Айтматовдон алган сабагым” конкурсуна

«Чыңгыз Айтматов» деген жазуучуну тааныбаган кыргыз жок болсо керек. Айтматовдун чыгармаларын окуп отурсаң, жаратылыш жөнүндө  сөз болсо, көз алдыңа бийик-бийик тоолор, бак-дарактар, аңкыган кызыл гүлдөр тартылат. Бул эмнеси? Жазуучунун калеминин курчтугубу же менин кыялкечтигимби? Айтор, өзүнчө бир фантастика.

Мен Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын сүйүп окуп, анын чыгармаларын түшүнүп, ийне-жибине чейин талдаган жаш окурманмын. Айтматовдун бардык чыгармалары ары кызыктуу, ары татаал болуп, адамзаттын башынан өткөн ташбоор турмушту баяндаса да, алардын ичинен ар бир окурмандын табитине жараша сүйүктүү чыгармасы болот эмеспи. Менин да өз табитиме жараша сүйүп окуп, катуу таасирленген чыгармам бар. Ооба, Айтматовдун чыгармаларынын баары кызыктуу, адам жана анын турмушун төкпөй-чачпай сүрөттөйт. Мисалы, «Саманчынын жолу», «Жамийла», «Эрте келген турналар», «Делбирим» чыгармалары адам турмушу. Албетте, бул чыгармалар менин сүйүктүү чыгармаларым. Кийинки сөз менин сүйүктүү эки чыгармам жөнүндө болсун.

Биринчи сүйүктүү чыгармамды мен жаңыдан эс тартып, балалыктын бактылуу бир, таттуу күндөрүндө окусам керек. Эмнегедир, чыгарманы катуу берилүү менен окуганмын, чыгармадагы бир каармандын ордуна өзүмдү коюп, ошол чыгарманын ичинде кадимки реалдуу жашоодо жашагандай болгонмун. Ал чыгарма «Саманчынын жолу» деп аталат. Негизги каармандар менен жаңы таанышып, чыгармадагы ар бир каармандын мүнөзүн, кыял-жоругун, ким экендигин билүү да өтө маанилүү. Каармандардын ичинен мага жаккан каарман – Толгонай. Толгонай мага эмнеси менен жакты? Албетте, кайраттуулугу, намыстуулугу, эрктүүлүгү менен жакты. Ал эми Толгонай чыгармада кандай баатырдык, кайраттуулук, эрктүүлүк көрсөттү? Сөз ушул жөнүндө болсун.

Тынч жашап жаткан айылга согуш жөнүндө суук кабар келип, Толгонай  өмүрлүк жолдошу Субанкулду, эр-азамат уулдары: Касым, Майсалбек, Жайнакты мекен үчүн, эл үчүн, жер үчүн, элибиздин тынчтыгы үчүн согушка узатып, боздоп кала берди. Алар согушка кеткенде бир айылды башкарып, эгин эгип, айылды, фронттогуларды тамак-аш менен камсыздоо үчүн эмнелерди гана кылбады, кара жанын карч уруп, бүтүндөй айылдын таянаар тоосу болду. Эх, ташбоор турмуш, балдарын да, жолдошун да согушка жиберүү оңой эмес, тарсылдаган кан майданга ким эле уулдарын, өмүрлүк жолдошун жибергиси келсин, мына сага сабырдуулуктун жеткен чеги. Уулдары кайтып келсе кана, жок дегенде Субанкулчу? Алар кан майданда өлүп кете беришти.

Жалгыз эмес экенине шүгүр, келини Алиман эрмек болот. Алимандын да арманы Толгонайдыкынан айырмасы жок, бир гана жолдошу Касымдын тирүү мекенине  келиши. Жолдошун, уулдарын жоготкон Толгонай тагдырына таарынса да, миң өксүп ыйласа да алар кайра келишпейт. Бирок бир жакшы нерсе бар, бул – үмүт. «Үмүтсүз бир гана шайтан» демекчи шайтан гана үмүтсүз болору турган иш. Уулдарым сөзсүз келет, алар келет деген үмүт Толгонайдын жүрөгүндө дайыма жашайт. Толгонай эле эмес бүткүл согушка кеткендердин ата-энелеринин дээринде ушул, каалоосу да ушул. Ошол согуш жылдары эл ушул куса менен жашады го.

Чын эле урматтуу окурман, сиз Толгонайдын ордунда болгондо эмне кылат элеңиз? Бүт айылды башкара алат белеңиз? Перзенттериңиздин күйүтүнө чыдай алат белеңиз? Баштан өтпөгөн соң, эч ким эч кимдин кайгысын, муңун  түшүнө албайт.

Эгер мен кудайдан чыдамкайлык, сабыр сурасам, Толгонайдыкындай  чыдамкайлык, сабыр бер деп суранат элем. Мен бул чыгармадан сабырдуу болууга тарбияландым.

Толгонайдын Жер Эне менен сүйлөшкөнүн уксаң, ичиндеги бардык кайгысын, арманын Жер Эне менен бөлүшөт, кайгыны бөлүшсө жеңилдейт эмеспи, ошончо кайгыны көтөрүп жүрүү да кыйын.

Эх, айтып отурсаң түгөнбөйт ошол кандуу жылдарды.

Жүрөгүмө жакын дагы бир чыгармам «Делбирим» деп аталат. «Делбирим» чыгармасын мен быйыл гана окуп чыктым, бул чыгарманы Айтматов турмушту түшүнсүн, турмуштагы сыноолорго чыдаганды үйрөнсүн, ак-караны ажырата билсин деп жазгандай эле сезиле берет. Бул чыгарманы окуп чыккан соң дилимден чыккан ыр саптарды да жазууга жетиштим:

Узун жолдо баратсам,
Бузулду кокус машинам,
Оңдоп жатсам кыйналып,
Бир сулуу келди суйкайып.

«Сен кимсин?» деп сурадым,
«Мен кызмын» деп жооп берди.
«Сулуу кызсыңбы?» дедим мен,
Жылуу күлүп бетимден.

Аны менен тааныштым,
Асел экен ысымы,
Жүзү сулуу керилген,
Сулуулук кайдан берилген?

Турмуш курдук узабай,
Биз бактылуу, таалайлуу,
Ортодо Самат төрөлдү,
Үй бакытка бөлөндү.

Күндөрдө ошол бактылуу,
Баратам шашып, айбыгуу,
Долондон калдым учурап,
Бир кырсыкка кайгылуу.

Оодарылды машинам,
Оо дүйнө, кырсык болду го,
Кантип барам жумушка,
Жок барбайм, андан уялам.

Асел айтат безилдеп,
Бара бер, айт, түшүндүр,
Болору болду, айла жок,
Бара берчи «кечир» деп.

Бирок андай кылбадым,
Ичип кеттим бузулуп,
Үйгө келсем телтеңдеп,
Асел кетиптир тээ эртелеп.

Баратты Асел кыш кечте,
Машина тосуп титиреп,
Колунда бала Самат бар,
Кайда барат темселеп.

Кышкы түндө бактылуу,
Жолукту Асел жолчуга,
Жолчу үйүнө чакырды,
Конокко бир аз убактылуу.

Камынды Асел кетүүгө,
Эртеси таң эртелеп,
Жолчу жоотту Аселди,
Кетпечи Асел, кетпе деп.

Эч бир жолу болбоду,
Кетүүсүнө Аселдин,
Туррмуш курду ошондо,
Тагдыр экен, эмне дейт.

Ата» дейт Самат жолчуну,
Жакшы көрөт жанынан,
Асел дагы бактылуу,
Үй-бүлө сонун баарынан.

Ошол шумдук кезден,
Кырсык болгон жерден,
Жолчу алып келди үйгө,
Асел күйбө, күйбө.

Баягы Ильяз жарадар,
Аселди көрдү таңданып,
Жүзүнөн баары кабардар,
Аселди көрүү өлүм менен барабар.

Уулун көрдү чоңойгон
«Баламсың» деди Саматты,
Бирок Самат уккан жок,
Чуркап качып баратты.

Ооба, окурман он алты сап ырдан бүтүндөй чыгарманы түшүндүң деп ойлойм, кээ бир адамдар чыгарманы окуп гана тим болот. Мен чыгарманы окуп, түшүнүп, каармандардын ордуна өзүмдү коюп, кээ бир катуу таасирленген чыгармаларыма ыр жазып жиберем.

«Делбирим» мени турмушка тарбиялаган алгачкы чыгарма. Турмушта чыгармадагыдай жаңылбоо, үй-бүлөнүн коломтосун өчүрбөй сактап калууну Айтматов чыгарма аркылуу айтайын десе керек.

Сөзүмдү жыйынтыктап жатып,  Айтматовдун чыгармаларынын баарын окуп чыгууга чакырам. Чыңгыздын чыгармалары ар бир кыргыздын жүрөгүндө жашаса дейм.

Аты-жөнү: Тилебалдыев Тилек Асадбекович

Жашаган жери: Кемин шаары

Облус, району: Чүй облусу, Кемин району

Мектеби: Насыр Давлесов атындагы Кемин №3 орто мектеби

Классы: 8- класс

Айтматовдон алган сабагым: Өспүрүмдөр арасында конкурс!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.