Жамалбек Ырсалиев: Эстутумдагы Жалил

ЭССЕ Эртең сен жарыкка келген февраль жаңырат. Сен тоспогон туулган күнүң келет… Мендей же элдей болуп сүрөткө да түшпөптүрсүң. Айырмабыз эки жаш болгон үчүн эгиз козудай ээрчишип өстүк. Бир жолу сенин жамбашыңа сыздоок чыкты. Аксап басып, отура албай аябай кыйналдың. Апамдар мени Нарынга жиберди. Сени кошо ээрчитип алдым. Кадимки ырчы тууганыбыз Мергендин атасы Турганбек папабыздын үйүнө жаттык. Экөөбүзгө чогуу төшөк салып беришти. Кучакташып жатканбыз. Уктап кетип, сен ары оодарылганда мен да уйкунун кызуусу менен так ошол сыздоогуңду тээп алыптырмын… Кудайга […]

Элдияр Жалилов: Алладан башка төрт кудай

Табышмактуу тагдырга баш ийип жашаган пенде жашоодо ар кандай сыноолорго туш болот. Турмуш  өзүнүн өйдө-ылдыйы, ысык-суугу менен пендени тарбиялап келет. Жашоодо бир нерсеге жеттем десең дароо эле башка муктаждыктар чыга баштайт. Нан тапсаң май жок, май тапсаң нан жок болгон бир кем дүйнөдө адам баласы чексиз нерселерди каалап жашайт эмеспи.  Ошондуктан пенденин каалоосу жана муктаждыктары таптакыр бүтпөйт. Каалоолорунун артынан жүрүп отуруп (адашууга, туура жолун жоготууга ийкемдүү жаратылган пенде) өзү тойсо да көзү тойбой, бул жалган дүйнөдөн кош айтышат. Адам баласы […]

Жетиген Асанбек: «Чеч-Дөбө» кеңешинин сыйлыгы Улан Эгизбаевдин энесине тапшырылды

«Улут абийири» наамын аталган сыйлыктын 2017-жылкы лауреаты Н.Айып У.Эгизбаевдин апасы Ж.Сариевага тапшырууда Бүгүн, 18-октябрь күнү интеллектуалдар альянсынан куралган «Чеч-Дөбө» кеңешинин чечими менен Улан Эгизбаевге ыйгарылган «Улут абийири» сыйлыгы анын апасы Жыпаркүл Сариевага тапшырылды. «Чеч-Дөбө» кеңеши уюштурган сыйлык берүү ишчарасы Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө өтүп, кеңештин мүчөлөрү – белгилүү коомдук ишмерлер, журналисттер, «Азаттык» радиосунан бирге иштеген кесиптештери, Жогорку Кеңештин депутаттары Уландын жарк этип улуттун жүзүн жаркыткан да, улут абийирин ойготкон да инсан болгондугун таасын белгилешти. «Бешик боо бек болсун!» деп Жыпара […]

Кыргыз эл жомогу: Отунчу падыша

Бир заманда Султаналы деген отунчу болгон экен. Өзүнө ылайык кембагалдын кызы Умсунайга баш кошуп «эки бакыр, бир тукур» болуп оокат кылышат. Аялы көп кечикпей эле эркек төрөп бериптир. Баланын кубанычы менен баары эстен чыгып кетет. Мырза аттуу баласы бат эле чоңоюп, он жашка чыгат. Султаналы үй-бүлөсүн, өз кардын тойгузуу үчүн «өлбөс оокат, чыкпас жан» дегендей, кара жанын карч уруп, күнүгө талаадан отун терип калаага сатуучу экен. Күндөрдүн биринде кылаңгыр чайга тоюп, өлбөс оокатка жан талашат. Койнуна бир көмөчтү салып, жолду […]

Бакеева Бурулкан: Ширин кошуна

АҢГЕМЕ Же бир жаш болсочу, башы бош болсочу, уул десе уулдары, алмончоктой кыздары бар. Аялы десе… уфф, ушуну жакындан бери эстегиси келбейт. Жаңыдан үйлөнүп баштагандагы сезими кайда кетти? Анда алыс жолдон келатканда көзүнөн учуп сагынып, жанынын жартысындай көрүп, катарынан уул-кызды төрөп бергенде ого бетер ичи элжиреп турчу. Анан жылдар өтүп, балдары чоңоё баштаганда түшүндү: аял деген бала төрөгөндөн башка дагы асылкеч болуп, зирек акылга, үйдү таза кармап, тамакты ширин жасап, көчөдөн күргүштөтүп таап келген эркекти куштай бөпөлөп, кайын-журттун баркына жетип […]

Стивен Хокинг: Өлгөндөн кийин жашоо жок

«Кудай жок, Ааламды эч ким башкарбайт». Британиялык окумуштуу, маркум Стивен Хокинг ага эң көп берилген суроого өзүнүн акыркы китебинде ушундай жооп берген. «Олуттуу суроолорго кыска жооптор» деген китебин атактуу астрофизик Хокинг былтыр жаза баштаган. Бирок ал эмгегинин аягына чыга электе, быйыл жазында көз жумган. Окумуштуунун балдары анын архивдеги материалдары менен толуктап, китепти чыгарышып, 16-октябрда бет ачарын өткөрүштү. — Кудай барбы? — Кара туңгуюктун ичинде эмне бар? — Келечекти алдын ала билүү мүмкүнбү? — Жерде жашоо дагы канча уланат? — Ааламда […]

Конкурска: Азыркы кыргыз поэзиясында кандай жаңылык бар?

№15 Кыргыз поэзия жанры — проза жана драмага караганда абдан активдүү, тематикалык жана формалык жактан көп түрдүү, адамзаттын жашоосун, сезимдерин, аруу тилек-каалоолорун чагылдыруу жагынан эң эле алдыда өнүгүп келе жаткан түр. Мыкты өкүлдөрү төкмө жана жазгыч акындардан тартып, профессионалдуулукка жетишкен К.Тыныстанов, А.Токомбаев, А.Осмонов, Ж.Мамытов, Т.Кожомбердиев, О.Султанов, С.Акматбекова ж.б. ысымдары менен толукталып келе жаткан азыркы кыргыз поэзиясында кандай жаңылык бар? Улуу көчтүн жолун улагандар барбы, кимдер китептерин жарыялап, кимдер адабий процесске аралашып жатат? Чыныгы ыр жолун тандагандарбы же акчалууларбы, мактаанчаактарбы же […]

«Чеч-Дөбө» кеңешинин чечимине Чубак ажы Жалилов өз тилектештигин билдирди

(Чексиз мээримдүү, жана ашкере ырайымдуу Аллахтын аты менен….) «Чеч-Дөбө» кеңешинин “Улут абийри” наамы маркум журналист Улан Эгизбаевге тапшырылып жатат. Албетте, өтүп кеткенден кийин… Адатта биз, кыргыздар адамдардын жакшылыгын өткөндөн кийин эстейбиз. Улуу тоонун улуугу алыстаган сайын даана көрүнөт демекчи, бизден бөлүнүп ажыраган сайын, алыстаган сайын адамдын да кадыры өсө берет окшобойбу… Мен  «Чеч-Дөбө» кеңешин айыптагым келген жок, анткени ал өз убагында татыктуу адамдарга сый-ургаалды көрсөтүп, адамкерчиликтин парзын аткарып жатышат.  Публицист Нарын Айыпка, профессор Эмил Шүкүровго берилген сыйлыктар анын жаркын далили. […]

Бахтияр Шаматов: Бизде жалаң туурамай менен уурдамай (1-маек)

Таланттуу жазуучу жана котормочу Бахтияр Шаматов менен чыгармачылыктын оош-кыйышы туурасында маек… – Бахтияр байке, Сиз адабият астанасын жаңыдан аттаган кезде Нуралы Капаров сиздин чыгармачылык шык-дараметиңиз жөнүндө абыдан мактады эле: «Бахтиярдын көөдөнүндө кайнап жаткан турмуш бар. Өзү да оргуп, ташып турган дем менен шумдук иштейт экен» деп. Нураке айткандай эле, сиздин адабий камылгаңызды Жек Лондондун «Мартин Иден» романын үч ай ичинде которуп таштаганыңыздан кийин көрдүк. Эми котормо туурасында ылдыйда өзүнчө сөз кылабыз, кеп башында адегенде өзүңүздүн эң таанымал чыгармаңыз “Дөңгөлөк жылдардын” […]

Абдул Фараждын акылман ойлору, уламыштары

Атактуу Абдул Фараж “уламыш — бул акыл сергитчү жана жүрөгүңдөн кайгы-капаны айдап чыгуучу аңгеме” дечү экен. Абдул Фараж өзү дүйнө элинин уламыштарын көп айткан. Атанын көрөгөчтүгү Жашоо жөнүндө уламыштарды эстегенде, бул окуяны айтпай кетүү мүмкүн эмес. Бир жолу каалга кагылып калды, үйдүн ээси эшикти ачканда, босогодо көздөрү тоодой шишигенче ыйлаган кызы туруптур. Үйгө кирер замат, атасы оозун ача электе эле, ал арыз-арманын төгө баштады: “Мындан ары минтип жашай албайм, жашоом күндөн күнгө оорлоп барат. Күндө бийик тоонун чокусуна эптеп тырышып […]

Бурул Догдурбекова: Үзүлбөгөн үмүт (конкурска)

Чачырадым… чаркым кетип, ташыдым. Чаалыккансыйм алдан тайып басыгым. Чакчалекей ойлорумду чар тарап Чогулта албай айлам куруп, жашыдым. Кыялым бай. Көкүрөгүм кур жалак. Карыш түшүп, кабагым да сурданат. Кар аралаш борошолоп жан дүйнөм, Күнүмдүгүм көз ачылгыс бурганак. Алсырадым, алым кетип. Бул кандай? Арманымды баары билип тургандай: Теребел да булут басып, түнөрүп… Тынчсызданып мага көңүл бургандай. Кышкы аязда көңүлдөргө гүл өнүп, Жытын сезип, колдор жетпей жүдөдүк. Үмүт болуп үзүлө албай кыялдар, Тээ ыраактан бүл-бүл жанат бүдөмүк. Конкурс: Учур адабиятынын жаңы дүбүртү

Сабыр Иптаруулу: Кыргыздын саламы ‒ «Арыбаңыз», алиги ‒  «Бар болуңуз»

Салам-алик  ‒  адам баласынын ортосундагы алака-мамилени туюнткан өтө байыркы жөрөлгөлөрдүн бири. Абалкы адамдар үчүн жарыкка келген наристенин «аа» деп чыгарган үнү анын амандыгын билгизип, айланадагыларды ага жооп кайтарууга («бу») түрткөн. Балким, алака-мамиле, суроо-жоопту билдирген «а-бу» деген сөз ошондон калса керек. «Ал-бул», «а+ны-бу+ну (муну)», «а+ры-бе+ри» деген кош сөздөр да дал ушул бирдиктүү мамиленин үзүрү сыяктуу. Көптөгөн дүйнө элдеринин алфавитинде «а», «б» тыбыштары удаалаш турганы да кызык. Сыягы, «а» дегенде сөз (суроо), «бу» дегенде кеп (жооп) – диалог болгон өңдөнөт. Абалкы маалыматтарда […]

«Ыймандай сыр» поэзия кечеси

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук  фонду  Улуттук Филармония менен  биргеликте  Кыргызстандагы эл-журтка кеңири  белгилүү акын,  жазуучулардын  жана жаш таланттардын  поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси  эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон, таанымал  акын Жедигер Саалаевдин  чыгармачылыгына арналат. Кече 2018-жылдын 19-октябрында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясынын кичи залында өтөт.  Иш-чара саат 17.00дө  башталат. Кирүү  акысыз. Жедигер Саалаев Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылында туулган. КМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүн, аспирантуранын сырттан окуу бөлүмүн жана КМУУнун бажылык жана юридикалык кадрларын даярдоо боюнча […]