Конкурстун аталышы: «Ою жатык, тили жетик муун үчүн».

«РухЭш» сайты Кыргызстандын JIA Бизнес-ассоциациясынын демилгеси жана демөөрчүлүгү менен уюшулган балдар адабиятын өнүктүрүү багытында жаңы конкурс жарыялайт!

Кыргыз тилдүү акын-жазуучулар арасында балдар адабиятын өнүктүрүү максатында уюшулган бул конкурс Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун 2020-жылды “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылы аттуу Жарлыгына ылайык уюшулду.

Конкурстун шарттары:

Мурда эч жерде жарыяланбаган чыгармалар гана кабыл алынат. Конкурска катышууга авторлордун жаш курагы чектелбейт жана балдарга арнап чыгарма жазууну каалаган баардык калемгерлер катыша алат. Эң башкысы: чыгармалар балдарга ынанымдуу, балдар ийкемдүү кабыл алаар тилде жазылууга тийиш!

Балдар үчүн жазылган жомок, аңгеме, ыр жана тамсил түрүндөгү чыгармалар ruhospurum@gmail.com дареги аркылуу конкурс жарыяланган күндөн тарта кабыл алынат. О.э. авторлор менен калыстар курамындагылардын аты-жөндөрү аталган конкурс жыйынтыкталган күнгө чейин эч жерде ачык жарыяланбайт!

Байге фонду – 100 010 миң сом

1-орун – 50 000 (элүү миң) сом

2-орун –30 000 (отуз миң) сом

3-орун – 20 (жыйырма миң) сом

Эки орунга кызыктыруучу байге – 5000 (беш миң) сомдон.

Конкурстук чыгармаларды кабыл алуу мөөнөтү 2020-жылдын 25-августуна чейин улантылат. Жеңүүчүлөрдүн байгесин тапшыруу аземи 2020-жылдын жаңы окуу жылына карата 1-сентябрь күнү тапшырылат.

«РухЭш» сайты келечекте ою жатык, тили жетик муунду тарбиялоо максатында аталган конкурска демөөрчүлүк көрсөткөндүгү үчүн Кыргызстандын JIA Бизнес-ассоциациясына терең ыраазычылык билдирет! О.э. өлкөбүздүн экономикалык өсүшүнө гана басым жасабастан, келечек муунга көркөм-мураска калар улуттук адабиятыбыздын бүгүнкү абалына кайдыгер карабаган бизнес чөйрөсүндөгү мекенчил ишкерлерге жана өндүрүшчүлөргө жалпы улуттук адабияттын өкүлдөрүнүн атынан терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз!

 

Конкурстук чыгармалар тизмеги:

  1. Конкурка: Тилмеч козу (№1)

  2. Конкурска: Жазгы таңда (№2)

  3. Конкурска: Түгөнбөгөн суроолор (№3)

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.