Баарыбызды «Долондон канатымды кайрып алдым» деп сыздатып, айтылуу «Илияздын ырына» обон жазган Жекшен Тагаев менен маектешип отуруп, андан көп жакшы сапаттарды көрө алдым. Менимче, накта таланттар ушундай болсо керек. «Мен талантмын» деп кыйкырбайт. Күйүгүп сыйлыктын аркасынан чуркабайт. Өзү менен өзү болуп эл ичинде эргиген маалда чыгарма жаратып коюп жүрө берген таланттуу композитор, ырчы жана сүрөтчү, Түптүн Көөчү айылынын 65 жаштагы тургуну Жекшен байкеге кулак төшөйлү.

— Кыскача өзүм жөнүндө айтсам, орто билим алган соң, бала кезден анча-мынча музыкалык билим алган менен, сүрөт тартуу тармагына кеттим. Ысык-Көл пединститутунун көркөм сүрөт факультетин ийгиликтүү аяктадым. Пионерлер үйүнө директор, райондук сырттан окуу мектебинде мугалим болуп иштедим. Анан союз тарап, чаң-будуң болуп калды. Мен дыйканчылык менен алектене баштадым. Айылга үй салдым, жер иштеттим. Бирок, көп убактымды маданий тармакка арнап, облустун баардык маданий иш-чараларынан калган жокмун.

Кудай мага обончулук шыкты да бериптир. Ошентип, азын-оолак эмгегим аркылуу композиторлор союзуна да, сүрөтчүлөр союзуна да мүчө болдум. Айтып коюшум керек, сүрөтчүлөр союзуна мүчө болушума Сүймөнул Чокморовдун салымы чоң. Ал киши менен кезиккенде, 2-3 саат сүйлөшүп олтуруп калар элек. Талкуулай турган тема мол болчу, искусство, маданият, музыка, эл турмушу. Анан ал “сүрөттөрүң жакшы, 10 чакты эмгегиңди алып кел”,- деп Сүрөтчүлөр союзуна тапшырган. Ошентип, Сүрөтчүлөр союзуна өтүп кеттим. Анын 4-5 көргөзмөсүнө катыштым.

— Жалпысынан канча обонуңуз бар?

— Билбейм, обондорумду санаган деле эмесмин. Сыягы, отуздан ашык болсо керек. Биринчи обонумду 19 жашымда нотага түшүргөм. Ал кезде “лирикалык ырдын кереги жок, жазсаң, компартия, эл, жер жөнүндө жаз” деп айтчу. Ошондо Дүйшөбүбү Жамансартова деген акын эжебиздин «Ала Тоом — мээрим энем» деген ырына обон жаздым. Анда Композиторлор союзу 3 жылда бир пленум өткөрчү. Андан өткөн обон радиого жаздырылчу. Ага чейин балекет обон болсо да радиого жолотчу эмес. Ошондой пленумга обонду алып барсам, жактырышты. Радиодо бир ырга 70 тыйын төлөнөр эле. Бишкекке радио комитетке барып калсаң, кээде 20 сом, кээде 50-60 сомго чейин чыкчу. Радионун алтын фондусунда он бешке чукул ырларым сакталуу. Учурунда ал ырларды Гүлмайрам Момушова эже, Шайгүл Шакеева, Айгүл Иманалиева, Рыскан Кашкарбаева ырдаган.

«Илияздын ырына» керемет обонду кандайча жазып калдыңыз?

— Түгөлбай Казаков бир жылдары Караколго келип, Ысык-Көл пединститутунда музыка кафедрасына башчы болуп иштеп, биздин үйдө жашап калды. Ал Жолдошбек Бузурманкулов деген киши менен Таласта чогу окуган экен. Анан ушул ырын Түгөлбайга бериптир. Ошондо ал ага обон жазуу үчүн эки сутка асылды. Жазган обону жакпай калды окшойт. «Карма момуну, меники окшошпой калды» деди. Ушул ыр менин багыма туш келген окшойт. 15 мүнөттө обон даяр болду.

Ал учурда институтта курстук иш үчүн Чыңгыз Айтматовдун жаңы чыккан чыгармалары берилчү. Менин курстук ишиме «Кызыл жоолук жалжалым» келип калды. Андыктан, мен аны полотного чагылдыруу максатта толгонуп жүргөм. Бул кайрыктар менин мээмде мурда эле пайда болгон го. Аккордеонду алсам, кайрык келди. Түгөлбай “Бул кимдин обону?” — деди. Мен болсо “Мен көлгө жалгыз келип, байыр алдым”,- деп ырдай баштадым. Түгөлбайдын көзү алайып кетти. «Сен эмне кылып салдың, билесиңби?» — деди. Экөөбүз нота жазып кирдик. Беш сыйра мен ырдадым, беш сыйра ал ырдады. Ал ырдаса, мага жакшы угулат. Мен ырдасам, ага жакшы угулат.

Бир жумадан кийин Жаңы-Арык айылы жактагы көпүрөдө этюд жазып олтурсак, арыраак жакка ак жигули келип токтоп калды. Ичинен Данил Илиязов, Түгөлбай Казаков түшүп атат. Данил: “Ай, Сыргак, Тагаев деген немеңер кайда жүрөт?” — деп бакылдап калды. Чачы саксайып, ийнине түшкөн. Сыргак ээги менен мени жаңдады. Ошентип, алар мени машинага олтургузуп алып кетишти. “Азыр Композиторлор союзунан комиссия келет экен. Бая күнкү обонду жаза калалы” дешти. Данилдин чөнтөгүндө чакмак сызык дептер бар экен. Анысы да бүктөлүү. Түгөлбай ырдап атат. Мен нотасын жазып атам. Барактын экинчи бетине сөзүн жазып койдум.

Ошентип, ал ырды комиссиянын алдында аккордеон менен аткарып бердим. Бардык куплеттерин жатка билбегендиктен, бир куплетти 3 жолу ырдадым. Алар ырды жактырып, “таза кагазга жазып кел,- дешти. Сыртка чыгып, ноталык баракты алып мындай басарым менен, деканыбыз эт комбинатка лозунг жаза калыш керек деп мени алып кетти. Нота калды, мен кеттим. Кечки саат тогузга чейин иштеп, колум боёк болуп, бир сумка колбаса көтөрүп үйгө келип калдык. Түгөлбай: “Жанагы обонду жаздың беле?” — деди. “Жок” — дедим. “Ошону билгем. Мен жазып берип койдум”,- деди. Кийин радиодон ал ырды “Жаңы ырдын премьерасы. Түгөлбай Казаков, «Илияздын ыры»” деп тааныштырат экен. Ошол боюнча эл арасында көпкө чейин бул обон Түгөлбай Казаковдуку болуп айтылып калды. Түгөлбай болсо гезиттер аркылуу айтып, «Бул ырдын автору Жекшен Тагаев» деп жүрдү.

Кийин мен радиодо текс окуп, Кыргызбай Осмонов менен бирге иштешип калдык. Ал мага “Илияздын ырын” ырдачы дейт, мен ырдайм. Ошентип жүрүп эле аны өзү ырдап калды. Ал “Обонун жазган Тагаев” деп тааныштырып жүрдү. Кыргызбай катышкан концерттерде менин атым айтылып жатып, атым да чыкты. Кийин ошол мен жазган чакмак сызык барактагы нотаны Медербек Назаралиев деген режиссёрдон көргөм, ал да өзүнчө кызык окуя.

— Обон жаратканда, кайсы тематикага көбүрөк ыктайсыз?

— Мен Кыргызстанды, Ысык-Көлдү жаныман артык сүйөм. Бирок “Мекеним”, “Кыргызстан” деген пафостук ырлар жакшы чыккан жок. Убагында андай текстти Жалил Садыковго да жаздырып алгам. Жакшы обон жаралбады.

Союз кулагандан кийин Жакшылык Алымов менен ага-инидей болуп чыгармачыл байланышта болдук. Анын 4-5 ырына обон жаздым. Анан 4 жыл обон чыкпай калды. Мен каалаган текст жолуккан жок. Бир жолу 70 обончунун китеби жыйнак болуп чыкканын угуп, Бишкекке баргам. Түгөлбай Казаковго жолукканымда, мага Бактыгүл Чотурова, Гүлжамила Шакирова, Махабат Молдалиеванын китептерин берди. Чынында мыкты акындар экен. ондон ашык обон жаралды. Ошол обондор кагазда турат, жарыкка чыгара албай жатам.

Караколдо радио жоюлуп кеткен да. Менчик үн жазуучуларга барсам, асмандын башын айтып, акча сурайт. Үч мүнөттүк бир ырдын үнүн жаздырганга эле миң сом экен. Бирдеме десең, Бишкекти мисал кылышат. Аймакты борбор менен салыштырууга болобу. Ысык-Көлдө ырдачу ким бар, саналуу киши калды. Ал эми ырчы кыздар өтө аз. Музыкалык мектепке барып, жакшырак ырдаган бир кыз таба алган жокмун. Албетте, таланттуулар бар, анын баары эле көмүскөдө. Аларды чыгаруу үчүн кароо-сынактар өтүшү кажет. Биз бул маселеге маани беришибиз керек эле. Бул чоң маселе.

Эски обончулар чогулуп бир концерт коёлу десек, колдогон киши жок. Руханий дүйнөнүн башаты болгон Ысык-Көлдө Караколго түзүк концерт коюп бере албасак, бул эмне дегендик? Буга көп деле акча каражаты кетпейт эле. Күзүндө каражат таап, өзүбүздүн күч менен элге отчёт берип койсокпу деген ойлор бар.

— Албетте, Советбек Урманбетов баш болгон таланттар эл алдына чыкса жакшы эле болбойбу. Аларды эл деле сагынып калгандыр…

— 1970-жылдарда Кыргызстандын маданият министри Кондучалова эже обон чыгарып жүргөн адамдарды кары-жашына карабай искусство институтунун композициялык факультетине экзаменсиз киргизип, окутту. Калыбек Тагаев, Эсенбек Мааданбеков, Сардарбек Жумалиев, Алымбек Коробаев, Мукан Рыскулбеков сыяктуу бир топ алптар окуду. Чыгармачылык деген байланыштырат да. Чыгармачыл адамдар ошол жерден биригип окубаса, мынчалык өсүшкө жетпейт болчу. 70–80-жылкы обондорду уксаңыз, өтө таң калыштуу.

— Жекшен байке, сиз обон жазып, сүрөт тартып, анан ырдап да атпайсызбы. Булардын кайсынысы сизге жакынырак?

— Ишенсеңер ишенгиле, мен биринен чарчаганда, экинчиси менен эс алам. Сүрөт тартып, көз, кол чарчайт. Аккардеонду алып, бакырып-өкүрүп ырдап алам. Кайра жаңы күч пайда болот. Ырдап чарчаганда, көзүмө кооз нерселер көрүнө баштайт. Аны полотного түшүргөнгө аракет кылам.

— Сүрөттөрүңүз эл аралык көргөзмөлөргө катышты беле?

— Менин адистигим портрет тартуу болгон менен, Кудайга шүгүр, пейзажды тартууга шыгым бар экен. Көп сүрөттөрүм четке кетти. Отуздайдай сүрөт кетти окшойт. Буюрса, оюмда чоң болбосо да көргөзмө уюштурсам деген тилегим бар.

Мен көркөм сүрөт факультетинде 3-курста окуп жүргөндө, Түгөлбайды “Улан” деген киного тартып калды. Биздин ректор Эрик Коңурбаев менен Төлөмүш Океев чогуу окуган экен. Ректор мени кино тарткан жерге ала кетти. Түгөлбай 2-3 ыр ырдап берди, мен да ырдадым. Анан ректор Төлөмүш байкеге мени тааныштырып калды. Сүрөттү жакшы тартат деп. Ошондо мени бир телефон чалуу менен өзү окуган Ленинграддагы сүрөтчүлөр академиясына котортуп койду. Бирок мен үй-бүлөлүк шартка байланыштуу барбай калдым.

Андан кийинки жылы дагы жолугуп калып, “эмне үчүн кеткен жоксуң” деп, бир чалуу менен Бүткүл союздук кинематография окуу жайынын режиссёрдук факультетине бир курс кийинкиге киргизип салды. Дагы деле үй-бүлөлүк шартым менен бара албай калдым. Ошол кезде үч балам бар болчу. Мен он тогузумда үйлөндүм. Жыйырма жашта биринчи балалуу болгом. Арман кылбайм. Төрт балалуу болдук.

Сизди мамлекеттик сыйлыгы жок, «Маданияттын мыктысын» да алган эмес дешет ко?..

— Маданият министрлигинин Ардак грамотасын алгам. Сыйлыкты эч кимден сураган да жокмун. Ушуну жаман көрөм. Болбосо, Түгөлбай министр болуп турганда онду деле жаздырып алмакмын. Бетим чыдабайт. Бизди биринчи эл бааласын. Кээси мага сыйлык бербейт деп таарынат. Өз учурунда эмне деген таланттар бааланбай калган. Ошондой сыйлыкты Гомер алган эмес. Биз ким болуп кетиптирбиз? Биз даяр нотанын үстүнө олтурдук. Музыка, гармония, палифониянын баары бир системага келгенде, керемет акындар чыккандан кийин келдик. Эми ошол керемет акындарды чанып, өзү сөз, өзү музыка жазып ырдап атышпайбы, шоруң кайнаган кыргыздын ырчылыры.

Балдарыңыздын арасында сиздин жолду жолдогону барбы?

— Балдарымдын баары кыйын ырдайт. Бирок менин жолумду эч кимиси улаган жок. Өзүмдүн атам-энем ырдачу эле. Иним Улуттук консерваторияда иштечү, өтүп кетти.

Балдар болсо ар ким өз жанын жакшы багып жүрөт. Менден эч нерсе сурабайт. Эгер жалпы элдин абалын айтсак, азыр балам бакпайт деп таарынбай, балам карылар үйүнө өткөрбөй, өз жайыма койду деп бактылуу болуу керек. Кээде жатып алып, биздин келечек чолок акыл, кеп баалабаган, боору таш, байлыкка жутунган, эртеңки күндү көрбөгөн кайдигер жаштардын колуна өтүп кетсе эмне болот деп капа болом. Анда бизди кайып болуп кеткен Каникей эне каргайт ко. Албетте, азыр билимдүү, акылдуу жаштар бар. Бирок азчылык деген айла жоктун иши. Эгер өтө билимдүү япондордой эл болсок, өзүнүн тамырын биринчи коюп, цивилизацияны кийинки орунга койсок, анда, азчылыктын сөзүнө көпчүлүк муюп калар эле. Арийне, бизде акылдуу деген кишибиз тетири сүйлөп атпайбы.

«Кудай жаланып ичип, жаманып кийингенге берет» деп айтчу эле атам. Бул Куранда, Библияда да бар экен. Азыр балдар «меники» деп сүйлөйт. Мурда «меники» деп сүйлөшкөн кызын, минип жүргөн атын айтчу. Калганы «биздики» эле. Кыргыз философиясы терең эл экенбиз. Илгери бир ичикти бир айыл бүт кийип, мейманга барчу. Энебиздин маасысын баары кийчү. Батканы да бар, батпаганы да. Ал аягында кыйшайып калчу. Бир айылды үч абышка башкарчу. Көрсө, ал кезде сөзгө болгон мамиле бизден алда канча жогору экен да. Биз кайрылып келбес рельске түшүп алдык.

Жумагүл БАРКТАБАСОВА

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.