Соңку жарыялангандар

Касымалы Баялинов: Чабалекей менен жылан

АҢГЕМЕ Эски тамдын үстүнө келип, эки чабалекей уя жасоого балчык ташышты. Балчыгын катар-катар кылып тизмекчи болушту. Бирок балчык токтогон жок, жылбышып туруп алды. Ошондуктан, чабалекейлер балчыкты топонго, жүнгө, кылга аралаштырып алып келишти. Аны балдардын таштан жыйган жүгүндөй кылып биринин үстүнө бирин эп кыйыштырып, тизе баштады. Балчык мурункусундай жылбышпай, желимдей болуп жабыша берди. Уя бир нече күндөн кийин чөйчөккө окшоп, даяр болду. Сырты быдыр ала тартып, аралашкан кыл, жүндөрү самсаалап чыгып турат. Эки чабалекейдин бирөө күн-түн дебей уясында жатты. Экинчиси ага […]

Георгий Огарёв: Миң уламыш (5-бөлүк)

<<<<<<< 1-бөлүк <<<<<<< 2-бөлүк <<<<<<< 3-бөлүк <<<<<<< 4-бөлүк Бир жолу акылмандан окуучулары сурап калышты: — Эмне үчүн адамдардын терс жактары тез эле өөрчүп кетет да, жакшы сапаттары оңой менен калыптанбайт? — Эгерде оорулуу, чүрүшкөн урукту сээп, таза урукту күнгө калтырып койсо эмне болот? — деп суроого суроо менен жооп берди акылман. — Оорулуу уруктан, оорулуу өсүмдүк өнүп, чүрүшкөн мөмө берет, ал эми топуракка түшпөгөн урук кургап жок болот, — деп жооп беришти окуучулары. — Адамдар так ошондой кылышат. Өзүнүн жаман […]

Беганас Сартов: Адам жана робот

АҢГЕМЕ — АСКАРБЕК-экинчи? — деди Аскарбек кийинип жатып. Робот трюмодон жүзүн бурбай, галстугун оңдоп, жооп кайтарды: — Эмне акыл сурайсың? Минтип сүйлөө Аскарбектин шашып жаткандагы учуруна туура келе турган. Айтмакчы, бул робот — өз өңүн типтештирип түзгөн адамдын, башкача айтканда, кадимки Аскарбектин көчүрмөсү гана болуп калбастан — өзүнүн түп нускасынын, Аскарбектин бүткүл кулк-мүнөзүн да өзү менен кошо ала жүрүүчү. Ошол себептүү Кибербиосубмолекулярдык институттагылар Аскарбек менен анын телекөчүрмөсүн көп учурда айырмалай алышчу эмес. — Кеп мындай,- деди Аскарбек, иштиктүү түрдө роботко,- […]

Майрамкулдун Аалам симфониясы

Асаналиев Майрамкул Мусабай уулунун чыгармачылыгына кыял чабыт. Бул ажайып кереметтүү Жаратылыш, анын түпсүз тереңдиги, жайкалган кенендиги, көз жеткис бийиктиги, ичине каткан түйшүктөткөн сырдуулугу менен анын өнүгүүсүндөгү туу чокусу катары саналган адам баласын да так өзүнүн кудурет-касиеттүүлүгүнө жараша кудуреттүү кылып жаратып койгон турбайбы. Адам баласы ошол тышкы Сырды улуу Жаратылыш ага берген өзүнүн ички кудурети менен ачканга аракет кылат. Бирөө ыр менен, бирөө сөз менен, бирөө бий менен, бирөө сүрөт менен, бирөө музыка менен, бирөө кол ишмердүүлүгү менен, бирөө илимий формулалары […]

Кубатбек Жусубалиев: Конфуций деген кыргыз болгон

«Асабанын» баяндамачылары — Кубат Жусубалиев, Чоюн Өмуралиев, Шералы Назаркулов баян курат… К.Ж.: -Кыргыздарда бир топ бузарлары болот. Эмесе мен топ бузар болуп берейин. Өзүңөр билесиңер, мен чоң бузармын. Биздин сүйлөшө турган кебибиз руханий маселе болсун деп атасыңар. Анан ушунун тегерегинде сөз кылалы деп атасыңар. Анан кийин мен муну айтайын дедим. Менимче бул дүйнөнүн эң опурталдуу болуп кетиши — анын саясатташып кетишинде. Азыркы дүнүйө, эң коркунучтуу, эң опурталдуу, эң кыйкырыгы-сыйкырыгы көп. Эмне үчүн? Саясаттын көптүгү, эй. Турмуш бүт саясатташып кеткенде эмне […]

Мамбетжунус АБЫЛОВ: Жээнбеков Атамбаевдин сүймөнчүктөрү менен кызматташууга мажбур болууда

Белгилүү коомдук ишмер Мамбетжунус Абылов менен маектешкенибизде; азыр мамлекеттик кызматкерлерге таңсык болуп жаткан сапаттар тизмектелди. Алигүнчө орду жоктолуп келаткан Насирдин Исановдун өмүрү жана өлүмү жөнүндө, азыркыга чейин чуу жаратып, бирок мамлекеттин пайдасына тыянак чыкпай келаткан алтын кенине тийиштүү маалыматтар дагы кеңейди. Жетиген Асанбек: Кыйын кырдаалдардын бир жакшы жери – адамдардын чыныгы жүзүн ачып берет. Атамбаев эки тизгин бир чылбыр али колунда болуп, алынын келишинче алкынып турганында, элге төбөсү көрүнүп калган адамдардын көбү кумга башын катып отурушту. Анын бийлигинин мөөнөтү бүткөндө […]

Дилазык: Кемсинтүү жөнүндө уламыш

Чыгыштагы бир акылман окуучуларына дайыма мындай деп айтчу экен: «Адамдар үч сөз менен бири-бирин кемсинтишет. Алар мындай деши мүмкүн, сен жиндисиң, сен кулсуң, сенин талантың жок. Эгерде, сен ошондой абалга туш болсоң бир чындык эсиңде болсун: жинди киши гана башка бирөөнү жинди деп кемсинтет, кул гана башка кишини кул дейт, таланты жок адам гана башка бирөөнүн кем акылдыгы менен өзүнүн эч нерсе түшүнбөстүгүн жашыргысы келет». Эки карышкыр тууралуу уламыш Абышка небересине бир чындыкты ачып берип жатты: — Адамдын жан-дүйнөсүндө дайыма […]

Аалы Молдоканов: Кыргыз тил мугалими Кыргыз өкмөтүнүн абийрин жапты

Ат-Башы районунун Казыбек айылы Ыбырай Абдырахмановдун 130 жылдыгын белгиледи. Соӊку жылдары белгилүү адамдардын майрам – мааракелерин өткөрүү оюнга жана ооруга айланды. Өкмөт өзүнө келген сунуштарга ары карап ыйлап, бери карап күлүп, токтомун чыгарымыш болот. Артынан сая түшкөн кишиси болбосо, чечимин ошону менен унутат. Бир кездерде чечим чыгаары менен тийиштүү комиссия (топ) түзүлүп, жооптуу адамдар, каржысы каралаар эле. Азыркы атка минерлер катышканын, сүйлөгөнүн колколоп, такыр башка тактиканы тандап алган. Бүгүн ошондой мааракелердин бири тууралуу окурманга отчет берели. Ыбырай деген ысымды кат […]

Жамалбек Ырсалиев: Эстутумдагы Жалил

ЭССЕ Эртең сен жарыкка келген февраль жаңырат. Сен тоспогон туулган күнүң келет… Мендей же элдей болуп сүрөткө да түшпөптүрсүң. Айырмабыз эки жаш болгон үчүн эгиз козудай ээрчишип өстүк. Бир жолу сенин жамбашыңа сыздоок чыкты. Аксап басып, отура албай аябай кыйналдың. Апамдар мени Нарынга жиберди. Сени кошо ээрчитип алдым. Кадимки ырчы тууганыбыз Мергендин атасы Турганбек папабыздын үйүнө жаттык. Экөөбүзгө чогуу төшөк салып беришти. Кучакташып жатканбыз. Уктап кетип, сен ары оодарылганда мен да уйкунун кызуусу менен так ошол сыздоогуңду тээп алыптырмын… Кудайга […]

Элдияр Жалилов: Алладан башка төрт кудай

Табышмактуу тагдырга баш ийип жашаган пенде жашоодо ар кандай сыноолорго туш болот. Турмуш  өзүнүн өйдө-ылдыйы, ысык-суугу менен пендени тарбиялап келет. Жашоодо бир нерсеге жеттем десең дароо эле башка муктаждыктар чыга баштайт. Нан тапсаң май жок, май тапсаң нан жок болгон бир кем дүйнөдө адам баласы чексиз нерселерди каалап жашайт эмеспи.  Ошондуктан пенденин каалоосу жана муктаждыктары таптакыр бүтпөйт. Каалоолорунун артынан жүрүп отуруп (адашууга, туура жолун жоготууга ийкемдүү жаратылган пенде) өзү тойсо да көзү тойбой, бул жалган дүйнөдөн кош айтышат. Адам баласы […]

Жетиген Асанбек: «Чеч-Дөбө» кеңешинин сыйлыгы Улан Эгизбаевдин энесине тапшырылды

«Улут абийири» наамын аталган сыйлыктын 2017-жылкы лауреаты Н.Айып У.Эгизбаевдин апасы Ж.Сариевага тапшырууда Бүгүн, 18-октябрь күнү интеллектуалдар альянсынан куралган «Чеч-Дөбө» кеңешинин чечими менен Улан Эгизбаевге ыйгарылган «Улут абийири» сыйлыгы анын апасы Жыпаркүл Сариевага тапшырылды. «Чеч-Дөбө» кеңеши уюштурган сыйлык берүү ишчарасы Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө өтүп, кеңештин мүчөлөрү – белгилүү коомдук ишмерлер, журналисттер, «Азаттык» радиосунан бирге иштеген кесиптештери, Жогорку Кеңештин депутаттары Уландын жарк этип улуттун жүзүн жаркыткан да, улут абийирин ойготкон да инсан болгондугун таасын белгилешти. «Бешик боо бек болсун!» деп Жыпара […]

Кыргыз эл жомогу: Отунчу падыша

Бир заманда Султаналы деген отунчу болгон экен. Өзүнө ылайык кембагалдын кызы Умсунайга баш кошуп «эки бакыр, бир тукур» болуп оокат кылышат. Аялы көп кечикпей эле эркек төрөп бериптир. Баланын кубанычы менен баары эстен чыгып кетет. Мырза аттуу баласы бат эле чоңоюп, он жашка чыгат. Султаналы үй-бүлөсүн, өз кардын тойгузуу үчүн «өлбөс оокат, чыкпас жан» дегендей, кара жанын карч уруп, күнүгө талаадан отун терип калаага сатуучу экен. Күндөрдүн биринде кылаңгыр чайга тоюп, өлбөс оокатка жан талашат. Койнуна бир көмөчтү салып, жолду […]