«Өлгөндөн калган адабият»: Уучу куру эмес улуттук поэзия (конкурска)

№16 Доорлор алмашып, коомдогу материалдык жана материалдык эмес баалуулуктар ала сапырыкка туш болгон акыркы 27 жылдын аралыгында Чыңгыз Айматов баштаган адабият алптарын берген улуттук адабият унутта калганын субъективдүү жана объективдүү жагдайлар менен түшүндүрсө жана мыйзам ченемдүү көрүнүш катары бааласа болор эле. Бирок акын-жазуучуларды качан гана алардын көзү дүйнөдөн өткөндө эстеп, адабият жана маданият ишмерлерин акыркы сапарга узаткан «похоронное бюрого» айланып калган Маданият министрлигинин жана маданият министрлеринин ишмердигин кандайдыр бир жүйөөлүү себеп жана жагдай менен түшүндүрүү кыйын. Маданият министрлигин адабият тууралуу […]

Бактыгүл Сексенбекова: Адашкан карек (конкурска)

АҢГЕМЕ Жүрөгүм бир башкача болуп, каршы-терши салгылашкан сезимдер менен бара жаттым. Жолдошум экөөбүз Чүйдүн Петровка айылына биринчи жолу бара жаткандагы сезимдер. Ооба, мен көрө элек, бирок телефондон көп сүйлөшкөн адамга. Баса, эң алгач сүйлөшкөн күн эсимде… Тамак даяр болгондо жолдошумду тамак ичкенге чакыруу үчүн бөлмөгө кирсем, бирөө менен телефондо сүйлөшүп жатыптыр. Мени көрө коюп: — Мына, жеңең келип калды. Сүйлөшүп кой Баку, — дегенинен ала койдум. Жагымдуу, көтөрүңкү маанайдагы жаш жигит жакын адамындай сүйлөп жатты. Мен аны тааныбагандыгымды билдирбөөмдү ымдады […]

Нурзада Кубанычбекова: Көңүл (конкурска)

АҢГЕМЕ Эч жерге батпай турду көңүл…Тигил жакка барса ал жактан кагып силкишет, бул жакка өтсө бул жактан түрткүлөшөт, такыр жок дегенде байкамаксан тейде  жөөлөп кетишет эй. Айтор кай жакка барбасын, бары эле кагып силкип, Көңүлдүн жан дүйнөсүн оорутушту. Жакшы эле кыпчылып бир бурчка жайгашарда ары жактан бирөө чыга калып түрткүлөп сыртка чыгарып салды. Мына эми деп жайлуу орундук тапканда, бирөө келип тебелеп кетти. Көңүл байкушту болушунча жөөлөштү, сындырышты, тебелешти… Көңүл, кай жакка барып башпаанек издээрин билбеди. Сыртка чыгайын десе аба […]

Бурул Догдурбекова: Үзүлбөгөн үмүт (конкурска)

Чачырадым… чаркым кетип, ташыдым. Чаалыккансыйм алдан тайып басыгым. Чакчалекей ойлорумду чар тарап Чогулта албай айлам куруп, жашыдым. Кыялым бай. Көкүрөгүм кур жалак. Карыш түшүп, кабагым да сурданат. Кар аралаш борошолоп жан дүйнөм, Күнүмдүгүм көз ачылгыс бурганак. Алсырадым, алым кетип. Бул кандай? Арманымды баары билип тургандай: Теребел да булут басып, түнөрүп… Тынчсызданып мага көңүл бургандай. Кышкы аязда көңүлдөргө гүл өнүп, Жытын сезип, колдор жетпей жүдөдүк. Үмүт болуп үзүлө албай кыялдар, Тээ ыраактан бүл-бүл жанат бүдөмүк. Конкурс: Учур адабиятынын жаңы дүбүртү

Жек Лондондун «Мартин Иден» кыргызчага кайрадан которулду

РОМАН Америкалык белгилүү жазуучу Жек Лондондун бул чыгармасы максатка умтулган адам баласы сөзсүз ийгиликке жетерин баяндайт. Ошондон улам аталган роман дүйнөдөгү эң мыкты делинген чыгармалардын катарынан орун алып, миллиондогон окурмандардын жүрөгүнөн түнөк тапкан. Аталган чыгарма ушул күнгө чейин китепкөйлөрдүн сүймөнчүлүгүнө айланган бирден бир дүйнөлүк мурастардын катарынан түшпөй келгенинин сыры эмнеде?.. Мунун бир гана себеби: чыгарманын баш каарманы Мартиндин адам болуу өжөрлүгүнөн кайптаган кейиштүү тагдыры муундардан муундарды тарбиялар сабак болуп калганы. Арийне, бул чыгарма адамдын адам болуп өсүп жетилүүсүнө таасири зор […]

Конкурска: Айтматов жана өзбек прозасы

Сюжеттик, образдык, стилдик байланыштар жана адабий чыгармачылык таасирлер №14 Дүйнөлүк адабияттын талашсыз классикасына айланып, тарыхта аты калган У.Шекспир, А.С.Пушкин, Л.Н.Толстой, Ф.Достоевский, А.П.Чехов, Э.Хемунгуэй, А.Шолохов сыяктуу жазуучулар бүтүндөй бир доордун, бир элдин же бир жазуучунун чыгармачылыгына тийгизген таасирлери тууралуу миңдеген эмгектер жаралган жана жарала бермекчи. Мезгил өткөн сайын алардын катарына Ч.Айтматовдун да ысымы кошулууда. Албетте, жазуучунун өзбек, же казак, же азербейжан, же дагы башка адабияттарга тийгизген таасири, анын башка улуттук адабияттар менен байланыштары көптөгөн адистер узак жылдар отуруп алып изилдөөчү тема. […]

Өзбек акыны Мухаммад Исмоилдин ырлары Азамат Төкөровдун котормосунда

Муҳаммад Исмоил 1964-жылдын 13-мартында Өзбекстандагы Сирдарё дубанынын Ховос аймагында туулган. 1981-1986-жылдары азыркы ЎзМУда журналистика факультетинде билим алган. 1991-жылы «Өкүнүч ыракаты»(«Тазарру саодати») деген алгачкы ырлар жыйнагы чыккан. Ондогон китептердин автору. «Эркиндик таңы» («Истиклол тонгги») сыйлыгынын лауреаты. КАБАТЫР Кетип жатам дагы азапта, Дилди эзди кусаланганың. Сизге эмне болду, жан апа, Мынча чөккөн боюң, ардагым? Картайыпсыз. Тилип жүрөктү, Жазалаба, көктө Кудурет! Энеме бер суусун мүрөктүн, Дагы бир жыл жашоо насип эт. Ар деми үчүн кылып мен шүгүр, Ар деми үчүн болуп карыздар, Баш […]

Конкурска: Өзүңдү ойлосоң өч алба, келечегиңди ойлосоң, кек сактаба!

№13 Маданияттын калыптануусунан улам искусство, этика, эстетика сыяктуу эле адабият деген түшүнүктүн келип чыгышы маалым. Адабият айдыңында адамдын ой жүгүртүүсү башкы орунду ээлейт. Баарыга белгилүү болгондой,  айрыкча,  адамдын жан дүйнөсүнө басым жасалат. Чыгармадагы каармандардын жан дүйнөсүнүн тазалыгы же анын адеп-ыйманы кайсы гана жанрда болбосун тазалыгына, боорукерлигине, сабырдуу жана кечиримдүү болууга багыт берет. Бул коомдун өнүгүшүндө эң маанилүү фактор болуп берет. Мына ушунун бардыгы келечек ээлерине, өсүп келе жаткан жаштарыбызга багытталып турганы бекеринен эмес. Айрыкча, кыргыз элинин эгемендик күнгө ээ болгон […]

Конкурстук эмгектер топтому

Белгилүү адабий сынчы Кеңешбек Асаналиевдин 90 жылдык мааракесине арналган сын макала, адабий изилдөөлөр үчүн жарыяланган конкурстук материалдардын топтому. Эскертүү: эң биринчилерден болуп №1 номуру менен жарыяланган автор өз каалоосу менен аталган конкурстан баш тарткандыгы үчүн автордун өтүнүчү эске алынып, ал макала тизмеден алынып салынды. Андыктан жүйөөлүү себепке байланыштуу кийинки жарыяланган эмгектердин тизмеги кайрадан иретке салынды. №1 Кыргыз аңгемелеринин контекстинде – «Кызыл өрүк» №2 Акыркы могикан Райкандын “Жинди суусу” №3 «Өлбөй туруп өлүп көрүү – чоң эрдик!» №4 Турар Кожомбердиевдин балдарга […]