Дилазык: Кемсинтүү жөнүндө уламыш

Чыгыштагы бир акылман окуучуларына дайыма мындай деп айтчу экен: «Адамдар үч сөз менен бири-бирин кемсинтишет. Алар мындай деши мүмкүн, сен жиндисиң, сен кулсуң, сенин талантың жок. Эгерде, сен ошондой абалга туш болсоң бир чындык эсиңде болсун: жинди киши гана башка бирөөнү жинди деп кемсинтет, кул гана башка кишини кул дейт, таланты жок адам гана башка бирөөнүн кем акылдыгы менен өзүнүн эч нерсе түшүнбөстүгүн жашыргысы келет». Эки карышкыр тууралуу уламыш Абышка небересине бир чындыкты ачып берип жатты: — Адамдын жан-дүйнөсүндө дайыма […]

Абдул Фараждын акылман ойлору, уламыштары

Атактуу Абдул Фараж “уламыш — бул акыл сергитчү жана жүрөгүңдөн кайгы-капаны айдап чыгуучу аңгеме” дечү экен. Абдул Фараж өзү дүйнө элинин уламыштарын көп айткан. Атанын көрөгөчтүгү Жашоо жөнүндө уламыштарды эстегенде, бул окуяны айтпай кетүү мүмкүн эмес. Бир жолу каалга кагылып калды, үйдүн ээси эшикти ачканда, босогодо көздөрү тоодой шишигенче ыйлаган кызы туруптур. Үйгө кирер замат, атасы оозун ача электе эле, ал арыз-арманын төгө баштады: “Мындан ары минтип жашай албайм, жашоом күндөн күнгө оорлоп барат. Күндө бийик тоонун чокусуна эптеп тырышып […]

Слава Сэ: Римский-Корсаков. Шахерезада

АҢГЕМЕ «Шахризада» балетин барып көрдүм. Балет коючу, акчанын көбүн аракка салып, колготки менен юбкалардан үнөмдөптүр. Бийчилерге чанда бир жерине алтын түстүү бадыраң түшүрүлгөн сууга түшүүчү ак майкелерди кийгизиптир. Болду, андан башка эч нерсе жок. Курсактарына чейин буттары жылаңач. Мен Персияны ушу сыяктуу элестетчүмүн. Алыскы катарлардан балет кар жаап жаткандай көрүнөт. Кичинекей ак периштелер ары-бери чуркап жүрүшөт. Жакындан бардыгы башкача экен. Бийчилер кадимки эле жөнөкөй аялдарга окшош. Тизелери сүрүлүп айрылган, көк ала болгон жерлерин бети май менен калың шыбап алышкан. Биздин […]

Харуки Мураками: Күзгү

АҢГЕМЕ … Мындай да эми. Силердин сырдуу дүйнө туурасында кеп салганыныңарды угуп отурсам, таржымалыңар окшош экен. Же эки башка дүйнөдөгүлөрдүн  – тирүүлөр  менен тиги дүйнөдөгүлөрдүн, башкача айтканда – арбактар, кайыптар жана башка көзгө көрүнчүлөр менен жолугушуп калганыңар тууралуу. Болбосо акылга оңой менен сыя бербеген жөндөмдүүлүк — көзү ачыктык, окуяларды алдын ала билүүчүлүк тууралуу. Ушундай класификация келип чыгат. Эгерде жалпылагың келсе, экөөнүн бирөө гана башыңдан өткөн:  арбактар менен жолугуп жүргөндөрдүн алдын ала сезүүсү анча эмес,  алдын ала айтуучулардын болсо, өнүккөн алтынчы […]

Дилазык: Атасы менен уулу жөнүндө уламыш

Поезд ордунан козголор замат ал терезеден колун чыгарып, шамалга тосту. Бир кезде ал таң кала кыйкырып жиберди: — Ата, карасаңыз, бактар артты көздөй жүгүрүп баратат! Атасы жылмайып койду. Жигиттин жанында олтуруп бараткан эрди-катын тигини таңыркап карап калышты, 25 жаштагы жигиттин кичинекей бала берчү суроо бергени аларга кызык угулду. Жигит кайрадан суктангансып кыйкырып жиберди: — Ата, көрдүңбү көл, жээгинде жаныбарлар жүрүшөт… Булуттар бизди ээрчип келатышат! Күн себелеп, жаан башталды, жигиттин сунулган колуна жамгырдын тамчылары тийгенде сүйүнгөнүн жашыра албаган жигит атасына кайрылды: […]

Слава Сэ: Ит аркылуу кыйытып, аялдарга мактоо айтуу

АҢГЕМЕ Адатта, кичинекей балдар чоң овчарка иттүү болсом деп кыялданышат, алар аны бир эле убакта досу, коргоочусу жана көлүгү катары элестетишет. А мен аны — ызгаар суукта, бороон-чапкында көчөгө алып чыгып сейилдетүү деп билчүмүн. Анан дагы мага бир күчүк, бир күндө өз салмагынан төрт эсе оор бут кийимди жеп салат деп айтышкан. Жок, дечүмүн мен балдарга, жаратылышты мынчалык баа төлөп сүйгөнгө мен даяр эмесмин. Эч качан, эч качан биздин үйдө ит аттуу болбойт. Анан мен тагдырыма жазылган түгөйүмдү жолуктурдум. Кадимки […]

Дилазык: Акылга шоола чачкан уламыштар

Эки сатуучу жөнүндө уламыш Бут кийим чыгарган фабрика базарын кеңейтүү максатында Африкага эки кызматкерин чалгынга жөнөттү. Бир жумадан кийин биринчи агент келип мындай дейт: — Ал жакта бут кийимге суроо-талап жок, дегеле бут кийим кийген адам көрүнбөйт. Экинчи агент келип мындай отчёт берет: — Ал жакта мүмкүнчүлүк аябай чоң! Бардыгы жылаң аяк жүрүшөт! Тыянак: Ишиңдин оңунан же тетири чыгышы адамдын астында турган маселеге кандай көз караш жана маанай менен карайт, ошого байланыштуу. Мышык жана чычкандар жөнүндө уламыш Чоң үйдө чычкандын […]

Жек Лондон: Мартин Иден

<<<<<<<<Башы X ГЛАВА Бул кечте Мартин Морздордукуна конок болуп калды жана Руфту чексиз кубандырып, анын атасына жагымдуу таасир калтырды. Аңгеме Мартин беш колундай жатка билген матростук кесип жөнүндө жүрдү: кийин мистер Морз аны абдан тапкыч жана акыл-эстүү жигит экен деп сыпаттады. Кеп үстүндө Мартин орой жана ыксыз сөздөрдөн сактанып, адептүү конок катары шашпай, айтайын дегенин жакшылап түшүндүрүп жатты. Түшкү тамактын алдында былтыркыдай кысынып-кымтынбастан алда канча эркин отурду, Мартинде пайда болгон мындай бурулуш кыздын апасы мисс Морзду да абдан таңыркатып, жагымдуу […]

Иосиф Бродскийдин ырлары Абдысамат Сараланын котормосунда

*     *     * Кош бол… Унут… Айып этпе… А каттар өрттөлсүн… көпүрөдөй… Эрктүү кет кеткенсип таң эрте, А жолуң болсун эң жөнөкөй… Түнүңдө жылтырап сен үчүн, жылдыздар тизилсин шуруга. Жалбырттап өчпөсүн үмүтүң, алакан жылытып турууга. Борошо, жамгырдан, жалындан оолакта, болбосун көкүрөк. Жашооңдо ийгилик ооматка, жолуккун сен менден көбүрөк. Улансын көөдөндө күрөштөр улуулук-сулуулук аралаш, Суктанам… Эх кандай бактылуу Болчулар сен менен сапарлаш… *     *     * Үзүндү (Октябрь бул санаа жана састумоо) Октябрь бул санаа жана састумоо. А таранчылар ээлешүүдө быжырап уяларды, […]

Георгий Огарёв: Миң уламыш (4-бөлүк)

<<<<<<< 1-бөлүк <<<<<<< 2-бөлүк <<<<<<< 3-бөлүк КАЙРЫМДУУЛУК Бир бай таанышынан сурап калды: – Мени эмне үчүн сараң дешет, а менин болгон байлыгымды өлгөндөн кийин кайрымдуулук фондусуна мураска калтырарымды баары жакшы билишет? – Мен сага чочко уйга кантип арыз-муңун айтканын айтып берейин, – дейт анда таанышы, – «Адамдар дайыма сени ак көңүл дешип, сулуу көздөрүңдү макташат. Ооба, сен аларга сүт менен май бересиң, бирок мен сенден да көп берип жатпаймынбы: колбаса, сан эт, кол, эт, котлеттер жана башка тамактарды менин этимден […]

Дилазык: Карагайчылар жөнүндө уламыш

Эки карагайчы — канадалык жана норвегиялык — мелдешке чыгышты. Аларга коюлган талап боюнча: эртең мененки саат сегизден баштап, саат төрткө чейин өздөрүнө бөлүнгөн аянтчада ким карагайды көп кыйса, ошол жеңүүчү болуп таанылмак. Саат сегизде ышкырык жаңырып, ар бири өз аянтчаларында ишин баштады. Алар карагайларды биринин артына бирин кулатып жатышты. Бир убакта канадалык карагайчы, норвегиялык карагайчынын токтоп калганын укту. Бул ага жеңүүгө берилген бир мүмкүнчүлүк экенин сезген канадалык эки эселенген күч менен иштеп кирди. Он мүнөттөн кийин норвегиялык ишин улантканы угулду. […]

Жан дүйнөңдү козгогон кыска аңгемелер

Чыныгы таланты бар жазуучу бир нече сапка адамдын жан дүйнөсүн козгогон терең маанини камтый алат. Бир жолу Хемунгуэй бир нече сөздөн турган кызыктуу, кыска аңгеме жазып бере алам деп мелдеше кетет. Ал мелдешти утуп алат: «Кичинекей бөбөктүн батинкеси сатылат. Кийиле элек.» Фредерик Браун эң кыска коркунучтуу аңгемелердин бирин жазган: «Жердин акыркы жашоочусу бөлмөдө олтурган. Эшикти бирөө кагып  жатты…» О.Генри эң кыска аңгемелердин конкурсуна катышып, кадимки аңгемедегидей эле  — башталышы, кульминациясы жана аякталышы бар кыска аңгеме жазган: «Шофёр тамекисин күйгүзүп, бензинин […]

О`Генри: Поездге кол салуу

АҢГЕМЕ Автордун эскертүүсү Муну мага айтып берген киши бир нече жыл аутло (аутло (outlow) – мыйзамдан тышкары деп жарыяланган киши) катары Түштүк-Батышта жашап, өзү ачык баяндаган иш менен алектенген экен. Анын баяны чынында эле кызык, кеңештери да кол салган поезддеги жүргүнчүлөр үчүн пайдалуу болушу мүмкүн. Поездди тоногондордун башынан өткөргөндөрү башкаларды бул ишке азгыра албасы бышык. Мен анын баянын мүмкүн болушунча так, дээрлик сөзмө-сөз айтып бергенге аракет кылдым. О.Г. Эгер көпчүлүк элден сурап көрсөк, поездди токтотуу кыйын деп жооп беришмек. Бул […]

Танит Ло: Сөөк буттуу жезкемпир жөнүндө аңгеме-жомок

Илгери-илгери Маша деген кыз жашачу. Ал апасы жана атасы менен турчу. Атасы көпчүлүк орустардай эле керээлдин кечке арак иччү. Апасы жумушуна барчу, андан кийин дүкөнгө барып тамак аш сатып келчү, анан тамак жасачу, идиш аякты жуучу, анан суй жыгылып чарчап уйкуга кетчү же Машаны кыйкырып урушчу. Анткени урушканга башка эч ким жок эле, – атасы достору менен арак ичип көчөдө жүрчү. Маша дайыма үйдө, апасынын жанында эле. Ошентип жүрүп Маша күндөн күнгө өсүп отурду, өсүп отурду. Чоңоюп, ай десе айдай, […]