Кыргыздын берен жигиттеринин бири, экс-вице-премьер-министр Базарбай Мамбетовдун ѳтүнүчү менен жарык кѳрүүдѳ.

Шайлообек Дүйшеевдин ырлары мага ушунчалык жаккандыктан, айрым жерлерин эки-үч окугандан кийин эле эсиме тутуп калып, ушул күнгө чейин отурган жерлерде жатка айтып келатам.

Мен мындан 20 жыл мурдагы “легендарлуу” редактор Мелис Эшимкановдун “Асаба” гезитин сүйүп окуган окурманы болом. Тилекке каршы, бүгүн ага теңдешчү бир дагы гезит жоктугуна ѳкүнѳм. Ошол гезитке Шайлообек байкенин чыгармалары ѳзүнүн аты менен да, кийин Хасан Каскадроп деген псевдоним менен да үзгүлтүксүз жарыяланып турган. “Демократиянын ашы” аттуу кѳлѳмдүү чыгармасы ошондогу “Агым” гезитине сандан санга басылган. Кийин аны (редактору Нуралы Капаров)“Бишкек таймс” гезити да басканын билем.

Мен адабиятчы же адабий сынчы эмесмин. Кесибим таптакыр башка, адабиятка кымындай тийешем жок. Болгону Шайлообек Дүйшеевдин ар бир чыгармасын баса калып окуган окурманымын. Айтайын дегеним, “Демократиянын ашы” сыяктуу чыгарманы мен кыргыз адабиятынан ушул күнгѳ дейре такыр эле кездештире элекмин. Жанры боюнча дагы, кѳркѳмдүгү боюнча да, мааниси боюнча да.

Бир салыштырсам, орус адабиятынын генийи Александр Пушкиндин нянкасы Арина Родионовнадан уккан жомокторун жана башка элдердин жомокторун ыр кылып, кемелине келтире иштеп чыккандарына салыштыргым келди. Бирок автордун бул чыгармасы менин муунумдагылар үчүн жомок эмес, кашкайган чындык, болгон окуя, керек болсо тарых, ал эми бизден кийинки жаштар үчүн балким эң сонун жомок болуп калышы да мүмкүн. Баса, “Кыргыз ѳңү Чокморовдун ѳңүндѳй” деген ѳңдүү, бул чыгармада да “Кыргыз демократиясынын өңү биздин саясатчылардын ѳңүнѳ окошоштугу” укмуштуудай сарказм, кыргызга гана таандык мыскыл-күлкү-тамаша менен баяндалган. Ошондуктан чыгарма элге жеткиликтүү, кызыктуу, тили таттуу жана күчтүү…

Монолия Медеров, Бишкек шаары.

Эскертүү: Шайлообек Дүйшеевдин “Демократиянын ашы” аттуу бул чыгармасы “РухЭш” сайтына биринчи жолу жарыяланууда.

♦ ♦ ♦

Илгери-илгери, Европанын ээгинен Тынч океандын жээгине чейин ээлигине басып турган, “эй!” деп сөөмөй кезегендердин көрүн казып турган — ЭСЕС ЭР деген чал болгон. Ошол чал ээгинде бүйлөсү, этегинде дүйнөсү түгөнгүчө эл башкарып туруп 75 жашында дүйнө салат…

Ошондо, анын ордуна ойдо жок жерден Түндүктөн түшүп, Демократ аттуу жаркылдаган, ачык айтып, ак сүйлөп таркылдаган, алай-дүлөй бороонго калкылдаган жаш бала такка олтуруп, сурагын сурай баштаган эки-үч жылдан соң компартиянын арбак урган арам сийдик балдары колдуу болуп өлөт.

Көздөрүндө көралбастык, өздөрүндө саткындык, тѳштѳрүндѳ партбилети бар бул көзкамандар тымызын уюшуп, баланы уктап жаткан жеринен жаздык менен баса калып тындым кылышат. Ошондо он гүлүнүн бир гүлү ачылбай шейит кеткен Демократтын апчеси Апей катындын ичинен кан өтүп, “катын катындыгын кылып зыйнатын кылбай койду” дегизбейин, карачечекей кайран инимдин кара ашын бере турган “жер издейин” деп, колтуктагы өсүп кеткен жүнүн устара менен тасырайта кырып, төгөрөктүн төрт бурчунан мен демократ дегендерди жыйып, аш бергени камынып калган чагы экен дейт…

АПЕЙ КАТЫН АШКА КАТУУ КИРИШТИ

Ээй, ошол,

Жексурдун баары уюшуп,

Желкеде быгып турушуп,

Жекесин төрдүн күсөштү,

Жел  чыккан жерин Демостун

Жекендос менен бүтөштү.

Эсил кайран эрениң,

Эки буту сырайып.

Ээгиндеги эки кыл,

Экиленип булайып.

Эңкейгенге  жарабай

“Эңк” дей түштү тырайып.

 

Коммунисттер уюшуп,

Колтукта быгып турушуп,

Ооматын төрдүн күсөштү,

Олтура калып заматта,

Оенуң Демократтын

Оосурчу жерин скочтоп,

Оозун кошо бүтөштү.

Кокуй Демос, өлбөй кал,

Кош  кареги тунарып,

Колу-буту сырайып.

Кокосунун тамыры

Колкосунан булайып.

Козголгонго жарабай

“Кор” дей түштү тырайып.

 

Капылеттен катыгүн,

Кайран балаң өлгөндө.

Кайра келбес чын жайды

Кара баскыр көргөндө.

Кандим катын Апейча,

“Каралдым!” деп бакырып,

Калайыктын баарысын,

Кара ашына чакырып.

Кыл тулпарды байлатып,

Кымызын суудай жайнатып.

Кыргызга күйөр жан болсо,

Кылгырып туруп  берсин деп,

Кыр-кырдан сүрүп айдатып.

 

Тегерегин козготуп,

Телелерин боздотуп.

Келин-кызын козготуп,

Кезиттерин боздотуп.

ЭНПОлорду дуу кылып,

Эгемен Горький аянтын

Эки ай бою чуу кылып.

 

Ажынасын эсиртип,

Арамзасын кетиртип.

Алтымыш ОБОН катынды,

Ашаткы төк деп жекиртип,

Абийрин дырдай чечинтип.

Аш жобосун бекинтип,

Аш жечүсүн кекиртип.

Алаасы бышык балдарды,

Ак Үйдүн темир торунан,

Аркы-терки секиртип.

Устун болор барбы деп,

Узун тилди кайратып.

Укук коргойм дегендин

Уул-кызын кошо жайнатып.

Добулдай баарын жапыртып,

Добулбас уруп бакыртып.

Дооронго туруп берсин деп,

Дооронбекти чакыртып.

Эт кемеге жасатып,

“Эгемен кафе” аташып.

Элден четтеп баскандын

Энесин койбой ашатып.

 

Сарттардын көзүн талдыртып,

Сабизин санап салдыртып.

Санаттуу Өзгөн күрүчүн

Салижанга алдыртып.

 

Кайда, Демос, кайда деп,

Кара чым баскан жайда деп.

Карып, мискин, кайырчы,

Каңгып жолдо калба деп.

Укпаганын коркутуп,

Уктаганын толкутуп.

Улам бир ат токутуп.

Улук-кичик молдого

Узун аят окутуп.

Уйгу-туйгу бастыртып,

Ушакчысын чаптыртып.

Уйгак куйрук иттерин,

Улагага жаткыртып

 

 

Кыраан Демос ашы деп,

Кылгылыктын башы деп.

Кыйын катын Апейча

Кылыгын минтип баштады.

Кызматына чыдабай,

КЫДЫКЫнын балдары

Кырылып кете жаздады.

 

Апей катын ошентип,

Аш берем деп бүлүнүп.

Аның менен мунуңдун

Арасында жүгүрүп.

Чакчелекей дүйнөнүн,

Чар тарабын чалдыртып.

Чабарманга жарачу

Чабандестен алдыртып.

Чуу түшүрүп калды дейт,

Чулу туяк балдарды

Чуулуу катын Апейкан

Чубатууга салды дейт…

 

Атаңдын гөрү ошондо,

Ток курсактар тороңдоп,

Топоз мурун тойроңдор,

Ток тийчүдөй ороңдоп.

Топ башчысы Топчубек

Толгой тартып сороңдоп.

Токтоналбай калды дейт:

-Ашка кабар айтканга

“Агымдагы” Жолдошбек

Жарайбы?- деп калды дейт.

 

Апей анда кеп айтат:

-Алеп-желеп Топчуке,

Абайлай тур деп айтат:

 

-Жолго мандем Жолдоштун

Жойку кара жону бар,

Жонжорудай бою бар.

Жолугабыз деп коюп,

Жоксон алмай жогу бар.

Жоробашы жолукса

Жоголуп кетмей жолу бар.

Жалаңкабат жалы бар,

Жайыты жакын малы бар.

Жакалап барып Кочкорго,

Жаалданып калп эле,

Жаабай коймой жайы бар.

Жалган айтса ээрибес,

Жаагында майы бар.

Жасарына жеткенде,

Жарты метр жалт берип,

Жаза тайма жагы бар.

Жарым саатка жумшасаң,

Жалаяктай жайылып,

Жарым жылга кургабай,

Жатып алма жайы бар.

 

Келдесинде изи бар,

Керкисинде мизи бар.

Кепер ысык керегей,

Келмеси бош ичи бар.

Керек кезде кашайып,

Кемпирге да макул деп,

Кетип калма ити бар.

Күрѳѳгѳ койсо жылкы тоос,

Күбѳгү күмүш, сырты кооз.

Иттей жакшы, а бирок,

“Ичи кыжыр, сырты жоош”

-Кой, Топчуке барыңар,

Барга-жокко байымдуу

Башкасынан табыңар?

 

Ал аңгыча болбоду,

Ак Үй жактан чаң оргуп,

Ала булут сойлоду.

Бурулуштан бурулуп,

Бура тартып жулунуп.

МАИлерден буйтайм деп,

Маршруткага урунуп.

Жыгылып-кооп келатса,

Жыйналыш кылат деп айтты.

Жылмаңдаган Апейге

Жыпар Жекше кеп айтты:

 

-Мончосун күчтөп жагалы,

Мончолотуп алган соң,

Мойнуна тумар тагалы.

“Молоко” ичкен неме эле

“Молочный” алалы.

Моюбаган эр ошол

Мойнок чөлгө салалы.

Мотору жок от алат,

Момбековду чабалы!-

 

Жыртыкка тешик салчу ошол,

Жыйынга ырчы, дарчы ошол.

Жыргалбекти калмак деп,

Жылымчысын бир жыттап,

Жытынан биле калчу ошол.

 

Булдурсун гитар чалчу ошол,

Буйруксуз ырчы, дарчы ошол.

Бурканбектин шыбоосун,

Бур эткизе бир жыттап,

“Бу кыргыз эмес, калмак” деп,

Бутунан биле калчу ошол1

-Деп Жекшеев экчелди,

Деис катын чекчейди.

 

— Сагынбегиң салбаймын,

Саатына калбаймын.

Саман жыям деп коюп,

Сахнага жетчү эле.

Сахнага жеткенде

Саясатчыл түгөнгүр,

Сапталбаган ийнедей,

Сайгак уруп кетчү эле.

 

”Оолак кеттим” деп коюп,

Ош базарга жетчү эле.

Оноякка жеткен соң,

Ойду-тоону озондоп,

Оромпоюн тепчү эле.

Омурткасыз түгөнгүр,

Окобу жок аткылап,

Орус уруп кетчү эле.

 

Үйгө кеттим деп коюп,

Чүйдү көздөй жетчү эле.

Чүйгө жетип алган соң,

Чүкө, сака тандабай

Чүмбөттөрүн чеччү эле.

Чүлүгү жок түгөнгүр

Чүчөк уруп кетчү эле.

 

Салар бала ашка тап,

Сагынбектен башка тап.

Момун бала ашка тап,

Момбековдон башка тап!

 

Жылма катын кеп айтты,

Жыпар уксун деп айтты.

Кыйды катын деп айтты,

КЫДЫКЕ уксун деп айтты.

 

Ал аңгыча капырай,

Аңгыраган дүйнөнүн.

Азары жерге өрүлүп,

Ак Үй жактан асманга

Аксаргыл чаң бөгүлүп.

Ал эмине шумдук деп,

Адамдын көөнү бөлүнүп.

Алып-учуп айгыры,

Аягы жерге төгүлүп.

Карап турган пенденин

Кабыргасы капырай,

Кат-катынан сөгүлүп.

Кагаз жолборс кадимки

Казат тегин көрүнүп…

 

Апаңдын гөрү дүнүйө,

Алабынан баш кетип,

Аргамжыдан ат кетип,

Агабыз ыйлап алыптыр

Акырек ылдый жаш кетип!..

 

Ийининен баш кетип,

Илебинен ат кетип.

Ийип ыйлап алыптыр,

Ийрелеңдеп жаш кетип.

 

Бар-бар ыйлап, бар ыйлап,

Бакырып Казат кары ыйлап.

Баласындай эле деп,

Балакеттин баары ыйлап.

Торгоюм ыйлап атат деп,

Топчуке тиккен тал ыйлап.

Токтоно албай бечара,

Токторбай деген кал ыйлап.

Депутаттардын жанагы,

Демократ жагы ыйлап…

 

“Эсил Демос бирөө деп,

Ээ болалбай өлтүргөн

Элибизде күнөө деп.

 

Сагыр Демос бирөө деп,

Сактай албай өлтүргөн,

Салтыбызда күнөө деп.

 

Кымбат Демос бирөө деп,

Кырчынында өлтүргөн

Кыргыздарда күнөө деп”.

 

Ыйын абаң баскан соң,

Ызасы бойдон качкан соң.

Арманын абаң баскан соң,

Азасы бойдон качкан соң.

Абыгер Казат муну айтат,

Адам укпас шумду айтат:

 

— Чар тарапка чабыттап,

Чаба турган кишим бар.

Чарк айланып Жер шарын

Чала турган кишим бар.

Чалгычы жок, мээни

Чага турган кишим бар.

 

Туулгандан чабарман,

Турушу менен кабарман.

Тукуму жок итти да

Турнабайсыз таба алган.

Жаралгандан чабарман,

Жан койбогон кабарман.

Жарганаттын битин да

Жадыбалсыз таба алган.

 

Бака-шака сүйлөгөн,

Батылдыгы бар анын.

Анда-санда ыр жазган

Акындыгы бар анын.

Азели катын албаган

Асылдыгы бар анын.

 

“Авария” болот деп,

Автобуска түшпөгөн.

Кезе турган жолдорун

Кепичине жүктөгөн.

Сүйрөп чыгып салсаң да,

Сүйлөѳр сѳзүн бүтпөгөн.

Ала баштык асынып,

Алтымыш мил жолдорду

Аягына жүктөгөн.

Арбын сүйлөп, аз уктап,

Ачкылды ичкен сүт менен.

Жетип алса мээңе

Жемейинче түшпөгөн.

Пиязды айтсаң пилди айткан,

Бирди айтканча миңди айткан.

Токсон тогуз жинди айткан,

Токтобостон миңди айткан.

Түн оогондо үйүңө,

Түнөй жаздап бир кайткан.

Чымкый кызыл берен бар,

Чынарбек Айдар деген бар!-

 

Антип Казат салды дейт,

Апей катын жактырып,

-Ап-бали!- деп калды дейт.

 

Чыгаан катын Апейай,

Чындап көңүл салды дейт,

Чылымын көккө жанды дейт.

Чыркыраган бул бейбак

Чынарбекти алды дейт.

 

Алары менен нени айтты:

-Айдар уулу!- деп айтты,

-Эл чакырам деп барып,

Экме көкүл Чынарбек

Ээн жакка кетпегин.

Эргүүң келип ыр жазып,

Ээлигип басып кетпегин.

 

Алты жүз ысым жат алгын,

Алакандай кат алгын.

Ат бороюн сыдыргын,

Ай-ааламдын баарысын

Алты күндө кыдыргын.

 

Жети жүз ысым жат алгын,

Желимделген кат алгын.

Желди желпип сыдыргын,

Жердин шарын тастайтып,

Жети күндө кыдыргын.

 

Жакыныраак эми кел,

Жаттап алгын жакшылап,

Жапырайбай бери кел?

 

Моногу,

Тоңкойгон тоонун гөтүнөн,

Токойлуу чердин төшүнөн.

Саймалуу сайдын гөтүнөн,

Сайылган талдын өзүнөн.

Тамыры ташка бекиген,

Таластын аркы бетинен.

Кумга төөсү төлдөгөн,

Куттуу саруу эл деген,

Кудайдан бөлөк жеңбеген.

Чапка тѳѳсү тѳлдѳгѳн,

Чапчаң саруу эл деген.

Чатакташа келгенде

Чалкалмак да жеңбеген.

Текши саруу эл деген

Тебишерге келгенде

Теңирден бөлөк жеңбеген.

Айрыкча асыл жери бар,

Артуу, артуу бели бар.

Аралай басып киргенде

Атырдан жыттуу жели бар.

Айбатынан жан чыккан

АтактууАксы эли бар.

Карагаты, балы бар,

Касиеттин баары бар.

Афлатун  аскасы,

Ал аскага барып ал.

Ал аскага барганда,

Шаты турат илинген,

Шалы турат тилинген,

Шагы турат ийилген,

Шаары турат чийилген.

Шапар тээп илгери

Шашмалыгы билинген.

Шайтанын кууп эчкинин

Шагыл менен жүгүргөн.

Шайы кетип акыры,

Шакегин ажал салганда

Шамалга сөөгү илинген.

 

Кожожаш деген мерген бар,

Кожошту мында келсин де.

Афлатунда аш болбойт,

Аш кызыгын көрсүн де.

Куу эчки көп Бишкекте

Кууп айдап берсин де.

Бул кызыкты көрбөсө,

Жеткен жерден айдатам,

Жеңине “жучок” байлатам.

Көргөн жерден айдатам,

Көтүнө  “жучок” байлатам.

Буга дагы көнбөсө,

Сөңгөгү жок Кожоштун

Сөлөкөтүн түн кылам,

Сөөгүн өрттөп күл кылам.

Жип-шуусу жок Кожоштун

Жигерин чагып түн кылам,

Жилигин чагып күл кылам!

 

Андан ары  артканда,

Ай тамылжып батканда.

Ак Үйгө тыңчы арамдар

Алдаалап уктап жатканда.

Бекназардын Азимбек

Аны ашыма келсин де,

Аш шаанисин көрсүн де.

Демократ болсо дем албай

Демдүү туруп берсин де.

Конок алып тоссун де,

Кошумчасын кошсун де.

Кошумчасын кошпосо

Кокос майлоо Азимбек,

Коногумду тоспосо,

Айтканыма көнбөсө,

Ашка басып келбесе.

“Асабасын” жанагы

Алдыртамын балакка.

Айып тагып кайрадан

Салдыртамын абакка!

Булдурсун эмес, ал урган,

Эски баатыр болсо да,

Булдозер эмес, ал урган,

Экскватор болсо да!

 

Бабыр элең Чынарбек,

Бата берсе алып кайт.

Базар-Коргон тарапка

Башбакпастан барып кайт.

Айтылуу Акман жери бар,

Апсамат пахта тер десе,

“Ары бар, пахта тербейм!” деп,

Азапка салган эри бар.

 

Өмүрбек деген өкүм бар,

Өзгөчө катык кеп айткан.

Бакиев такта турганда,

“Бар болсо эгер намысың,

Асынып өлгүн!” деп айткан.

Акманга жетип бар ошол,

Аты-жыты кыргызга

Алынып калган жан ошол.

Ажолукту айрыкча

Сагынып калган жан ошол.

Азезил доорго азыркы

Алгы кат эле ал берен.

Салижан Жигит айткандай

Ажолукка түбөлүк

Кандидат эле ал берен.

Чиркештин уулу Өмүрбек,

Чиркеп келсин чалдарын.

Чийдей тизип жеткирсин,

Чикит чапкан балдарын.

Демос деген өлдү де,

“Горе от ума” болгондор

Горький деген аянтка

Колдору барбай көмдү де.

 

Тегениме көнсүн де,

Текебаев дегендер

Тегиз ашка келсин де.

Айтканыма көнсүн де,

Алтын себет көтөрүп,

Ал ашыма келсин де.

Айтканыма көнбөсө,

Ал ашыма келбесе,

Алганынан адалдап,

Алтын себет бербесе.

“Ата Мекен” дегендин

Айлын чаап курутам,

Абийрин сайга улутам!

Элин чаап курутам,

Эшегин сайга улутам!

Калкын чаап курутам,

Качырын сайга улутам!

 

Андан ары жол жүрсөң,

Арып-ачпай мол жүрсөң,

Керемет Өзгөн шаарында,

Кенен Куршаб айлына,

Келжектебей келип кайт,

Кезегин каттын берип кайт.

Бул өлүмдүн тездешин,

Барыладык деп айткын.

Буруттардын өлкөсү

Жарыбадык деп айткын.

Барган сайын кургуйга

Арыладык деп айткын.

Дене сатып, кыздарды

“Дарыладык” деп айткын.

Жерди сатып, картаны

Жаңыладык деп айткын.

Демос деген шордуудан

Ажырадык деп айткын.

 

Алгыр эле, эр эле,

Арстан жолун тоссо да,

Азуусунан сөз жааган

Аябаган шер эле.

 

Боегу бар көзүндө,

Бокчосунда акча жок,

Болгон күчү сөзүндө.

Заары бар көзүндө

Заемунда акча жок,

Заарасы бар сөзүндө.

Адаханды келсин де,

Келип салам берсин де.

Ал ашыма келбесе,

Айтканыма көнбөсө.

Эмдиги шайлоо болгондо,

Эл добушка койгондо,

Уюлунан басамын.

Урнанын баарын чачамын!

Кыйратамын дарманын,

Кызыл жаян кыламын

Кысыталак балдарын!

Абийрин тетир кийгизем,

Алевтинанын көзүнчө

Арзыматка айлантып,

Ак Үйгө айдап киргизем.

Кыйкырбас кылам жомогун,

Кыйкыра берсе басылбай,

Кызмат бере коемун.

Айттырбас кылам жомогун,

Айкыра берсе басылбай,

Ак Үйгө кийре коемун,

Ана ошентип соемун.

 

Ак Үйгѳ кирген адамдар,

Сонун болот билесиң.

Кочкор эмес мүйүзсүз,

Коюң болот билесиң.

Оозу, тили бар туруп,

Момун болот билесиң.

Ак Үйгѳ кирген адамдар,

Жайпаң болот билесиң,

Түз жерде да түз жүрбѳс,

Тайтаң болот билесиң.

Жалган айтып жалчыбас,

Жалтаң болот билесиң.

Шамалды да шал кылган,

Шайтан болот билесиң.

 

-Апендим, Чынар “жаныбар!”,

Андан ары жүргөндө,

Атактуу Алай жагы бар.

Ал Алайды жердеген

Адамдардын багы бар.

Күлүп турган күн менен

Күлчө деген шаары бар,

Күнтегерек тандыры,

Күнгө бышкан наны бар.

Төрт булуң болгон тамы бар,

Төп келишкен тандыры,

Төгөрөк бышкан наны бар.

Ошол нандын табында,

Оролгон жолдун жанында

Исмаил деген палван бар,

Исак чалдын тамында.

 

Погонго жылдыз мыктаган,

Портфелин сөзгө чыктаган.

Кагыша келген адамын

Кара жерге ныктаган.

Каршылашып алдынан

Качырып душман чыкпаган.

Ардактап белин буунган,

Атадан артык туулган.

Ачуусуна тийгенди

Алайга чейин куунган.

Семичкесин айдаган,

Серкесин күзгө байлаган.

Серпише келген душманын

Сессияда жайлаган.

Билеги жоон таш жүрөк,

Бил мүчөлүү бадирек.

Үмүтүн элдин ойлогон,

Үзөңгү-Куушту коргогон.

Айгайды салып кагаздан,

Акайдан жерин талашкан.

Кыргынды салып кагаздан,

Кытайдан жерин талашкан.

Талаша берет экен деп,

Түтүнүн түндѳ чыгарып,

Түрмѳгѳ барып камашкан.

Түгѳнгүр ошол генерал,

Түрмѳдѳ чириир кезинде,

Сары Ѳзѳн Чүйдѳ кайрадан,

Туулуп чыккан эмеспи.

Атамбаев баштаган,

Аппазиция дегени,

Камырдан кыл суургандай,

Сууруп чыккан эмеспи.

Исактын уулу Исмаил,

Исмаилге салам айт!

Апей катын аш берет,

Ошол ашка жетсин де,

Оромпойду тепсин де.

АКШдан келет бир өкүл,

Аны байкап көрсүн де.

Батыштан келет бир өкүл,

Баш оорукчан ит окшойт,

Башын кармап берсин де.

Арызы болсо айтсын де,

Аш бүткөн соң кайтсын де.

Айтканыма көнбөсө,

Ал ашыма келбесе.

Төбөсүнөн басамын,

Төрөдөн алган жылдызын

Төрт тарапка чачамын.

Мылтыктын оозун агытам,

Мыңкылдак куурай бышканча,

Мыйзамдын гүлү учканча,

Мыктап алты ай салышам!

Ок-дарыны бүктөтөм,

Ой-боюма көнбөсө,

Ороп барып килемге

Ошун көздөй жүктөтөм!

 

Төлөйканды келсин де,

Төркүнү бир Демоско

Төгүп ыйлап берсин де.

 

Азизаны келсин де,

Акчасы бир Демоско,

Айлап ыйлап берсин де.

 

Андан кыйгай тартканда,

Темгил-темгил жери бар,

Тегеренме  бели бар.

Ошол белдин четинде

Бектур, Дүйшөн эри бар.

Бири Асан баласы,

Бири Чотон баласы.

Жүгүрүп жүрмө берендер,

Жүрөктө жок карасы.

Демоскулдун ашы де,

Демжыйындын кашы де.

Апей катын кадимки

Ошол аштын башы де.

Горький деген аянтка

Көк алачык конду де.

Көйгөйү күчөп кыргыздын

Көөдөнү муңга толду де,

Эгемендүү калктардан,

Эларалык жактардан

Мейман келе жатат де,

Мерчемдүү жерди басат де.

Чулу туяк бул экөө,

Чууга жакын турсун де.

Колго кармап чылапчын

Сууга жакын турсун де.

Дүжүрлөрдү өткөрбөй

Тууга жакын турсун де.

ЖОКЕ жактын айрыкча

Жолун мыктап буусун де.

Эт тартылар кезинде

Эгемен элдин колуна,

Эңкейип суун куйсун де.

Ашка бачым келсин де,

Айтканыма көнсүн де.

Айтканыма көнбөсө,

Азабымды эки эрен

Ат үстүнөн көрсүн де.

Белимди бекем бууймун,

Беш жылы катар тууймун.

Бектур, Дүйшөн экөбүн,

Бээжинге чейин кууймун!

Акыйтып жолун бууймун,

Алты жыл катар тууймун.

Ант урган Бектур, Дүйшөндү

Алжирге чейин кууймун!

 

Андан ары тартаарсың,

Аз өргүй түшүп байкаарсың.

Чаар өтөктөн өткөндө,

Чамбыл ала бели бар,

Чапанында меңи бар.

Какыраган бели бар,

Камсалинда меңи бар.

Өзөнү чачтай өрүлгөн,

Өрүгү жерге төгүлгөн.

Өрүгүн жеген адамдар,

Өлбөчүдөй көрүнгөн.

Бир карасаң такыр жер,

Билбестерге какыр жер.

Бирди миңге улаган,

Билгендерге асыл жер.

Дарыясы өрүлгөн,

Данеги жерге төгүлгөн.

Данегин жеген адамдар

Дарт албастай көрүнгөн.

Баткен деген жер болот,

Бакырларга байымдуу,

Баба дыйкан эл болот.

Абыдан маин түнү бар,

Айбанды да суктанткан

Айгүл деген гүлү бар.

Таштарында кени бар,

Талашмайын бүтпѳгѳн

Тажик менен чеги бар.

Нух пайгамбар куру бар,

Нукура кыргыз жугу бар.

Кут пайгамбар куру бар,

Кудай билбес муңу бар.

Дорбосунда уну бар,

Досбол Нуру уулу бар.

Аянтына Горькийдин

Алыс менен жакындан

Баштар келет деп айткын.

Өпкө менен чабышкан

Таздар келет деп айткын.

Бир бечара дайраны

Жөө кечет экен деп айткын.

Жылаңач келин кембагал

Төө чечет экен деп айткын.

Ушулардын баарысын

Өз көзү менен көрсүн де,

Док кылбай бачым келсин де.

Доктор үндүү жан эле,

Доклад окуп берсин де.

Ал кызыкты көрбөсө,

Айтканыма көнбөсө,

Дигерин бууп бузамын,

Дипломун жалган деп,

Дисертациясын тытамын.

Өрт алгандай басамын,

Өрүгүн сууга чачамын,

Ѳпкѳсүн талга асамын.

 

Бир-эки күн байкаарсың,

Бишкекти көздөй тартаарсың.

Мына ошондо жолугуп,

Алевтина айымга,

Озунуп турсун деп айткын,

Аза киймин кийинип,

Отуруп турсун деп айткын.

Колуна кармап крестин

Чокунуп турсун деп айткын.

 

О,

Куюнгөтөн Чынарбек,

Дооматы доктуу кеп келди,

Эми,

Долонду ашар кез келди.

Туулган жериң Кочкорду,

Туураланбай байкап өт.

Турдакун атаң Мекенин

Туталанбай жайкап өт.

Жайкабасаң жарандар

Оттоп ийет дечү эле.

Опузасын Ормондун

Козгоп ийет дечү эле.

Ак Үй айтты деп коюп,

Солой салып абакка

Соттоп ийет дечү эле.

Балыкчыга барбай өт,

Балыгынан албай өт.

Кубакыга салбай өт,

Куурап жолдо калбай өт.

Жумгалда жок жулунма,

Жумушуң жок болгон соң,

Жумгал жакка бурулба.

Сайдан-сайга урунба,

Саясатка сак болот,

Саяктарга бурулба.

Мотуеви абакта,

Ташиеви камакта.

 

Долон ашып аларсың,

Долон ашып алган соң,

Күкүктөнгөн кол кетет,

Күнчыгышка жол кетет.

Тескейинде кары бар,

Тектиринде малы бар.

Карагайы каланган,

Канжары жок аязы,

Карышкырдай жаланган.

Ташында ызгаар жалын бар,

Татына тоонун түбүндѳ

Таш-Башат деген айыл бар.

Ошол Таш-Башатты жердеген,

Оңой менен адамга,

Ооздугун бербеген.

Жалганы кѳп дүйнѳгѳ,

Жай алып араң батуучу.

Жаакташчу жер кѳрсѳ,

Жабалактап ачуусу,

Жарылып кеткен азуусу.

 

Ырыстуу ушул дүйнѳгѳ,

Ыргыштап араң батуучу.

Ызы-чуу чыккан жер кѳрсѳ,

Ыйманды уруп ойнобой,

Ырылдап турган азуусу.

Чуусу жок жерге жатпаган,

Чунаңдап нокто катпаган.

Жүйѳѳлүү жерге жатпаган,

Жүйрүктѳп жүгѳн катпаган.

Акундун уулу Турсунбек,

Абалтан келип жик түшкѳн.

Абалак кандай кааласа,

Бирде бѳк, бирде чик түшкѳн.

Асмандан таштап ийсең да,

Аягы менен тик түшкѳн,

“Астронафт” шер эле,

Азапка туулган эр эле.

Тополоң кѳрсѳ сүйүнгѳн,

Токтобой жатат деп укса,

Ток уруп кеткен эмедей,

Торкенге чейин жүгүргѳн

Чууну көрсө сүйүнгөн,

Чуу чыгып жатат деп укса

Чума тийген немедей

Чукчага чейин жүгүргөн.

Калайман түшсө сүйүнгөн,

Калайман түштү деп укса,

Катыны эркек туугансып,

Каирге чейин жүгүргөн.

Чуңкурга салса музтабас,

Чууну көрсө түгөнгүр,

Чучук жечү чалга окшоп,

Чук этип такыр уктабас.

Ошол,

Акундун уулу Турсунбек

Алып-учуп келсин де.

Аксым Горький аянтын,

Алты айлантып чуу кылып,

Айгай салып берсин  де.

Айтканыма көнсүн де,

Айтканыма көнбөсө,

Аш зыйнатын көрбөсө,

Уул-кызын сабатам,

Укугун итке талатам.

Азыткы жинин кагамын,

Ашаттырбай терисин

Айрып алып алпарып,

АКШысына жабамын!

 

Байлатма жинин кагамын,

Бакыртып сыйрып терисин,

Батышына жабамын!

Чырым көкүл Чынарбек,

Чыгынып артка кайтып өт.

Чыныгы баатыр Нарында

Чыңырып салам айтып өт.

Чыкыроон кыштын жолунда

Чылк Нарындын боюнда.

Чыпалак менен согушкан,

Чыныгы дөө оюмда.

 

Шагыл тиштүү Чынарбек,

Шашпай артка кайтып өт.

Шаанилүү баатыр Нарында,

Шаңкылдап салам айтып өт.

Шайлиева катын дөө,

Ошол,

Катын дөө менен кармашкан.

Кан чыкканча машташкан,

Кашына тырмак ашташкан,

Каалашынча  болушкан,

Какыс алты ай согушкан.

 

Бетбак дѳѳ менен кармашкан,

Бел сынганча машташкан,

Бетине тырмак ашташкан,

Бет карашкыс болушкан,

Беш-алтай бою согушкан.

 

Ошол,

Иштеген иши калың кеп,

Ишенбай, аты— Кадырбек.

Ат-Башыдан жылкы алып,

Айран-жуурат, курт алып,

Ар жагы Кытай, Цинь-Зянь,

Ал жакка барып апийим,

Анан бир аз мурч алып.

Ашка жетип келсин де,

Аш өткөрчү мыйзамдын

Азбукасын берсин де.

Тирикарак жан эле.

Тим жатпастан келсин де.

Тигилердин тиштери

Тиштиккидей мыйзамды

Тигип-тигип  берсин де.

Ата-Башы жактан бир дүжүр

Ат байгеге саябыз,

Анысын ала келсин де.

Айтканыма көнсүн де,

Айтканыма көнбөсө,

Так өзүм кызык баштаймын,

Таноого тырмак аштаймын.

Беттешип кызык баштаймын,

Бетине тырмак аштаймын!

 

Замира деген зайыпка айт,

Заардан туруп келсин де.

Заманына жараша,

Заарын чачып берсин де.

Зарылып турбуз гезитке

Заявкасын берсин де.

 

Жайма базар жанында,

Жарма саткан Алмашка айт.

Жарыбаган бүгүнкү

Жарды-жалчы жармачка айт.

Алты завод иштеткен

Аянбаган эр эле,

Атамбаев Алмазга айт.

 

Адыр менен тегизге айт,

Арык менен семизге айт.

Аралай чаап дүйнөнү

Аптап менен деңизге айт.

Алыс менен жакынга,

Аргын менен немиске айт.

Басма сөздүн мыктуусу,

Баарысынан сай-сатка

Басыгы мол ыктуусу.

Адамдын алы жетпеген,

Акүйдөн бөлөк арстандын

Алышса тиши өтпөгөн,

“Асабачы” Мелиске айт!

 

Түбү бирбиз деп жүргөн,

Түйүнчөктүү пуловго айт.

Түркүн ойду мүлжүгөн

Түрмөдөгү Куловго айт.

Ажибек кызы Клара,

Жакадагы бийликти,

Жаман көргөн жан эле.

Кожосу көп бийликти

Кокуй көргөн жан эле.

Кошулсак деп оруска

Туу көтөргөн жан эле.

Өзү жалгыз болсо да

Чуу көтөргөн жан эле.

Ошол эжең келсин де,

Орус тилде кокуйлап,

Конок кетип бүткөнчө

Кошок кошуп берсин де.

 

Андан бери басканда,

Акуновдой абаң бар,

Аттан түшүп аган бар.

Демос деген өлдү де,

Делбектеген дейди кул,

Делевой болуп кетти эле,

Көргүлүктү көрдү де.

Бу,

Куучирендин ашына,

Кусматы болсо жетсин де,

Кудалык жайы бар эле,

Кудагыйды жанга алып,

Куран окуп кетсин де.

 

Деп ошентип бул долу

Айдар уулу Чынарга,

Аманатын тапшырды.

Алты жүз миң адамга

Арип катын жаздырды.

Алты күндө келгин деп,

Аксым Горький аянттан

Ааламга кабар айттырды…

(СОҢУ)

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.