Дилазык: Кемсинтүү жөнүндө уламыш

Чыгыштагы бир акылман окуучуларына дайыма мындай деп айтчу экен: «Адамдар үч сөз менен бири-бирин кемсинтишет. Алар мындай деши мүмкүн, сен жиндисиң, сен кулсуң, сенин талантың жок. Эгерде, сен ошондой абалга туш болсоң бир чындык эсиңде болсун: жинди киши гана башка бирөөнү жинди деп кемсинтет, кул гана башка кишини кул дейт, таланты жок адам гана башка бирөөнүн кем акылдыгы менен өзүнүн эч нерсе түшүнбөстүгүн жашыргысы келет». Эки карышкыр тууралуу уламыш Абышка небересине бир чындыкты ачып берип жатты: — Адамдын жан-дүйнөсүндө дайыма […]

Жамалбек Ырсалиев: Эстутумдагы Жалил

ЭССЕ Эртең сен жарыкка келген февраль жаңырат. Сен тоспогон туулган күнүң келет… Мендей же элдей болуп сүрөткө да түшпөптүрсүң. Айырмабыз эки жаш болгон үчүн эгиз козудай ээрчишип өстүк. Бир жолу сенин жамбашыңа сыздоок чыкты. Аксап басып, отура албай аябай кыйналдың. Апамдар мени Нарынга жиберди. Сени кошо ээрчитип алдым. Кадимки ырчы тууганыбыз Мергендин атасы Турганбек папабыздын үйүнө жаттык. Экөөбүзгө чогуу төшөк салып беришти. Кучакташып жатканбыз. Уктап кетип, сен ары оодарылганда мен да уйкунун кызуусу менен так ошол сыздоогуңду тээп алыптырмын… Кудайга […]

Бакеева Бурулкан: Ширин кошуна

АҢГЕМЕ Же бир жаш болсочу, башы бош болсочу, уул десе уулдары, алмончоктой кыздары бар. Аялы десе… уфф, ушуну жакындан бери эстегиси келбейт. Жаңыдан үйлөнүп баштагандагы сезими кайда кетти? Анда алыс жолдон келатканда көзүнөн учуп сагынып, жанынын жартысындай көрүп, катарынан уул-кызды төрөп бергенде ого бетер ичи элжиреп турчу. Анан жылдар өтүп, балдары чоңоё баштаганда түшүндү: аял деген бала төрөгөндөн башка дагы асылкеч болуп, зирек акылга, үйдү таза кармап, тамакты ширин жасап, көчөдөн күргүштөтүп таап келген эркекти куштай бөпөлөп, кайын-журттун баркына жетип […]

Конкурска: Азыркы кыргыз поэзиясында кандай жаңылык бар?

№15 Кыргыз поэзия жанры — проза жана драмага караганда абдан активдүү, тематикалык жана формалык жактан көп түрдүү, адамзаттын жашоосун, сезимдерин, аруу тилек-каалоолорун чагылдыруу жагынан эң эле алдыда өнүгүп келе жаткан түр. Мыкты өкүлдөрү төкмө жана жазгыч акындардан тартып, профессионалдуулукка жетишкен К.Тыныстанов, А.Токомбаев, А.Осмонов, Ж.Мамытов, Т.Кожомбердиев, О.Султанов, С.Акматбекова ж.б. ысымдары менен толукталып келе жаткан азыркы кыргыз поэзиясында кандай жаңылык бар? Улуу көчтүн жолун улагандар барбы, кимдер китептерин жарыялап, кимдер адабий процесске аралашып жатат? Чыныгы ыр жолун тандагандарбы же акчалууларбы, мактаанчаактарбы же […]

Бахтияр Шаматов: Бизде жалаң туурамай менен уурдамай (1-маек)

Таланттуу жазуучу жана котормочу Бахтияр Шаматов менен чыгармачылыктын оош-кыйышы туурасында маек… – Бахтияр байке, Сиз адабият астанасын жаңыдан аттаган кезде Нуралы Капаров сиздин чыгармачылык шык-дараметиңиз жөнүндө абыдан мактады эле: «Бахтиярдын көөдөнүндө кайнап жаткан турмуш бар. Өзү да оргуп, ташып турган дем менен шумдук иштейт экен» деп. Нураке айткандай эле, сиздин адабий камылгаңызды Жек Лондондун «Мартин Иден» романын үч ай ичинде которуп таштаганыңыздан кийин көрдүк. Эми котормо туурасында ылдыйда өзүнчө сөз кылабыз, кеп башында адегенде өзүңүздүн эң таанымал чыгармаңыз “Дөңгөлөк жылдардын” […]

Абдул Фараждын акылман ойлору, уламыштары

Атактуу Абдул Фараж “уламыш — бул акыл сергитчү жана жүрөгүңдөн кайгы-капаны айдап чыгуучу аңгеме” дечү экен. Абдул Фараж өзү дүйнө элинин уламыштарын көп айткан. Атанын көрөгөчтүгү Жашоо жөнүндө уламыштарды эстегенде, бул окуяны айтпай кетүү мүмкүн эмес. Бир жолу каалга кагылып калды, үйдүн ээси эшикти ачканда, босогодо көздөрү тоодой шишигенче ыйлаган кызы туруптур. Үйгө кирер замат, атасы оозун ача электе эле, ал арыз-арманын төгө баштады: “Мындан ары минтип жашай албайм, жашоом күндөн күнгө оорлоп барат. Күндө бийик тоонун чокусуна эптеп тырышып […]

Бурул Догдурбекова: Үзүлбөгөн үмүт (конкурска)

Чачырадым… чаркым кетип, ташыдым. Чаалыккансыйм алдан тайып басыгым. Чакчалекей ойлорумду чар тарап Чогулта албай айлам куруп, жашыдым. Кыялым бай. Көкүрөгүм кур жалак. Карыш түшүп, кабагым да сурданат. Кар аралаш борошолоп жан дүйнөм, Күнүмдүгүм көз ачылгыс бурганак. Алсырадым, алым кетип. Бул кандай? Арманымды баары билип тургандай: Теребел да булут басып, түнөрүп… Тынчсызданып мага көңүл бургандай. Кышкы аязда көңүлдөргө гүл өнүп, Жытын сезип, колдор жетпей жүдөдүк. Үмүт болуп үзүлө албай кыялдар, Тээ ыраактан бүл-бүл жанат бүдөмүк. Конкурс: Учур адабиятынын жаңы дүбүртү

«Ыймандай сыр» поэзия кечеси

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук  фонду  Улуттук Филармония менен  биргеликте  Кыргызстандагы эл-журтка кеңири  белгилүү акын,  жазуучулардын  жана жаш таланттардын  поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси  эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон, таанымал  акын Жедигер Саалаевдин  чыгармачылыгына арналат. Кече 2018-жылдын 19-октябрында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясынын кичи залында өтөт.  Иш-чара саат 17.00дө  башталат. Кирүү  акысыз. Жедигер Саалаев Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылында туулган. КМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүн, аспирантуранын сырттан окуу бөлүмүн жана КМУУнун бажылык жана юридикалык кадрларын даярдоо боюнча […]

Атантай АКБАРТЕГИН: Динозаврлар жана кыргыздар

Динозаврлар баардыгы тең алп эле, Жердин үстүн жеке бийлеп жатчы эле. Маани берип алар ойго  алчу эмес, Майда жандар сыйлаганын калп эле. Алар билбей биримдиктин керегин, Билбей зор күч жок экенин акылдан, Бирөөсүнүн бирөөсү оюп карегин, Чыгаандарын жайлай берди жашынан. Акылдуусун азуулусу жей берсе, Ушул дүйнөң ууга айланар, арман ов!.. Динозаврлар канча кыйын болсо да, Жер үстүндө бирөө тирүү калган жок… Эң байыркы эл болсо да Чыгышта, Эшик-төрү көрүнгөнгө таланып, Динозавр сыяктанып кыргыздын чыгаандары келет улам азайып. КУДАЙГА ЖАЗЫЛГАН КАТТАР […]

Аман Саспаев: Ак чач жөнүндө кичине тарых

(Документалдуу аңгеме) Кең-суулук мурдагы жоокер Орозобаев Казак баш киймин алган сайын төбөсүндөгү ак чачына эрксиз көзүм түшөт. Адатта, саамайга буурул түс кирип, андан кийин чач акырындап бүт агара башташы керек эле. Бул, албетте, биологиялык процесстин бир нече жылга созулган закондуу жемиши. Казак кырктан жаңы эле ашты. Бул чач агарар мезгил эмес. Ал эми анын төбөсүндөгү капкара чачтын бир бармак басым жери гана куудай аппак! – Бу, сиздин чачыңыз кызык экен? – Чач согушта агарган, – дейт ал. – Кайсы согушта […]

Слава Сэ: Римский-Корсаков. Шахерезада

АҢГЕМЕ «Шахризада» балетин барып көрдүм. Балет коючу, акчанын көбүн аракка салып, колготки менен юбкалардан үнөмдөптүр. Бийчилерге чанда бир жерине алтын түстүү бадыраң түшүрүлгөн сууга түшүүчү ак майкелерди кийгизиптир. Болду, андан башка эч нерсе жок. Курсактарына чейин буттары жылаңач. Мен Персияны ушу сыяктуу элестетчүмүн. Алыскы катарлардан балет кар жаап жаткандай көрүнөт. Кичинекей ак периштелер ары-бери чуркап жүрүшөт. Жакындан бардыгы башкача экен. Бийчилер кадимки эле жөнөкөй аялдарга окшош. Тизелери сүрүлүп айрылган, көк ала болгон жерлерин бети май менен калың шыбап алышкан. Биздин […]

Харуки Мураками: Күзгү

АҢГЕМЕ … Мындай да эми. Силердин сырдуу дүйнө туурасында кеп салганыныңарды угуп отурсам, таржымалыңар окшош экен. Же эки башка дүйнөдөгүлөрдүн  – тирүүлөр  менен тиги дүйнөдөгүлөрдүн, башкача айтканда – арбактар, кайыптар жана башка көзгө көрүнчүлөр менен жолугушуп калганыңар тууралуу. Болбосо акылга оңой менен сыя бербеген жөндөмдүүлүк — көзү ачыктык, окуяларды алдын ала билүүчүлүк тууралуу. Ушундай класификация келип чыгат. Эгерде жалпылагың келсе, экөөнүн бирөө гана башыңдан өткөн:  арбактар менен жолугуп жүргөндөрдүн алдын ала сезүүсү анча эмес,  алдын ала айтуучулардын болсо, өнүккөн алтынчы […]

Дилазык: Атасы менен уулу жөнүндө уламыш

Поезд ордунан козголор замат ал терезеден колун чыгарып, шамалга тосту. Бир кезде ал таң кала кыйкырып жиберди: — Ата, карасаңыз, бактар артты көздөй жүгүрүп баратат! Атасы жылмайып койду. Жигиттин жанында олтуруп бараткан эрди-катын тигини таңыркап карап калышты, 25 жаштагы жигиттин кичинекей бала берчү суроо бергени аларга кызык угулду. Жигит кайрадан суктангансып кыйкырып жиберди: — Ата, көрдүңбү көл, жээгинде жаныбарлар жүрүшөт… Булуттар бизди ээрчип келатышат! Күн себелеп, жаан башталды, жигиттин сунулган колуна жамгырдын тамчылары тийгенде сүйүнгөнүн жашыра албаган жигит атасына кайрылды: […]

Чаң жолдон чоң жолго чыккан Раевдин Пусу каарманы

Султан Раевдин “Пусу” аңгемесинде курч социалдык проблема көркөм иликтөөгө алынган. Чыгарманын сюжеттик курулушу шаардагы кызын көргөнү барган айылдык атанын көргөн-билгендери айтып түгөткүс узун жомокко айланышына негизделген. Султан Раевдин адабиятка келиши 1980-жылдарга туура келет. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктагандан кийин ал бир топ жылдар бою басма сөз тармагында иштеди. Алгачкы кара сөз чыгармаларын гезит түйшүгү менен алектенип жүргөн кезинде жарыялады. Кийин жооптуу кызматтарга дайындалган соң деле чыгармачылыктан кол үзбөй, ири эпикалык жанрдагы чыгармаларын тартуулады. Бул ыңгайда анын “Жанжаза” менен “Топон” […]