АКШ элдеринин фольклорунан: Кумурска жана таруу даны

Бир король баарынан да жомок укканды жакшы көрчү экен. Андыктан ал өз элиндеги жомокторду уга берип аягына чыгып, жаңысын угууну эңсейт. Бирок жомок деген жомок, ал оңой эле ойлонуп табыла калбайт. Ошондуктан король кийинчерээк жаңы жомок укпай калганына байланыштуу мындай жарыя айттырат: — Кимде-ким жаңы, жакшы жана бүтпөгөн жомок айтып берсе, королго күйөө бала болот, башкача айтканда падыша ага кызын берет, а эгерде ал жомокчу аракет кылганы менен жомогу аягына чыгып калса, башы алынат! Бул жарыя азгырыктуу да, коркунучтуу да […]

Георгий Огарёв: Миң уламыш

1-бөлүк Акылмандык Улуу император Акбардын тогуз акылманы бар эле. Бирок ал алардан бир нерсени үйрөнгөнү байкалчу деле эмес. Бир жолу Акбар катуу жинденип, акылмандарын чакырды да мындай деди: «Эл дүйнөдө силерден ашкан кыйын акылмандар жок дешет. Бирок силердин бул жерде жүргөнүңөргө канча убакыт болду, силер мага эч нерсе үйрөткөн жоксуңар! Анда, бул жерде эмне кылып жүрөсүңөр?» Бир акылмандын тестиер уулу падышанын сарайын көрөм деп ээрчип келген эле. Падышанын ачууланып айткан сөзүн уккан бала күлүп жиберди. Акбардын жини кайнай түштү: – […]

Сабыр Иптаруулу: Кыргыздын акылы – макал

Адам баласы ар убак акыйкатты таанып-билүүгө куштар. Ушул өңүттөн алганда, макал-ылакаптар буга кызмат кылган уникалдуу жана универсалдуу табериктер десе болот. Аларда тарых менен турмуштун изи таасын сакталып, элдин кулк-мүнөзү, ой-санаасы, туу туткан дөөлөттөрү шүүдүрүмдүн тамчысындай бажырайып көрүнүп турат. Макал – нак акыл. Ылакап – ылайык кеп. Макал көбүнчө акылга (ак кыл) басым жасаса, ылакап эске таянат.  Ошондуктан акыл-эс сыяктуу макал-ылакап да чогуу айтылат. Макал турмуш көрүнүштөрүнө, адам сапаттарына ж. б. акыйкат бүтүм чыгарып, аны чулу, айкын, так туюнтуп, ыргактуу, уйкалышып […]

Кубатбек Жусубалиев «улуу адамдар күзгү» дейт (уландысы)

<<<<<<<<<Башы — Эч нерсеге көңүл чаппай калганда эмне кылуу керек? — Адамда бир чоң максат болуш керек. Ошол максат адамды алып жүрө берет. Дайрадай агып, өзүнө нук салып, жээк, жол салып, буулган жеринен толуп кайра ташып, дагы жол салып кете берет. Ал үчүн ушундай бир чоң максат менен жашаш керек. Ошондо ой максаты ат болот, жөлөк болот, демөөр болот. Түркүн чоң нерселерге сүрөйт. Булак бечара акыры бир күнү деңизге жеткендей, суулардан, тоолордон өтүп сен да жетесиң. Адамда ошондой чоң максат […]

Мамат Раимжанов: Соцреализмдин акыркысы же үмүттүн үлбүлдөгөн көрөңгөсү

АҢГЕМЕ Желе-жортуп келаткан адамдын өңү-түсү коркунучтуу: көздөрү кызарып, керсары өңү түнкү шамалдан, жаздын алгачкы күнүнөн тарта эле ачуу тийген күндөн ала темгилденип, кыштан бери алынбаган сакал-муруту түктөйүп, башындагы спорттук жүн калпагынан чыккан чачтары уйгу-туйгу. Канчалык коркунучтуу, ары кунарсыз көрүнгөнү менен кызарган көздөрү кандайдыр бир муңайым эле. Ал кызарган көздөр кыжырданууга чылк чөксө да, ошол эле кезде алардан жан далбастаган айласыздыктын учкуну жанып турган. Буга чейин ал мындай жүрчү эмес. Калдайган тоолордун арасында өзүнөн бөлөк адам аттуу жок экенин билчү; сансыз […]

Не пытается ли Эрдоган через религиозные учреждения распространить идеологию «политического ислама» в Кыргызстане?

Общеизвестно, что с момента обретения Кыргызской Республикой независимости значительное влияние на религиозную ситуацию в нашей стране оказывали иностранные государства, в особенности Турция. Отдельные действия Турецкой Республики, направленные на оказание влияния на религиозную сферу Кыргыстана, мы рассматриваем как прямое вмешательство во внутренние дела нашей страны. К примеру, в августе 2017 года в турецком городе Бурса прошло мероприятие под названием «Летняя программа по совершенствованию религиозного образования в Кыргызстане», организованное районной администрацией Османгази в Международном лицее по подготовке имамов-проповедников им. Мурата Худавендигара. В […]

Танит Ло[1]: Жинди Иванушка жана өлбөс Кащей жөнүндө жомок

Кайсы бир падышачылыкта, кайсы бир мамлекетте бир киши жашачу. Анын үч уулу бар эле. Биринчи уулу акылдуу, экинчи уулунун кирди-чыкты акылы бар, ал эми үчүнчү уулу жинди болучу. Күндөрдүн бир күндөрүндө ал киши ооруп, өлүм алдында жатты. Улуу балдары тынсыздана башташты, атасы өлүп калса андан калган мурасты үчкө бөлүшкө туура келип жатпайбы. Алар атасын мурасты экөөнө эле калтыр деп көндүрмөк болушту. Атасына: “Жинди Иваның  баары бир калтырган оокатты бир заматта айдап отко салып, эч нерсеси жок куру жалак калат. Андан […]

Харуки Мураками: Тюлень майрамы

АҢГЕМЕ Тюлень күндүзгү саат бирде пайда болду. Мен жаңы эле тамактанып бүтүп, тамеки тартайын дегенде эшиктин коңгуроосу зыңылдап калды. Эшикти ачып эле, босогодон тюленди көрдүм. Адаттан тыш деле эмес. Кадимки тюлень, андайлар толуп эле жүрбөйбү. Тагынган кара көз айнеги деле жок, кийгени деле “Брукс Бразерс” тройка-костюму эмес. Дегинкиси, менимче, бардык тюлендер өткөн кылымдагы же андан  аркы кылымдагы кытайларга окшош. — Таанышканыма кубанычтамын,- деп жиберди тюлень. – Тынчыңызды алып, ишиңизден алагды кылганымды кечирип коюңуз. — Хм-м. Коюңузчу. Менде кайдагы иш…- мен […]

Атантай Акбаров: Ыймандуулук бетти чүмкөө менен өлчөнбөйт

…Эгер бетин жапкандар ыймандуу болсо, анда башын кумга тыгып алган төө куштар эң ыймандуу болмок. Мухаммед пайгамбар Кыргызстанда жашаса, анда ал сөзсүз ак калпак кийип жүрмөк. Акын замандашыбыз Атантай Акбаров менен айрым көңүл өйүгөн көкөй кести маселелер тууралуу маектешүүбүз үчүн эпистолярдык стилди тандап алдык. Виртуалдык байланыш, үн алгыны пайдаланып интервью алуу кеңири жайылган заманда кат жазып пикир алмашуунун өз артыкчылытары бар. Ал эки жакка берчү суроолорун жана айтчу ойлорун бышырып туруп жазганга мүмкүндүк берет. Атантай мырзанын коомдогу көйгөйлүү көрүнүштөргө «Фейсбукта» […]

Кыргыз эмнеден куурап атат? (2-бөлүк)

<<<<<<<<<<<<Башы Н. Капаров: Китеп окулбай калды, гезит окулбай калды, жакшы чыгарма жазылбай калды, адабиятка, театрга көңүл бурулбай калды, жакшы төлөнбөгөн үчүн опера жазылбай атат, ж. б. дегендердин баары туура. Субъективдүү себептери көп. Өзү биз, кыргыздар тарыхий жагынан байыркы эл болгонубуз менен мамлекеттик тажрыйбабыз жагынан жаш эл экенбиз, аз эл экенбиз. Мисалы, Кытайда китеп окуу же окубай калуу деген маселе болбойт экен. Алар 5000 жылдык тарыхы бар, 5000 жылдан бери такшалып келаткан эл экен. Өкмөт башындагылар туура жолго салса эле, өз […]

Касым Каимов: Омор агай (шедевр)

АҢГЕМЕ «Мугалимдер газетасын» окуп отуруп, качанкы бир окуя эсиме түштү. Ал окуя, жолоочунун өмүр жолундагы алгачкы жолу уучураган шамга окшоп, ар качан жылт этип көңүлгө келе калчу. Анда менин бала чагым. Айылдар колхоздошуп, кары-жаш дебей билимге умтулуп, эл жаңы маданиятка жапырт бет алган учур. Мен ошондо мектеп босогосун жаңы гана аттагам. Жаңыча кийинген, жаңыча сүйлөгөн бир киши бизди чурулдатып класска киргизди. Анын кийими, мамилеси, сөзү биз көрүп жүргөн айылдаштарыбызга окшобой, кандайдыр бир жаңы жана жүрөккө жакын туюлду. Же агабыз, же […]

Петя-петушок жөнүндө жомок

Бар экен, жок экен, Петя-петушок деген короз болуптур. Таажысы өрттөй кызыл, жүндөрү жибектей жумшак, текөөрү бычактай курч, өңү болсо абдан кооз короз экен. Ал эми үнүчү үнү! Тимеле коңгуроонукундай таза, тунук жана бийик экен. Бир жолу ал баардыгынан эрте ойгонуптур. Терезеден караса сырт караңгы жана тынч экен. Баардык жандуулар уктап жатышыптыр. Ал тургай күн да уктап калыптыр. “Жакшы эмес!”- деп ойлонду Петя-петушок. Ал ошол замат дубалдын үстүнө секирип чыгып кыйкырды: – Ку-ка-ре-ку! Катуу, катуу жер жаңырта кыйкырганын күн да угуп […]

Кубатбек Жусубалиев «улуу адамдар күзгү» дейт

«Ачыла элек сандыкта бычыла элек кундуз бар» Айтылгандар айныгыс чындык деп кепилдикке турбайбыз. Окурман сотуна коюп жаткан бул журналисттик табылгабыз (табылга экендигине ишенгибиз келет) балким ар кимдин ар кандай кабылдоосун: толкундануусун, таң калуусун, күдүктөнүүсүн, атүгүл түшүнбөстүгүн пайда кылар. Анткени мында бир караганда күтүүсүз, бир беткей эмес, карама-каршылыктуу (диалектикалуу дегенибиз) көз караштын илеби айкын сезилет, демек, талаштуу пикирлер да жок эместигин авторлор жоопкерчилик менен туюп турушат. Туңгуч «Күн автопортретин бүтө элек» повести, андан кийинки «Толубай сынчы», «Күздүн акыркы күнү», «Муздак дубалдар» […]

Олжобай Шакир: Жулунган журналисттердин озуйпасы

«Журналистика – чоң күч. Анын күчү дамбаны бузган суудай баарын ойрондойт. Ээн баш журналисттин калеми да бүлдүргөндөн башкага жарабайт«. Махатма ГАНДИ Улуу саясый ишмер, улуу ойчул Махатма Гандинин бул айтканына кыргыз бийлиги да, кыргыз журналистикасы да көңүл бөлбөй келет. Чын-чынында коом, дегеле жалпы дүйнөлүк саясат – журналистиканын эбегейсиз зарылчылыгы менен жүргүзүлөрүн терең аңдасак кана! Эпиграфтагы накыл кептин биринчи бөлүгүндө, албетте, күчтүү журналистика дамбаны бузган суудай зор таасирге ээ болгондуктан, дүйнөдө болуп жаткан ийгиликтердин эч бирин маалыматтык жеңиштин ролусуз элестетүү мүмкүн […]