Фридрих Гегель жана Эммануил Канттын билим, маданият, тарбия жөнүндө насыйкаты

Эммануил КАНТ: Адамга карата Жаратылыштын эң акыркы жана маанилүү максаты — Маданият. Адамды  эркиндигине даярдаш – мына Жаратылыштын эң негизги  максаты. *     *     * Маданият бул акыл-эстүү жаныбардын ар кандай максаттарды койуу жөндөмдөрүнө ээ болуш (демек, эркиндикке). Маданият – бул адамдын бүт жөндөмдөрүнүн, шыктарынын өнүгүү жолу. *     *     * Тарбиялоо маданияты адамдын эркин сезимталдыгынан, табигый күйүттөрдөн, каалоолордон бошотууну, партикулярдыктан (бөлүкчөлүктөрдөн) жалпылыкка жеткизүүнү көздөйт. *     *     * Илимдер, көркөм-өнөр, мамиле маданияты адамды маданияттуу, цивилдүү кылат. Бирок маданияттын бул формалары эмес, цивилдик […]

Редьярд Киплинг: Көпөлөк кантип жерди тепкени (шедевр)

АҢГЕМЕ-ЖОМОК Кымбаттуу менин досторум, эми мен силерге акылман Сулайман пайгамбар жөнүндө мурдакыларга таптакыр окшобогон  жаңы жомок айтып берейин. Ал жөнүндө менден мурун үч жүз элүү беш жомок чыгарышкан. Менин жомогум алардын бири эмес. Бул жомок өзүнө кантип ичкенге суу издеп тапкан көгүчкөн тууралуу эмес же канатынын көлөкөсү менен Сулайман пайгамбарды куйкалап тийген күндүн нурунан калкалаган кичинекей чымчык жөнүндө да эмес. Бул жомокто айнек көпүрө, же чиеленген тешикчелери бар рубин, же Султандын жары Балкистин алтын дарбазасы жөнүндө да айтылбайт. Бул жомок […]

Улуу акын Жеңижоктун ырлары англис тилинде

«РухЭш» окурмандарына «Чеч-Дөбө» кеңешинин интеллектуалдар альянсынын мүчөсү, философия илиминин доктору, профессор Үмүт Асанованын англисчеге которгон эмгеги – улуу акын Жеңижоктун санат ырын сунуштайбыз… Он сегиз миң ааламды, Бир жараткан эмеспи. Эң биринчи дүйнөгө, Нур жараткан эмеспи. Суук кыштын булутун, Сур жараткан эмеспи.Eighteen thousand Universe He created at once. He created the light In the beginning at first. Cold winter cloud He made grey in color. Эмгексизди энчиден, Кур жараткан эмеспи. The one who doesn’t work, He made deprived of wealth. […]

Роальд Даль: Мелдеш

АҢГЕМЕ Саат алтыга жакын, бассейнди тегерете тизилген чатырчалардын астындагы аппак столдордун биринде олтуруп, сыра ичип, таза абада эс алгым келди. Бакчанын арасындагы бардан сыра алдым да, бакчаны аралап столдордун бирин көздөй жөнөдүм. Бакча ажайып эле: чөбү тегизделип чабылган жашыл аянтчалар, азалия гүлдөп турган клумбалар, алардын тегерегинде өскөн бийик кокос пальмалары алда немедей көрүнөт. Катуу шамал пальмалардын баштарын ары-бери ыргалтып, жалбырактар жалындап күйүп жаткан сыяктуу шабырттаган үн чыгарышат. Жалбырактардын арасынан күрөң түстөгү салаңдаган чоң мөмөлөр көзгө урунат. Чатырчалардын алдында капкара болуп […]

Антон Чехов: Сүйүү жөнүндө

АҢГЕМЕ Эртеси күнү эртең мененки тамакка өтө даамдуу куймак, кой этинен жасалган котлет беришти, алар тамактанып отурганда коноктор түшкү тамакка эмне кааларын билип алайын деп үстүгө ашпоз Никанор келип кетти. Ал орто бойлуу, бети болпогой, көздөрү кичинекей киши эле, муруту кырылып турганы менен бир-бирден терилген сыяктанып турчу. Алёхин, сулуу Пелагея ушул ашпозго ашык болуп калганын айтып калды. Ал киши аракеч жана чатак мүнөз болгондуктан, Пелагея ага турмушка чыкпай эле жүрө бергиси келиптир. А ашпоз өтө динчил болчу, диний көз карашы […]

Жек Лондон: Мартин Иден

<<<<<<<<<<<<Башы XV ГЛАВА — Алгачкы кармаш болуп өттү окшойт, — деди Мартин он чакты күндөн кийин күзгүнүн жанында туруп, — бирок эми экинчи, үчүнчү кармашуу болот, ушинтип отуруп… Ал сөзүн бүтпөстөн, өзүнүн кунарсыз бөлмөсүн кыдырата карап, анын бир бурчунда додолонуп жаткан сүйрү конверттердеги кол жазмаларына көзү түштү. Буларды жаңы даректерге салып жибергенге акчасы жок эле, ошондуктан апта ичинде кол жазмалар көбөйүп үйүлүп кетти. Кол жазмалар эми ушинтип күн сайын кайра кайтарылып келе берет, ошентип отуруп баары кайтып келет окшойт. Аларды […]

Дилазык: Устара жөнүндө Леонардо да Винчи калтырган уламыш

Бир чач тарачтын көркөмдүгү жана курчтугу теңдешсиз устарасы болуптур. Бир жолу чач тарачка келген киши жок, кожоюн да белгисиз себептер менен ишке келбей калган маалда устара сыртка чыгып, эл көрүп, элге өзүн көрсөткүсү келди. Кылычты кындан суургансып, кабынан мизин чыгарды да, жадыраган жаз өкүм сүргөн көчөгө башын жогору көтөргөн боюнча чыгып кетти. Босогодон аттаар замат жаркырап тийген күн нуру, анын күзгүдөй жалтылдаган мизине чагылышып, андан чыккан нур үйдүн дубалында көңүлдүү бийин бийлеп жиберди. Мындай күтүлбөгөн сулуулуктан устаранын айтып бүткүс ырахатка […]

Георгий Огарёв: Миң уламыш (5-бөлүк)

<<<<<<< 1-бөлүк <<<<<<< 2-бөлүк <<<<<<< 3-бөлүк <<<<<<< 4-бөлүк Бир жолу акылмандан окуучулары сурап калышты: — Эмне үчүн адамдардын терс жактары тез эле өөрчүп кетет да, жакшы сапаттары оңой менен калыптанбайт? — Эгерде оорулуу, чүрүшкөн урукту сээп, таза урукту күнгө калтырып койсо эмне болот? — деп суроого суроо менен жооп берди акылман. — Оорулуу уруктан, оорулуу өсүмдүк өнүп, чүрүшкөн мөмө берет, ал эми топуракка түшпөгөн урук кургап жок болот, — деп жооп беришти окуучулары. — Адамдар так ошондой кылышат. Өзүнүн жаман […]

Дилазык: Кемсинтүү жөнүндө уламыш

Чыгыштагы бир акылман окуучуларына дайыма мындай деп айтчу экен: «Адамдар үч сөз менен бири-бирин кемсинтишет. Алар мындай деши мүмкүн, сен жиндисиң, сен кулсуң, сенин талантың жок. Эгерде, сен ошондой абалга туш болсоң бир чындык эсиңде болсун: жинди киши гана башка бирөөнү жинди деп кемсинтет, кул гана башка кишини кул дейт, таланты жок адам гана башка бирөөнүн кем акылдыгы менен өзүнүн эч нерсе түшүнбөстүгүн жашыргысы келет». Эки карышкыр тууралуу уламыш Абышка небересине бир чындыкты ачып берип жатты: — Адамдын жан-дүйнөсүндө дайыма […]

Абдул Фараждын акылман ойлору, уламыштары

Атактуу Абдул Фараж “уламыш — бул акыл сергитчү жана жүрөгүңдөн кайгы-капаны айдап чыгуучу аңгеме” дечү экен. Абдул Фараж өзү дүйнө элинин уламыштарын көп айткан. Атанын көрөгөчтүгү Жашоо жөнүндө уламыштарды эстегенде, бул окуяны айтпай кетүү мүмкүн эмес. Бир жолу каалга кагылып калды, үйдүн ээси эшикти ачканда, босогодо көздөрү тоодой шишигенче ыйлаган кызы туруптур. Үйгө кирер замат, атасы оозун ача электе эле, ал арыз-арманын төгө баштады: “Мындан ары минтип жашай албайм, жашоом күндөн күнгө оорлоп барат. Күндө бийик тоонун чокусуна эптеп тырышып […]

Слава Сэ: Римский-Корсаков. Шахерезада

АҢГЕМЕ «Шахризада» балетин барып көрдүм. Балет коючу, акчанын көбүн аракка салып, колготки менен юбкалардан үнөмдөптүр. Бийчилерге чанда бир жерине алтын түстүү бадыраң түшүрүлгөн сууга түшүүчү ак майкелерди кийгизиптир. Болду, андан башка эч нерсе жок. Курсактарына чейин буттары жылаңач. Мен Персияны ушу сыяктуу элестетчүмүн. Алыскы катарлардан балет кар жаап жаткандай көрүнөт. Кичинекей ак периштелер ары-бери чуркап жүрүшөт. Жакындан бардыгы башкача экен. Бийчилер кадимки эле жөнөкөй аялдарга окшош. Тизелери сүрүлүп айрылган, көк ала болгон жерлерин бети май менен калың шыбап алышкан. Биздин […]

Харуки Мураками: Күзгү

АҢГЕМЕ … Мындай да эми. Силердин сырдуу дүйнө туурасында кеп салганыныңарды угуп отурсам, таржымалыңар окшош экен. Же эки башка дүйнөдөгүлөрдүн  – тирүүлөр  менен тиги дүйнөдөгүлөрдүн, башкача айтканда – арбактар, кайыптар жана башка көзгө көрүнчүлөр менен жолугушуп калганыңар тууралуу. Болбосо акылга оңой менен сыя бербеген жөндөмдүүлүк — көзү ачыктык, окуяларды алдын ала билүүчүлүк тууралуу. Ушундай класификация келип чыгат. Эгерде жалпылагың келсе, экөөнүн бирөө гана башыңдан өткөн:  арбактар менен жолугуп жүргөндөрдүн алдын ала сезүүсү анча эмес,  алдын ала айтуучулардын болсо, өнүккөн алтынчы […]

Дилазык: Атасы менен уулу жөнүндө уламыш

Поезд ордунан козголор замат ал терезеден колун чыгарып, шамалга тосту. Бир кезде ал таң кала кыйкырып жиберди: — Ата, карасаңыз, бактар артты көздөй жүгүрүп баратат! Атасы жылмайып койду. Жигиттин жанында олтуруп бараткан эрди-катын тигини таңыркап карап калышты, 25 жаштагы жигиттин кичинекей бала берчү суроо бергени аларга кызык угулду. Жигит кайрадан суктангансып кыйкырып жиберди: — Ата, көрдүңбү көл, жээгинде жаныбарлар жүрүшөт… Булуттар бизди ээрчип келатышат! Күн себелеп, жаан башталды, жигиттин сунулган колуна жамгырдын тамчылары тийгенде сүйүнгөнүн жашыра албаган жигит атасына кайрылды: […]

Слава Сэ: Ит аркылуу кыйытып, аялдарга мактоо айтуу

АҢГЕМЕ Адатта, кичинекей балдар чоң овчарка иттүү болсом деп кыялданышат, алар аны бир эле убакта досу, коргоочусу жана көлүгү катары элестетишет. А мен аны — ызгаар суукта, бороон-чапкында көчөгө алып чыгып сейилдетүү деп билчүмүн. Анан дагы мага бир күчүк, бир күндө өз салмагынан төрт эсе оор бут кийимди жеп салат деп айтышкан. Жок, дечүмүн мен балдарга, жаратылышты мынчалык баа төлөп сүйгөнгө мен даяр эмесмин. Эч качан, эч качан биздин үйдө ит аттуу болбойт. Анан мен тагдырыма жазылган түгөйүмдү жолуктурдум. Кадимки […]