Конкурска: Тагдыр жөнүндөгү ыр (№67)

(Ара жолдо калган жоокердин окуясы) Ж. М-нын жана анын тагдырлаштарынын арбагына арнадым. I Орус менен кыргызды айра таанып айырмалайм деп эзели башы оорубаган, бу кең ааламда “кыргыз” деген эл болоорунан кыпындай да кабары жок мынабу дүйнө капар Розенберг кыштагынын жайнаган жай тургундарынын көзүнө жөн эле бир сөлпөйгөн орус болуп көрүнгөн, согуштан кийин мекенине тирүү кайтуудан өлгүдөй коркуп, коркконунан мында корголоп калып калган мусаапыр орус болуп таанылган, ошентип, каркайып карыганынча качкан-безген орустун эсебинде жүргөн кайран М…, азан чакыргандагы аты мындагы немистердин […]

Конкурска: Бегана (№66)

АҢГЕМЕ Асаттин ысыгы биздин айылда башкача аптаптуу болуп, чөпканада саратандар чырылдап, уйларды каталактаткан көгөндөр ары-бери кыңылдап учуп, иттер кургаган тилин салаңдатып акактап көлөкөдөн чыкпай, түш ченде адамдар да көрүнбөй чарпаясын салкын жерлерге жылдырып, ага жакандөсүн сүйрөй барып, балышын коюп куш уйкуга кетчү. Энем айткандай, жаны тынбаган эле биз – балдар. Кыштагыбызга дайрадан кыялатып алып келген чоң арыктын ар-ар жерине жашыбызга жараша ар кыл кылып өз колубуз менен сууну тосмолоп көлмөлөрдү куруп алганбыз, ошолорго барып, ары сүзүп-бери сүзүп жайды өткөрөбүз. Анан […]

Конкурска: Колдоочу (№65)

АҢГЕМЕ Автобекет – учурашуу менен коштошуунун тоому. Адамдар жакшы үмүттөрү менен аздек тилектерин көөдөндөрүнө катып алып, ушул жерден алыска сапар алышат. Ал эми алыстагылар болсо эл-жерге, киндик каны тамган айылына, туугандары менен жакындарына болгон сагынычын, кусасын жан дүйнөсүнө мелт-калт толтуруп алып, ушул жерге келип түшүшөт. Ылайым эле адамдын тосуп алуучусу, узатып калуучусу болсо экен. Эмнегедир ушул ой кайып келип көкүрөккө тык этет. Деги эле жолдун табияты ушундайбы, же мен өзүм кыялкеч жанмынбы, ким билсин, айтор жол жүргөндү жакшы көрөм. Кетип […]

Конкурска: Чал (№64)

АҢГЕМЕ Чалдын жону ушундай кычышты эле да. Жанында азыр кемпири болгондобу – «ах-ух» деп жыргайт эле да тырматып. – Кай жериң? – демек кемпири. – Оң далымдын учу, – демек чал. Кемпиринин карылык кажыры кайтканы менен, кебездей жумшак манжалары чалынын кычышкан жонун картылдата тырмай келгендеби… – Ах-ух… – демек чалынын моокуму кана, – жыргатпадыңбы, кемпир. – Өйдө… дагы өйдө. – Тырмап атпайымбы өйдөсүн, – деп чукчуңдамак кемпири. – Желкеме кетип калды колуң… Ылдыйда дедим го… – Эк… ушу сеники өттү, […]

Конкурска: Өкүт (№63)

АҢГЕМЕ Адатынча жыла басып конок  бөлмөгө кирди да, телевизор жандырды.  Эки кабаттуу заңгыраган бул үйдүн  ар бир экинчи бөлмөсүндө телевизор турганына карабай, конок бөлмөдөгүнү гана көргөндү жактырат.  Бөтөнчө чоң. Өзүн ичинде жүргөндөй элестетет. Кыялында каармандар менен сүйлөшөт. Алар күлсө кошо күлүп, ыйлашса ыйлап алат.  Өлкөдөгү болуп жаткан жаңылыктар, мамлекет ичиндеги саясат, айтор башкага  маанилүү болгон нерсе  бул үчүн кызыксыз.   Кино же концерт, болбосо  тамашалуу шоуларды гана карайт. Каналдан канал которуп жатып көрсөтүүлөрдүн биринен аттап өтө берерде көзүнө тааныш учурады. Ошолбу? […]

Конкурска: Үшүк (№62)

АҢГЕМЕ Мени эми эч кандай суук шамал, чыкыроон аяз үшүтө албайт. Мен өзүм үшүкмүн. Мени тагдыр муздатып бүттү. Эми мен тагдырдан да, таш бороондон да коркпой калдым. Адамдардын ушак айың сөзү, намыска тийчү уяттуу сөздөрү да жүрөгүмө таасир кылбайт. Коркуу эмне экенин сезбей калдым. Эч нерседен коркпоймун. Тек гана кайдыгермин. Мага эми бул абалымда эч ким кыянаттык да кыла албайт. Жүрөгүм өлүп болду. Мен… мен тирүү жашап өлүктөрдүн катарындамын. Жай бүтүп күз келер убак… Адамдар күз күрөшү менен алектенип, бар […]

Конкурска: Жалган ырдын катарын жайнаткандар, жайнап… акын аталды (№61)

РЕКВИЕМ Акындар Т.Муканов менен Э.Тазабековго Жардан, достон көңүл калып муздаган, Жалгыз акын, сен эмессиң сыздаган. Аялдан жок, же баладан айтпаган Алыкул да жалгыздыкта узаган.. Дайым жалгыз. Жалгыз болот акындар… Дүйнөдөгү бардык нагыз акындар. Өз жанына өзү сыйбай калганда, Тартып кетет боз мунарык закымдар… Толкун жешип, какжыраган кайыктай, Көздөн кайым болгон алар кайыптай. Өзгөнү эмес, бир гана өзүн айыптай, Толгон акын тозот окшойт айыкпай. Көз жашыңдай ырың калаар көлдөгөн, Кез келгенде окуп алар чөлдөгөн. Кур атакты алган тирүү акындан Акын улуу […]

Конкурска: Карыз (№60)

АҢГЕМЕ 1 – Мына бул кандай экен? – Койчу мунуңду, атам замандагы телефон мунуң. – Эми балага болот да. – Эл «Iphone» алперип жатат билсең. Сен болсо кара чечекей балаңа кайдагы «Fly»ды ыраа көрөсүң. Арзанына качырганың да, э? – Арзанына деле карабадым. Эми эле экинчиде окуган бала болсо… – Койчу, ай! Ушу сенин сараңдыгың барбы? Балаңан да акча ширин көрүнүп жатат да. Акыры балаң го! – Ой, мейли, мейли эми. Анда тиги «А50″нү алалы. – Кайсы? – Мына бул «Samsung». […]

Конкурска: Ак жарык (№59)

“Байтал чуркап байге албайт”. (Кыргыз эл макалы) АҢГЕМЕ-ЖОМОК Биринчи бап Бир кезде жер жайкалып көктөгөн, койнуна эчки-теке батпай, аскада илбирс мекендеп, улар уялап, буркүт шаңшып турган жер эле. Элинин да жайыты жайлуу, кошунасы ынтымактуу болуп, бакыт байырлап турган. Бай-кедейге, жакшы-жаманга, алдуу-алсыз, кыз-бала деп бөлүнбөстөн шайма шай жашаган мезгил эле. Элдин пейилине жараша Жер эне алардын бакытына ортоктош болуп, берекесин дагы төгүп берээр эле. Экинчи бап Ырыстуу элге, гүлдөгөн жерге сук көзүн артып,  жок кылууга белгисиз планетадан келген Жемкор,  Наадан,  Зөөкүр, […]

Конкурска: Сынык идиш (№58)

АҢГЕМЕ Бала кезде далай эле апамдын идиштерин сындырдык. Кай бирин столдун, шкафтын астына катып коюп, кийин апам таап алып: — Ким сындырды? — деп сураса ийнибизди куушуруп, бирок күнөөлүүдөй жер карар элек. Кээ бирде эшикке ыргытып, аныбызга корстон болгонсуп билмексен болуп жүрчүбүз. Качан гана апам бизден: — Көк поднос көрүнбөйт ко, ак чынылардан бешөө эле калыптыр, калганы кайда? — деп сураса кимибиз сындырганыбызды айтаар элек. Апам ошондо бизге ал да акчага келген оокат экенин, аяр, кылдат мамиле жасоо керектигин какшаар […]

Конкурска: Ырымды окуп кейигендир бир кайран (№57)

*     *     * Бир сүйгөнүм жерден таап баш паана, бир сүйгөнүм жар болду эле башкага. Бул дүйнөдө буйрубаган сүйүүнү көргүм келбейт, оо дүйнөлүк жакта да. Бул дүйнөнүн ылдамдыгы ок ченем, билбейм эми дагы канча от кечем? Ашырдың го азабымды башымдан, сенде жүрөк, а менде эмне жок бекен? Көздөрүңө кадалды экен деги ким? бороон-чапкын болуп жатат өмүрүм. Сыр жашырган ак сандыктын ичинде, сыр идиштей дат басууда көңүлүм. Көкүрөктө муң болбосо ыр кайдан. Күндө азап чекчү болдум мындайдан. Кол жетпеген асылдарга жазылган, […]

Конкурска: Мендей да курбу болобу? (№56)

ЭССЕ Курбум, сегиз жылдан бери ар бир жылдын башында сага кат жазамын, жеттиби? Кээ бир каттарым кагазга төгүлсө, кээ бири ойлорумда… Кандайсың, ал жак кандай экен?.. Топурактын, жердин жытын жакшы көрчүсүң, моокумуң канганча жыттап жатасыңбы? Курбуңдун өзүнөн башканы ойлобогон өзүмчүл адам экендигин көрүп жийиркенбедиң бекен? Ошол күнү мен сага жолукканымда кандуу жолго чыкмак эмессиң!.. Мендеги кур намыс, дагы деле көп туура эмес иштерди жасатып келет. А мен көбүнчө ошол кур намыстын кулу болуп алгандаймын… сен мага “Мээрим, кел бүгүн жолугалы, […]

Конкурска: Толгоонун бир күнү (№55)

АҢГЕМЕ Кычыраган кыштын кап ортосу. Калың жааган кардан кийин күн чакчайып тийгени менен, чилденин ызгаары бети-башыңды тызылдатып жиберет. Айлана аппак болуп, көп карасаң көзүң карыгат. Булактуу коктунун тескей бети жыш арча, кайың, шилби, долоно, табылгы, четинге толуп токой болуп көрүнсө, күңгөй бетинде бирин-серин арчадан башка эчтеке жок. Жадагалса кар турбайт. Күн тиери менен бир короо кой жайылып, көп туяктын алдында бат эле эрип жок болот. Күздөн калган шыраалжындын, шыбактын куурайын тээп оттогон койлор түш оой кашарды көздөй чууруп жөнөшөт. Кой […]

Конкурска: Бактылуу эне (№54)

АҢГЕМЕ … Көргөндө ак жоолукчан аял затын, Кусалуу үмүт мен карачумун. Кулунум мен келдим деп кучак жайып, Кубантар күнүңдү мен самачумун… — радиодо  дал ушул саптар жаңырып  жатты.  Жол. Адамдан да көп авто машина. Айланада күндөгү көр-тирилик уланууда. Медер – таксист жигит. Бүгүн да ал өз кызматында. Машинасында болсо жүргүнчүлөр.  Ролдо олтурган кишиге машинанын маңдайындагы күзгүдөн арттагы орунтуктардагы бардык кыймыл-аракеттер  байкалып турат. Артта олтурган орто  жаштагы  аял менен  төрт жашар баласынын жоруктары Медерге даана  байкалып  турду.  Кичинекей  бала эркелеп, апасынын […]