

— Идиштерим сынчу эмес эле, глёнкам (клёнка) жыртылчу эмес эле…

Бөтөн үйгө көнө албай жүргөн жаным, кайненемдин сөзү мага октой эле тийип, өз бөлмөмө барып шолоктоп ыйладым… Демек, мен сындырып, талкалап жатыптырмын! Мен бул үйгө ашыкча экенмин да…

Ошол күндөн баштап маанайым жок, шашпай жай кыймылдап жүрдүм. Кызыгы, бир да идиш сынган жок! Күндөр жумага, жума жылга алмашты. Капырай, бир идиш сындырсам экен. Демек, өзүм шашып кыймылдап жатып сындырып алчу экенмин го…

Жылдар өтүп, балдарым кичине чоңоюп, жумушка кирдим. Акча чогултуп акыркы модадагы идиш алып келгени борбор калаага жөнөдүм. “Дордойду” кыдырып жаркыраган не бир сонун идиштерди алып үйгө кайттым. Идиш койгон серванттагы кайненемдин идиштери көзгө комсоо, эскилиги жеткендей көрүнүп туруп алды эле, чогултуп коробкага салдым да, складга чыгарып салдым. Баягы өзүм алып келген идиштерди жаркыратып тизип койдум. Ары өтүп бир карап, бери өтүп бир карап суктанам десең, чиркиндики!

— Ай, буларды ким чыгарган! — деген кайненемдин айкырыгы жаңырды.

— Апа, мен чыгаргам. Алар эски болуп, модасы өтүп кетиптир…

Кайненем мени бир жаман көзү менен карады да, коробкадагы идиштерди ооруна карабай үйгө көтөрүп жөнөдү.

— Апа, кечирип коюңуз?.. Мен көтөрөйүн…- колунан алууга аракет кылсам, колумду силкип таштап үйгө кирип кетти.

Эшикте жалдырап жарым саат отурдум. Оюмда жаман, эски идиштерди эмне кылат деп жаман көрүп коём. Ошентип үйгө кирсем, кайненем мени чакырды да, сөз баштады:

— Айланайын, тиги идиштерди чыгарып салган эмнең? Мен аны дал сен алып келген идиштердей эле маңдай терим менен тапкан акчага алгам, айланайын… Кой, балам, жок дегенде көзүм тирүүсүндө турсун. Ашыкча болбос. Жакшылык-жамандык деген болот, — деп кайненем сөзүн бүтүрдү.

Уялганыман жети өмүрүм жерге кирип кете жаздады…

Апамдын идиштерин алып жаркырата жуудум да, текчеге тизип койдум. Ошол күндөн ушул күн ал идиштер сервантты кооздогону кооздогон. Идиштерин көргөн сайын апам да сүйүнсө керек.

Күндөрдүн биринде конок тостум. Баягы жаңы алып келген идиштер ичине салынган түркүн даамга толуп, дасторконго көрк берип жаркырайт. Пай-пай! Шумдук эми! Коноктор да суктанып, аял эмеспизби, канчага алганымды, баасын сурап талкуулап да жибердик. Ансайын барпалаңдап улам бир даамга, улам башка идишти көтөрүп чабып калам. Келген коноктор мени, идиштерди мактаган сайын мурдумдун эки таноосу барбайганы барбайган. Ошентип конок да кетти. Эми дасторконду жыйноо, идиштерди жуумай башталды. Тестиер уулум менен кызым мага жардам берип жатышкан. Май идиш колунан сыйгаландыбы же чалынып кеттиби, айтор кызым идиш менен кошо кулады. Кош кабаттап көтөргөн поднос, тарелкалар жайнап эле жатып калды.

— Коку-уй, талкаланды! Ии… мен муну кымбат алгам да…- чаңырып жибердим.

Көзүмө кызымдын жыгылганы эмес, сынган идиштер урунду. Жөн эле 3-4 миңдин идиши кетти деп ойлогонго да жетиштим.

— Көзүңдү карабайсыңбы! Бул деген акчага келген! — кызымды жон талаштыра бир койдум.

Байкуш кызым бүжүрөп эле отуруп калды.

Ошол түнү кыжаалат болуп, ар кайсыны ойлоп, укташым узак болду. Бала кезимдеги апамдын сынган идиштери, апамдын акырын гана түшүндүрүп, урушпай эле айткандарын ойлоп, “кап ай-йе, кызымды бекер уруштум”, — деп жүрөгүм ооруду. Идиш кара жерге кирсинчи, жөнү жок уруш жеди деп жүрөгүм чыдабай, кызым уктоочу бөлмөгө бардым. Бала эмеспи, кечке чарчаганга эчак таттуу уйкуга кетиптир.

— Садагаң кетейин, мендей арсыз апаңды кечирип кой… Кара жаным десе…

Чекесинен өөп, жуурканын кымтылап коюп, өз бөлмөмө жөнөдүм.

Кайрадан ой, деле кетсечи. Анан качанкы бир окуя эсиме түшүп, аргасыз жылмайдым.

Студент кезимде эжем менен университеттин үй бүлөлүк жатаканасында жашачубуз. Эжемдин сонун идиштери бар эле. Бир күнү үй тазалап жатып диванды жылдырсам, тапырап эле бир нерселер түшүп жатат. Жер титиреп кетти го деп башымды басып отура калдым. Анан эле эжем кыйкырып келип мени чапкылап калды. Көзүмдү ачсам, жерде идиштер талкаланып жатат. Алгач түшүнгөн жокмун. Көрсө, мен диванды жылдырганда удлинитель идиш койгон полканы илип кетип, бүт кыйраптыр. Эжем аябай ачууланды.

— Мен муну канча деген сомго алдым… Сен эмнени билмек элең! — деп кыйкырып жатты. Сынык идиштер жарты мүшөк чыкты.

Жайкы каникул жаңы башталган, анан иш издештирип, бир ашканага идиш жууганы кирдим. Күнүгө алган акчама бештен чыны, бештен тарелка көтөрүп келем. Бирок эжемдин идиштериндей эмес, арзан, начарынан. Анан эжем бир күнү ачуусу тарады окшойт:

— Болду эми, болору болду. Идиш алып келбей эле кой. Андан көрө акча чогултуп, күзгү кийимиңди камдап ал, — деди.

Үстүмөн жүк алып таштагандай “ох-х” дедим. Ошондогу окуяны эстеп, бир чети жылмайсам, бир чети эжеме боорум ооруду. Көрсө, ал да эжемдин маңдай тери менен тапкан акчасына келген идиштер тура…

Идиш демекчи, сынса сынсынчы! Бирок өмүр сынбасын! Көңүл сынбасын! Канат сынбасын! Адам сынбасын!

Ар нерсенин акысы бар дегендей, бирөөнүн эмгегин баалай билели! Ар бир буюмду аздектеп уруналы…

Бир күнү алысыраак туугандарыбыздан бир апа конокко келди. Эки жакты карап:

— Айланайын, энең жакшы экени билинип турат… Буюмдарды өз орду менен таза, жакшы урунат экенсиң… Өхү, кайсы бирин айтайын, сен мени келинин жамандап жатат деп ойлобо… Келиним деле жакшы барпалаңдап, тамак-аштуу, сыйкор. Бирок билбейм, эмнеге экенин… аял оокатка жок. Идиштин баарын талкалап бүтүрдү… Үйдүн киринен жүрөгүң айланат… Короо, склад, эшик алды чачыгынан ат кечпейт… Айтайын десем тилим кыска, кылайын десем колум кыска… Мен кокус жаза тайып кетсем эл-журтка, тууган-урукка, куда-сөөккө уят эле болот ко…- кейип отурду.

Не дээримди билбей жалдырап, оозуман сөзүм түшүп калды.

Атаңдын көрү, аял болгондон кийин таза, тыкан, бүйрө, сарамжал болсок. Эң башкысы, адамдын эмгегин бааласак. Келин болуп түшкөн үй сенин түбөлүк түнөгүң экенин сезип, жан дилиң менен кызмат кылсак. Ошол үйдө башталган жашоонун башаты ошол үйдүн астанасы, төрү, очогу, буюмдары менен байланыштуу экенин ойлосок. Жубайыңдын энеси сен сыяктуу эмгектенип, үй ичин жасалгалаганын унутпасак. Болбосо, сынган идиштей тагдырыңдын таштары быркырап калары шексиз…

Идиштер сынсын, бирок аялдык бакыт сынбасын!

«РухЭш» сайты жаңы адабий конкурс жарыялайт

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.