1. Ууттук адабиятыбыздын ооматы качан келет. Деги келеби же өтүп кеттиби?

Жооп: Адабиятыбыздын ооматы өткөн кылымда сай-сайга батпай кирген суудай оргуштап, бүтүндөй кыргыз эли окурман болгон учурда бир келди. Алтүгүл дүйнөлүк окурмандарды азгырып, аалам чабыттаган бакытка туш болгон.

Бүгүнкү жазмакерлердин милдети, ошол кел-кели келген ооматты качырып жибербей,  кыргыз кыртышында  биротоло  тамыр аттырып,  кетпес кылып калтырууда турат. Буга биздин, азыркы жазуучулардын таланты, дарамети жетеби? Маселе дал ушу жерде…

Оомат жөн эле келе бербейт. Ал үчүн колуна калем алгандар Сзифчесиней* чымыркана мээнет (Кайран Салижан Жигитов агабыз айтмакчы,  тар бөлмөдө китеп-кагаздарың жайнап  чачылып жатса, сен алардын ортосунда жерге жатып алып, таң атканча издене чиймелесең) кылсаң жана  лаззаттана  жазсаң, келет. Жазуучу өз чыгармасында окурман издеп жүргөн  көйгөйдүн дал үстүнөн чыкса, келет.

Татына чыгармалар жазылганы менен, ал жарыкка чыккан бойдон барагы ачылбаса, окурман кумарлана окубаса,  жазуучунун экинчи деми ачылбай кала берет.

60–70-жылдардын окурманы катары биз жаңы жарыкка чыккан адабий китептерди жата кала окуп, жаздыгыбыздын астына коюп уктачубуз.  Азыр китептердин барагы ачылбай дүкөндөрдө басылып жатат. Бүгүн жазуучулар өз дүйнөсү менен көчөнүн бир четинде өйдө карай баратса, окурман көчөнүн экинчи четинде ылдый карай бараткан чак. Ие, жазуучу башка бирөө өндүргөн товарды кардарга жеткире пайда тапкан  коммерсант,  соодагер эмес. Шык ээсинин  колунан жаралган чыгарма бир ирет курсагыңды тойгузган азык же бир  кийип таштай турган кийим да эмес. Ал түбөлүктүү рухий кенч. Шу тапта окурманынан айрылып бараткан калемгердин чыгармачылык ысык деми сууп, окурманына  «таарына», чүнчүп,  колунан  калеми түшө жаздап калган кез.  Албетте, тамаша деңизчи!

Социализмдин эрке баласы болуп, чыгармачылыгынын моралдык да, материалдык да жемишин көрүп, көңүлү ток болгон «баатыр», жазуучу стололуна шыктана отурчу.  Советтик коомдун эң абройлуу инсанынын бири болуп келген жазуучу  жапайы капитализмдин келиши менен коомдун «өгөй» баласына айланып, ою онго, санаасы санга бөлүндү. Көчүгүн столго матап чыгарма жазайын десе, баары акчага сатылган заман айласын кетирди.  Жаңы заман келгенден берки жазуучунун тагдырын чагылдырган Мурза Гапаровдун «Спонсор керек, өлгүм келет!» деген драмасы күйгөн кулдун ырына үндөшүп турат.  Адабиятыбыздан оомат качкандын бир себеби ушу.

Ие, жаңы заман шоокуму адамдардын жашоого болгон мамилесин, көз карашын, ал түгүл дүйнө таанымын таптакыр башка нукка буруп салды. Мындай оогал-доогал учурда жазуучу мурда өзү көрүп, билип, таанып жүргөн адамдын образын жаратууга көнүп калып, бүгүнкү каарманынын жан дүйнөсүнө кайсыл эшиктен баш багуунун жолун таппай түйшүктөнүп жүргөн кербези. Алиге жаңы замандын  шартына  көнө албай, өзү көнгөн соцреалимдин саябан чарбагын эңсеп жүргөндөрүбүз канча, ов!

Белгилүү орус  публицисти Евгений Замиятиндин: «Орус адабиятынын  бир гана келечеги, өтмүшү гана болуп калабы деп корком»  деген учкул ою бар.  Ал орус адабиятынын дөө-шаалары А.Пушкин, Н.Гоголь, Л.Толстой, Ф.Достоевский, И.Тургенов,  М.Горький В. Маяковский,  М. Шолохов жараткан орус элинин опол тоодой адабиятын көзгө тутуп жатат. Бул сөз  кыйыр түрдө кыргыз улуттук адабиятына да тиешелүү деп ойлоймун.

Ушу тапта кыргыз эли өзүнүн эртеңине, мамлекетибиздин  келечегине  кызыгуу да, ойлонуп-толгонуу, изденүү жана тынчсыздануу менен «элең-элең» абалда назар салып турган чагы. Анын ичинде, албетте, улуттук адабиятыбыздын  эртеңине да.  Демек, жазуучу окурманы жогоруда түйшүктөнө издеп жаткан суроолоруна  чыгармачылык талант жигери менене жооп табуусу зарылдын зарылы. Мына ошондо окурман журт каламгерине өзү ысык саламын айта кайтып келет!

Биз, азыркы муун калемгерлер, Чыңгыз Айтматов жана башка таланттуу  жазуучуларыбыз багындырган чокуну эңсеп, артыбызга тынбай «элең-элең» кылчайып жаткан жокпузбу? Албетте, улуу муундун бизге калтырган бай мурасынан  сабак алабыз. Бирок, алдыга умтулбаган өспөйт. Жөө жарышка түшкөн жаш адам, мурдаа аты белгилүү жөө күлүктөн  сүрдөп турса, кайдан  марага  жаратсын.

Өзүбүзгө чейинки таланттуу жазуучу-акындарыбыз калтырган зор көркөм мурастар  бизди шыктандыруунун, шердентүүнүн ордуна, тайсалдатып, сүрдөнтүп жаткан жокпу? Бул суроонун менимче бир эле жообу бар: биз, азыркы колуна калем  кармагандар, аларчасынан машакаттык менен изденбей, элибиздин ой-санаасын, тилин, психологиясын, рухун, кулк-мүнөзүн, эмнеге жетүүнү эңсеп, эмнени жек көрөрүн зиректик, эрк менен тирмие өздөштүрүүгө эркибиз жетпей жаткандайбыз.

Жана өз доорубуздун жүрөк кагышын сезимталдык менен тыңшай албай жатат окшойбуз. Аның үчүн убакыт, шарт керек дейин десек, оозеки адабиятыбыздын  короосунан эми эле чыгышкан илгерки муун аталарыбыз кыска убакытта «Узак жолду», «Ажарды», «Алтын кызды» «Ажал ордунаны», «Махабатты» жазып салышпадыбы. Көрсө, алар өз мезгилдеринен озгон чыгармаларды жаратышкан баатырлар экен. А, биз окурмандарыбызды алдыга түшүп ээрчитпестен, аларды ээрчип бараткандайбыз.

Колубуздан келсе эки-үч беттик кыска аңгемелерибизде да, адамзатты ойлонтуп-толгонтуп, түйшүккө салып аткан түбөлүктүү темалардын учугун чубасак не жакшы.  Таланттуу акын Жоомарт Бөкөнбаев мезгилинде жалындуу дымак менен ырдагандай «Ала Тоонун аскасынан ашып», адамзат жараткан маданий-рухий казынанын жемишин  таталы.

Көчө саясатчыларынын азгырыгынан кутулуп,  калың  элдин максат-тилек күүсүнө, көйгөй-түйшүк күүсүнө, арман-асирет күүсүнө кулак түрөлү.  Эл деми, руху мыкты чыгармаларды жазууга  шыкак болот.

ХХ кылымда улуттук адабиятыбызда жаралган ийгиликтерге, табылгаларга топук кыла, сүкүт сала отуруп алып, анан адабиятыбыздын ооматы качан келет деп жаткан жокпузбу?

Классиктерибиздин деңгээлиндеги чыгармаларды жаза албай уят болом деген кур намыс демибизди суутуп жаткан жокпу? Неге өтмүшүбүздөн да, жарк эте жаркыраган, келечегизден да сүрдөйбүз? Менимче, билим, талант жагынан чабалдык кылып жаткандайбыз. Кыргыздар таланттуу, кыйын журт, «Манасты», Чыңгызды жараткан эл деп көкүрөктү муштагылап кага бербей, алдыга умтулалы.  Антпесек, Евгений Замятин айтмакчы, адабиятыбыздын келечеги өтмүшүбүздөгү чоң таланттардын гана чыгармалары болуп калышы ыктымал.

«Манас» үчилтиги бир күндө жаралып калыптанбаган. Үмүтсүз шайтан болбойлу. Кыргыз эли барда үчүнчү ренесанстын жараларына ишеним арталы.

  1. Окурмандардын кеңири катмарына жайылып, базары кайнаган авторлорубуз барбы, болсо кимдер? Буга чейин мыкты чыгармаларды жазган кайсыл авторлорду жана кайсыл чыгармаларды этибарга албай унутуп кеттик?

Жооп: Адабият Жараткандан адамдарга бир ирет гана түшкөн, өзгөртүүгө жана жаңылоого мүмкүн болбогон ыйык «Куран» эмес. Аны адамдар өздөрүн адеп-ахлакка, ыйманга жана бирин-бири сүйүүгө, өткөндөн сабак ала билүүгө тарбиялоо максатында жаратышкан. Демек, ал адам коому өсүп, өзгөргөн сайын жана  кийинки  муундун дүйнө таанымына  жараша жаңыланып, өсүп отурат.  Кеп калем ээлеринин  өздөрү жашап аткан бүгүнкү учурдун ич-тыш кубулушун зиректик менен баамдай билишинде.

Шүгүрчүлүк, өздөрүнүн татына чыгармалары менен базары кызып аткан жазуучулардан уучубуз кур эмес. Белгилүү жазуучу-драматург Султан Раевдин окурманын терең ойго сала эргитип да өкүнтүп, ички чыңалууга жеткирген чыгармалары улуттук адабиятыбыздын  чабыты басаңдабаганынын  айкын далили. Ал «Жанжаза» аттуу романында адамзаттын каргышына, убалына калган тирандардын мыкаачылык, баскынчылык жоруктарын, кара мүртөздүктөрүн, пенделердин алдындагы оор күнөөлөрүн өзүнө гана таандык жаңыча көз караш,  жаңыча ык менен терең баяндаган.

Муну менен адамзатты өткөндөн сабак алууга, жаркын келечекке багыт алган кемени албууттанган толкунга буруп жиберүүнү көксөгөн бүгүнкү тирандардан сак болууга чакырган.  Азыркы эл башчыларды, согушчандарды адамзат тагдыры менен ойносоңор, дал ошол тирандардай ысымыңар кара кепинге оролот деген  ишаратты берген. Аталган роман англис тилине которулуп, Лондондогу дүйнөлүк басмадан жарыкка чыгышы мунун айкын далили. Ал эми «Топон» аттуу романы адамзаттын эртеңки тагдыры менен ойногон кара мүртөз окумуштуулардын кесепети тиерин эскерткен, дүйнөлүк адабиятта азырынча сейрек кезиккен табылга.

Акындар Сүйөркул Тургунбаев, Шайлообек Дүйшеев, Карбалас Бакиров, Кыялбек Урманбетов, Бактыгүл Чотурова, Абдилаат Дооров, Атакул Жакыповдор пегас канатында. Ырды да, кара сөздү да ийине жеткире жазып, окурмандарынын суусунун кандырып келе жатышкан Акбар Рыскулов, Олжобай Шакир, Жыпариса Исабаева;  кара сөзчүлөр  Мелис Абакиров, Меңди Мамазаирова, Жылкычы Жапиев Абдыкерим Муратов, Мурзапар Үсөн; сынчы-адабиятчылардан Калык Ибраимов, Эсенбай Нурушев, Бекташ Шамшиев, Садык Алахан, Абибилла Пазылов, Гүлзат Станалиева сыяктуулар адабиятыбыздын демин суутпай  тирмие иштеп атышат.

Ал эми айтылуу окумуштуулар Кадыркул Даутов, Абдыганы Эркебаев, Осмонакун Ибраимов, Үмүт Култаева адабиятыбыздын тарыхын, идеялык-көркөмдүк табылгаларын ар тараптан терең изилдөөгө алышкан фундаменталдык эмгектерди жаратуунун үстүндө. Олжобай Шакирдин «Куюн доор» аттуу тарыхый романы кийинки мезгилде жарыкка чыккан мыкты чыгармалардын катарын толуктады. Зайырбек Ажыматов менен Алтынбек Исмаилов жана  акыркы убакта өзүнүн мыкты ырлары менен көпчүлүктү «сыраң» эттирген Таир Аширбай сыяктуу шыктуу жаш акындардын дүбүртү улам катуу чыгып атканы кубандырат. Проза жанрында жаш жазуучу Жыргал Сулайманов да келечегинен көптү үмүттөндүрөт. Айтор, адабиятыбыз кыймылда.

Учурда кыргыз адабияты десе жалгыз Чыңгыз Айтматовдун ысымы аталып жатышы көнүмүш адатка айланып бараткандай. Мындай дегеним, акыркы жылдары кыргыз адабияты десек Чыңгыз Айтматовду гана оозубузга алып, улуттук адабиятыбыздын пайдубалын түптөгөн, андан ары өнүктүргөн жана өнүктүрүп жаткан таланттуу акын, жазуучу, драматургдарыбыздын ысымдары оозго алынбай калууда.  Буга дегеле Чыңгыз Айтматовдун күнөөсү да, тиешеси жок. Себеби эле көпчүлүк кыргыз китеп окубай калды.

Кеп азыр рухий жактан байыткан, тереңдеткен, не бир керемет чыгармаларды жаратакан мыкты жазуучуларыбыздын китептери текчелерде чаң басып, окурманын зарыга күтүп калганында. ХХ кылымдын алтымышынчы жылдарына чейинки классик жазуучуларыбызды айтпаганда да, андан кийин кыргыз адабиятына күргүштөп кирип келген чыгармачылык жигерлери күчтүү, чебер жазгычтарыбыз бүгүн унутулбаса да, аз оозго алынып калды. Улуттук адабиятыбыздын байышына керемет табылгалары менен үлкөн салымдарын кошкон кайталангыс талаттар бар. Алардан ири алдыда жазуучу Мурза Гапаровдун чыгармачыл феномени кашкая бөлүнүп турат.

Татына чыгармалары кыргыз тилинин керемет байлыгын өтө чеберчилик менен пайдалана билген таланттуу жазуучу Ашым Жакыпбековдун көркөм дүйнөсү өзүнчө бир кенч. Анын «Айкашка» аңгемеси адабиятыбыздагы дил кубанткан, жүрөк толкуткан айтылуу «Көхинар» жүздүгү мисал. Аттиң, анын көкүрөгүнө катылган көп асыл чыгармалары өзү менен кошо кетти. Ашыке өмүрүнүн, чыгармачылык дареметинин көбүн Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын кыргызчалатуу менен өткөрдү, анын ордуна өз чыгармачылыгын жемиштүү улантканда, кыргыз адабияты дагы керемет табылгага эгедер болор эле деген анча-мынча күңк-мыңк сөздөр эл арасында айтылып калат. Дөө жазуучу Чыңгыздын чыгармаларын которо турган башка шыктуу кесипкөй котормочулар акезде көп эле да. Маселен, Камбаралы Ботояров, Алым Токтомушевдер кыргыз котормо өнөрүн көкөлөткөн жигиттер болушкан.

Акындарыбыздан Турар Кожомбердиев, Жолон Мамытов, Курбаналы Сабыров  ички  мазмунунун тереңдиги, жаңычылдыгы, ажайып маин лиризми, публицистикалык жогорку тону менен кыргыз салттуу ырынын мүмкүнчүлүктөрүн арбытышып, кыргыз поэзиясын дүйнөлүк деңгээлге көтөрө алышкан. Бир гана жери, алардын татына поэтикалык табылгаларын үлкөн тилдерге которуу бактысы ачылбай келет.  Антпесе лирик акын катары дүйнөлүк адабият сарайынын төрүнөн орун алган шотланд элинин акыны Роберт Бёрнстен Турар Кожомбердиевдин ырларынын кандай кем жагы бар? Бүгүнкү доордун тамыр кагышын үнү бийик публицистикалык тон менен заңкылдата жар салган Жолон Мамытовдун  ырлары өз деңгээлинен кемибей которулса, дүйнөлүк майданда жарышка түшөөр күлүк.

Кыргыз поэзиясы ички өзөк мейкиндигин тереңдетүүдө жаңычылдык киргизүү, изденүүлөрү гана эмес, поэтикалык жаңы мүмкүнчүлүктүн капкасын ача алган  сакадай бою сары алтын акын кызыбыз Сагын Акматбекова. Анын инжир ширесиндей асыл таттуу ырлары да которулуу бактысын тапса, дүйнөлүк кыздар  поэзиясынын бийик сересине чыккан Нобель сыйлыгынын лауреаты чилилик акын кыз Габриэла Мистраль эжесинин катарында отурмак.

Поэзияда он гүлүнүн бири эми ачылганда о дүйнө ат сала берген Табылды Мукановдун океандын зор толкунундай өркөчтөнө шарпылдаган кубаттуу үнү, арстандай жулкунган айбаттуу саптары,  чебер көркөм деңгээли алиге поэзияны сүйө кадырлаган окурмандардын эсинде да, дилинде сакталуу. Аттиң, ушундай асыл, аруу поэзия чеберлеринин ырларын бүгүнкү муун кана окуса не жакшы болор эле.

Ушу тапта адамзат тиричиликтин материалдык жагына, комфорт жашоого ченемден тыш ыктап бараткандай. Көрсө, адамзатты буга түрткөн саясатчылар эмес, философтор тарабынан ойлонуп табылган адам фактору деген теория экен. Муну Совет мамлекетинин идеологдору да илгиртпей кабыл алышкан. Ырас, бул  багыттын да учурунда пайдасы тийген. Бирок, пайдасынан зыяны көбүрөк  болгондой. Көрсө, адам факторун чыныгы максат-маңызы: пенденин аруу жан дүйнөсүн, ыйманын, адеп-ахлагын, адам сүйөрлүк сезимин байытуу жагы унутта калыптыр.

Бүгүнкү философтор устаттарынын дал ушул кемчилигин моюндарына ала өкүнүшүп, баш бармактарын кырчылдата тиштеп отурушат. Албетте, ойчулдардын бул теориясы жазуучулардын чыгармачыл устаканасына да баш бакканы шексиз.  М.Горький айткандай: «Жазуучу адам жан дүйнөсүнүн инженери» бойдон калуусу парз. Демек, калемгерлер Достоевскийчесинен адам жан дүйнөсүн иликтеп-жиликтеп, ыйман-адеп, нысап, жоомарттык, адам сүйөрлүк, аруу махабат жана мерездик, кара өзгөйлүк айдыңындагы түбөлүктүү темалардагы чыгармаларды жаратууну жемиштүү уланта берсе, адабиятыбыздын ооматы кайтып келери турган сөз..

Дагы бир айта кетчү нерсе, биздин маданий, өнөр жаатындагы интеллигенциянын бир даары авангард, модернизм ж.б. жаңычыл агымдар десе эле түгүбүз тескери болуп калмай адатыбыз бар. Аталган измдер дагы тарыхый зарылчылыктан, чыгармачыл инсандардын жаңы жолду изденүүлөрүнүн аркасынан  пайда болгонун  айрымдарыбыз алиге баамдабай  жүргөнүбүз өкүнүчтүү. Зигмунд Фрейд, Ницшенин жаңычыл ой, маданият, психология жаатындагы философиялык ачылыштары буржуазиялык окумуштуулардын ойлоп табышкан «өрдөктөрү» кейпинде бизге  мокочодой көрүнгөн. Дал ушул жаңы агым, стилди мыкты пайдаланган жазуучулардын бири, ирландиялык атактуу жазуучу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Жеймс Жойстун чыгармачылыгы дүйнөлүк адабиятка жаңы нукту ачып берди. «Улис» романы Нобель сыйлыгына татыган. Дүйнөлүк көркөм сүрөт өнөрүнүн  генийлери Пикассо менен Сальвадор Далинин адам тело-анатомиясы менен ич, жан дүйнөсүнө терең үңүлүп, эбегейсиз жаңычылдыкты жаратып, көркөм сүрөт өнөрүнө жаңы мейкиндикти аталган агым, стилдин шарапаты менен ачкан.

Өткөн кылымдын башталышында эле Казимир Малевич «Кара чарчы» картинасы нечендеген сүрөтчүлөрдү чыгармачылыктын табышмактуу купуясын издөөгө  азгырды. Мурза Гапаров айтмакчы, «Поэзиянын кан-сөлү — поэтика. А, поэтика  Аристотель айткандай «романтика, фантазия, ой-сезим, эргүү, гармония, таасирленүү».

Кыргыз акын-жазуучулары деле мындай жаңылыктан четте калышкан эмес. Сүйүнбай Эралиевдин, Рамис Рыскуловдун, Табылды Мукановдун өзгөчөлүү ырларында жогоруда айтылган измдердин жыты буруксуп турганын моюнга алуудан неге тайсалдайбыз. Шотландиялык атактуу романтик акын Эдгар Аллан Понун поэзиясы менен Рамистин жана анын шакирти Венера Бөлөкбаеванын  поэзияларынын ички дүбүртү, романдикалык дымагы үндөшүп турганы, кыргыз поэзиясы ар качан изденүү жолунда экенин айгинелейт.

Кыргыз прозасында биринчилерден болуп ушул стилде жазылган мыкты чыгарма Кубатбек Жусубалиевдин «Муздак дубалдары» болду. Демек, авангардизм, модернизмдин шабырт-шоокумун биздин акын-жазуучуларыбыз да четтеп өтө алмак эмес. Соцреализмдин берген чоң табылгалары менен бирге, анын кекиртекти бууган кыпчууруна кыпчылып калбастын айласында, биздин жазмакерлер ал стилдердин жемиштүү жагын кыйыр түрдө билгичтик менен пайдаланып, адабиятыбызга жагымдуу айдарым желди алып келишкен.

Айтмакчы, таланттуу жазуучу Султан Раев поэзияда өзүн сынап көрүүдө, авангардизм стилинде жазылган «Антистандарт» ырлар жыйнагын жарыкка чыгарды. Султанга мүнөздүү кайсыл жанрды жазса, «дүрт» этме жалын жалбырттаганы ушул жерде да алейне көрүндү, ов! Анын «Антистандартын»  айрымдар сыртын сала тосуп алышканы менен, көпчүлүктү «элең» эттирип алды окшойт. Ие, биз неге эксперименттен качабыз. Экперимент так илимдин гана энчиси эмес да. Эксперимент келечектеги жаңы ачылыштардын ачкычы эмеспи. Улуттук адабиятыбыздын ооматы кайтып келеби деген суроо бизди ойлонтуп жатканда, неге дымагы жылт эте байкалган таланттарды казак, өзбек кошуналардай дароо  илип ала, кеңири сөз кылбайбыз. Оомат шылдырап ага баштаган суунун нугун бөгөөдөн эмес, арыктын тазаласаң келет эмеспи.

Салттык ыр менен жаңычылдыктын ширелүүсүнөн бүткөн бал ырлары менен Сагын Акматбекова кыргыз поэзиясында жаңы мейкиндикти ачкан. Акын кызыбыздын ырларындагы тышы жалт-жулттан, күрүчтөй тизилген кургак саптардан качып, ички тереңдикке үңүлгөнү,  таңкы ак булуттай  аруулугу жагынан кара сөзчү Мурза Гапаров менен «туугандык жакындыгы» бардай туюлат. Анткени, экөө тең Москвада окуп, дүйнөлүк адабияттын булак суусунан  кана ичишкен.

Ананчы, ар бир жаңы нерсени ыгы менен пайдаланууда билгичтик, зиректик  жана билим зарыл. Тарыхта улуу табылгаларды жакшылык үчүн гана эмес, жамандык үчүн да пайдаланган мисалдар аз эмес экен. Көрсө, советтик идеологдор Зигмунд Фрейддин ачылышын Гитлердин аркасынан өгөйлөшкөн шекилдүү. Албетте, авангардизм, модернизм десе эле ой менен сөздү, боёкту тантырак пайдалана берүү утук алып келбейт.

Адабиятыбыздын ооматы кайрадан качан келерине тынчсыздануу мыйзамдуу собол. Бул суроого улуттук адабиятыбыздын келечегине жана жеке чыгармачылыгына тек үстүрттөн мамиле жасоодо эмес, өзөгүнөн толгонуу, ички ойгонуу-козголуу, тирмийген изденүүлөрүнө тыгыз байланыштуу. Ие, алоолонгон жалын жер бетин гана күйгүзүп карартуу менен чектелет. Ал эми жер түпкүрүнөн, ичинен козголуу вулканды пайда кылат дегендей кеп.

Биз окурмандарыбыздын адабий табитин бузуп албашыбыз керек. Бул милдетти калемгерлердин өздөрү мойнуна алганы жөн.  Окурмандарыбыздын суусунун адам  ич дүйнөсүнө терең үңүлө кирип барган авторлордун татына чыгармалары менен кандырышыбыз керек. Ошондо гана окурмандар чыныгы көркөм баалуулуктар менен, кур дүрмөткө толгон чыгармалардын ажырымын биле алышат. Окуу китептерине жазуучулардын чыгармаларын киргизүүдө да калыстык анчейин сакталбай келет.

Жазгычтардын «беренелеринин» даны менен саманын иргей турган убакыт келди. Антпесе окурмандарыбыздын табитине биротоло доо кетирип алып, улуттук адабиятыбыздын баркын кетирип алабыз.

  1. Өрнөктүү адабиятыбыздын салттуу жолун канткенде түптөйбүз? Деги кыргыз адабияты салттуу жолун тапканбы же башка улуттар адабиятынын жетегинде калганбы?

Жооп: Адабияттын пайдубалын түптөө далалаты «Манас» эпосунан башталганы  талашсыз. Анткени, дүйнө элдеринин көптөгөн эпосторуна салыштырганда, «Манас» эпосу алда канча реалдуу турмушка жакын, элибиздин өтмүш тарыхы менен тыгыз чырмалышып, басып өткөн жолу менен изме-из ашташы жана  журтубуздун жашоо философиясы, руху катылып жатат. Ошентсе да «Манас» үчилтиги оозеки чыгарманын  бийик үлгүсү. Чыныгы кыргыз улуттук профессионалдык  салттуу адабияты б.а. жазма адабияттын үлгүсүндөгү  пайдубалы ХХ кылымда майданга келишкен кашкөй жазуучуларыбыз тарабынан түптөлгөн.

Ооба, кыргыз салттуу адабияты  торолуп калыптанган, жашаган жана жашап жатат. Бирок аны андан ары өнүктүрүү, пайдубалын урагыс кылып түптөө кийинки муундун ыйык парзы. Капитализмдин шарпасына аралашып, деңизине чөмүлө баштаганыбызга отуз жыл болду. Анын ички мыйзамдарын жетишерлик эле аңдагандай болдук окшойт. Ошол эле Г.Маркес, Э.Хемингуэй, У.Фолькнер, Р.Ролан, Ж.Жойс, У.Уитмен, Ф.Кафка, Т.Манн, Эдгар По, П.Элюар, Сартр, Прут, М.Астуриас, Ж.Амаду, А.Камю, Р.Тагор, Музафар, Акутагава, Кавабата ж.б. алп жазуучу-акындар, драматургдар ХХ кылымда капитализмдин кыртышында жетилишип, эч кимден көмөк күтпөй, өз арбайларын өздөрү согуп, адамзаттын ой-чабытын өрчүткөн улуу чыгармаларды жаратышкан. «Казанда болсо, чөмүчкө илешет» демекчи, өзүбүздүн жазганыбызда татым болсо, эл өзү издеп таап окуйт жана өкмөт төбөлдөрү да абийир үчүн беттерине тутушат.

Белгилүү казак акыны Олжас Сулейменов өткөн кылымдын 80-жылдары Москвадан чыкчу «Литературная газета» аттуу абройлуу басылмага казак улутунун маданиятына күйүп-бышып жазган көлөмдүү макаласында мындай ойду айтканы алиге эсимде: «Казак маданиятынын пайдубалы жок. Дубалы кум үстүнө тургузулган. Биз, азыркы муундун милдети, тургузулган дубалды уратып албай, түбүн этият казып, пайдубалын бекем куюп, түптөп чынышыбыз керек». Ие, бул учкул ой кыргыз адабият-маданиятына да төп келип турат. Демек, биз дагы  кыргыз салттуу адабияты толук түптөлүп бүткөн деп манчыркабашыбыз керек. Олжас Сулейменов айткандай, салттуу адабиятыбыздын дубалы урап калбасын үчүн, дагы да пайдубалын бекемдөө  парз.

Евгений Замятин белгилегендей, кыргыз адабиятынын өтмүшү менен сыймыктанып жүрө бербей,  жаңычылдык, жаңы табылгаларды жаратуу абзел.

Жазуучуларыбыздын баркы элибизге келечек жолду көрсөткөн компастын кызматын өтөй ала турган, аларды эртеңки күнгө, жашоого шыктандырган  чыгармаларды жазууларына байланыштуу.

Адабият – эл байлыгы. Демек, ал бир жазуучуга, бир талантка байланып калбайт. Кыргыз улуттук салттуу адабиятын көптөгөн таланттуу уул-кыздар түптөшкөн. Андыктан, ар биринин кыргыз адабиятында орду бар. Биздин милдетибиз аларды унутпоо. Чыгармаларын кийинки муундардын сүйүп окууларына шарт түзүү.  Ошондой эле жаңыдан жазылып жаткан мыкты чыгармаларды элге тегиз жайылтууну колго алмайын, жазуучу менен окурмандын ортосундагы ички байланышты калыбына келтирүү кыйын. Ушул максатта азын-көбүн иш алып барып жаткан акын Олжобай Шакирдин «РухЭш» сайтынын  жигердүү иштерин айта кетүү ашыктык кылбас. Кыргыз  Улуттук жазуучулар кошууну да  ишин жандандыра баштаганы жакшы жышаан.

Жазуучу калкынын  устакана дүйнөсү жалгыздыкты сүйөт. Иштин стили, табияты ушундай.  Бирок, жекелик десе эле ар кимиси өз  короосунан чыкпай жүрүп алса,  узай албайт. Буга америкалык белгилүү жазуучу Сэлинжердин чыгармачылык тагдыры ачык мисал. Анын «Туңгуюкка кептелүү» аттуу повести болуп көрбөгөндөй  даңкка бөлөп, дүйнө окурмандары «дуу» түшүп, бир эле чакан китеби миллиондогон  нуска менен кайра-кайра басылат. Ийгиликке эртерээк маарып кеткен Сэлинжер терезелери ийненин көзүндөй килейген үйдү куруп алып, «менин чыгармачылыгыма тышкы чөйрө тоскоолдук кылат» деп, жарым караңгы үйүнөн чыкпай жатып алат.

Ошол сааттан баштап эч нерсе жазалбай чүнчүп, өзү элди, эл аны унутат.  А, анын замандашы Эрнест Хемингуэй дүйнөнү кыдырып, эл арасында жашап, атактуу чыгармаларды жазат. Ушундай эле тагдыр 19-кылымда жашаган Решетников деген жаш, таланттуу орус жазуучусунун түбүнө жеткен. Ал алгачкы чыгармалары оозго алына баштаганда, «Мен Сибирге барып, түпкүрдөгү элдин арасында жашап чыгарма жазам» деген бойдон аты чыкпай калган. Жазуучу кай жерде жашабасын, борбордобу (Сэлинжердин мисалы) же алыскы (Решентниковдун мисалы) провинцияда жашайбы, адабий чөйрөдөн жана адабий майдандан четте калбай, аралашып туруусу зарыл.

Чөйрө – шык булагы. Албетте, калың эл чыгармачылыктын башкы булагы дечи. Орто кылымдардагы Чыгыш акындарынын бир кыйласы эл кыдырган дервиш болушкан. 15-16-кылымдарда жашаган жапан акын-жазуучулары Сайкаку, Нидзе, Басё турмуштун кайнаган жеринде жүрүп, өз элинин кубанычына, кайгысына, сүйүүсүнө ортоктош, тилектеш болуп жашап, натыйжада өлбөс-өчпөч чыгармаларын жазышкан. М.Горькийдин университети орус элинин кайнаган турмуш арасы болгон.  Элден качкан  калемгер Сэлинжердин кейпин киет.

Кыргызга  ушу  тапта байлык, бийлик талашкандардын  кандуу  төңкөрүшү  эмес, улутубузду жаңы өсүп-өнүгүүгө шыктандырган жана максат-ниети адам факторуна (жан дүйнө сезимдерин массаждап сылаган, ар бир пенденин көкүрөгүндө «мен адаммын» деген туйгуну уюткан, алдыдагы жаркын күндөргө чакырган; эртеңине ишинимин арттырган) багытталган рухий революция керек. Ошондой рухий революциянын туусун көтөрүп жүрүүчүлөр ири алдыда адабият майданынын жоокерлери болууга тийиш. Жазуучу нак ушул милдетин көкүрөгүнүн тереңинде сакташы лаазым!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.