Самипашазаде Сезаи: Пантомима (конкурска №53)

АҢГЕМЕ Хасеки районунун чет жагындагы туюк көчөдө жалгыз турган үч бөлмөлүү бир там, мазарга айланып, алоосуз бир жымжыртка толгон эле. Эски жана караансыз калган үйлөрдөй көрүнөт. Чатырынан ажыраган тактайлар менен карапалар, дубалдарынан ураган таштар жылдап түшкөн жеринде калып келет. Анда-мында ырайы суук каарыган бир грек аялы жез-мастандарга тиешелүү корккон, абайыңкы турпаты менен эшикке чыгып, үйүндө керектүү болгон оокаттарын сатып алып, шашкан бойдон үйүнө кирип кетет. Ошо жалгыз үйдүн кичинекей бакчасында тамга жакын жалгыз дарак, июндун алоолонгон ысыгы Стамбулдун бул жактарын […]

Фёдор Достоевский: Кызык адам түш көргөндө (конкурска №52)

АҢГЕМЕ I Мен кызыктай кишимин. Эми алар мени жинди аташчу болду. Аларга мурдагыдай кызык бойдон кала бербесем, мурдумдун үстүнөн караган болор элем. Азыр ага терикпейм деле, баары теӊ жүрөгүмө жакын, ал турсун мени келекелеп атышса да эмнеси менендир көзгө жылуу учурашат. Эгерде көз кырымды салып отуруп көӊүлүм чөкпөгөн болсо, тескерисинче, ылым санап аларга кошулуп күлмөкмүн. Өзүмө эмес. Мен билген чындыкты алар билбесе, көӊүлүӊ кантип чөкпөйт? Бирөө гана чындыкты билген кандай оор экенин айтып болобу! Муну кайдан түшүнүшсүн. Түшүнгүлөрү да келбейт. […]

Залкарбек Назарматов: Кумурскалар согушу (конкурска №4)

АҢГЕМЕ Кээде табият кумурскаларга окшогон майда жандарды да биз үчүн  күзгү кылып жаратып койгон өңдүү. Биз үчүн алар чыныгы мээнеткечтиктин бирден-бир үлгүсү экенин тана албайбыз. А бирок табияттын мисалы ушуну менен гана бүтүп калбайт экен. Көрсө кумурскалардын биз билбеген, биз үчүн караңгы тарабы да бар тура. Кызыгы, барган сайын түгөнбөй ачылып, улам табылган табышмактар жандырмагы кайрадан жаңы табышмак болуп кетип бараткан, дүйнөдө ушул майда жандардын да дал өзүбүздөй кара мүртөз, жырткыч түрлөрү бар экени өтө таң калычтуу. Бардыгы термиттердин береги […]

Азиз Несин: Эл тааныган бейтаaныш (конкурска №51)

АҢГЕМЕ Бул окуя менин башыман Үскүдардан Бешикташка кеме менен бараткан жолдо болуп өттү. Кемеге кире турган каалгалар ачылды. Эң алдыңкы катарда күтүп турдум эле. Жүргүнчүлөрдүн саны көп деле эмес. Кеменин ичине кирип, үстүңкү кабаттагы бурчта турган отургучка отурдум. Жүргүнчүлөрдүн бир тобу алдыңкы кабатта орун алышты. Үстүңкү кабатта менден башка эч ким отурган жок. Күн тартип боюнча кеме он беш мүнөт күтүп, андан соң ордунан жылмак. Кечиккен жүргүнчүлөр шаша-буша келе жатты. Мен отурган жерге бир подполковник кирип келди. Жаныма келип аскерлерче […]

Фарук Өзкан: Токоч уурусу (конкурска № №50)

АҢГЕМЕ Ар кандай улуттагы адамдардын бири-бирине карап сүйлөп жаткандагы ызы-чуусу, ары-бери өткөндө дөңгөлөгүнөн чыйылдап үн чыгарган түркүн түстүү чемодандар, улам жаңы рейстерди айтып жаткан кыздын ар тараптан жаңырган жагымдуу үнү, жаңы эле учактан түшүп, сыртка чыгып бараткан адамдар, калдайган  чоң сумкасын көтөрүп бараткан туристтер… Бул жер албетте, сиз билген аэропорт. Ошол аэропортто түн бир оокумда бир аял өзүнүн рейсин күтүп жатты. Бирок самолеттун учуусуна дагы бир топ убакыт бар эле. Ал жердеги кичинекей бир дүкөндөн китеп жана бир таңгак токоч […]

Амброз Бирс: Үкү-Сай көпүрөсүндө болгон окуя (№49)

АҢГЕМЕ 1 Алабаманын[1] түндүк бөлүгүндө жайгашкан темир жолдун көпүрөсүндө бир киши алты-жети арыш ылдыйда шар аккан сууну карап турду. Колдору аркага, билегинен байланган эле. Моюнуна куушурула аркан салынган. Аркандын бир учу тиги кишинин баш жагындагы туурасынан турган устунга бекитилип, калганы бутуна чейин салаңдап турду. Шпалдарга бир канча тактай коюлуп, анын өзүнө да, желдеттерине да – тынч убакта шерифтин[2] жардамчысы кызматын аркалагандай түрү бар – сержанттын кол астындагы федералдык армиянын[3] эки аскерине секи катары коюлган. Арыраак жакта, ошол эле убактылуу коюлган […]

Өмер Сейфеттин: Сүйүү толкуну (конкурска №48)

АҢГЕМЕ Кеменин ичи кишилерге толуп, акыркы ышкырык жаңырды. Кеменин эки тарабындагы якорлор (токтотуучу жөлөөчтөр) көнүп калган кууш короосунан ойгонгон олбурлуу деңиз айгырларындай катуу үн салып ордунан козголду. Кеме жеңил гана термелди. Аба ырайы да жанга жагымдуу болуп турган эле. Кадыкөйгө бара жатканбыз. Аягы кадимки сирень гүлүнө түспөлдөш тумандарга чулганган Мармаранын чамгарактуу, ичке мунаралуу кең мейкиндигинде аппак булуттар ажырап бөлүнгөн көбүктөй акырындан жайылып, анын терең чуңкурларындагы, бийик дөңдөрүндөгү көгүш сыя көк өңдөрдү уламдан улам азайтып каптап бара жатты. Июнь айынын аптаптуу […]

Мухаммад Кожомбердиев: Өзүмдү жүргөн кез табалбай №3

ЖАНДАНУУ Өчкөн күн кайрадан жаналбай, Өзүмдү жүргөн кез табалбай. Уурдатып баардыгын бир паста, Учурдум ырыскым шамалдай. Сезимим чытырман гүл өнбөй, Санаалар уламдан түгөнбөй… Ызамды ысытпай басканга Ыр менен бир гана күүлөнмөй… Кайратым күчөгөн чагында, калдымбы турмуштун чаңында… Бир бутум чырмалса азапта, Бир бутум бакыттын жанында… Карабай артымды, астымды, Кубалап жүрөмүн закымды. Кыялбай чындыктын өмүрүн Кас кылып алганмын жакынды… Жылыбай көңүлүм үшүгөн, Жан барбы жашоону түшүнгөн. Тааныбай өзүмдү кетсем да, Тайбадым, а бирок күчүмөн… Замандын талабын карасам, Заматта каптады кара чаң… […]

Антон Чехов: Тергөөчү (конкурска № 47)

АҢГЕМЕ Ажайып бир жаздын түшкү чээнинде өлүктү талдоо үчүн округдун доктуру менен соттук төргөөчү жолдо баратышты. Отуз беш жашка барып калган тергөөчү аттарды саамайы менен сыдыра карап олтуруп, сөз салып калды: — Табиятта билинбеген нечен сырлар жатат, бирок кадимки турмушта да акылга сыйгыс окуяларга байма-бай кабылат экенбиз. Дегеним, бир гана көз ачык же спириттер гана түшүндүрүүгө чамасы жетчүүдөй бир канча табышмактуу, кызык өлүмдөргө күбө болдум. Мындайга жөнөкөй адамдар акыл калчап, түшүнүк бере албас. Мисал кылып бир интеллигенттүү аялды сөз кылайын. […]

Сердар Йылдырым: Көгүчкөн эне (конкурска №46)

АҢГЕМЕ Жайдын ажайып бир күнү… Батур рогаткасын көтөрүп алып, үйүнүн жанындагы бакчага куш аңчылыгына чыгат.  Көздөрүн үкүнүкүндөй кылып алып, тегерегин баш оту менен көз сала баштайт. Бираз болбой эле аркасынан үн чыгат: — Атпа куштарды. Аркасына бурулуп караса, ал адам бейтааныш  эмей, бир көчөлүк досу Сарпер экен: — Бул алсыз жандуулардан эмне каалайсың, деги билбейм? Алардын сага кандай зыянчылыгы бар? Кой бер, кетишсин,  канаттарын кагып учушсун, — деп калды ал. Батур: — Сарпер кайра эле сенсиңби? Неченчи ирет? Ишиме кийлигишпе […]

Бекир Жошкун: Тар бут кийим (конкурска №45)

АҢГЕМЕ Ошол майрам күнүнө мага бут кийим алып бермей болушту. Шаарда даяр бут кийим саткан дүкөн жок эле. Бут кийим  тиккен жалгыз дүкөндүн тигүүчүсү жылаңаяк бутумду бир картон кагазынын үстүнө коюп, бекем басып турушумду айтты да оозуна тиштеген калемин колуна алып бутумду тегерете чийди. Бутум чийилген картон кагаз – менин бут кийимимдин өлчөмү эле. Күн сайын жаңы бут кийимимди кыялданам. Атамдын айтуусуна караганда бут кийимим кара анан боосу менен болот. Эшик такылдаса эле жүгүрөм. Бут кийимим майрамдан бир күн мурда […]

Али Сабахаттин: Чайнек (конкурска №44)

АҢГЕМЕ Оорукананын жер төлө жагында кичинекей, терезеси темир торчолуу бөлмөдө бешөөбүз жатабыз. Түрмөнүн жеке  доктору жана  медайымы  болбогондуктан оорулуулар оор абалга келгенче бөлмөлөрүндө болушат,  авто-унаага жол кире акчасын табышса, муниципалитеттин  докторун  алып келишет. Агарган чачтарын кылдаттык менен ортосунан экиге  бөлгөн  карыган  арык  адам жүзүндөгү жийиркенген түрү менен колдорун аарчыбастан оорулууларды карай баштайт, жетишерлик жоопкерчиликтен качып түрмөдөгү ооруларды карагысы жок, убактысын  мамлекеттик ооруканага арнайт. Бирок, ал  ооруканага  түрмөдөгү  камалган- жоопкерлер  бештен ашык адамды алышпайт. Кесиптик адис тарабынан эч качан жазылбашы керек […]

Али Сабахаттин: Асфальттуу жол (конкурска №43)

АҢГЕМЕ (Айылдык мугалимдин күндөлүгүнөн…) Станциядан шаардын борборуна бара турган жүк ташуучу авто-унаа  эки саат жол жүргөндөн кийин мен бара турган   айылдын айрылыш жолуна  келип токтоду. Мен авто-унаадан түштүм. Эки кадам аттоого алым жок эле. Сумкамды жерге коюп, чар тарабын чөп каптаган ташка көчүк бастым. Мээмдеги ызы-чууну угууга аракет жасадым. Ичи чаңга толуп, адамдын тери  жыттанган жүк ташуучу авто-унаа дүйнөдөгү эң чалдыбар  жолдо жүргүнчүлөрүн — бизди  бири-бирибизге жөөлөштүрүп  чала жан кылды. Унаанын бат-баттан токтогону,  чуңкурга тоголонуп кетчүдөй болгон абалы, менин кайда […]

Кадырбек Аблабеков: Түш (конкурска №6)

(Үр кызы) Булут каптап ар тараптан, жаткан учур жаан да жаап, Эрте жаздын алгачкы айы, жаткан жерим муздак, сыз. Эки көзүм көктү тиктейт, эмне болуп кетээр деп Мен жаан менен ыйлап кирдим эки карек тушаксыз. Асман бетин чарк-чурк этип бир убакта чагылган Жарып өттү, асман кетти экиге да бөлүнүп. Үр кыздары сырдашууда олтурганын байкадым, Ал асмандын тилигинен аркы дүйнө көрүнүп… Ошол секунд, ошол ирмем, ошол кыздар ичинен Ошол асман тилигинен бир Үр кызы кулады. Ар жактагы көп адамдар кармаганга жетишпей, […]