Маршруткада баратам, кызыл чемоданым бар.

Чемодан алдыга – шоопурдун жанында ээси жоктой жалгыз турат.

Аңгыча шуулдаган бир аял кирип:

— Кимдин чемоданы?

— Меники, — дедим.

— Ичинде эмне бар?

— Китептер.

— Кандай, китептер? — деди аял шек санагандай.

— Бирдей.

— Бирдей китептер барбы чемоданда?

— Ооба, көрсөтөйүнбү?

— Көрсөт.

Мен чемоданды ачып, аял менин баары бирдей үч китебимди көрдү.

— А эмнеге бирдей? — деди аял таң калгандай.

— А балким алардын айырмасы бардыр? Салыштырып көрөйүн дедим.

Аял байкатпагандай  чыкыйын сөөмөйү менен чукуп калды.

— Эмне жөнүндө?

— Ар түрдүү да… эми.

— Ар түрдүү жөнүндө бирдей китептерби? – аял мени жарга такап койгонуна кубангандай.

— Эми… бирдей болгонго караганда ар түрдүү болгону жакшы да, — дедим — философторчосунан.

— Мейли анда, — макул боло кетти аял. А Диляра Тасбулатова деген ким экен?

— Ким билет. Атына караганда эжеке болсо керек.

— А балким агадыр? — деди жанымдагы жигит. — Аял болумуш болуп алат. Менин бир таанышым аялдардыкындай романдарды жазып, Шэрон Жонс деген ат менен ар түрдүү редакцияларга жибере берет. Бирок Диляра Тасбулатова дегенди оңой менен ойлоп таба албайсың: өзүнүн эле аты болсо керек.

— Өзүнүн аты болгонго анча коошпой турат. Айрыкча фамилиясы. Атын мен бир жерден уккам – биздин чач тарачта Диляра деген уборщица иштеген, — деди аял.

— Тасбулатова эмеспи?

— Жо-ок. Алиева го, менимче.

— Балким бул китептерди ошол уборщицаңар жазгандыр? – деп сурады жигит.

— Болсо болот. Ал бир өзүнчө эле кызык аял эле. Кийин иштен бошоп кеткен.

— Ошол экен, — дедим мен. — Ал китеп жазганы иштен бошогон турбайбы. Китепте уборщицалар, консьержкалар тууралуу окуялар көп. Алкаштар тууралуу да бар.

— Фи! — деди аял. — Андайларды окугандын кереги эмне?

— А сиз кандай китептерди окуганды жактырасыз? – деп сурадым.

— Сүйүү тууралуу, — деди аял ишенимдүү.

— А мен – фэнтези, — деди жигит. — Сиз болсо алкаштар, уборщицалар тууралуу окуганды жактырасызбы? — деп сурады менден.

— Так ошондойлорду гана. Сүйүү тууралуу аңгемелерге кызыкпайм.

Аңгыча өзүнүн аялдамасынан өтүп кеткенине кокуйлап, аял түшүп калды.

Жигит мени кылыя карап:

— Мен да сүйүү жөнүндө окуй албайм. Кызыксыз.

Мен да түшүп калдым.

Колян жана Анжелика Жоли

Дүкөнчү аял китебимди сурап калды.

— Бергенден чочуп турам. Бабырган же Люба келсе сиз аларга көрсөтөсүз, алар мага таарынат

Нэля:

— Алар эмнеге таарынмак эле?

— Китеп ошолор жөнүндө да!

— Нэля (нааразы болгондой):

— Мен атактуу адамдар жөнүндө деп ойлоптурмун, сиз атактууларды жакындан билесиз да.

— Атактуулардан Колян эле бар.

Неля муңайым гана:

— Ал бизде  гана атактуу, райондочу? Эки үй билээрин кудай билет?

— Нэль, ал Анжелина Жолидей иче албаса мен эмне кыла алам?

Нэля (көздөрү жана түшүп):

— Сиз аны менен таанышсызбы?

— Ал бир жолу Каннада Кызыл тепкич менен баратканда мага башын ийкеп койгон. Бирок апам ал сага эле эмес, бардыгына башын ийкеди дейт.

Нэля (мен үчүн таарына түшкөндөй):

— Албетте, сизге эле башын ийкеди. Сиз белгилүү журналист, ага кошумча атактуу жазуучу болсоңуз. Сизге башын ийкебегенде кимге ийкейт?

КИТЕП ЖАРМАНКЕСИНДЕ

I. Жакшы байке

Өгүнү, Non-fiction — жыл сайын өтүүчү китеп жарманкесине бардым. Кирүү акысын төлөгүм келген жок:  мен бул жерге дайыма келип турам да, күн сайын дегендей.

Ошол, анан чыйылдаган үн менен кароолчуга:

— Мен жазуучумун, байке, мен жазуучумун, байке. Байке жазуучуну киргизип коюңузчу.

Байке жинди эмес да, минтет:

— А кантип далилдейсиң?

Китебимди сууруп чыгып чырылдап атам:

— Мына менин жазган китебим, менин китебим, мен жазуучумун, байке, коё бериңиз байке…

Ал болсо:

— Бул сенин китебиң экенин кайдан билем?

Мен китептеги сүрөттү бетиме жакындатып (кечээки отуруштан кийин өзүмө бир аз окшобой калыптырмын):

— Мына менмин!

— Бул сен эмессиң. Сүрөттөгү жакшынакай экен. А сен… андай… (унчуга албай калды) андай эмессиң!

— Кечээ отурушта болгом, бир аз шишип калыптырмын, отурушта болгом, байке, — кайрадан чырылдай баштадым.

— Китебиң эмне жөнүндө? Тамак бышырган тууралуу болсо керек?

— Ичкилик тууралуу китеп.

— Аракты кантип ичиш тууралуубу? Аны сенсиз деле баары билишет!

— Жо-ок, мен илимге таяп ичем.

— Жарым күнгө чейин өз сүрөтүңө окшобой калганың ошондон го?

Бирок киргизип жиберди, жакшы байке экен.

II. Букер жана Нобель

Ошол жарманкеден тааныш кинопродюссерге жолугуп калдым.

Ал айтат:

— Эмне сатып алдың, көрсөтчү.

Мен сумкамды ачтым, анда менин китебим.

— Оме-й ой! Сени китеп жазат деп, үч уктасам түшүмө кирбейт эле!

— Мени тамга тааныбайт деп ойлодуң беле? Биз көрүшпөгөн мезгил арасында үйрөнүп алдым: көрүшпөгөнүбүзгө канча, беш жылдай болду го? Тамгаларды билип алганга толук жетер убакыт. Бирок кыйын эле болду – беш жыл деген убакыт деле эмес да. Азыр болсо алардан пайдаланганды үйрөнүп жатам.

Ал менин “ыргагыма” түшүп:

— Беш жылдан кийин Букерди аласың: ал мезгилде Букер сыйлыгын тамга тааныгандарга берип калышат.

— Ал мезилде тамга билгендерге Нобель сыйлыгын беришет. Сен, башкысы, тамгаларды унута көрбө.

— Мага анын эмне кереги бар? – дейт продюсер. — Мен акча издейм да, тамгаларды билиш кажет деле эмес. А сенин китебиң тамгаларды канткенде унутпаш керектиги тууралуу го.

— Ошого жакын.

— Мейли, келе анда сатып деле алайын.

— Акчаңды санай аласыңбы? Кантип санаганды унута элексиңби?

— Сен жардам бересиң да: анан экөөбүз Нобелди алабыз. Жок, сен Нобелдик, мен Перелмандык сыйлыктарды.

Ушул. Ушинтип сүйлөшүп алдык.

Которгон Марсел ИСАКОВ

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.