Конкурска: Карыз (№60)

АҢГЕМЕ 1 – Мына бул кандай экен? – Койчу мунуңду, атам замандагы телефон мунуң. – Эми балага болот да. – Эл «Iphone» алперип жатат билсең. Сен болсо кара чечекей балаңа кайдагы «Fly»ды ыраа көрөсүң. Арзанына качырганың да, э? – Арзанына деле карабадым. Эми эле экинчиде окуган бала болсо… – Койчу, ай! Ушу сенин сараңдыгың барбы? Балаңан да акча ширин көрүнүп жатат да. Акыры балаң го! – Ой, мейли, мейли эми. Анда тиги «А50″нү алалы. – Кайсы? – Мына бул «Samsung». […]

Балдар адабияты боюнча жаңы конкурс

Конкурстун аталышы: «Ою жатык, тили жетик муун үчүн». «РухЭш» сайты Кыргызстандын JIA Бизнес-ассоциациясынын демилгеси жана демөөрчүлүгү менен уюшулган балдар адабиятын өнүктүрүү багытында жаңы конкурс жарыялайт! Кыргыз тилдүү акын-жазуучулар арасында балдар адабиятын өнүктүрүү максатында уюшулган бул конкурс Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун 2020-жылды “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылы аттуу Жарлыгына ылайык уюшулду. Конкурстун шарттары: Мурда эч жерде жарыяланбаган чыгармалар гана кабыл алынат. Конкурска катышууга авторлордун жаш курагы чектелбейт жана балдарга арнап чыгарма жазууну каалаган баардык калемгерлер катыша алат. […]

Конкурска: Ак жарык (№59)

“Байтал чуркап байге албайт”. (Кыргыз эл макалы) АҢГЕМЕ-ЖОМОК Биринчи бап Бир кезде жер жайкалып көктөгөн, койнуна эчки-теке батпай, аскада илбирс мекендеп, улар уялап, буркүт шаңшып турган жер эле. Элинин да жайыты жайлуу, кошунасы ынтымактуу болуп, бакыт байырлап турган. Бай-кедейге, жакшы-жаманга, алдуу-алсыз, кыз-бала деп бөлүнбөстөн шайма шай жашаган мезгил эле. Элдин пейилине жараша Жер эне алардын бакытына ортоктош болуп, берекесин дагы төгүп берээр эле. Экинчи бап Ырыстуу элге, гүлдөгөн жерге сук көзүн артып,  жок кылууга белгисиз планетадан келген Жемкор,  Наадан,  Зөөкүр, […]

Диляра Тасбулатова: Кызыл чемодандын окуясы

Маршруткада баратам, кызыл чемоданым бар. Чемодан алдыга – шоопурдун жанында ээси жоктой жалгыз турат. Аңгыча шуулдаган бир аял кирип: — Кимдин чемоданы? — Меники, — дедим. — Ичинде эмне бар? — Китептер. — Кандай, китептер? — деди аял шек санагандай. — Бирдей. — Бирдей китептер барбы чемоданда? — Ооба, көрсөтөйүнбү? — Көрсөт. Мен чемоданды ачып, аял менин баары бирдей үч китебимди көрдү. — А эмнеге бирдей? — деди аял таң калгандай. — А балким алардын айырмасы бардыр? Салыштырып көрөйүн дедим. […]

Шайлообек Дүйшеев: Демократиянын ашы

Кыргыздын берен жигиттеринин бири, экс-вице-премьер-министр Базарбай Мамбетовдун ѳтүнүчү менен жарык кѳрүүдѳ. Шайлообек Дүйшеевдин ырлары мага ушунчалык жаккандыктан, айрым жерлерин эки-үч окугандан кийин эле эсиме тутуп калып, ушул күнгө чейин отурган жерлерде жатка айтып келатам. Мен мындан 20 жыл мурдагы “легендарлуу” редактор Мелис Эшимкановдун “Асаба” гезитин сүйүп окуган окурманы болом. Тилекке каршы, бүгүн ага теңдешчү бир дагы гезит жоктугуна ѳкүнѳм. Ошол гезитке Шайлообек байкенин чыгармалары ѳзүнүн аты менен да, кийин Хасан Каскадроп деген псевдоним менен да үзгүлтүксүз жарыяланып турган. “Демократиянын ашы” […]

Тилебалдыев Тилек: «Делбирим» мени турмушка тарбиялады

“Айтматовдон алган сабагым” конкурсуна «Чыңгыз Айтматов» деген жазуучуну тааныбаган кыргыз жок болсо керек. Айтматовдун чыгармаларын окуп отурсаң, жаратылыш жөнүндө  сөз болсо, көз алдыңа бийик-бийик тоолор, бак-дарактар, аңкыган кызыл гүлдөр тартылат. Бул эмнеси? Жазуучунун калеминин курчтугубу же менин кыялкечтигимби? Айтор, өзүнчө бир фантастика. Мен Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын сүйүп окуп, анын чыгармаларын түшүнүп, ийне-жибине чейин талдаган жаш окурманмын. Айтматовдун бардык чыгармалары ары кызыктуу, ары татаал болуп, адамзаттын башынан өткөн ташбоор турмушту баяндаса да, алардын ичинен ар бир окурмандын табитине жараша сүйүктүү чыгармасы […]